Кыргызстан XIX кылымдын ортосунда: геосаясат, эл тагдыры, Боромбай (Улуу инсандын 225 жылдыгына карата)

Боромбай Меңмурат уулунун (1789/90-1858) өмүрүнүн жана ишмердигинин таржымалын, инсандык бейнесин жана кыргыз элинин өтмүшүндөгү тарыхый маанисин, анын ичинде кыргыз урууларынын Орусия букаралыгын таануудагы, жалпы эле Кыргызстандын Орусияга каратылышындагы ролун тастыктоо бир нече аспектиден каралган комплектүү анализдөө менен гана ишке ашышы мүмкүн. Анын негизги критерийлери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  1. Боромбай жашаган доорду, кыргыз элинин ал доордогу тарыхый өнүгүү баскычын, коомдук абалын белгилөө;
  2. Боромбай жашаган доордогу саясий абал жана кыргыз урууларынын өз ара мамилелерин тактоо;
  3. Боромбай бийлеген бугу уруусунун экономикалык, саясий жана руханий кызыкчылыктарын баамдоо;
  4. Боромбай жашаган доордогу кыргыз элинин жана бугу уруусу жашаган Ысык-Көл ойдуңунун геосаясаттык ордун аныктоо;
  5. Орусиянын геосаясаттык кызыкчылыктарынын алкагында Кыргызстандын аймактарынын жана анын ичинде Ысык-Көл өрөөнүнүн ролун белгилөө;
  6. Орусиянын геосаясаттык кызыкчылыгын ишке ашыруудагы анын атаандаштарынын (Англия, Кытай) салмагын аныктоо;
  7. Орусиянын Кыргызстанды, Ысык-Көлдү каратуудагы колдонгон моделдерин, ыкмаларын жана каражаттарын тастыктоо.

Төмөндө ал критерийлердин ар бирине кыскача токтолуп өтөлү.

 

Боромбай жашаган доор

Боромбай бий XVIII кылымдын аягы жана XIX кылымдын биринчи жарымын камтыган кеч орто кылымдык доордо өмүр сүргөн. Ал мезгилде кыргыз уруулары уруулук-кландык башкаруунун алкагында патриархалдык коомдук түзүлүштө жашаган. Ал эми кыргыз коомчулугу рынок экономикасына чейинки натуралдык чарба үстөмдүк кылган шарттын алкагында жашап, товар-акча мамилелери толук аракетке кире элек, жалпысынан мурунку тарыхнаамалык термин менен атаганда париархалдык мамилелерди кучагына алган коом болгон.

Ал кезде кыргыз элинин чарбалык жана социалдык биримдиги болгон эмес. Ар бир ири уруу салыштырмалуу өз алдынча жашаган. Жоокердик жашоонун критерийлерине туура келген мындай коомдо “алдуу алсызды багындырган”, “саясий биримдик куралдын күчү менен ишке ашырылган” абал өкүм сүрүп, кыргыз урууларынын күнүмдүк турмушу адат, салт-санаа жана түрдүү көчмөндүк расмилердин комплекси менен өтүп турган.

Боромбай бий жашап өткөн доорду кыргыздардын өз алдынча жашап турган абалдан Орусиянын колониялык чеңгелине кабылып мурунку жашоо белгилеринен акырындап айрылуу менен “дүйнөлүк алакага” кирүүгө багыт алган өнүгүү жолу деп тастыктоого болот. Бул абалды Боромбайдан бир муундан ашыгыраак өлчөмдө жаш, ал кездеги кыргыздын көркөм сөзүнүн чебери, айтылуу олуя ырчы Арстанбектин (1824-1878) саптары менен мүнөздөй кетели. Арстанбек өз ырларында:

… Байыры жакшы бар эле, Бала жолборс баштанган, Байбичелер бар эле, Кара сандык жазданган, Байыры баатыр бар эле, Кылычынан кан тамган. Байырта биздин кайран журт, Баласы бараң атчу эле, Баракатта жатчу эле. Кыздары кыпкап кийчү эле, Кылыгы журтка тийчү эле… Эми орус зор болду, Кайран кыргыз кор болду. Байыркыдан барк кетти, Каада-нуска нарк кетти… деп баалаган (Караңыз: Арстанбек Буйлаш уулу. Эл менен сен бийиксиң…Б., 2014, 37-б.).

