Салижан Жигитов Эрнис Турсунов менен “Арашанда” таанышканда…

e_tursunov

Өткөн кылымдын 89-жылынын март айынын кайсы бир күнүндө жазуучулардын “Арашан” эс алуу үйүнүн ар бир эшигинин туткасын катары менен тарткылап, ким-бирөөнү издеп жүргөндөй түрү бар.

– Ассалом алейкум, Эрнис аба! – дедим кадимки көлдүктөрчө.

– Алейкума ассалом! – деп жалт карады.

– Баатыр, сен да бул жакта белең? – деп мени карай мантая басты. Кол алышып учураштык. Адегенде костюмунун жан чөнтөгүндөгү карала бет аарчысын сууруп чыгып, оң колуна дайындай кармап, кайнап аткан кара казандын капкагын алгандай – сол колу менен башындагы кара шляпасын алганда төбөсүндө думугуп турган көк буу топтошкон аарыдай дуу деп көтөрүлгөндө Эрнис абанын ак алмадай кара жээк кашка башы “ө-өх!” деп эс ала түшкөндөй болду. Төбөсүнөн жаагына жаба берип куушуп куюлган терин оң колунда камдуу кармап турган кара чаар бет аарчысы менен шыпырып алып салды. Эрнис аба жайы-кышы балбаалап тердеп жүрөт. Оронуп чулганып, жылтыр көзүнөн жаш куюлуп, чүчкүрүп-бышкырып, эзели сасык тумоону жөө тумандай ээрчитип, жүдөп-какап жүргөнүн көргөн жан эмесмин. Учурашсаң колу жылуу. Тамакка, ичкиликке, ишке болгон табити ар качандан бир качан мыкты. Үч ай ташкөчүк болуп үйдөн чыкпай олтуруп килейген роман жазат же которот. Ойду омкоруп, тоону томкоргон соң, өзүнүн сөзү менен айтканда “үч ай үй бетин көрбөй сайрандап ичип кетет”. Ичкенде да кенен басып, мол ичкенди жактырат. Капыл-тапыл булуң-буйткадан жолугуп калганда: “Келиңиз аба, бир аз шайтан башын сындыралы деп жаттык эле” деп чакырып калсаң: кайкы мурдун кытмыр тырыштырып: “Нече кишисиңер?” деген суроосун узатып, баланча кишибиз деген жоопту уккандан кийин кооптонуп нече бөтөлкөңөр бар деп тактайт. Бир же эки деген жоопту укса чалкасынан кетет. “Мунуңар болбойт, баатырлар, төрт кишиге бир бөтөлкө арак да аракпы?! Бөтөлкөңөр бошогондон кийин үчөөң үч жакка басып кетсеңер, чала жан калган мен шордуунун убалы кимге? Бир бөтөлкө чала жан кылат, эңсетет, шорлотот. Алсаңар үчтү же төрттү алгыла. Төрт киши бирди бөлө тартканда дене-бой жибийт, экинчиси – ыракатка бөлөйт, үчүнчүсү – эңсөөнү басат, төртүнчүсү – толбогон жерди толтурат”…

Эрнис аба ичкилик ичкенде кыл кыркпай калмай жайы жок. Шарты келсе шорпо-шилең, чучук, казы-карта, беш бармак менен бастырып, шарты келбесе, баш-шыйрак, туздалган балык, колбаса, чийки пияз, туз, нандан бурдап, алаа-шалаа түшүп ичкенди жактырат. Ичип жатканда да, ичкендин эртеси да, ичпей калганда да, иштеп жатканда да Эрнис абанын төбөсүнөн көк буу көтөрүлүп, жаак ылдый кара тери кубалашып куюлуп түшүп турганы турган. “Жайын-кышын тер чачып жылуу жүргөн адам-ден соолугу мыкты адам” деп адамдын оорусуна караганда акчасына көбүрөөк көңүл бөлгөн Манатбек аттуу мыкты табыптын айтканын эшиткен жайым бар эле. Ошол Манатбек табып баам салып айтмакчы Эрнис абанын ден-соолугу мыкты. “Эки жолу бутум сынып доктурга жатканым эле болбосо, эзели доктурлап көргөн жан эмесмин” деп Эрнис аба өзү да моюндап айтканын уккам. Иштегенде иштегендей иштеп, ичкенде ичкендей ичип, таш чайнап, кум чычкан мындай мыкты ден соолуктун сырын сурап-билгим келип суроо узатканымда: “Кайгырбайм!” деп жооп берген эле. “Өзүмдүн кара чечекей баламдын чыңырып-чыркырап колго түшүп ыйлап турганын көрсөм да кайгырбайм. Эң жакын адамымдын башына мүшкүл иш түшүп турса да кайгырбайм. Кайгырсам да бир аз эле кайгырып барып кайра токтотуп коем! Ал жан ага берилген, бул жан мага берилген. Бир кайгынын айынан эки жанды бирдей оорулуу кылыштын кажети барбы?” – деп кайра өзүмө суроо узатканда андай “эрдик” колуман келе койбосун анык билген шордуу жаным кежигемди кашып тим болгом. Ошентип, өмүрү кайгыргысы келбеген, кайгыны жегиндей көргөн, салык курсагы салабатына сымбат кошкон, калп да болсо калбаат түр менен калдайып басып, күнү-түнү кара жанын карч урган жазуучуга караганда, карды ток кампачыны көбүрөөк элестеткен таланттуу акын, котормочу, жазуучу Эрнис Турсунов маанилүү бир иш менен келген мандеминде кырданып, ар бир сөзүн баптап, таптап, маанилеп сүйлөгөнгө аракеттенип, кытмыр жылмайып, кыйды суроо салып турду маңдайымда.

– Кана, баатыр, кимдер барсыңар бул жакта?

– Кимдер керек эле? – дедим суроосун суроо менен каршы алып.

– Совет барбы?

– Кайсы Совет?

– Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов, Эрнис Турсунов сыяктуу классик акындардан үлгү алган Совет Урманбетов деген акынды сурап жатам.

– Бар, – дедим башымды ийкеп.
– Баракелде, баатыр, бул жообуң дурус чыкты.

– Ал кайда?

– Шаарга кеткен.

– Ка-ап, атаңгөрү, кетип калганын карачы, – деп өзү айткандай бир аз кейип барып токтоду.

– Качан келет?

– Кечинде.

– Бул жообуң да дурус болуп калды, – деп жандана түштү.

– Киши сыяктуулардан дагы кимдер барсыңар?

Эрнис аба жакшы жазган, жакшы ичкен акын-жазуучулардан сурап жатканын боолголоп эмнегедир а-а деп ооз ачканда эле Орозбек Айтымбетовдун ысымын атаптырмын.

– О, кокуй, аныңды угуза көрбө, – деп салык курсагы селкилдеп, чок баскандай чочуп, секирип кетти.

– Анча эмне болду?-дедим таң калгансып.

– Аның ичет экен. Ичкенде да оонап ичет экен…

Эрнис абанын “ичет экен” деген сөзү бир аз кытыгыма тийгенсиди. Чын-чынына келгенде Эрнис Турсунов менен Орозбек Айтымбетовдун иштегенинде да, ичкенинде да бир аз гана айырма болбосо, окшош жактары көп экенин жакшы билер элем. Орозбек Айтымбетов да чыгармачылык иштин кызуусуна кирип алганда тап жылбаган ташкөчүк. Тамагын да, арагын да, катынын да, жакынын да тегиз унутат. Өткөн кылымдын элүүнчү жылдары заводдон чыккан эски кара машинкесин күнү-түнү чыкылдатып, күбүрөп үн салып иштейт. Бери дегенде беш ай, ары дегенде алты ай аты-жөнүн унутуп “башы менен жер касып”, ойду омкоруп, тоону томкоруп, чээнге кирген аюудай жаткан жатагынан чыкпай күркүрөп-күбүрөп иштейт. Борбордук Комитетинин баш секратары Леонид Ильич Брежневдин оо дүйнө кеткенин жети күндөн кийин, Акаевдин качып кеткенин он беш күндөн кийин уккан Окең, оу-у он кылым илгери жашап өткөн өзүнүн каармандарынын жапайы өлкөсүнөн жаңыдан чыгып келгенинде эгемен Кыргызстанда эмне жаңылык болуп жатканы менен иши жок, эң биринчи жолуккан кишисинен арзан самаш кайда сатыларын сурайт да, оңкочук атып ошол бойдон оюн салып кетет. Ээрди ээгине түшкүчө, сакалы белине түшкүчө оюн салбай оңолоюн деген оюна да карабай, муздак суу болсо да чайканып алайын деп чыркыраган боюна да карабай, алды үч ай, арты бир ай “төбөсү менен жер сүзүп” ичет. Орозбектин бул жоругун байкаган Салижан Жигитов: “Баатыр, мага сенин алты айлап баш көтөрбөй иштегениң аябай жакты. Анан да жанагинтип үч айлап көз ачпай ичип кеткениң да аябай жакты. Болбосо анда-санда тийип-качып иштеген бизге окшогон шордууларга эч нерсе калтырбай бүт бойдон өзүң жазып салчудай түрүң бар”, – деп орундуу тамашалап, адатынча хахалап күлгөнүндө өмүр бою “ичесиң” деп күнөөлөгөн ар кимдин жемесинен тажаган Орозбекке Салижан Жигитовдун “үч айлап ичкениң аябай жакты” деген сөзү майдай жагып, курсагын толук жаппаган майкесин оңдоп-шымдамыш этип, көзүнөн жаш чыккыча каткырып, бүт денеси менен бүлкүлдөп күлгөн эле. Ошондой тамаша сөздү Эрнис Турсуновго да айтсам жарашмак. Билсем да, түшүнсөм да, кайрылып каяша жооп берип койгонго ыгы келип турса да, сөздү ырбатпай “Орозбек оонап ичет экен” деген сөздү кулагымдын сыртынан өткөрүп койдум.

– Та-ак, баатыр, деги киши сыяктуулардан кимдер барсыңар, – деп суроосун тактады.

Өзүнө ылайык кишилердин ысымын уккусу келип турганын боолголодум да, иргебей-тандабай эсиме келгендердин бир далайын шатыратып санап жибердим эле, Эрнис аба аларды “киши сыяктуулардын ичине кошпой”, кош көңүл укту.

Көңүлүмдүн тереңинде турган Салижан Жигитовдун ысымын атап жибердим.

– Ап-баракелде! Бая эле ошентип айтпайсыңбы, – деп сүйүнүп кетти. Салижан аке шарап ичкен жагынан жөндөмсүз адам экенин эстеп айтпай тургам.

– Салижан кайда? – деди жанданып.

– Сакем да калаага кеткен.

– Келеби?

– Келет.

– Салижан менен мамилең кандай?

– Жакшы.

– Тилиңди алабы?

– Ылайыктуу иш болсо – алат, ылайыгы жок иш болсо – айта албайм.

– Аа, бул кебиң дурус чыкты, баатыр, – деди да, “зыр” дей түштүбү, айтор өңү-башын тырыштырып, эңкейип сол тизесин мыжыгып калды.

– Баягы сынган тизем кез-кез ушинтип ооруй калчу болду. Жүр, андан көрө тиги кыйшайган диванга көчүк басып сүйлөшөлү, – деп боюн түзөдү.

Диванга көчүк бастык.

– Баатыр, бул жакка кайрылып калган жайым мындай: Чүйдөн Көлгө келин алып бара жатабыз.

– Уулуңузгабы?

– Жок, өз уулумдуку болсо үйгө чакырбаймынбы. Айылдаш мындай эле инилердики.

– Ии, болсун, болсун!

– Көлдө Жаркынбаев айылында Шекербек деген айылдаш иним бар. Бензоправкада иштейт. Ченебеген бай, кой десем болбой мени туурап ыр жазат. Мүнөзү чатак. Эки жылдын ичинде үч катын кетирди. Өгүнү Көлгө барсам, абакебай катын алып бербесең болбой калды деп туткактап кое бербейт. “Кайдан, кимди?” десем, “Көлдөн башка жерден” дейт! “Көл өрөөнүнөн айланта алып чыктым”, “кызыл камчы Шекербек” деген атка конуп, кызын бере элек көлдүктөр менден жаа бою качып, жиниме тийип жатышат” дейт.

