Венера Бөлөкбаева, калемгер, Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты: “Жеңил окулуп, желдей жок болгон чыгарма жазгым келбейт…”

Өзү айткандай, керилген талаалардын ортосундагы абасы таза, жери кенен айылда кадимки жай турмушта асмандагы ай, жылдыздарга суктанып жашаган калемгер бир кыз бар. Убагында эркин гезиттерде журналисттик кесипте далай жылдар иштеп, андан аябай көңүлү калганын айткан Венера дилинде бугуп жаткан сырларын окурмандары менен тең бөлүшөт.

АСМАН. Асманды карай бергенди жактырам. Күн, Ай, Жылдыздар жана булуттар көрүнөт. Кубулуп түркүн-түркүн болуп өзгөргөн булуттарга суктана берем. Ойкуп-кайкып, сабалап учуп бараткан канаттууларды карайм. Самолеттордун аба жиреп баратканы жагат. Кайда баратат? Ичинде кимдер кетип жатты экен? Кандай кубанычы, арманы бар болду экен алардын деп ойлой берем. Асманды сүрөткө тартканды жакшы көрөм. Асман булуттары менен сүрөткө жакшы түшөт, ак, көк болуп.

ӨМҮР. Кимибизге канча жаш жазылган? Бир гана Кудайыбыздын колунда. Ар бир жандын артында өмүрү менен кошо тагдыры турат. Бири-бирине окшогонун көргөн жокмун. Кичинемде чоңойгонго, чоңойгондон кийин карыганга шашчумун. Эми эч нерсеге шашылбай жашагым келип калды.

БАЛАЛЫК. Балалыкты эстегенде эң биринчи бала кезде бирге ойногон досторумду эстейм, Каля, Айнагүл, Чынара, Мыскал, Рыскан, Жаныбек, Руслан, Мира… Тамдын, талдын башына – бийиктикке чыгып ойногонду жакшы көрчүмүн. Менин балалыгым таята-таенемдин колунда өттү. Таята-таенем, анан Гүкү энем болуп төртөөбүз жашачубуз. Ал убакта таятамдардын уул-кыздарынын бири мамлекеттик кызматта болсо, бири Германияда аскер врачы, бири турмушта, бири студент болчу. Апам башка айылдарда мугалимдик кесипте эмгектенчү. Неберелерден мен эле таята-таенем экөөнүн колунда багылдым. Керилип жүрүшкөн, аз сүйлөгөн, ак сөөк жандар эле, жаркындарым! Күнүгө эстейм.

АПАМ. Кичинемде апам мага чийден, камыштан, кездемеден тигилген кооз-кооз шляпаларды көп кийгизчү. Күндүн нуру өтүп кетпесин деп. Азыр шляпаны анча кийгим келбейт. Жоолук салынганды жактырам. Балалыгымды эстеп, бала болгум келгенде гана кийип коём. Апамдын, апама кошулуп атамдын ролу менин жашоомдо абдан чоң. “Сен жашоого жөндөмсүзсүң” деп ийне-жибимен кийимиме чейин алып берип турушат. Алып  беришпесе деле таарынмак эмесмин. Эски кийимдеримди кийип жүрө бермекмин. Апам менен атамдын жаны аман экени, ден соолугу мен үчүн баарынан жогору турат.

АТАМ. Атам өмүр бою врач-невропатолог болуп иштеди. Райондук Саламаттыкты сактоо башкармасы, райондук жана айылдык оорукананын башкы врачы болуп узак жылдар кызмат өтөгөн. Азыр 83 жашта, дагы деле ооруканада иштейт. Атамдын урматына берилген, Чилдебай Орозов атындагы оорукана бар. Эгерде менин чыгармачылыгымда сезимталдык, баамчылдык, кылдаттык болсо, анда атамдын да салымы бар. Анткени, атама оорулуулар абдан көп кайрылышты. Үйгө чейин да келип калышчу. Айрыкча, баш оору, акыл-эс жагынан… Алардын ичинен стресс, депрессия сыяктуу оорунун түрү менен жабыркагандары да бар эле. Ошондой пациенттеринин ал-абалын, ыйлаганын, сүйлөгөнүн өтө кылдаттык менен байкап, жылуу сөзү менен дагы дарылачу.

КӨЗ КАРАШ. Жер жүзүндөгү жакшылыкка жол көрсөткөн белгилүү диндердин ар бирин сыйлайм, түшүнөм. Кудайды, улутуңду, адам баласын, табиятты урматтоодон өткөн улуулук жок. Анан кайрымдуулук, адамкерчилик, ак тилектер…

СУЛУУЛУК. Ар бир адам баласынын өзүнүн сулуулугу өзүнө жетет. Мен өзүмдү өтө эле жасалгалай бербейм. Жөнөкөйлүктү жакшы көрөм. Кыялы кызыктуу, мүнөзү ширин, боорукер жандарды жакшы көрөм. Ушундай адамдар мага Сулуу көрүнөт.