Демек, Боромбайдын доору Кыргызстандын эл, уруулар ээн-эркин, көчмөндүк турмуштун каада-салт, адат, расмилери менен жашаган коомунан ааламдашуунун алгачкы илебине кабылып, ага Орусия сыяктуу зор империянын күчү, куралы менен колониялануу аркылуу кетчү багытына тушуккан мезгил болгон деп саноо туура. Ушундай көз караш гана Боромбайдын өмүр-жолунун жана анын коомдук жана саясий ишмердигининдеги инсандык бейнесинин түпкү маңызын аныктоого туура багыт бере алат.

 

Боромбай жашаган доордогу саясий абал жана кыргыз урууларынын өз ара мамилелери

Боромбай жашап өткөн кыргыз коомчулугунда алгач жогоруда айтылган Арстанбектин “кең заманынан”, 1850-60-жылдарда Орусиянын букаралыгына өткөн “тар заманында деле өз алдынча борбордошкон мамлекеттүүлүгү болгон эместиги баарына маалым. Бирок, албетте “өз алдынча түтүн булатууга аракеттенген” мамлекеттүүлүктүн алгачкы кадамдары болгондугун моюнга алуу керек. Мында Ормондун хан көтөрүлүшү деп аталган, кай бир булактарда 1825-жыл (Б.Солтоноев, С.Абрамзон) десе, басымдуу көпчүлүгүндө 1842-жылы иш ашкан деген окуя мисал боло алат. Ормондун хан көтөрүлүшүндөгү расмий курултайда оң, сол кыргыздарынын негизи ири уруу башчылары, маселен, сарыбагыштан Жантай, Төрөгелди, Адыл, Түлөберди, Калпак баатырлар; бугудан Боромбай, Балбай баатыр, Өмүр баатыр, Муратаалы; солтодон Жангарач, Тынаалы, Төкөлдөш, Жетикашка, Чыңгыш, Күрпүк; саяктан Алыбек, Черикчи, Качыке; саруудан Ажыбек датка, чериктен Ажыбек баатыр; азык, кушчудан Бүргө баатыр жана башка уруулардын билерман бийлери катышканы менен иш жүзүндө ал хандыкты сарбагыш уруусунунан башка уруулар тааныган эмес. Атүгүл сарбагыш уруусунун Жантай башкарган тынай бөлүгү да Ормонду хан катары толук тааныган эмес.

Жалпысынан Ормондун хан көтөрүлүү фактысына карабастан 1820-жылдардан 1850-жылдарга чейинки мезгилде Кыргызстандын түндүгүндөгү ири уруулар Кокон хандыгына номиналдуу баш ийип тургандыгы маалым. Ал эми Кыргызстандын түштүгү жана Талас өрөөнү Кокон хандыгынын курамында толук кандуу аймактар катары эсептелип, ал аймактарда жашаган кыргыз уруулары хандыктын жарандары эсептелип тургандыгы, демек Кокон хандыгы Орто Азиядагы көп улуттуу мамлекет жана ошол эле учурда кыргыз элинин да мамлекеттүүлүгүнүн бир чагылышы катары болгондугун кийинки изилдөөлөр көрсөтүп турат (Караңыз: Жамгерчинов Б. “Кыргызы в эпоху Ормон хана”. Труды ИЯЛИ. Вып. 1. 1944. – Фрунзе: Кир. ФАН, 1945; Солтоноев Б. Ормон заманындагы кыргыз.//Кыргыз тарыхы. Бишкек: АРХИ, 2003, 285-89-бб; Абрамзон С. У истоков манапства.//”Советская Киргизия” гезити, 1931-жылдын 1-апрели.)

Боромбай бий жашаган доордо жалпысынан, ошентип, кыргыз элинин саясий биримдиги жок болучу. Ар бир ири уруу, ар кандай шарттагы аймактарда өз алдынча уруу башчылары: бийлер, манаптар аркылуу башкарылып, бытыранды өмүр сүрүп турган эле. Муну ал доорду изилдеген бардык расмий адабияттар тастыктап турат.