Өзүм жакшы билген Сары-Өзөн-Чүйдү түрө кыдырдык. Же бир катын чыксачы! Шекербек иниме жаккан мага жакпайт, мага жаккан ага жакпайт. Өзүңүз суктанып ыр жазган Таттыбүбү Турсунбаевадан кем эмес сулуу болсун дейт күйгүзүп. “Баатыр, андай сулуулар Жумгалдан гана чыгат, бул жерди Чүй деп коет” десем, “Жумгалдыктарың Чүйдө деле өрүп жүрбөйбү, ошолордун арасынан таппайсызбы” деп кайра өзүмө акыл үйрөтүп, маземди алды.

– Анан таптыңарбы? – дедим чыдамым кетип.

– Таптык. Асылбаш деген айылдан таптык. Кыз эмес, жубан таптык. Ала качып кеткен экен. Кайра баса бериптир. Бой десең бою бар, өң десең өңү бар, ургаачынын мыктысын таптык. Толгон айдай толукшуп, тула-боюнан от уруп, демине батпай чатырап турган кези экен, – деп ширин сөздүн даамына аралаш келе калган жылуу шилекейин жумшак тартып, кайкы мурдун тырыштырып жана бир кытмыр жылмайып койду.

– Совет “Арашанда” чыгарма жазып жатат деген сөздү эшиттим, той башын досума ооз тийгизип, анан Көлгө жол тарталы деген ниетте чалгынга келип турган чагым.

– Аныңыз жакшы экен. Досуңуз кеч келет го.

– Эрте-кечине карабай келебиз. Алдыбызда ак жал “Нива”, ийнибизде кабалтең таар куржун… Сен эми Салижанды көндүр. Советтин номуруна ээрчитип кел. Чогуу тамак ичели, чер жазышалы, – деп аманат сөзүн бек айтып ак жал “Нива” менен кайрадан Сокулук тарапка жол тартты… Сөздүн кыскасы, Эрнис аба Совет абанын бөлмөсүнө өтө камдуу келди. Түркүн түс ичкилик, дүйүм тамак, эт, чучук, казы-карта. “Эрнис экөөбүздүн эзели жолубуз кезигишкен эмес эле, кайдагы балакетти айтып жатасың” деп жатып Салижан аке Советтин бөлмөсүнө араң дегенде макул болуп келди. Салижан акенин келгенине Эрнис аба чындап эле төбөсү көккө жете катуу сүйүндү. “Салижан иним, сени келбей коебу деп катуу чочулап турдум эле” деп эки-үч ирет көңүлүндөгүсүн ачык айтып да жиберди. Салижан аке да сыпайкерчилик кылып, “чоң акындар чыкырып атса, мага окшогон каратаман карапайым акын кантип келбей койсун” деп адатынча карсылдап каткырып күлдү. Эрнис абанын жер кыдырып тапкан келини чын эле өңдүү-түстүү неме экен. “Мынабу олтургандар кыргыздын акын-жазуучуларынын каймактары, эңкейип жүгүнүп кой, айланайын” деп Эрнис аба күйөө жолдоштун да, жеңенин да ролун аткарып, жаш келинге жыйырманчы кылымдын сексенинчи жылдарынын адеп-ахлагына анчейин ылайык келбеген ыңгайында бакылдап сүйлөп олтурса, тиги келинде да бир топ “мандем” бар окшойт, “чын эле ошентип коеюнбу” деп үн чыгарып шаңкылдап, маңдайы жерге жеткиче эңкейип жүгүнүп, жаңы эле ыр ырдап бүтүп жүгүнгөн артистердей боюн түзөп, көзүн сүзүп койду.

Шекербек иниси Эрнис акенин эң кичүү уулу менен тең сыяктанган жапжаш жигит экен. Жүрөгү өткүр, көзү курч жигит сыяктанат, кез-кез Эрнис аке менен сөз талаша шакылдап сүйлөп, меймандарды катыра тейлеп жүрдү. Шекербек инибиз отуздан оогончо жалаң эле Эрнис акенин ыр китептери менен оозанып чоңойгонбу, айтор дүйнө жүзүндө Эрнис Турсунов гана гениалдуу акын деген мааниде мактоо сөздөрүн жаадырып, кез-кез Эрнис абанын мыкты-мыкты саптарынан жатка айтып турду. Башкабыздан жалтайлабаса да, Эрнис аба Салижан акеден жалтайладыбы, ким билет, ансыз да бууланып олтурган төбөсү ого бетер бууланып, “чоң адабиятчылар отурганда, адабият маселесин кое турчу, айланайын, аны экөөбүз эл жок жерде өзүбүзчө сүйлөшөбүз” деп ачык эле кесе чаап чебелектеп, сөздү башка нукка буруунун аракетинде болду.

– Эрнис аба менен Совет аба катуу тамашалашкан теңтуштардан экен, өткөн-кеткен жоруктарынан кеп салышып, алдындагы стакандарынан аппак алып коюп олтурушту. Салижан аке башында бирди алды да, аягында гана бирди ичем деп моюн толгоп болбой койду. Совет аба да, Эрнис аба да буга чейин Салижан аке менен сыртынан гана учурашып камыр-жумур мамиледе болбогону байкалып турду. Демейде калың элге сөз бербеген Салижан аке да сырын билбеген адамдардын арасында арбыныраак сүйлөгөнгө караганда көбүрөөк уккан оң дегендей тейде тигилердин анда-санда орундуу айтыла калган тамашасына тарсылдап күлүп, адаттан тыш тартиптүү олтурду. Бокстун тили менен айтканда тамаша сөзгө келгенде Совет аба – түз сокку урчу боксчуларга кирсе, Эрнис аба оңойлук менен түз муштабаган, тап берип коюп, кайра артына кетип, ойдолоктоп оң жагына ооп, сол жагына ооп, эңкейе калып, түзөлө калып, Совет аба сыяктуу колу шадылуу солдойгон боксердун маңдайында мазесин алып бийлеп мушташкан шайкелең боксер сыяктуу сүйлөп турду. Анын мындай “тамаша – мушташ” манерасы Салижан акеге жага баштаганын алдыртан сезген Эрнис аба баштагыдан да шамдагай, шайдоот сүйлөгөнгө, демилгени кое бербегенге аракет кыла баштады. Чын-чынында Совет аба да, Эрнис аба да Салижан акеге жагуунун аракетинде болгонсуду. Отуруп ортологончо Совет аба да ыңгайы келе калганда Эрнис абанын башындагы кара шляпасы тегеренип кеткидей эки-үч түз “удар” жасады. Амалкөй, кыймылдуу неме эсин жоготуп дендароо болуп туруп калбай, ары чайкап, бери чайкап, ыңгайы келе калганда чабуулга өтүп, жумшак “муштуму” менен элеп-элеп жиберип, кайра артка чегинип, алдырган упайларын изин суутпай кайра жулуп келгенге жарап турду. Теңтуштук кайым айтышуу, тамаша сөз ушундай деңгээлге жетти, бир кезде Эрнис аке демилгени толук өз колуна алганда Совет аба: “ии, жаман калмак, аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы”… деп кайра анын өзүнө жөнөткөн таамай муштарына ыкшыган күлкү менен жооп берип, коргонмок түгүл колун көтөргөнгө шайы келбеген боксердой каршылык көрсөтө албай, кай жакка жапырса, ошол жакка жапырылып олтуруп берди.

Атаандашы каршылык көрсөтө албай калганына көзү толук жеткенден кийин үстү-үстүнө сокку ура берүүнү кажети жоктой сезилдиби, айтор, Эрнис аба үнүн да, тонун да, сөзүнүн маанисин да өзгөртүп, жай сөзгө өттү.

– Салижан иним, өзүң жакшы билесиң, чын-чынына келгенде оорулуу адам кылдат, этият, бакыбат жашайт экен. Мага окшогондор урунуп-беринип, ар кандай групировкаларга кошулуп, бирөөгө жакшы, бирөөгө жаман көрүнүп, жеңсең убактылуу сыйын көрүп, жеңилсең узак жыл куугунтукка түшүп, көр турмушта жашайт экенсиң. Дени сак киши опуртал жолдор менен көп басып, оорулуу кишиге караганда аз да жашайт экен, – дегенде Салижан аке “туура, туура!” деп кубаттап башын ийкегилеп” адатынча тарсылдап каткырып жиберди. Себеби Салижан аке да дал ушул сөздү көп айтаар эле. Өзүнүн жакшы көргөн кыйышпас жан курбу досу Кеңеш Жусуповдун туулган күн тоюнда олтуруп: “Кеке, биринчиден ушул жашка чыгарган Алла таалага, анан өзүбүзгө жана аялдарыбызга ыраазы бололу. Чын-чынында мындан кырк жыл илгери сен экөөбүз алтымышка чыгабыз деген” алдыбызга чоң максат койбосок керек эле. Жыйырма жашка чыгып-чыга электе мен ашказанымдан, сен бөйрөгүңдөн дартка кабылып, эл тандабай жеген тамакты экөөбүз тандап жеп, эл ылгабай күркүрөтүп ичкен аракты ылгап ичип, жаз-күз илдетибиз күчөп илмейип, арыктап ичер суубуз канча калды деп жаштайыбыздан үстүбүздө айбалтасын салаңдатып турган өлүмдү ойлоп, артыбызга ийрелеңдеген болсо да илмейген из калтырып кетели деген илгери үмүттө жанталашып окуй берип, жаза берип, бир топ иш жасап салыптырбыз. Буканыкындай буржуйган ден-соолугу бар далай досторубузду итирейген кебетебиз менен, илмейген ден-соолугубуз менен иш жагынан да, жаш жагынан да эбак артка калтырып, ушул жашка жете келдик. Ошол ден соолугу букканыкындай күркүрөгөн досторубуз кайда? Алды кырк, арты элүүдөн өтпөй жаштайында жайраптыр. Чың ден-соолуктан чыккан албуут күчтүн азгырыгы менен жалаң той-тамашанын ичинде, кыз-кыркындын артында жүрүшүп, жарытып эч нерсе да жазышбаптыр. Эмнесин айтасың, Кеке илмейген ден-соолук менен экөөбүз баарын жеңдик”, – деп бак-бак тамашалап сүйлөгөндө бул орундуу да тамашалуу да сөзгө баарыбыз кыраан каткы күлгөнбүз.

– Эми Салижан иним Советтин жайын жакшы эле билээрсиң. Жаштайынан кургак учуктун корун тартып оорулуу. Бизге окшоп урунарга тоо таапай, урушарга жоо таппай ар кандай групировкага кошулуп Борбордук комитеттин “кара тизмесине” илинген жок. Ар эки жыл сайын ырлар жыйнагын чыгарып, бакыбат гонарар алып, акча-тыйындан кыйналбай кенен жашап келди. Мына, мен шорлуу он үч жыл куугунтукта жүрдүм. Он беш жыл китебим чыкпай, театрларга котормо драмаларым коюлбай, өзүм жумушка алынбай, көрбөгөн кодукту көрүп жашадым”…

Салижан акенин боору ооруй түштүбү айтор: “Ой-бай-ой, бул сиз билинбей жатып бир топ кыйналган экенсиз, анан эмненин эсебинен жашадыңыз” деп суроо узатып калды.

– Салижан иним, жеңең тамак-аш саткан дүкөндө иштейт. Аты Жамила. Мына ошол киши бакты.

– Аялыңыз каш какпай баккан бу өтө эле бактылуу адам экенсиз.

– Ал айткан сөзүңдө чындык бар, – деп мурдунун кайкысындагы чыбырчыктаган терди чаар бет-аарчы менен сүрүп койду да, сөзүн улады:

– Мен көчөдө жүргөндө, жоро-жолдошторум менен ичкенде тынч адам сыяктанып көрүнгөнүм менен үй-ичинде мүнөзүм чатак. Айлыгың кана, эмне иштебейсиң, элчилеп эмне гонарар таппайсың деген суроону аялым мага бере албайт. Тескерисинче, муздаткычка тамак-аштын бардык түрүн шыкап толтуруп коет. Үстүмдү убагы менен жаңылап турат. Анда-санда чөнтөгүмө пиволук тыйын салып берет. Иши кылып мен үйдө чатак чыгарбай тынч жашап бергеним эле аялым үчүн чоң олжо.

