Амангелди Мисиров: “Акылдуу хан”

(жомок)

Өткөн замандардын биринде жумуш издеп жүргөн жолоочулар бири-бирине кезигип калышат. Үчөө тең өздөрүнө жаккан жумуш издеп таппаганын кеп кылышат да, кеңешип жатып ханга барып, жумуш суроону туура көрүшөт. Анан хандын сарайына да жете келишет. Хан аларды өтө жылуу кабыл алат. Анткени, хан акылдуу, ары ырайымдуулуту менен эл башкарып, баарына мээримдүү мамиле жасар эле. Хан буларга «жылмайып  караган  да сооп  эмеспи»деп жылмая карап, кандай муктаждык менен келгенин сурады.

Жолоочулар турмушта кыйналып, өздөрүнө жаккан иш таппай жүргөндүктөрүн айтып даттанышты, Алдамчылык, уурулук кылбай, адал эмгек менен үй-бүлөбүздү баксак болот эле дешти.

Хан булардын жаман адамдар эмес экенине шүгүрчүлүк келтирди да жигиттерин чакырып мындай деп буйрук берди:

– Мага токойдон үч жоон жыгач кыйып келгиле, -деди. Көп өтпөй жигиттер хан айткан жыгачты алып келишти.

Хан иш издеп келген жолоочуларга карап: “Ушул жыгачтан өзүңөр каалаган буюмуңарды жасап мага көрсөткүлө” деди. Келген жолоочулардын бирөөсү жыгачтан мал кайтарганда керек болот деп бир нече таяк жасады. Экинчиси жер казып, эгин сугарганда керек болот деп кетменге сап жасады. Үчүнчүсү өтө кооз ээр чапты. Акылдуу хан алардын кесибин жасаган ишинен байкап-билди да, ар кимисине өздөрү каалагандай жумуш берди. Алар чын эле берген жумушту эң сонун аткарып, ханды ыраазы кылып иштеп калышты,

Мен бул жомокту окуп отуруп, ойлонуп көрүп, хандын кимге кандай жумуш бергенин боолголодум. Эмесе балдар, силер да ойлонуп көргүлөчү.  Хан кимге кандай жумуш берди экен?

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.