Ошол эле учурда кыргыз эли мындай абалга карабастан эл аралык алакага да кире алган, коңшу элдер жана мамлекеттер менен чарбалык, дипломатиялык байланыш түзө алган. Тышкы геосаясаттык абал менен да кабардар болгон. Бул жөнүндө көптөгөн изилдөөлөр бар.

Ал эми Боромбай бийдин өмүрүнүн акырында Ысык-Көл ойдуңунун кыргыздары, тагыраак айтканда бугулар, сарбагыштар жана саяктардын биримдүү болбогондугу, кыргыз тарыхындагы кейиштүү жана кандуу окуялардын бири болгон “бугу-сарбагыш чабышы” жүрүп тургандыгы маалым.

Бул жөнүндө Арстанбек Буйлаш уулунун төмөнкү саптары мындай деп көрсөтүп турат: “Көлдөгү бугу элине Катуу апат баштады. Ормон ханы өлгөндө… Акылдан жаман шашканбыз, Атанга жүктү артканбыз, Анжыян көздөй качканбыз… Анжыян кеткен бугу эли, Андан бетер кырылган. Кашкарга кире качкандын, Заманасы куурулган” (Арстанбек Буйлаш уулу. Эл менен сен бийиксиң…Б., 2014, 29-б.). Бул саптардагы “Анжыян көздөй качканбыз” деген пикирди тастыктоого арзый турган факты экендигин эскерте кетүү оң.

 

Боромбай бийлеген бугу уруусунун XIX кылымдын ортосундагы экономикалык, саясий жана руханий кызыкчылыктары

1850-жылдарда бугу уруусу Ысык-Көл ойдуңунун түндүк-чыгыш, чыгыш жана түштүк-чыгыш тарабын ээлеп турган. Демек, алардын жашаган аймактары жаратылыш ресурстарына бай, жери кооз, түздүктөрүнүн чарбалык шарттары дыйканчылыкка да, мал чарбачылыкка да ыңгайлуу болгон. Мындай аймакты ээлеп турган Боромбай бийдин бугу уруусунун чарбалык кызыкчылыгы өтө маанилүү болуп тургандыгын баамдоого болот.

Бугулардын жери эзелтен бери Улуу Кытай Жибек жолунун түндүк тармагынын биринин боюнда жайгашкандыктан, андан азыркы Жети-Өгүз районунун чектеринен Жууку өзөнү аркылуу эл аралык соода кербен жолунун өтүшү жана анын Орто Азияны Кашкар, Кытай менен байланыштырып турушу бугу уруу башчыларына жана ири манап Боромбай Меңмурат уулуна эл аралык соода кызыкчылыгын туудургандыгы жөнүндөгү жыйынтык өзүнөн-өзү келип чыгат.

Бугулардын жана алардын башчысы Боромбай бийдин жогоруда айтылган чарбалык жана соода кызыкчылыгын элдик фольклордун таасын өкүлү болгон Арстанбектин ырларынан да көрүүгө болот. Арстанбектин: “Бак тигип, эгин айда деп, Жөн-жай оокат кайда деп, Кышы жылуу малга жай, Жери сулуу, данга бай, Чычкан, Даркан жайла деп, Кашкар жакка барба деп, Айтып жүргөн сен элең…” (Арстанбек Буйлаш уулу. Эл менен сен бийиксиң…Б., 2014, 102-б.)

Чындыгында эле Боромбай бийдин демилгеси менен Жуук өзөнүнүн боюндагы көк жайык өрөөнгө тал, чырпыктан, теректен каша тосмо тосулуп, бак-дарактар тигилген, бак-чарбак курулган. Ал эми Ысык-Көлдүн тескей бетиндеги ойдуңдарда бугу уруусунун дыйкандары буудай, арпа, таруу айдашкан. Боромбайдын көзөмөлдүгү астында бир нече тегирмендер курулган.