– Мунуңуз мыкты экен, – деп Салижан аке ыкшып күлдү.

Эрнис абанын Аалыкеден карыз акча алган тарых-таржымалы Салижан акеге катуу жакты. Өзгөчө кара блокнотко аты-жөнүн жаздырып, колун койдурган жерине келгенде: “Чунак кишинин антээри чын” деп тарсылдап көзүнөн жаш чыккыча күлдү.

Салижан Жигитов кыргыз акын-жазуучуларынын ар бири менен камыр-жумур мамиледе болбосо да, ар биринин кулк-мүнөзүн билбесе да, алардын жазган чыгармалары менен чыгармачыл дараметин мыкты билер эле. Салижан аке ким-бирөөнүн чыгармасы жөнүндө дурус пикир айтып калса, ич күйдү дагы бирөө: “Ой, Саке, ошонуңду койчу, аның начар адам экен” десе:

“Мыкты чыгарманы начар адам жазган деп кадырын түшүрө албайсың, начар чыгарманы жакшы киши жазган деп кадырын көтөрө албайсың. Келечек муун мыкты жазуучуну жазган мыкты чыгармасы аркылуу гана таанып-билет” деп орус адабиятынын дөө-шаалары Ю. Лермонтовдун, Ф. Достоевскийдин, С. Есениндин мисалында таамай-таасын сөздөр менен түшүндүргөнүн нечен ирет кулагым чалган.

“О бул кыргыз жазуучулары бирин-бири окубайт. Жаманын да, жакшысын да, кыйынын да, кокуюн да шорум катып окуп чыгууга илимпоздук ишим менен окутуучулук кызматым милдеттендирип жатпайбы” деп даттанып калчу. Адабият маселесине келгенде Салижан акеде кас-дос деген түшүнүк жок эле, кара кылды как жарган калыс пикирин айтчу. Акын-жазуучуларыбыз Аалы Токомбаевдин, Түгөлбай Сыдыкбековдун, Алыкул Осмоновдун, Насирдин Байтемировдун, Сүйүнбай Эралиевдин, Чыңгыз Айтматовдун, Бексултан Жакиевдин, Мар Байжиевдин, Токтоболот Абдымомуновдун, Кеңеш Жусуповдун, Кубатбек Жусубалиевдин, Мурза Гапаровдун, Кеңешбек Асаналиевдин, Аман Токтогуловдун, Турар Кожомбердиевдин, Акбар Рыскуловдун, Шайлообек Дүйшеевдин, ж. б. чыгармачылыгы жөнүндө өзгөчө пикири болоор эле.

Билими, акылы, сезимталдыгы менен көптөрдөн кескин айырмаланып, эл байкабаганды байкап, эл көрбөгөндү көрөр эле. Аалыке (Аалы Токомбаев) өмүрүнүн көпчүлүк убактысын пайдасыз саясый күрөштөргө жумшап, “Токтогул” романын бүтүрбөй кеткенин көп эскерчү. Болбосо “Токтогул” романы Мухтар Ауэзовдун “Абай жолунан” кем калбаган мыкты романдардан болот эле да, Аалы Токомбаев Мухтар Ауэзовдун катарын толуктаган бүткүл союзга таанымал мыкты жазуучулардын тизмесине кирет эле деп кейичү. Насирдин Байтемировдун “Жаандан кийин” аттуу алакандай аңгемесин, Токтоболот Абдумомуновдун “Ашырбай” драмасын классика деп эсептечү. Чыңгыз Айтматовдун алгачкы аңгеме-повесттеринен “Жаныбарым, Гүлсарыга” чейинкилерин өзгөчө барктап, “Кылым карытар бир күндөн” “Кассандранын эн тамгасына” чейинкисин жарым-жартылай кабыл алчу. Кубатбек Жусубалиевдин “Күздүн акыркы күнү” повестин, Сүйүнбай Эралиевдин “Акмөөр” поэмасын, Акбар Рыскуловдун уйкаштыруу техникасын, Шайлообек Дүйшеевдин сөз менен иштөө жөндөмүн жактырчу.

Салижан Жигитовдун кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармасы жөнүндө жазган жана жазбай кеткен пикири туурасында кийинчерээк кененирээк сөз кылаарбыз. Кайрадан Эрнис абанын куйган арагы менен сунган тамагы сууй электе, сөздү ошол жакка буралы…

 

* * *

Эрнис абанын артис кыймылы менен куудул сөзүн Салижан аке кубаттап күлгөн сайын Эрнис аба чапкан күлүктөй табына кирип, колундагы арагын калтырбай ичип, алдындагы тамагын жалдыратпай жеп, боргуй-боргуй тер чачып, эргий-эргий сөз сүйлөп, күүсүнөн жанбай турду.

Жарым айча ноокастап жаңыдан эле ашка аралаша баштаган Совет аба аялуу аз-маз алын кетирбегенге, ченелүү чакан шайын жоготпогонго аракеттенип, анда-санда маңдайына түшө калган кара чачын арбайган арык манжалары менен артка сылап: “Сүйлөгөн сөзү жигиттик, бир күндө кылат миң иттик” деп Эрнис абага арнаган ырынын эң “ширелүү” эки сабын кайра-кайра кайталап, Эрнис абаны күч коротпой, кыска сөз менен кыя чабуунун жолун издеп олтурду.

Аалыкеден карыз акча алган окуясын айта коем деп Эрнис аба Совет абанын камдуу турган оозуна өзү эле “ап!” деп түшүп бергендей, тырпырап тишине илингендей, тишинен кутулуп чыгып баратып чеңгелине түшкөндөй туйлап жатып, араң кутулду.

– Ики жаман калмак, Аалыкеден алган карызыңды менден алган акча менен жапкан экенсиң да – деп Совет аба кайра-кайра “кекетти” эле:

– Ооба, ошенткеним чын, – деп Эрнис аба “биринин шапкесин бирине кийиштиргенин” мойнуна алды.

– Аалыкенин аласасын убагында берипсиң, меникин эмне үчүн эки жыл кармадың?

– Биринчиден, Соке, бармактайдан табышкан досумсуң. Экинчиден, Аалыкеникиндей кара блокнотуң болбосо… кол койбосом, баланча жылы, баланча айда, баланча күнү, баланча саатта берем деп милдеттенме албасам…

– Ики, жаман калмак, Аалыкеден корктуң да…

– Чынын айтайын, коркконум жок, сыйладым.

– Аалыкени сыйлап, мени сыйлабайт экенсиң да…

– Аалыкеге болгон сый – бөлөк сый. Алыста, бийикте… Сага болгон сый алдыда, мына бул досторкондо, жеген тамакта, ичкен аракта, жанатан берки тамаша сөздө…

Совет абанын айтканынан кайтпаган көгөргөн кежир мүнөзү болгону менен, жүйөөлү сөзгө тез сынып, акылдуу сөзгө тез көнгөн жайы бар эле.

– Аның чын, жаман калмак, аның чын… – деп аз да болсо демитип алган сөзүнөн ыракат алып, Совет аба күрс-күрс жөтөлүп, кыт-кыт күлүп, жаны жай алып, тынчый түштү.

Тамаша сөздүн күүсү бизге кызык болгону менен, жаңы келген келинге көңүлсүз болду. “Саат он экиге чукулдап баратат…” дегендей ишарат менен жалындаган жаш жубайы Шекербекти жалооруп карады эле, бир эмес үч ирет төшөк жаңыртып, түркүн сулуунун төшүн жазданып, түшүн жоруган, кандай катынга кандай учурда кандай мамиле жасоону мыкты билген, тажрыйбасы мол Шекербек эрдин кымтып, кабагын салып “тынч отур!” дегендей белги берди эле, тымызын дароо ыгына көнүп, алмадай аппак жүзүнө кызыл жүгүрүп, чекесиндеги жоолугун оңдоп-байламыш этип, ким-бирөө байкап калдыбы деген тейде уялыңкы жер карады…

Кайрадан меймандардын алдындагы бошогон стакандарга арак куюлуп, тарелкаларга кезек тууралган эт-чучук, картошка, капуста салат салынып, Эрнис аба бир сыйра тумшугундагы, төбөсүндөгү терин аарчып, үнүн пасаңдатып, сөзүн кечеңдетип, токтоо мүнөз, акылдуу кебете менен Салижан акеге бурулуп:

– Салижан иним, менин баамымда сен жакшы менен жаманды мыкты түшүнгөн адамсың. Мынабу менин Совет досум барды да, жокту да, атакты да, даңкты да, жакшыны да, жаманды да көтөрө билген достордон. Туура түшүнгүлө, колко да, милдет да кылбайын – бүгүнкү дасторконду ушул Совет досум үчүн жайдым. Капа болбосоңор ушул тосту Совет досумдун ден-соолугу үчүн алып жиберели! – дегенде стаканга арак куюп алганыбыз да, арака окшотуп суу куюп алганыбыз да “туура, туура!” деп жаалап, баш ийкеп, колдоп кеттик.

Эрнис абанын жылуу сөзү Совет абанын өңүн тамылжытып, кадимкидей дем берди. Совет аба да оңбогондой намыскөй адам эле, Эрнис абанын жылуу сөзү жакканын жан кишиге билдиргиси келбей, “ики, жаман калмак…” деген какшык сөзүнөн жанбай, досуна башында кандай мамиле жасаса, аягына чейин ошондой мамиле жасап, жактырган-жактырбаганын ичине катып, бир калыпта олтурду.

Олуттуу сөз менен отура берсек отуруш кыска мөөнөттө тамам болорун түшүнүп, алигиче куржундагы арак менен чарадагы тамактын чети оюла элегинен кабардар Эрнис аба отуруштун “өмүрүн” узартуу максатында алдыдагы арактар аппак алынары менен сөздүн нугун кайрадан тамашага бурду.

– Жана Соке досум Аалыкенин карызын убагында, меникин кеч бердиң деп туура кине коюп айтып жатат. Чын-чынында Сокемен карыз акчаны алты айлык мөөнөткө ооз эки убада менен алгам.

– Мына эми чыныңды айттың, жаман калмак, – деп Совет аба Эрнис абаны кубалап жүрүп акыры багындыргандай жайдарланып, эки колун жайып сүйлөдү.

– Чындыктан качпайын, Соке, бирок мен ал карыз акчаны эмне үчүн мөөнөтүнөн кечиктирип бергенимди айтайын деп жатам дегенинде: “Кулак сенде, жаман калмагым, кулак сенде” деп Совет аба өзү да кызыккандай кейпте жандана түштү.

– Жанагы көлдүк келиндерге уят болбогондой эле, Соке досума да уят болбой карыз акчаны берейин деп жаңыдан камданып жатканымда: “Совет катуу ооруп, ооруканага жатты” деген күтүүсүз кабарды эшитип, өңүм да, оюм да өзгөрө түштү… Кантсем экен?.. Ооруканадан чыгаар бекен, чыкпас бекен? Мага карыз бергенин аялы билээр бекен, билбес бекен?.. Өзүмө өзүм түркүн түс суроолорду жаадырып, алган карызды бербей кое турайын, жыйынтыгын күтөйүн деген ойго токтодум. Туура бир жарым айдан кийин “Совет сакайып чыгыптыр” деген суук кабар жете келди. “Бышылуу тамактын күйүтү жаман” дегендей, чогулткан акча бөксөрүп кеткен экен, ата-а, болбостур эми деп ичимен бир кейип-кепчип алдым да, бөксөргөн акчаны кайра толуктап-толтурганга кириштим, – деп көзүнүн кыйыгы менен Совет абаны карады эле, Совет аба башталган тамашаны токтотпоюн деген кыязда:

– Сүйлө, жаман калмагым, сүйлө, – деп тамаша сөздүн кысылып турган дарбазасын өз колу менен кенен ачып бергендей, чын пейилден уруксат сөзүн ортого таштап койду.