ПОЭЗИЯ, ПРОЗА. Чыгармачылыгымда экөө тең жашайт. Экөөнү тең бирдей көрөм. Поэзиянын өзүнчө керемети бар, кыска, кооз. Прозада кенен, кең ойлорду бере алсаң болот. Бирок, жалкоолонуп жүрөм. Кол менен жазгандан көрө оюм менен жазганды жакшы көрөм. Оюм менен жазылган чыгармалар ичимде көп.

ЭМГЕК. Элиме мыкты эмгектерди тартуулай элекмин. Көкүрөк-көзүмдө толкуп-ташып жатат, элибизге белек кылсам экен деген тилек-максаттарым. Баарын жазганга калемимдин күчү жетеби? Анан өмүр жетеби? Ушул жагы белгисиз. Кандай жазсам да чыгармам мага жарашып турушун каалайм. Жакында бирөө бир окуяны айтып берейин, жазбайсыңбы дейт. Ал окуяны жүрөгүм менен сезип, көзүм менен көрбөгөндөн кийин кантип жазам? Өзүмдү жазып түгөтө албай жүрөм. Жан дүйнөмдү аңтарып бүтүрөйүн десем, кайра эле башкасы кирип келет… Анан да, бир окуяны кууп жазууну анча жактырбайм. Аз болсо да кызык, өзгөчө көрүнгөн-туюлган көрүнүштөрдү жазгым келет. Азыр жеңил чыгармалардын каптап баратканы өкүндүрөт. Сүйдүрүп, күйдүрүп, ажыраштырып, табыштырып койгондорду окуп алып эле, “Айгүл Шейшен кызындай жазбайсыңбы?!”- дегендер бар. Жеңил чыгармалар жеңил окулуп, желдей жок болот. Бирок, деңиз түбүндөгү берметтей болгон чыгармалар сейрек болсо да жазылып, жашап жатат. Чыныгы көркөм дөөлөттөр баары бир өз баасын алат. Маңызы, мазмуну эл-журтка калат.

Чыгармалар эң биринчи адабиятчы-сынчыларга жагыш керек. Мыкты рецензия жазган биздин замандаштардан Жолдош Турдубаевди тааныйм. Жолдош мырзадан кеп-кеңештерди алгым келет. Көркөм дөөлөттөрдү көп окуган инсан. Жазылган чыгарманы ичинен да, сыртынан да талдай билет.

АЙЫЛДА. Керилген талаалардын ортосундагы айылда жашайм. “Кудайдын тузу буйруган жерден эч ким качып да кутула албайт” деп коюшат эмеспи. Жанымдагы байлыгым – китептерим, бак-дарагым, анан жан-жаныбарларым. Жашаган айылымдагы байбичелик курактагы апаларды жакшы көрөм. Ар бири менен маектеше бербесем дагы аларга терең урматым, сыйымды билдиргим келет. Кичинекейимде мени багып, жетелеп, ойнотуп жүргөн Гүкү энемди эске салып турушат… Күкүн апа, Бурул апа, Багда апа, Ырыс апа, Уулбу апа, Эркин апалар.

СЫРДАШТАРЫМ. Уулбу апа экөөбүз жакыныраак жашагандыктан көп баарлашабыз. Согуш мезгили, согуштан кийинки элдин жашоосу, жеке турмушу, дыйканчылыкта иштегени жөнүндө айтып бергенин кызыгып угам, жомоктогудай. Мен болсо өзүмдү “жомок” кылып, Кылычбек кызы Айжанга айтып бергенди жакшы көрөм. Экөөбүздө кандайдыр бир окшоштуктар бар. Айжандан өзүмдүн бир учурдагы жаш кезимди көрөм. Көркөм дүйнөгө кызыгып, бирок, батынып кире албай, жол таба албай кыйналган учурларым болгон. Сөзү менен эле колдой турган, кеңеш бере турган адамды издей берчүмүн. Булактын көзүн ачпаса, булак булак болбойт. Айжан кыз азыр көзү ачыла элек булактай. Эң башкысы, дилинде тунуктук бар. Таланты бар…

Назгүл Осмонова, «Де-факто», 26.02.2015-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Венера Бөлөкбаева, калемгер, Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты: “Жеңил окулуп, желдей жок болгон чыгарма жазгым келбейт…”

  • 28.02.2015 at 08:07
    Permalink

    Венерочка, апам 50 дон отуп, атам экоосу шаар турмушун таштап айылга кетип калды.Аябай кейидим картайганда мээнетти башка уйуп эмнеге кетти депчи.Кийин Кердегей, Абдыразак Оморов элден оолак айылга кетип, сопу болуп кеткенде, айыл кереметин тушундум.Улам улгайган сайын кокурогу кирдебеген адамдарды айыл магниттей озуно тартып турат экен.”Этаж уй курусун, бир жерине нажастап, экинчисине тамактанып, бок- жини аралашкан шаар турмушу кара жерге кирсин.Эшикке чыксан, кыйма-чийме машине, таза аба жетпей демигет экенсин” деп айтканы кулагыма синип калыптыр.Тынчтык менен мемиреген бейпил жашоону бир эле бизнес эмес, чымыны бар силерге да майдай жагат эмеспи, аман бол, сенден айяй ырларды кутобуз

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.