Уруу чабыштарынын ириси болгон бугу-сарбагыш араздашуусун токтотуу, жогоруда аталган экономикалык жана соода кызыкчылыктарынын бейпилдигин камсыз кылуунун бирден-бир шарты болгон кокон үстөмдүгүнөн кутулуу, Кытай империясынын саясий-экспансиялык кызыкчылыгынан оолактоо максатында ал кездеги зор империя эсептелген Орусия мамлекетинен колдоо издөө Боромбай бий үчүн саясий кызыкчылыкты калыптандырган.

Бул кызыкчылыкты Орусиянын колониялык саясатын көрүп калган тунгуч кыргыз тарыхчысы Б.Солтоноевдин жазгандарынан да тастыктоого болот. Тарыхчы: “1855-жылы жайындагы бугу-сарбагыш чатагынын күчөгөн кезинде Төрөгелди Балбай баатырдын колуна түшүп, Каркыра жайлоосунда Боромбай баштаган бугу бийлеринин жыйыны болгон. Жыйында Боромбай бий элге кайрылып: «Бугу, сарбагыш бир Кылжырдын баласы, жети ата тууган элек… Сарбагыш менен кээде жакшы, кээде жаман жүрдүк. Акыры Ормонду өлтүрүп койдуңар, ал себептен бугу, сарбагыш кырылышып, көбү мал-башынан ажырап, кан төгүлүп …. Төрөгелдини көктүгү менен тетиги чунак (Балбай) колго түшүрдү, сарбагыш болсо качты… Эми кандай кылалы? .. биз Көлгө түшөлү… Илгертен орус менен катышыбыз бар эле, орус түптүү, чоң журт, калың эл, оруска карайлы, журт эс алып, оокат кылсын», – дегенде элдин баары… «мейлиңиз караса карайлы», – дешкен”, деп жазат (Караңыз: Солтоноев Б. Орус колонизаторунун кыргызды каратканы.//Кыргыз тарыхы. Бишкек: АРХИ, 2003, 358-63-бб.).

Кудасы болгонуна карабастан Ормон ханга баш ийүүнү каалабаган Боромбай бий белгилүү деңгээлде Ормон ханга саясий атаандаштыкты түзгөндүгүн баамдоого болот. Кокон хандыгына ыкрар тартып келген түндүк кыргыз урууларынын, маселен, Жантайдын, Жангарачтын, ошондой эле Ормондун өзүнүн багыттарына байланыштуу Боромбай Ормон Ниязбек уулунун хандык башкаруусуна кирбей өз алдынча чарбалык, соода, анын артынан саясий да кызыкчылыктардын жыйынтыгында 1850-жылдардын орто чениндеги бул татаал шартта Орусиянын колдоосу астында өз алдынча жашоого умтулган Боромбайдын жеке кызыкчылыгы маанилүү фактор болуп эсептелген.

Бирок, жогоруда аталган кызыкчылыктар бугу уруусуна гана таандык болгондугун белгилөө зарыл. Кыргыз элинин ири уруулары түндүк-түштүк аймактарда чачкын жашап, ички-тышкы саясатта бирдей ориентири жок ыстыкоомат кылгандыктан ар бир ири урууларынын жана анын башчыларынын өз алдынча регионалдык экономикалык, саясий кызыкчылыктары жана тышкы саясий ориентирлери болгондугу изилдөөдө эскерте кетчү маанилүү көз караш болуп саналышы абзел. Бул тышкы саясаттагы ориентирсиз чачкындыкты Арстанбектин “Казак, кыргыз жыйылып, Бата кылып алсак бейм? Кашкардагы Бакдөөлөт, Ата кылып алсак бейм?” деген саптары далилдеп турат (Арстанбек Буйлаш уулу. Эл менен сен бийиксиң…Б., 2014, 15-б.).