– Ап – баракелде, теңтуш деп ушуну айт! – деп таманы жумшак батинкеси менен полду бир тээп, үнү жок майлуу жумшак алаканы менен алаканын шак чаап, сөзүн улады.

– Бөксөргөн акчаны араң дегенде толтуруп, мына-мына жеткирип берейин деп камданып жатканымда: “Совет катуу ооруп, кайрадан ооруканага жатты” деген кабар келди. Ишенип-ишенбей текшерип көрсөм, чын экен. Ары толгондум, бери толгондум… Аялы билер бекен, билбес бекен?.. Айтты бекен, айтпады бекен?.. Берсемби, бербесемби?.. Жабалактаган ойлордон жаа бою качып, ичип да көрдүм. Өзүм мас болгонум менен, оюм соо… “Берсемби, бербесемби?.. Айтсамбы, айтбасамбы ?..” деп чакчайып мээмде, маңдайымда, көзүмдө турат… Эки ай дегенде “Совет сакайып чыгыптыр” деген кайрадан суук кабар келди. “Бышылуу тамактын күйүтү жаман” дегендей бул жолку камдаган акчам да оңбогондой оюлуп, бөксөрүп кетиптир. Белди бек бууп, кайрадан акча топтогонго кириштим… Мына… мына берейин деп турганымда, “Совет бул жолу ооруканага катуу ооруп түштү. Кайран жигит мал болобу, болбойбу, билбейбиз” деген кабар келди. Эки жолкусу эч нерсе эмес, үчүнчү жолкусу жаман болчу эле деген ырымы күч үмүттүү ой мээме шак дей түштү. Тык токтодум. “Кантсем экен?.. Аялы билээр бекен, билбес бекен?.. Айтсамбы, айтпасамбы? Берсемби, бербесемби?..”

Онтоткон оорунун жыйынтыгын күтүп, тымып эле жатып калдым. Эки жарым айдан кийин “Совет сакайып чыгыптыр. Кудая шүгүр, өңү-башы жакшы” деген мурункудан да каттуу, үмүттү үзгөн суук кабар келди. “Кой, айланайын, дедим өзүмө өзүм ичимен, Советке карыз акчасын же берип кутулбасам же өлүп кутулбасам, кутулчудай түрүм жок деп кайрадан акча чогултканга кириштим…” деп сөзүн аяктап баратканда баарыбыз дуу каткырдык.

– Эгерде жок үмүттү тутандырып, Совет кайра-кайра ооруп, ооруканага түшүп туруп албаганда алты айда эле кутулмакмын, – деп Эрнис аба купшуңдап, Совет абаны жетээр жерине жеткире тамашалады.

Эрнис аба менен Совет аба мен үчүн сыр билги адамдар эле. Совет аба менен “Кыргызстан маданияты” газетасында кабарчы болуп иштеп жүргөндө бир кабинетте, бир бөлүмдө “кызмат өтөп”, мамиле күткөнбүз. Эрнис аба “Ленинчил жаш” газетасында иштеп жүргөнүмдө жазган макалаларын, ырларын чөнтөгүнө салып, чабагандап келип-кетип турчу. “Жашың улуу – жан курбу” дегендей чектен өтпөй, катуу кетпей, ыгы менен тамашалаша да калчубуз. Капыл-тапыл жолуга калганда:

– Кандайсың Келечек? – деп колун сунуп учурашчу.

– Мен отуздун ар жак, бер жагындагы жигиттердин атын издеп олтурбай Келечек деп коем. Биз жээрибизди жеп, ичээрибизди ичип, карып баратабыз. Биздин ат – Карылык. Силер жашсыңар, келечегиңер алдыда, ошондуктан силердин атыңар – Келечек, – деп кайкы мурдун бир аз тырыштырып, бүлкүлдөп күлүп койчу.

Совет аба кичүү кишиге тоңдосун эле. Тели-теңтуштарына, курбу-курдаштарына кыргыйдай тийчү. Ат коюп жибермейи, ардантып иймейи да бар эле. Тамашаны да мыкты көтөрчү. Бирок, бүгүнкүдөй катуу тамаша канчалык күлкүлүү болбосун, он беш күн мурунку алсыраткан оорудан кийин жаңыдан каруусуна кирип келаткан Совет аба шайыр досунун шайкелең тамашасын шап мүйүздөн алып, оңтою келе калган жерлерден оңколото албай калганына, чалкасынан урар жерлерде чамасы жетпей калганына бир аз өкүнгөндөй, өзүнө өзү ыраазы болбогондой, билинер-билинбес чөгүңкү маанайда олтурганын байкап, таразанын ооп кеткен ташын теңдемекке, ой басып бараткан Совет абанын маанайын оңдомокко, күүлөнүп алган Эрнис абанын сөзүн Салижан акенин жардамы менен “жылоолоп” токтотуп, калган тамаша сөздү өзүм улоону туура көрдүм.

– Кана, Келечек, сөз сенде, – деди Эрнис аба чекесине чыбырчыктап чыга калган мончок терин кара чаар бет аарчысы менен сүртүп жатып…

Совет абанын көңүлүн көтөрүш үчүн макташ керек деген ой мээме кадалды. Айрыкча кичүү кишинин улуу кишини мактаганы жагымдуу болот эмеспи. Бирок кандай макташ керек? Дароо сөз таппай тунжурап туруп калдым. Менин жаман ишенимимде мактаганга жараша мактагандай макташ керек. Бирок, кантип?.. Береги жаны жер тартып, талыкшып отурган сулууга жан кирип, кара көзү чачырап, эт-жүрөгү эзилип кеткидей кылып мактасамбы? Оногу ар кимдин оозун тиктеп жоошуй түшкөн Шекербек инибиз, Совет аба Эрнис абадан кем эмес мыкты акын турбайбы, бул киши деле көлдүк экен, ушул кишини эле аба кылып алсамбы деп ою онго, санаасы санга бөлүнгүдөй, ниети бузулгудай кылып мактасамбы? Алдыдагы тамагын таза жеп, тамаша сөзгө тарсылдап күлгөн Салижан аке:

“Советтин мындай мыкты жактарын билген эмес турбаймынбы” деп шыпшынып алгыдай деңгээлде мактасамбы? Совет абаны кандайынан мактабайын, мынабу жылтыр көзүн кыбыңдатып, шар сүйлөп, шатыра-шатман олтурган Эрнис аба Совет абанын аки-чүкүсүн, өйдө-төмөнүн, жакшы-жаманын баарыбыздан мыкты билгендиктен, ойдогудай мактаганга оңой-олтоң жол бере койбосун түшүндүм да, тилимди тартып, тиземди түзөп, үнүмдү жасап, Эрнис Турсуновдун гана эмес, керек болсо өз атасы Совет Урманбетовдун тиши өтпөгөн, тили жетпеген, көзү көрбөгөн түнт токой – Совет Урманбетовдун уулу, менин замандашым жана калемдешим Кыялбек Урманбетовду мактайын деген ойго келдим. Баласынын көзү жокто чоочун бирөө тели-теңтуштарынын улуу-кичүүнүн көзүнчө атасына баласын мактагандан өткөн сыймык барбы?! Жаңылбаптырмын, чынында эле ошондой болду…

Бала болуп башыма жүн чыкканы Кыялбек менен кымындай мамилем жок. Менден бир курс кийин окуган. Ал шаардагы үйүндө, мен университеттеги жатаканада жашагандыктан, жолубуз кесилишпей, “Урманбетовдун уулу да ыр жазат экен” деген анда-санда каңырыш кеп укканым гана болбосо, көпкө чейин өзүн да, өңүн да көргөн эмесмин.

Май айынын кайсы бир күнүндө курсташым, группалашым Шайлообек Дүйшеев экөөбүз окуу корпусунун биринчи кабатынан төртүнчү кабатына сабакка шашып уруп-салып чыгып баратсак, биринчи кабат менен экинчи кабаттын тепкичининин бурулушунда, өйдө-төмөн чымын-куюн каттаган студенттердин жолуна жолтоо болуп, бир колуна ыр жазган кагазын кармап, экинчи колунун сөөмөйү менен асманды сайып, чанагы чарадай, жаак сөөгү уркуйган, үкү көз, узун бойлуу бир жигит биринчи курстун маңыроо кара кызынын маңдайында ыр окуп турат. Көпчүлүктү көзүнө илбеген бул көйрөң акын ким болду экен дегенимче, мойнундагы кара чаар галстугун желек кылып желбиретип, кабаттан кабатка шуулдап чыгып бара жаткан Шайлообек “Совет Урманбетовдун уулу Кыялбек Урманбетов деген ушу жигит экен” деп көз кыйыгы менен жактырган-жактырбаганын билгизбей жаңдап койду.

Кийин Университеттин дубал газеталарына, республикалык мезгилдүү басма сөздө Кыялбектин ырлары байма-бай жарык көрүп жүрдү. Баягы биринчи курстун маңыроо кара кызынын оозун кайсы ыры менен ачырды экен деп көз жаздымда калтырбай колго тийген ырларын кое бербей окуп жүрдүм. Алгач мени таң калтырганы акын Абдылда Белековдун уулу акын Кемел Белеков атасынын ырын танып, жерип, “революция” жасагысы келип жулкунуп турса, Кыялбек Урманбетов тескерисинче ашык-кеми жок изи изине, ою оюна, бою боюна туура келгидей өлчөмдө кудум атасынын стилинде, манерасында жазат экен. Кыялбек досум кечирсин, кээ-кээде эки Урманбетов бир ырды чогуу жазып жаткандай туюм калтырган учурлар да болду. Бара-бара атасынан баласы алыстап, өңү да, үнү да өзгөргөндөй, заман шартына, мезгил талабына ылайык Кыялбектин ырлары да атасынын ырларына окшошпой өзгөрө баштады.

“Ленинчил жашта” иштеп жүргөндө айлап жыйган акчасын бир күндө чачып жиберип, эртеси жазыла элек аңгемесинин төлөнө элек гонарарын эсептеп өзүн өзү соороткон, ак жүрөк, чынчыл, тапан, сөзгө бек, ишке тың Султанбек Жумагулов деген карт бойдок эски досум бар эле, Кыялбек ошол досум менен курсташ экен, кез-кез шынаарлап келип жүрүп, жумуштан кийин жүз грамм алышмай, карта чабышмай аттуу “көмүскө жумушубузга” штаттан тышкаркы активдүү кабарчы болуп “орношуп” алды. Анын кыял-жоругун ошондо терең талдап түшүнгөндөй болдум. Адеп мен ойлогондой көйрөң деле эмес экен. Кыйыгы кармаса кыяктай кыйкая калганын, чолоо жокто чоюштап жинге тийгенин, жүйөөсүнө жетпей жөөлөп кирмейин эсепке албаганда, колуна тал карматсаң багбан болуп кетмей, колуна таш карматсаң Тарзан болуп кетмей, колуна кыш карматсаң кынапчы болуп кетмей, колуна кум карматсаң шыбакчы болуп кетмей, жумуш аттуунун биринен да жийиркенбеген дунган мүнөз дуңгул, өтүн алдырса да, өңүнөн азбаган өжөр, жаманга душман, жакшыга дос жигиттерден экенин байкадым. Өзүмдүн бар билгеним ошол… Кыялбектин калган мыкты сапаттарын кыйышпас досторунан уккан жайым бар эле, мынабу маңдайымда мотурайып менин оозумду тиктеп олтургандарга Кыялбектин ошол жоруктарынан айтып берип, Совет абанын оорлой түшкөн оюн оңдоп, кыйындай түшкөн кыялын көкөлөтөйүн дедим…

– Сүйлө, Келечек, – деди Эрнис аба менин сөз таппай маалкатып туруп калганыма келише албай.

– Шаштырба, Эке, азыр сүйлөйт, – деп Салижан аке менин дароо сөз таап кете албаганыман этияттангандай сыяпатта ортого түштү.

