Жашоо сабактары

«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан»

Даңаза

Жашоодо даңазага жеткен адам өтө аз. Даңазага кимдер жетет, кимдер жетпейт… Даңазанын түйшүгү эмнеде, даңазанын жүгү кандай?

Даңаза – бул Кудайдын бергени. Адамдын ырысы. Жашоонун бермети. Жарык жашоодо адамдын өмүрү нуска болсо, жарыгы кубаттуу болсо, иши пайдалуу болсо, кызматы элге болсо, мээнети күч болсо – Кудай ага даңаза берет.

Даңазанын жүгү эмнеде?

Кылган кызматында, берген акылында, жашоодогу таасиринде. Даңаза адамга белек сыймык, сыйлык эле эмес, өтө көп жүктү тартуулайт. Ар биринде ар башка, бирок негизги жүк баарында бир. Бул – элге кызмат кылуу, элдин көйгөйүн чечүү, элди түйшүктөн арылтуу, жаңы жолго салуу, акты таанытуу. Бул жүк баардык эле адамдарга тартууланбайт. Бул жүккө ээ болгон адам өтө күчтүү, кубаттуу, деңгээли бийик, бийик сапаттарга ээ адам. Бул адамдарда тубаса күч, өзгөчөлүк болот. Бул күчтү, өзгөчөлүктү жашоодо өзгөчө чыңап, өстүрө алат. Бул адамдардын кызматы менен көп адам суктанат, маашырланат, кубат, дем алат, үлгү алат.

Ар бир адамдын жөндөмү – өзгөчөлүгүнө жараша. Мындай адамдардын сөзү кылымдарды же көп жылдарды карытат. Мындай адамдардын кызматы доордон доорго аңыз болуп ооздо калат.

Даңазага жеткен адам Кудайдын өзгөчө мээримине баткан адам, өзү элине сүйүү арнаган адам, көп адамды бийиктетип, элин алгалаткан адам. Мындай адамдын күчү, таасири жанындагы адамдарды бышыктайт, демине дем, акылына акыл, кубатына кубат коштурат. Бул адамдын ыргагы менен көп адам өзгөрүүгө кабылат. Мындай адамдын алкагы өтө күчтүү, кубаттуу жана таасирдүү.

Бул жашоодо эмне керек? Сүйүү, мээрим, көңүл керек.

Бул жашоодо эмне керек? Тууралыкта туруу керек.

Бул жашоодо эмне керек? Жашоо нурду бериш керек.

Бул жашоодо эмне керек? Бакыт, таалай, мурас керек.

Сен мурастайсың эмнени?

Улуу мурас демди берет, сүйүү нурун дагы берет.
Адамдарга кубат берет, жашоо-шартты оңдоп келет.

Сен баалайсың эмнени?

Сен каалайсың эмнени?

Баалаганга жараша, каалооң болот дайыма.

Сен эмнени сүйөсүң? Сен эмнеге күйөсүң?

Жашоо-шартты оңдойм деп, майдаланды көп адам.

Жашоо негиз тутса эгер, көңүлдү адам көп баалайт, мамилени дайым сактайт.

Жашоо шартты оңдойм деп майдаланды көп адам – азыр ушул көйгөй болуп турган учур.

Эгерде жашоо негизин тутса мамилеге, көңүлгө карап, мамилени сактай билет эле. Азыркы учурда кыргызда болбогон көп нерсе жашоого улум-улам күчтөнүп кире баштады. Мисалы, кыргыздын салтында же деги эле кыргыздын мүнөзүндө “дүнүйө бок” деп көп дүнүйөнү баалачу эмес. “Азыркы учурда жашоо шартты оңдойм деп, майдаланды көп адам” деген сапта өтө чоң, негиздүү акыл жатат: бир тууган менен бир тууган үй талашып мамиледен кетишүүдө, аял-күйөө ортосунда мамиле түзүү бузулуп, алуу-берүү менен чектелүүдө. Азыркы учурда кыргыздын мүнөзүндө жок нерсе болуп, Кудай берген жашоонун тереңин түзгөн мамиледен кете башташты. Бул жашоодо эң негиздүү, адамга бакытты тартуулаган, бул – мамиле. Мамиле бузулса, сага бакытты сенин дүнүйөң тартуулабайт. Ушуга маани берип, ушуну бийик туткан адамдар көп болсо, мамилени бузулуудан сактаган, тууралыкта турган адамдар көбөйөт беле.

Азыркы учурда адам бийиктиктен түшүп, дүнүйө кызыкчылыгына батып, жандүйнө жакырланган учур. Ага баарыбыз күбө болгон, ошол нерсени жонубуздан өткөргөн учур болуп турат. Ошондон алыстап, тереңдикке малынып, тайыздыктан кетип, бийиктей берели. Иликтөө туура нукта болсо, ушул майда нерсеге адам малынбай, көкүрөгүн тарытпай, акыл-эсин бийикке арнап, элге кызмат кылайын деп жарыкты баалап, жашоону баалап, мамилени бийик тутуп, эрлери көп элдин бири болуп, түйшүгү түмөн болбой жакырчылыктан чыгып, жакшы жашоого жеткен элдин бири бололу.

Бул даңаза эми көбүнчө эрлерге келет. Биздин эң чоң болгон сыймыгыбыз, эр баатырыбыз – бул Манас. Канчалык өзүнүн жарыгын чачкан, канча адамды бийиктеткен, элин алгалаткан адам – доордон доорго өткөн чоң даңазалуу адам. Андан кийинки жылдарды карыткан биздин даңазалуу адамдарыбыз да көп, анын бири, жакында эле көзү өткөн – Чыңгыз Айтматов. Башта кыргыздын мамлекетин түптөгөн эр азаматтар жана аймактык деңгээлде өзүнүн нускалуу өмүрү менен туура айткан сөзү менен калыс сүйлөп, туура жашаган адамдардын көбү кирет даңазалуу адамдарга. Бирок алардын деңгээли уламдан улам ылдыйлап төмөндөй берет. Биз ошондой адамдарды баа тутуп, чиримдүү байлыкка, короосунда мал-мүлктү жыйнап, мамиледен кетип, элден чыгып каргышка калган биздин мыкчыгерлерибизге теңелбестен таза, туура, тунук жашаган урпактарды, келечектин ээлерин өстүрсөк, кыргызга өтө чоң кызмат кылып, адамзатка өзүбүздүн болгон таасирибизди берет элек. Ошого үндөгөн, ошого түшүнгөн адамдардан бололу, анан ошону турмушка ашыра берели.

«Бакдѳѳлѳт» коомунун байланышуу телефондору: 0771 144- 820; 0552 853- 555

«Көк асаба», 07.10.2014- ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.