 

Боромбай жашаган доордогу кыргыз элинин жана бугу уруусу жашаган Ысык-Көл ойдуңунун геосаясаттык орду

Бул маселе дагы да далай иликтөөлөрдү талап кылуучу көп кырдуу илимий маселе. Макалабызда алдын ала белгилеп кетчү нерсе төмөнкү. Борбордук Азия, Түркстан, анын ичинде Кыргызстандын аймактары Батыш менен Чыгышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырып турган геосаясаттык маанилүү регион болгондугунда. Батыш тарыхнаамасында Орусия, Англия сыяктуу эки зор империянын ортосундагы Борбордук Азия үчүн күрөш «Great Game», «Чоң оюн» (орусча – Большая игра) деп белгиленип, ал атаандаштык XIX кылымдын 30-жылдары эле башталгандыгы илимде тастыкталган (Караңыз: Кененсариев Т. Кыргызстандын ХIХ кылымдын 50-70-жылдарындагы саясый өнүгүүсү. Бишкек, 2009, 31, 61-63-бб.).

Так ушул Чоң оюндун алкагында Ысык-Көл ойдуңу Жети-Суу өрөөнүнүн чыгыш өңүрү Борбор Азия менен Кытайды байланыштырган геостратегиялык маанилүү аймак болуп эсептелген. Ал эми бугу уруусунун ээлеген жерлери Чүй-Кашкар, Алматы (Верный)-Бишкек, Алматы (Верный)-Теңир-Тоо стратегиялык транс-байланышынын маанилүү чекити болуп саналган. Бул өңүттөн комплектүү алып караганда бугулардын ээлеген аймактары жана жалпы эле Ысык-Көл ойдуңу өзүнүн стратегиялык максатын ишке ашырууда Орусия үчүн биринчи пландагы геосаясаттык кызыкчылыкты жаратып, так ушуга жакын кызыкчылык Кытай империясынын саясатчыларында да белгилүү түрдө чагылып турган.

 

Орусиянын геосаясаттык кызыкчылыктарынын алкагында Кыргызстандын аймактарынын жана анын ичинде Ысык-Көл өрөөнүнүн ролу

Жогорудагы белгиленгендей, Кыргызстан Орусия-Англия геосаясаттык атаандаштыктын (Чоң Оюндун) алкагында маанилүү аймак болуп, кыргыз жерлери Орусиянын тээ Петр I ден бери эле келе жаткан “болочокто ээленип алынуучу” чөлкөмү катары каралган.

Ошентип, Орусиянын геостратегиялык максаттарынын ишке ашуусунун алгачкы этабында Кыргызстандын түндүк аймактарынын орду олуттуу болгондугу маалым. Аны ээлөө Чымкент, Ташкент багытын каратууда, андан ары Ферганага карай жүрүп, Кокон мамлекеттин басып алууда жакшы плацдарм болгон.

Ал эми Кыргызстандын түндүк аймактары болгон Чүй, Теңир-Тоо аймактарын ээлөө үчүн алгач Верныйга канаатташ жакын жаткан Ысык-Көл өрөөнүн, анын ичинде бугу уруусунун ээлеген жерлерин каратып алуу жакынкы максат, Кыргызстандын түндүк аймактарын каратуунун негизги ачкычы жана маанилүү баскычы катары эсептелгендигин акыркы мезгилдеги изилдөөлөр көрсөтүүдө.

 

Орусиянын геосаясаттык кызыкчылыгын ишке ашыруудагы анын атаандаштарынын (Англия, Кытай) салмагы

Боромбай баштаган бугу уруусун, алар жердеген Ысык-Көлдүн Орусияга каратылышы 1855-76-жылдарды кучагына алган жалпы Кыргызсатнды каратуу жараянынын алгачкы этабы болучу. Бул жараяндын башталышына карата Орусиянын, Англиянын жана Кытайдын салмагын салыштыруу да мааниге ээ. Мында төмөнкүлөрдү белгилеп кетүүгө болот.

XIX кылымдын 30-жылдарынан башталган Чоң Оюндун алкагында Англиянын жана Ысык-Көлгө чыгыш жактан көз артып турган Кытайдын салмагы Орусиянын салмагына караганда аз болгон. Анткени, Индиядан өңүт жасаган Англиянын жердин алыстыгынан Ысык-Көл ойдуңуна болгон саясий да, экономикалык да таасир жокко эсе болгондугу айныксыз. Болгону Кашкардагы саясий окуяларга байланыштуу дипломатиялык чалгын эмиссарлар аркылуу гана азыраак таасир эте алышы мүмкүн эле. Бирок, ал аракеттер майнап берген эмес.