– Сиздер кандай экениңиздерди билбейм, биздин жаш акындардын арасында жалаң жазган ыры менен гана барк албастан, жүрүм-туруму, баскан-турганы, жигитчилик эрдиги менен барк алгандар да бар, – деп оюмдун аягына чыккыча Эрнис аба:

– Мисалы? – деп жалгыз сөздөн турган суроосун узатты.

– Мисалы… Кыялбек Урманбетов, – дегенимде бир аз кызый түшкөн Совет аба:

– Ой, иттин баласы… Кыялбек дейби? – деп маңдайына түшкөн коюу кара чачын арбайган арык колу менен жана бир артка салаалап тарап, соолуга түшкөнсүдү.

– Ии, ал эмне жигитчилик кылыптыр? – деп шамшар бычактай жалаңдаган Шекербек сөзгө кыпчылды.

– Кыялбек өмүр бою бир кызды өлүп-талып сүйөт…

– Ики, жаман иттин баласы, – деп Совет абанын жүзүнө кан жүгүрүп, жибий түштү.

– Ой, Соке, Нуралыны сүйлөтөсүңөрбү же жокпу? – деп Эрнис аба ордунан чапчаң туруп эки алаканын жайганда, “туура, туура!” деп баятан бери жайылып олтургандардын баары жанданып, бир сөзгө биригип, жаалап, колдоп кетишти.

– Анан ошол сулуу мына-мына Совет абанын куттуу босогосун аттайм, Кыялбекке кыйышпас жубай болом деп таттуу кыялда жашап жатканында, алды-артынан акмалап аңдып жүргөн бирөө ала качып кетет…

– Ата катыгүн арман күн ай – ээ, отуздан оогончо жубайсыз жүргөнүнүн түп себеби ошондо турбайбы, – деп Эрнис аба майлуу алаканын топ эткизип бир чапты.

– Арман күн айткандай, Кыялбекке катын жок беле? – деп Совет аба жактырбагандай каш кайтарды.

– Андай-мындай дегенибиз менен согончогу канаган алиги кыз эстүү неме көрүнөт, “таш түшкөн жеринде оор” деп барган жеринин башын аттабай, отуруп калат. Кыялбек бүк түшүп ыр жазат. Кыз ботодой боздоп ичинен ыйлайт… Кыялбек бир сааттын, бир күндүн ичинде кыяктай кыйкайып арыктайт. Тагдырдын тамашасын кара! Кыялбектин сүйгөн кызын ала качып кеткен күнү ким-бирөөнүн колуна илээшип “Советтик Кыргызстан” газетасынын жаңы саны келет. Ыр жазгандан колу талып, көзү тунарган Кыялбек үңкүйүп отура бербей, гезит окуп алаксыйын деп гезит бетин ачса утуш лотереясынын таблицасы чыгып келген экен. Китеп дүкөндөн китеп сатып алса “Майдабыз жок эле байке” деп болбой жатып сатуучу кыздар арткан акчанын ордуна утуш лотереясын күчтөп беришкен экен, ошол лотереяны таап чыгып салыштырып караса, утушка “Москвич” жеңил автомашинасы чыгат. Сүйгөнүнөн ажырап, дүйнөнүн көркү, көр оокаттын куну, ичкен аштын даамы качып турганда уткан утуш Кыялбектин жүрөгүн толкундатмак түгүл, тескерисинче: “Оо кудурети күчтүү Кудайым жандан артык көргөн жалжал көз сүйгөнүмдүн ордуна, жаны жок ушул муздак темир бердиңби мага” деп алаканын асманга жайып, арманын айтып, көзүнө жаш алат, – деп Кыялбек жөнүндөгү аңгеменин кызуусуна кирип баратсам:

– Баланын жүрөгү – анык акындын жүрөгү турбайбы, баракелде! – деп Эрнис аба жымшык көзүн бакырайтып, мыртык бармагын чычайтып, сөзүмдү бөлүп кетти эле:

– Эрнис аба, унчукпай коё туруңуз, окуянын аягына чыксын, – деп нечен жалжал көз сүйгөнүн айдап жолго салган Шекербектин унутулган сүйүүсү козголуп, муздай жүрөгү жибип, Эрнис абаны жалбаргансып токтотту.

– Ак чөп башта, баатырлар! – деп Эрнис аба бир тал сабиз салат жабышкан ээрдин кымтыды. Бир аз тымый түшүп, тигилер тынчыганда сөзүмдү уладым:

– Кыздын барган жери тың кишилер көрүнөт, бир жарым айдан соң Фрунзе шаарынын чо-оң ашканаларынын бирине той өткөрөт. Кыз Кыялбекти сагынып көргүсү келгенби же биротоло эле коштошкусу келгенби, айтор, курсташым эле, теңтушум эле деген шылтоо менен үйлөнүү тоюна чакырат. Мындай чакырыкты күтпөгөн Кыялбек түнү менен жүрөгүн канатып коштошуу ырын жазат… Мындай деңээлдеги гениалдуу сүйүү ырын Пушкин да, Лермонтов да, Осмонов да жазган эместей туюлат Кыялбекке… Эртеси эл катары тойго келет… Той кызып калган кезде Кыялбекке куттуктоо сөзү берилет. Кыкең баягы гениалдуу коштошуу ырын окуйт. Кызып калган эл Кыялбектин ырын бири укса, бири укпайт, ырынын түп маанисин бири түшүнсө, бири түшүнбөйт… Ырын окуп бүткөн Кыялбек башы бирикпей бириндеп сүйлөгөн элге кайрылып: “О, кагылайын эл-журт, мен бүгүн баланча Баатыр менен түкүнчө Сулуунун тоюна белек катары “Москвич” автомашинасын тартуулайм!” – деп үнүн бийик чыгарып бак-бак сүйлөп, уткан лотереясы менен утуш чыккан гезит таблицасын коштошуу сүйүү ырына кошуп, жаш жубайларга тапшырып, башын өйдө көтөрүп, бат-бат басып тойду таштап, сыртка чыгып кеткенинде, тойдо олтургандар бир тынымга буулуп тымтырс боло түшүп, анан эсине келгендей дуу жарылат…

– Төх! Жигит эмес бекен! – деп Эрнис аба отурган ордунан обдулуп туруп баратканда, илгерки сынган тизеси такат бербей, “зыр” дей түштүбү, айтор, балп этип кайра ордуна отуруп калды.

– Толкуп турган тойду күбүң-шыбың кеп аралап: “Бу кайсы жигит?” “Берген белегине караганда, айланайын, жанагыңар курсташы эмес го?, “Ким билсин? Чоңдун же бир байдын баласыдыр…”, “Окуган ырынан эле байкалып жатпайбы, келиниңер соо эмес го…”, “Машине дейби?”, “Чын эле машине бекен?..”, “Балким жалган лотереядыр?” Биринин сөзүн бири укпай кажы-кужу боло баштаган той меймандары “Машине” деген бир ушактын астына биригип, чын экенине же калп экенине ишене алышпай, уу-дуу түшүп турганда тойду башкарган кара дуңгул тамада жигит жаш жубайлардын алдында жаткан лотерея белетин “Советтик Кыргызстан” гезитине чыккан таблицага салыштырып текшере коюп: “Урматтуу тойдун катышуучулары! Белекке берилген “Москвич” автомашинасы чын эле утушта бар машина экен, жаш жубайларды чо-оң белеги менен чын жүрөктөн куттуктап коелу!” деп залды жаңырта жарыя сөзүн айтканда, тойдун күүсү күчүнө кирип, араң турган эл ай-талаадай чоң залды башына кийип дуулдап, той күнөкөрү жаш күйөө жаш жубайын, кудасы кудагыйын баса калып өөп, даңка-дуңка музыканы дүпүлдөгөн бий коштоп, төбөдөгү люстралар шалдырап, араң турган терезелер калдырап, агалардын кыйшайган галстуктары буралып коюнга түшүп, жеңелердин желбүүр жоолуктары моюнга түшүп, үйлөнүү той бир заматта машина тойго айланып, стакандар кагышып, каалоо сөздөр жарышып, “Кана, кайсы жигит? Ка-ап жакшылап карап албай” дешип моюн созуп, суйсалган кыз-келиндер кетип калган Кыялбектин караанын зарлап издешип, үйлөнүү үлпөтү өзгөчө бир шаң менен өтүптүр деп айтып беришти эле” деп оозумду жыйып алгыча, “Уулуңуз чыныгы көлдүктөрдөй эр экен да, шер экен!” деп баятан бери отуруш шаңына анчейин аралаша албай олтурган Шекербек инибиз жагымдуу сөзгө бирде ысып, бирде кызып олтурган Совет абанын мойнунан бек кучактап, өпкүлөп жиберсе болобу!

– Анан ал машинени алышыптырбы? – деп эки көзүн чачыраткан жаш келин мени суроолуу карады эле:

– Алышыптыр. “Москвичти” көп жыл тээп жүрүшүп, кийин жакшы баага сатып жиберишиптир, – десем Совет абанын кабак-кашы билинер-билинбес бир аз бүркөлүп барып оңолду.

– Ай-ий кандай бактылуу кишилер, – деп жаш келин албырып чыккан эки бетин эки алаканы менен басып, бай болсо да аликүнчө машина сатып ала элек жаш жубайы Шекербекти бир башкача көз менен жалооруй карады.

– Сокемдин уулу чынында эле азамат экен, – деп табиятында таптакыр бөлөк нерселерди эрдик деп эсептеген Салижан аке көптүн шарына коомай кошулуп, адатынча карсылдап күлүп койду.

– Аяш аталарын тарткан азаматтардан да! – деп Эрнис аба Кыялбектин эрдигин өз тарабына бурайын деди эле, жакшы сөзгө жалбырттап олтурган Совет аба: “Ики, ики, жаман калмак, аны биздин тукум дейт” деп желбегей жамынып олтурган пальтосунун этегин ары оодарылып бир кымтыланып, бери оодарылып бир кымтыланып, жагымдуу сөзгө толкундап көзү кызаргансып, жалындуу сөзгө койкоюп мойну узаргансып олтурду.

Менин баамымда Кыялбектин мындай жоруктарын Совет аба мурда-кийин эч кимден укпаган окшойт. “Жанагы менин жаманым да элди туурап ыр жазымыш болуп жүрөт. Айылда чоң энеси багып, бизден бир аз алыстап өсүп калды. Өгүнү мамасы менен эже-карындаштары айылга кетип, үйдө экөөбүз калганбыз. Шкафтарды калдыратып бирдемелерди издеп жүрдү. Отурду, турду, жатты. Көчөгө кетти. Кайра келди. Тамак да ичкен жок. Чай да кайнаткан жок. “Курсагыңыз ачкан жокпу?” деп суроо да салган жок. Мен да унчукпай тим койдум. Бири бирибизге лам деп ооз ачпай, экөөбүз эки бөлмөдө кайышып ачка жаттык. Билбейм кандай киши болгонун. Унчукпайт. Сырын айтпайт. Келет, кетет…” деп кайсы бир күнү мага “теңтуш эмессиңерби, деги менин уулум кандай бала?” маанисинде сөз кыйытканда, Кыялбекти жакшы билбесимди туюндуруп, ийин куушургам. Мына ошондогу суроосуна эми жооп алгандай Совет аба тагдырына да, таалайына да ыраазы болгондой ою оңолуп, көңүлү көтөрүлүп, жайылып-жазылып, желектей желбиреп турду.

– Ии, жаман калмак, көрдүңбү биздин тукумду, – деди Совет аба ээ-жаа бербеген Эрнис абанын эдиреңдеген дымагын биротоло эле түшүрөйүн деген ниетте Кыялбек менен сыймыктанып…

Кайдан? Эрнис аба моюн берчүбү:

– Соке, сен өзүң тарбиялаган бала болсо бир жөн эле. Биринчиден, менин энем – сенин энең, сенин энең – менин энем. Ошо кишинин тарбиясы. Экинчиден, жалпы Көл элинин касиети.

– Аның чын, акмагым, аның чын… – деп Совет аба кайрадан туура сөзгө сына баштады.

– Эми, Салижан иним, бу көлдүктөр бири-бирин кажымыш болуп, алдыртан билдирбей өзүлөрүн мактай берет экен деп жаман ойлобо, – деп Эрнис аба Салижан акенин алдында калп да болсо актанымыш болду эле:

– Эке, антип түк жаман ойлобоңуз. Чынында эле биз – көлдүктөр ошондойбуз, – деп тарсылдап күлдү. Көрсө, Салижан аке Өзгөндүн Көлдүк деген айылынан болот экен.

– Агалар, бир сунушум бар, ушу көлдүктөрдүн ден соолугу үчүн алып жибербейлиби, – деп Шекербек ичпесе да, ичкен адамдай дуулдап тура калды.

– Каап, ушул тостту тим эле койбой… Бу менин көлдүк досум Төлөмүш Океев айткандай, биз – көлдүктөр ичкиликке жок эл болот эмеспизби… – деп Салижан аке дагы бир ирет хахалап чын пейилинен карсылдап күлдү.

Шекербектин шагын сындырбай бул жолку тостту көлдүктөрдүн ден-соолугу үчүн алып жиберишти. Ичкен арактын ачуусунан бырыша түшкөн өңдөр толук жазыла элек кезде, ооздогу закускалар толук жутула элек кезде кайрадан сөз алдым.

– Эми Кыялбектин дагы бир окуясын айтып берейин, – деп тиземди түзөп, үнүмдү жасай баштаганда эле, Кыялбекке заочно күйөрман болуп алган Шекербек:

– Айт, Нуке, ошону айт, – деп отурган жеринен обдулуп, талпына баштады…

Эки көзү моймолжуган жаш келин Кыялбектин окуясын уккандан кийин ким сүйлөсө ошонун оозун карап жанданып, өз башынан өткөн тирукмуш окуялар эсине түшкөндөй, ал окуяларды арабызда отургандардан көргөн, билген, уккан адам бар сыяктанып коомайланып, алда кимди эстегендей, көргүсү келгендей астыртан тымызын бирде кызарып, бирде бозоруп толкундап, арылбас арманы, кутулбас кейиши бардай муңайым тартып ойлонуп, үстөлдүн астында Шекербектин алаканына алаканын жаздап олтурган колун акырын сууруп алып, тизесине тийишип турган тизесин бөлүп кетип, өмүрүндө өзүн көрбөгөн, көзүн көрбөгөн Кыялбектин фонунда маңдайында олтурган Шекербектин бир паста жөндөн жөн кадыры төмөндөп, алеки саатта акыл-эсин тумандуу ойлор туш-тушунан ороп, жоопсуз жоготуу, белгисиз эңсөө менен жашай баштагандай туюм калтырды…

Мен Кыялбектин экинчи окуясын баштаганча бошогон стакандарга арак куюлуп, Эрнис абанын аяш уулу, Совет абанын мураскору, туяк басаар тукуму, калгандарыбыздын жөн гана замандашыбыз жана калемдешибиз Кыялбектин ден-соолугу үчүн тост көтөрүп алып жиберишти.

– Кыялбек Ташкенде өткөн Бүткүлсоюздук жаш акындардын фестивалына барат. Фестивалдын биринчи эле күнүндө кундуздай кара чачы далысын жапкан, карагат көз, кара каш, жүзүмдөй мөлтүрөгөн сулуу тажик акын кызын жактырып калат.

– Бах, чиркин! Тажиктин сулуулары! Сулуу болбосоң коё кал! – деп Эрнис аба колунда бетаарчы экен деп адашып, мурдунун үстүндөгү терди майлык менен сүрткүлөп жиберди.

– Сен анын сулуулугуна өзүн көрбөй туруп эмне мынча тамшандың? – деп Совет аба мыйзамдуу келинин кызгангандай кыялындагы келини үчүн кызыраңдай түштү.

– Соке, сабыр кыл. Дунган элинде сулуу кыз сейрек болсо, тажик элинде чырайы серт кыздар сейрек. Тажик кызы десе эле сулуу кыз экен деп элестете бер.

– Аны сен кайдан билдиң?

– Дунгандын жайы Чүйдө жашап жатканыман улам дайын, тажиктин жайы Мургабда мугалим болуп иштеп жүргөнүмдөн улам дайын…

– Жаныңды жебе, Мургабда жалаң кыргыз жашайт.

– Ия, айланайын, Соке, Мургабга байланып жатып калды дейсиңби? Мургабда иштеп жүргөнүмдө Тажикстанды узунунан да, туурасынан да кыдырдым.

– Чын эле кыздары сулуу болот бекен анан? – деп Шекербек күйгүлтүккө түшкөндөй эки көзү чачырап, Чүйдөн эмес, Тажикстандан катын издесек болмок экен дегендей арман менен суроо узатты. Жаш келиндин шагын сындырбайын деген ойдо Эрнис аба:

– Алдагы алып бараткан жаш жубайың тажиктердин мен деген сулуусунан кем калбаган сулуу, – деп жооткотту.

– Сулуу болсо сулуу деп эле койбойсуңбу. Андан эмнең коройт? Бекеринен Манас бабабыз тажиктин сулуусун алыптырбы, – деп Совет аба чо – оң далил фактыны ортого таштап болушкансыды эле, баятан бери ооз ачпай олтурган Салижан аке:

– Манас бабабыздан кийин эле менин уулум Кыялбек тажиктин сулууларына кол салып жатат деп ачык эле айтпайсызбы, жарыктык, – деп тарсылдап күлдү.

Салижан аке кандай жагдайда, кандай темада талкуу жүрбөсүн – сөз берчү эмес. Бир гана тема – аялдар темасынан “бул менин жайытым эмес” деп качаар эле. “Ээ, жарыктык, сиз да күйдүңүз, сүйдүңүз, үйлөндүңүз” деп жабышса:

“Менде кайсы сүйүү? Боюм пас, башым кашка, көзүм жымшык болсо кай сулуунун артынан чуркап, кимди тандады дейсиң. Колго тийгенин алдык да”, – деп каткырып калчу.

“Аялдар темасына аралаша коём деп сөзгө катуу жыгылган жайым бар, – деп Салижан акенин эскергени эсимде. – Өзүм кырдуу жоон топ теңтуш акын-жазуучулар менен аркы-беркини талашып-тартышып жатып, аялдар темасына кандай кирип кеткенибизди билбей калыптырбыз. Адатымча аны айтса, ал андай эмес, мындай деп жыра талашып, муну айтса, мунуң мындай эмес, андай деп жыра талашып, сөз бербей билекти бек түрүп коюп, аялдар маселесин билерман болуп жалгыз өзүм бачагын чыгарып чагып атсам, калың топко аралашпай, кезек-кезек мурдун кашып, мойлосун жанып, аркы четте талаш сөзгө кулак салып турган досум, эркек тананын чырайлуусу Мырза Гапаров чыдабай кетсе керек, жакын басып келип: “Ай, Салижан, сен кайсы гана темада талашып-тартышпа, мен сенин айткандарыңа макул дебеске аргам жок. Себеби сен менден ого эле көптү билесиң, билимдүүсүң. Сен турган жерде мен сен мыкты билген маселелерди талашып-талкуулабайм. Бирок, сен да мен турган жерде мен мыкты билген аялдар маселесине аралашып, талаш-тартышка түшпөй жүрчү, бай болгур, – деп сөзгө сындырса болобу! Ошондон кийин бул маселеден таптакыр кол үзгөм” деп каткырып калаар эле.

Эрнис аба менен Совет абанын ортосундагы сулуулар темасындагы талаш-тартыш кирген дарыядай кызып, жээгинен чыгып кетет эле, баятан берки сөздүн чордону Совет абанын уулунун сүйгөн кыздарынын тегерегинде жүргөндүктөн, аталык адеп менен улуулук милдет бул темадагы талкууну аша чаптырбай, сылык сөз жана сыйда мамиленин деңээлинде жүрүүгө мажбур кылды.

– Ой, туугандар, Кыялбек азырынча ал сулууну ала элек, сыртынан жактырып калган жерине эле араң жеттик, – деп кызуу талашты токтотуп, аңгемемди улоонун аракетин жасап жатсам:

– Болбойсуңбу, Нуке, тезирээк эле тааныштырбайсыңбы,- деп бойдокчулуктун жалгыз бой азабын тартып калган Шекербек чыдамы кетип, жер тепкилеп, чыркырап жиберди.

Шекербектей чыдамы жок Козубек деген классташым эсиме түштү. Китеп же гезит окуп атсаң, ортосун аттатып, “аягы эмне менен бүтөт экен, ыя, ошону айтчы” деп аягына чыккыча жаныңды сууруп алат. Агып жаткан сууну көрсө да аягы каякка барып кошулат болду экен, ыя, деп аяк жагын көргөнү аты менен чапкылап жөнөп кетет. Тамтаңдаган тааныш эмес мас кетип баратса бул кимдикине, каякка барат болду экен, ыя, деп артынан ээрчип алат. Ал ар бир окуянын жыйынтыгын, аягын тезирээк көрүп-билгенге адаттан тыш шашылчу. Аял алган күнү да чогулган классташтардын кененирээк ойноп-күлгөнүн жактырбай, кеч кирери менен “болду эми, кеткиле, мен келинчегимдин койнуна жатып көрүшүм керек” деп баарыбызды кууп чыккан. Анын сыңарындай Шекербек да ар бир окуянын аягына бат жетип барууну каалап турат экен.

– Кыялбек баягы сулуунун артынан түшөт. Кудайым жалгап мейманканада маңдайлаш номерден орун тиет. Мойнундагы гитарасын дыңылдатып, мурун-кийин обондуу ырларын мурду менен кыңылдатып, ары басса алдынан чыга калып эңилип саламдашып, бери басса бет маңдайынан чыга калып берилип саламдашып, акыры ал сулуу менен таанышат. Таалим-тарбиясы күчтүү тажиктин акын кызы бий, кече, кафе, кино дегенге сүйрөсө да барчудай түрү жок.

Официалдуу жолугушууларга, расмий жыйындарга катышып бүтөрү менен эле мейманканадагы бөлмөсүнө шамал куугандай шашылат. Үч мүнөт үйүндө олтуруп көрбөгөн Кыялбек жароокер сулууну мейманканада көшөрүп аңдып, жөтөлүп кайтарып, чын сүйүүнүн түйшүгүн тартат.

Акедей асылып жатып, Жакедей жабышып жатып, Кыялбек тажиктин Көк сулуусун коноктомоко бөлмөсүнө алып келет. Окуянын ушул жерине келгенде Шекербектин чыдамы жетпей:

– Анан эмне болду? – деп ээн бөлмөдөгү экөөнү элестетип, эки көзү кызарып, демин ичине тартып, таноолору кыпчыла түштү.

– Эмне болмок эле, эч нерсе болбоптур…

Экөө торт жешет, шампан ичишет, музыка коюп бийлешет, – деп алар менен кошо аралашып жүргөндөй жайбаракат аңгемемди уладым.

– Төх, атаңгөрү жаштык-ай! – деп Эрнис аба олтурган жеринен оодарылып барып оңолду.

– Көк сулуу Кыялбекке ишенбейт. “Жашыңыз отуз чамалап калыптыр, коюңуз акежан, сиздин үй-бүлөөңүз бар да” деп… Кыялбек бойдокмун деп чын сөзүн айтып актанат. Көк сулуунун таптакыр ишенбесине көзү жеткен Кыялбек, ишенбесең паспортумду көрсөтөйүнбү деп, керебеттин астындагы чемодандан сууруп чыгып көрсөтөт. Көк сулуу паспортту көргөндөн кийин гана бойдок экенине толук ишенет” – деген жерге жеткенде Шекербектин жалжал көз жаш жубайын көз кыйыгым менен карасам, кыргыздын жигитин тажиктин кызынан кызгандыбы, айтор, кабагы салыңкы тарта түштү.

Аңгеменин аягына жетпей, ичинен тыбырчылап турган Шекербек:

– Ии, анан? – деп ылдам сүйлөткөнгө аракеттенип коштоп, сүрөп олтурду.