Кытай империясы болсо ал кезде саясий-аскерий жагынан алсызыраак болучу. Кашкардагы азаттык кыймылдарынан алагды болуп турган кытай богдыханы Ысык-Көл ойдуңуна экономикалык, соода жана саясий кызыкчылыктары болгону менен аны канааттандырууга дарамети жок экендиги ырас.

Ал эми Орусиянын болсо Ысык-Көл ойдуңуна карата геостратегиялык мүмкүнчүлүгү абдан жогору болгон. 1842-жылы түзүлгөн Батыш-Сибирь генерал-губернаторлугунун карамагындагы Ала-Тоо приставдыгы, анын Верный шаарында 1854-жылы Ала-Тоо округуна айланышы, бул округдун чек-араларынын Ысык-Көл ойдуңу, бугулардын жайыттары менен түздөн-түз чектешип турушу, Орусиянын аскерий-стратегиялык зор мүмкүнчүлүгү Чоң Оюн геосаясий атаандаштыкта анын Англия жана Кытайга караганда салмагынын жогору экендигин көрсөткөн. Демек, Ысык-Көлдү каратып алуу боюнча саясий экспансиялык жагынан реалдуу күч Орусия бийликтеринде болгон.

Бул жөнүндө ойчул акын Арстанбек: “Алда кудай, капырай, Алматыдан аттанып, Орус келе жатыр-ай. Узун чөптүн баарысын, Оруп келе жатыр-ай. Кыска чөптүн баарысын, Коруп келе жатыр-ай. Ай-ааламдын баарысын, Соруп келе жатыр-ай…” деп элестүү саптар менен Орусия империясынын геосаясаттык планынын ишке ашып жаткандыгын ырдаган (Арстанбек Буйлаш уулу. Эл менен сен бийиксиң…Б., 2014, 36-б.).

 

Орусиянын Кыргызстанды, Ысык-Көлдү каратышындагы моделдер, ыкмалар жана каражаттар

Бул маселе Боромбай баштаган бугулардын басымдуу көпчүлүгүнүн Орусияга ыкрар алгандыгынын жана падышачылыктын кыргыз урууларын биринен сала бирин ырааттуу түрдө каратуу менен өзүнүн колониялык экспансиясын ишке ашыргандыгынын түпкү маанисин жана анын каражаттарын ачып бере алат. Акыркы изилдөөлөр тастыктап тургандай, Орусия чет-жакаларды каратууда эки негизги моделди колдонгон. Алар: тынчтык, дипломатиялык жол менен, эгер андай мүмкүнчүлүк болбогон учурда – куралдуу жол менен басып алуу болгон.

Окумуштуулар падышачылыктын чыгыш элдерин каратуусунда эки ыкманы көрсөтүшүүдө. Биринчиси — келишим, бүтүмдөр аркылуу тынчтык жолу менен; экинчиси — чөлкөмдүк басып алуу, согуштук, зордук жолдору менен (Караңыз: Агаджанов С.Г. Исторические взаимодействие России и Востока: Узловые проблемы и задачи изучения. // Россия и Восток: Проблемы взаимоотношения. —М., 1993.—10-б.). Иш жүзүндө аталган эки ыкма таза, бир беткей колдонулган эмес. Тигил же бул ыкма тигил же бул кырдаалда үстөмдүк абалды ээлегени менен, чынында Түркстандын, анын ичинде Кыргызстандын, шартында аталган эки ыкма тең орун алган. Мисалы, ХVIII кылымдын аягынан ХIХ кылымдын ортосуна чейинки орус-кыргыз соода, элчилик байланышын түзүүдө Орусиянын Кыргызстанды басып алуусунун зарыл өбөлгөлөрү калыптанып, ал мезгилде негизинен биринчи ыкма (модель) Ысык-Көл ойдуңун каратууда биринчи жол колдонулган.