– Анан эмне болмок эле, кайрадан шампан ичишет, торт жешет, бийлешет.

– Бу… эмики жаштарың жумшак диванга олтуруп сүйлөшүү дегенди билбейт окшобойбу, – деп Эрнис аба Кыялбек менен Көк сулуунун жакындап жанашалбай жатыркап турган мамилесин жактырбагандай наалыды.

– Олтурбай коюшабы! Олтурушат, – десем, ары жагы кандай болоор экен деген жаман ойдо кооптуу олтурган Совет аба көзүн алайтып коомайланып, үн жок, сөз жок мени карады.

– Аларды зордоп олтургузуп эмне кыласыңар, тим кой, тортун жеп, бийин бийлей берсин, – деп Салижан аке тарсылдап күлдү. Совет аба ошол сөздү гана күткөндөй “ө-өх!” деп эс ала түшкөндөй болду.

– Ии, анан, Нуке, – деди Шекербек шашмалыгынан жазбай.

Ооз эки аңгемемде мен эмнегедир тигилердин “өтүнүчүн” эске алып Кыялбек менен Көк сулууну “жетелеп” келип, жумшак диванга катарлаш отургузгум келди да:

– Анан эки жаш диванга келип отурушту, – десем эле, Шекербек Көк сулуунун жанына өзү келип олтургандай көзү жайнай түштү.

Кыялбектин колун Көк сулуунун ийнине арта салдырайын деген ойго бир аз азгырылып барып, тажик элинин салт-санаасы менен Совет абанын алтымыш таяган жашын сыйлап, экөөнү жакындаштырбай, жытташтырбай жөн отургуздум.

– Көк сулуу Кыялбектин паспортун колуна алып, кайрадан көңүл коюп барактай баштайт. “Эмне, дагы эле бойдок экениме ишенбей жатасыңбы?” деп Кыялбек кыр аркасын кыйкайтып, кыргыз көзүн жымшайтып карайт. “Бойдок экениңе ишендим, бирок, мынабу паспортко чапталган жыйырма беш жашыңдагы сүрөтүң менен отуз жаштагы сүрөтүң эки башка кишинин сүрөтүндөй болуп бири-бирине таптакыр окшошпойт экен” деп Көк сулуу айырмасы Кыялбек менен Совет абадай болгон бир кишинин эки башка курактагы сүрөтүн тигилип карайт. “Кайсынысы сага жакты?” дейт Кыялбек. “Отуз жаштагың” дейт Көк сулуу. “Эмне үчүн?” дейт Кыялбек. “Жаш жана сулуу көрүнөт экенсиз” дейт Көк сулуу. “Чын элеби?” дейт Кыялбек. “Чын эле” дейт Көк сулуу. “Сага жаккан паспорттогу сүрөтүм эле эмес, көкүрөгүмдөгү жүрөгүмдү да кошо сууруп берүүгө даярмын” деп “жакты” деген сөзгө өрөпкүгөн Кыялбек паспорттогу сүрөттү барагы менен кошо түбүнөн тыкыс бек кармап туруп, “шарт” эткизип айрып, Көк сулуунун колуна карматканда мындай жорукту күтпөгөн Көк сулуу колуна тирүү кишинин башын жулуп алып кармата койгондой ачуу үн менен чыңырат. Чыңырганда да олтурган ордунан тура калып, бетин кош колдоп басып, секирип-секирип чыңырат. Мейманкананын кабатында дежур өзбек катындар бирөө-бирөөнү зордуктап жатабы деген жаман ойдо көздөрүн алаңдатып, төштөрүн салаңдатып, эстери чыгып, энтигип чуркап, жетип келишет. Иштин чоо-жайын түшүнгөндөн кийин тынчтанган дежур өзбек катындар: “Өла-а, кыргыз, паспортун айрып таштаптыр” деп эки бетин чоюшуп, тилдерин эрдинен чыгара бултуйтушуп, “баары эле жайында экен” дешип бирин-бири жайкашып, көмкөрүлгөн казандай көчүктөрүн чайкашып, убай-чубай бөлмөдөн чыгышат, – деп оозумду жыйып алганымда театрда оюн көрүп олтурган көрүүчүлөрдөй шатыратып кол чаап жиберишти. Өзгөчө Совет абанын көңүлү көтөрүлүп, кыт-кыт күлүп, кырт-кырт жумшак жөтөлүп, боргулданып тердеп алган Эрнис абага кырданып:

– Ики, жаман калмак… Көрдүңбү биздин тукумду… – деп бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой, жайдары олтурду.

– Кыялбектин өз атасын го билебиз. Биздин угушубузда чоң аталарында анчалык чыгаан кишилер жок сыяктанды эле, эр тайын тартат дейт, болду-болбоду таята-тайлары мыкты болсо керек эле, – деп Эрнис аба Кыялбектин кыйын жактарын Совет абанын ата-бабасын бөлүп-ажырата баштаганда:

– Эй, калжыраган ит калмак, Бокотой-Барак деген кандай эрлер экенин уктуң беле, мына ошолордун түз тукуму” деп Совет аба кызыраңдай түштү эле:

– Кантет, катыгүн. Сарбагыш, Бугуну чабыштырып, жерин тартып алган Бокотой-Баракты ким билбесин. Кыялбек ошол баатыр кишилердин тукуму экени ырас. Бирок, мүнөзү тетир болуп жатпайбы. Бокотой-Барак бабалары күтүрөтүп мал жыйнап, жер ээлесе, Кыялбек уткан машинеден тартып, кадоосу бек паспортунун барагына чейин жолуккан эле катын-калачка таратып жатпайбы, – деп бүлкүлдөп ыкшып күлдү.

– Бирок, кандай айтсаңар да Кыялбек азамат, – экен деп Салижан аке калыс сөзгө ооду.

– Соке, жанагы сөздүн баары тамаша! Кыялбек эр экен, азамат экен! Акындан туулган чыныгы акын экен! – деп Эрнис аба сөзүн оңдоп, көңүлдү көтөрүп сүйлөгөндө, – Кыялбек деген кол жетпес жигитти көрсөм дегенде эки көзү төрт карагат көз, кымча бел жаш жубайдын эмнегедир эки бети албырып, эки көзү жайнап чыкты. Эңсөөсү эркин бийлеп дикилдеп, эт-жүрөгү дүкүлдөп, бул жалганда Кыялбектей эр жолукпай, эл ичинде эрдиги жок, жер үстүндө кеңдиги жок Шекербектей эрге тийип баратканын эми эстеп, эбак кеткен бактысын кайрый албай, алдыда турган тагдыр жолунан айный албай, көөдөнү ысып, көзү күйүп, армандуу жанга айланып бараткандай туюлду мага…

– Аягы кандай болду, аягын айтчы, – деп Шекербек адатынча аягын жыйынтыктап айткыча жанымды сууруп ала жаздады.

– Аягы кандай болмок эле?.. – деп бир аз маалкатып барып сөзүмдү уладым.

– Тажиктин Көк сулуусу кош айтышып Дүйшөмбүгө учат. Кыялбек чын сүйүүнүн айынан далдалынан айрылган жүрөгүн көөдөнүнө көтөрүп, бир барагы жулунган жарадар паспортун жан чөнтөгүнө “бөктөрүп”, аэропортко барса, сен кимди алдаганы жатасың деп күн мурун алынган билети менен жараксыз паспортун колуна карматып кууп чыгат, – деп окуянын аягын божомол сөз менен улантып жатсам, уулуна боору ооруй түшкөн Совет аба:

– Ии, ата, жаман арам, байкоостон айрып алдым эле деп айрылган барагын желимдеп албайбы, – деп күйгүлтүккө түштү.

– Кайсы баракты желимдейт? Айрылган барак сүрөтү менен кошо Дүйшөмбүгө кетсе, – деп моюн толгосом:

– Азамат, айыргандан кийин кайра алса, жигитчиликке жатпай калбайбы, – деп Эрнис аба паспорттун айрынды барагы Дүйшөмбүгө Көксулуунун колуна кеткенин кубаттап сүйлөдү.

– Ики, жаман калмак, мамлекет берген документке кайдагы жигитчилик кирип кетиптир, – деп Совет аба Эрнис абаны оюн жактырбагандай кол шилтеди.

– Соке, сен кечирип кой, туура эмес айтсам. Жигитчилик деген дал ошол мамлекет берген документтин барагын айырганда жатат… Кыялбек үй-бүлөлүк альбомдун барагын айрып, жанагы жаш сулуунун колуна карматса, биз мынчалык “ах!”, “өх!” деп тамшанбайт элек да…

– Аның чын, аның чын, – деп Совет аба бул жолу Эрнис абанын жүйөө сөзүн ата катары эмес, акын катары мойнуна алды.

– Ии, анан? – деди Шекербек аңгеменин кызуусунан чыгалбай…

– Чөнтөгүндө бир тыйыны жок Кыялбек бирди-жарым тааныш чыгаар бекен деп аэропорттон автовокзалга келсе, бир кыргыз көрүнбөйт. Чымкенттен Ташкентке шыпыргы өткөрүп кетип бара жаткан жоон топ соодагер казакка жолугат. Жөн-жайын түшүндүрсө “бир баурумыс турмайсыңбы, кеттик” дешип Чымкентке ала кетишет. Чымкенттен картошка сатып жүргөн таластык жигиттерге жолугуп, алардын жардамы менен Олуя-Атага жетет. Олуя-Атадан Бишкекте окуган студенттерге жолугуп, алардын карызга алып берген билети менен Ата-журтуна жол тартат. Олуя-Атаны артка таштап, Меркеге жакындаган сайын Кыялбектин жан дүйнөсү удургуп, жүрөктөгү жараты козголуп, кайда барбасын калтырбай ала жүргөн күрөң гитарасын кабынан сууруп чыгып, дыңылдатып боорун тырмап, ак машина минип кеткен Ак сулуусу менен айрынды кагаздагы сүрөтүн койнуна катып, көк самолетко түшүп кеткен Көк сулуусуна арнаган армандуу ырларын жол боюу жамгырдай төгөт… – деп сөзүмдү аяктадым.

Уулунун аман-эсен келгенине сүйүнгөн Совет аба:

– Ырахмат силерге инилерим, досторум, ырахмат силерге, – деп бозомук женпиринин боорун чечип, ыраазычылык кебин кат-кат айтып, орунтугун жылдырып, ордунан козголду. Совет абанын рахматын “кел демек бар, кет демек жок” маанисинде түшүндүк. Эрнис аба отурушту дагы бир аз созоюн деген ниетин ачык билгизбей, көз кыйыгы менен керебеттин түбүндө балбырап бош жаткан таар куржунду дагы бир жолу карап алып, отурушту аяктабаска арга жогун ачык билди.

– Болуптур, Соке, сага да ырахмат, – деп тамашасы да, таарынчы да жок, – чын көңүлдөн чыккан сөзүн айтты.

Баарыбыз дабырап сыртка чыкканга камынып калганыбызда:

– Тиги инибиз менен келинибиз Сокемдин бөлмөсүн иреттеп жибергиче, мындай басып кобураша туралы, – деп Эрнис аба сырткы коридорго жол баштады.

– Жагдай ушундай Салижан иним. Кез-кез ушинтип чер жазышып жүрөлү, – деп Эрнис аба Салижан акеге карады эле:

– Чер жазышалы дегениң туура, Эке. Бирок, бул Нуралы иниң экөөң, бириң отуруштун биринчи жарымын, экинчиң экинчи жарымын толук ээлеп, башкаларыбызга сөз бербей койдуңар го. Жазылса… экөөңөрдүн гана чериң жазылбаса, калганыбыздын бугубуз былк этпей ошол эле бойдон калды, – деп Салижан аке токтогон тамашаны улап, тарсылдап күлдү…

– Дагы далай тамаша сөздөр айтылат эле, тиги жаш келиндин көзүнчө ыңгайсыз болуп жатпайбы, – деп Эрнис аба көкүрөгүндөгү кысылып турган демин кенен чыгарып, бир аз арманы бар адамдай өкүнүч кошуп сүйлөдү.