Орусиянын Ысык-Көл ойдуңун тынчтык жол менен каратуусунун эң негизги ыкмасы катары келишим, бүтүм түзүү колдонулган. 1855-жылкы 17-январдагы 14 пункттан турган Омскидеги К.Шералиндин “букаралыкка өтүү” ант берүү аземинде бекитилген келишим муну тастыктап турат. Ал эми ХIХ кылымдын 50-60-жылдары Орусиянын Кыргызстандын түндүк чөлкөмдөрүн каратып алышында ыкмалардын экөө тең колдонулса, 1870-жылдардагы Орусиянын Кыргызстандын түштүк чөлкөмдөрүн каратуусунда экинчи ыкма толук үстөмдүк кылган (Кененсариев Т. Кыргызстандын ХIХ кылымдын 50-70-жылдарындагы саясый өнүгүүсү. Бишкек, 2009, 29-б.).

Ысык-Көл кыргыздарын каратууда башка региондорго колдонулуп келген “бөлүп-жар да бийлей бер (разделяй и властвуй) ыкмасы кеңири колдонулган. Бул ыкма Кокон бийликтерине ыктаган сарбагыштарга каршы бугуларды тукуруу, бугуларга жардам берүү менен сарбагыштардан бөлүп Орусиянын таасирине тартуу, соода алакаларын кеңейтүү, Боромбай сыяктуу уруу башчыларына сыйлык, чин берүү сыяктуу аракеттерден көрүнүп турат.

Бугу уруусун Орусиянын таасирине тартууда соода байланышын күчөтүү, орус мамлекетинин күчүн жана артыкчылыктарын пропагандалоо да чоң мааниге ээ болгон. Миркубан Ниязов, Файзулла Ногаев, Чокан Валиханов, В.В.Радлов, П.П.Семенов-Тян-Шанский. Бул маселе көптөгөн изилдөөлөрдө чагылып келген.

 

Корутунду пикир

Боромбай Меңмурат уулунун өмүрү жана ишмердигин, инсандык бейнесин жана кыргыз элинин өтмүшүндөгү тарыхый маанисин тастыктоо максатындагы макалабызды аяктап жатып төмөнкүлөрдү белгилеп кетүүнү туура көрдүк.

  1. Ысык-Көл ойдуңун Орусиянын курамына киргизүү Орусиянын Орто-Азияны каратып алуусундагы геосаясаттык планынын алгачкы баскычтарынын бири болгон.
  2. Бугу уруусунун “орус букаралыгын таануу жөнүндө” ант берүүсү ал мезгилдеги эл аралык геосаясаттык кырдаалдан, кыргыз урууларынын араздашуусунан, тышкы күчтөрдүн таасиринен келип чыккан мажбурланган аракет эсептелет. Бул процессте “ыктыярдуулук” элементтери учурабайт. Маселен, кыргыз оозеки фольклорунда ушул убакка чейин ”Орусияга ыктыярдуу биригүү” жөнүндө айтылган бир дагы дастан, эч болбосо ыр дагы учурабайт. Ал эми түндүк кыргыз урууларынын кай бир бийлеринин Орусияга жүз бурушу айласыздан болуп, каратуу куралдуу жүрүштөр менен коштолгондугун оозеки эл чыгармачылыгы далилдеп турат. Буга Арстанбектин ”…Бул орусту карасаң, ченчи салып жерди алды, бээден туулган керди алды. Карды салык байды алды, кача турган жайды алды. Таластан Маймыл тутулду, качканың кайдан кутулду. Туурадан салды дозокту кармап алды Кулжадан Балбай менен Шоорукту…”, — деген ыры эле толук жооп берет (Арстанбек.—Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1994, 27-б.).
  3. Ошондой болсо да өз доорунун даанышман, алысты көрө билген, геосаясаттык абалды түшүнгөн, эли-журтунун сакталып калышына кам көргөн жетекчи катары Боромбайдын “орус букаралыгына ыктоо” аракети ички-тышкы себептердин оң жана терс жактарын акыл менен калчаган тактикалык “мажбур” кадамы болгон.
  4. Так ушул татаал кырдаал жана факторлор менен гана Боромбай сыяктуу журт башчыларынын кыргыздын “кыйын кезең” кырдаалындагы ордун, тарыхый ролун комплекстүү тастыктоого мүмкүн. Тарых логикасы ушундай…

Т.Кененсариев, т.и.д., профессор,
“Мурас”, 26.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.