– Жо-ок, жакшы отурдук, жакшы сүйлөдүңүз, – деп Салижан аке чын көңүлүндөгү оюн айтты.

– Ие, жаман калмак, каяктасың? – деп Совет аба Эрнис досун издеп, ичкериден сыртка чыкты.

– Соке, биринчиден мен, башынан калпагын түшүрбөй кийип жүргөн нака кыргызмын. Экинчиден…

– Кайдагы кыргызсың, алдагы жылтыраган тасыңды жашырып калпак кийип жүрөсүң да…

– Ыя, Соке, сен кимди айтып жатасың? Мениби же бу Салижандыбы?

– Сени! Эрнис Турсуновду!

– Жо – ок, Соке, ушу мени айтып жатасыз го, жарыктык, – деп Салижан аке туурадан чыгып, көзүнөн жаш чыккыча тарсылдап күлдү.

– Жо… жок, тиги Эрнисти айтып жатам, – деп Салижан акенин да кашка баш экенин байкабай айтып алган Совет аба чебелектеп актанганга өттү.

– Жаныңды жебе, ушу болду-болбоду Салижан иниме эле тийиштик кылып айттың, – деп Эрнис аба тамаша сөздү тереңиреек жирей баштаганда:

– Эй, жаман калмак, сен сый кишилерди кайраштырба, – деп Совет аба кызыраңдай түштү эле, досунун сырын тамырчыдай билген Эрнис аба:

– Тамаша, Соке, тамаша! – деп жооткотту. Эрнис аба жанатан баштаган сөзүн улай сүйлөдү:

– …экинчиден, толук аты-жөнүм Эрнис Турсунов. Кыскартылган атым – ЭТ. Ырыскымын. Бу Совет досум көк сорпо ичип олтурган жерге ырыскы алып келбедимби. Эт жедик, чучук жедик…

Жеген эти менен ичкен арактын даамы оозунан али кете элек Совет аба: “Аның чын, аның чын”, деп бул жолу “калмак” деген сөздү кошуп айтпай, нак кыргыз экенине макул болгондой колдоп сүйлөдү.

Ал аңгыча бошогон куржун-кабын, сумкасын көтөрүп Шекербек келинчегин ээрчитип сыртка чыкты.

– Сапар карыды. Биз кайталы, – Эрнис аба жумшак колун Салижан акеге сунду.

– Ыракмат, Эке, жакшы олтурдук, – деп Салижан аке ыраазычылык кебин дагы бир жолу кайталады.

– Жакшы бар досум, балдар бактылуу болсун! – деп Совет аба Эрнис аба менен кучакташып коштошту.

Эки көзү моймолжуган жаш келин ак “Ниванын” тушуна жеткенде артын салбай кол булгап коштошуп турган бизди карап, көлдүктөрчө үч ирет жүгүнүп боюн түзөгөндө, койкойгон мойнунан бутунун учуна чейин төгүлгөн аппак көйнөгү менен боору ачык кыска кара пальтосу, башындагы гүлдүү жоолугу бир башкача жарашып турду…

Олтурушта анчейин байкалбаганы менен Салижан аке Эрнис Турсуновго катуу таасирлениптир. “Ой-бой, бу Эрнис Турсунов шумдук аңгемечи турбайбы деп бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой, толкундап чыкты.

– Жүрү, Нуке, сыртка чыгалы. Ары-бери басып, жеген тамакты сиңирели.

Сыртка чыксак бапалактап кар жаап келиптир. Март айы. Түн. Анда-санда жаң-жуң үргөн иттердин гана үнү угулбаса, “Арашан” айылы аппак карга оронуп, бейкут уктап жаткан кези экен. Адегенде “Арашан” чыгармачыл үйүнүн короосунда, андан соң машина жүрчү чоң жолго чыктык. Салижан аке эриктирбей кызуу сөзгө кирди. Эрнис Турсуновдун мисалынан улам сөздү барктай билген, сүйлөй билген, көзү өткөн таланттуу адамдардын бир даарын эскерип өттү.

Салижан аке тың жашаган, тың сүйлөгөн, тың кыймылдаган адамдарды жактырчу. Тыңдын иши тың болот деп түшүндүрчү. Эки дүйнөдө эң жаман көргөн адамы өчөйгөндөр эле. Андай адамдардын жүргөн жүрүмүн, турган турумун жактырбай, тилекке каршы, биздин кыргыз элинде ошондой шалтурук адамдар көп экенине кейип-кепчип: “Ай, ушу, биздин кыргыздар!” деп салыштырып айтаар сөзүн таппай, күйүп-бышып кетээр эле.
Аны эскердик, муну эскердик. Ары бастык, бери бастык. Айланып келип эле сөзүбүздүн өзөгүн Эрнис Турсунов түздү.

“Пай, пай, пай, мыкты сүйлөйт экен, турушу менен аңгемечи турбайбы. Бу биздин кыргызда Эрнистей сөзмөр аңгемечи адамдар аз. Ата-а, карабайсыңбы, башта билбегенимди”… деп тамшанып да, өкүнүп да, бир чо-оң табылга тапкандай, ачылыш ачкандай, жүрөгүн жылуу пикир уялап, бапалактап жааган түнкү карды жиреп, бүгүнкү тамашалуу отуруштан зор канагат алгандай көтөрүңкү маанайда басып жүрдү. Бир көчөдө, бир үйдө коңшу жашабаса да, кырк жылы Кыргызстан жазуучулар союзуна бир эшиктен кирип, жыйын, пленум, съездерге катышып, бир эшиктен чыгып, Бишкек деген кенедей шаарда жашап жатышкан эки калемгер – Салижан Жигитов менен Эрнис Турсунов бирин бири биринчи жолу көрүп, таанып, жактырып жаткандай окуяга күбө болуп, адам адамга жанаша жашап, жанаша жүргөнү менен бирин бири жакшы билбейт турбайбы деген жыйынтыкка дагы бир жолу келдим.

Экөө капыл-тапыл жерден жолуга калышса: “Ой, Эке, кандайсың?”, “Ой, Саке, кандайсың?” дешип төштөрүн тийиштирип, кучакташып көрүшчү болду. Өзгөчө Салижан Жигитов Эрнис Турсуновду көпкө көрбөй калса: “Баягы Эрнис Турсунов келип жатабы? Эмне кылып жүрөт?” деп кабарын сураштырып калат. “Жүрөт. Калп сөздөрүн кооздоп сүйлөп коюп”… деп ким-бирөө атайын эле кычаштык кылып жактырбай тетири сүйлөсө, “Калп айтса да, мыкты айтат!” деп Салижан аке чаң жугузбайт. Жеке эле жазуучу Эрнис Турсунов гана эмес, Салижан Жигитов кайсы кесиптин ээси болбосун, атүгүл улутуна да карабай, көңүлүнө жаккан адамын эч качан унутпай, атын урматтап атап, сөзүн аздектеп сүйлөп, алыста болсо телефон аркылуу бат-бат кабарлашып, жакын жерде болсо байма-бай каттап, баарлашып, пикир алышып турмай мыкты касиети бар эле. Ал өмүр боюу кулагынын кужурун кандырган, көңүлүн эргиткен таланттуу, акыл-эсине жем таштаган акыл-эстүү, билимдүү, ыйманына камчы чаппаган чынчыл, адилет, эли-журтуна пайда алып келген кызылдай мээнеткеч адамдарды издеди. Эгерде андай адам жолунан чыга калса бир тууганын тапкандай сүйүнчү. Айрым адамдардын пенделик кемчилигине да көп көңүл бөлбөй, жарыбаган жакшы бир касиети бар болсо, аны да барктап, кадырлай билчү. “Биз кыргыздар азбыз, аз элден бардык жагынан төп келген идеалдуу адамдар аз чыгат, ошондуктан баарын эле чанып, сындап, жокко чыгара берсек арабызда соо кыргыз калабы. Ар адамдын жакшы жагын бириктирип, мисалы, эки орточо баштан бир жакшы баш жасап, мээни иштетели, өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдаланалы” деп адамдын начарына да кылдат, астейдил мамиле жасап, элге-журтка пайдасы тийгидей нукка буруу керек экенин көп айтчу. Ал адамдан башкача айкөл, акылдуу, билимдүү, эстүү, сезимтал, чынчыл, мээнеткеч адам эле. Салижан аке жөнүндөгү кеңири кепти кийинкиге калтырып, сөз оролун “Арашандагы” отуруштун акыркы окуяларына бурайын.

…Көп кийин Эрнис абага жолугуп калып, жаш жубайлардын жайын сурасам:

– Ажырашып кетишти, – деп так кесе жооп берди.

– Шекербек инибиз Тажикстанга жүрүңүз, сулуу катын издейли деген жокпу? – десем:

– Ал тентек ошентти, – деп бүлкүлдөп күлдү.

А – ал, ал го, бир күнү “Ленинчил жаш” гезитинин редакциясына мейманчылап барып калып, жүздөн алышып, карта чабышып олтурсак, колтугуна “көк моюнун” колтуктап, оозуна сары көтөн бопоросун тиштеп, кыйкая басып, Кыялбек кирип келди. Аяктап бараткан олтуруш кайрадан уланды. Көк моюндан көп алгандар кызып, колуна көзүр карта көп келгендер ысып олтурганда “Арашандагы” окуя эсиме түшүп, Совет абанын көңүлүн кандай көтөрсөм, Кыялбектин да көңүлүн ошондой көтөрүп коеюн деген жакшы ниетте кыскача баян менен болгон окуяны ортого таштасам, Кыялбектин чычайган тамекисинин күлү күбүлүп, көзү чакырайып, өңү өзгөрө түштү.

– Ики-и, ким айтты десем, сен айттың беле? – деп ууру кармап алгандай отурган ордунан тура калды.

– Ооба, мен айткам! – дедим мындай өрт чалгандай мамилени күтпөгөн жаным.

– Ошо-н-д-о-о-й! – деди кыяктай чоюлуп.

– Ооба, ошондой! Эмне болду? – дедим.

– Мени сойбодубу.

– Ким?

– Атам.

– Эмне деп?

– Эмне демек эле. “Биз эмне машине минсек жарашпайт бекен, иттин баласы! Көрүнгөн кыз-келинге машина таратып… Бүтүлүү буюмун бузуп, паспортун айрып… Эми сен эмне, сакалың белиңе түшкүчө метрикаң менен жүрөсүңбү? У-ук, иттин баласы”, деп сойгондо да аябай сойбодубу!

“Атама эмне үчүн айтасың?” маанисинде Кыялбек күйгүлтүккө түшүп, мени жаман көргөндөй мамиле жасаганын карап туруп: “Атаңа жакпаса, элге жагып жатпайбы” деп тийиштик кылып сөздү улайын деп барып, Кыялбекке караганда Совет аба мага жакыныраак дос экенин эстеп, бу бала кыял теңтуш жигиттин жинине көп тие бербейин деп токтоп калдым. Ал отурушта Кыялбектин окуялары кандай жагдайда, эмне себептен айтылганын кежигеси кер тарткан Кыялбектин өзүнө түшүндүрүш өтө кыйын экенин боолголоп, “лам” деп унчукпадым. Бир жаман жери – кез-кез чогуу карта чабыша калмай кылаңгыр мамилебиз муздай түштү.

Жолдуката ойлонуп келдим. Ойлонгон сайын мен эмнегедир көзүнүн чаары чыгып, Кыялбекти тилдеген Совет абанын элесин таптакыр элестете албай койдум. Тескерисинче, Кыялбектин эрдиктерин угуп: “көрдүңбү, жаман калмак, биздин тукумду…” деп досу да, жоосу да Эрнис абага карап, кыт-кыт күлүп, кырт-кырт жумшак жөтөлүп, жалындуу сөзгө көзү кызаргансып, жагымдуу сөзгө мойну узаргансып, желбегей жамынып, кубанычтан жүзү албырып, уулу Кыялбек менен сыймыктанып, желектей желбиреп олтурган Совет абанын элеси көз алдыман кетпей ээрчип алды…

Нуралы Капаров, “Кыргызстан маданияты” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 30.12.2008 – 23.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.