Зейнеп Шакеева: Жаз келди, кооз гүлдөрдү жыттап, баарлашууга даяр болуп калдым

Кыргыз Республикасынын Эмгек Сиңирген артисти Зейнеп Шакеева менен маек.

Быйыл 8-март күнү 66 жашка толуп, анын 49 жылын кыргыз сахнасына арнап, элге кызмат кылып келе жаткан ырчы эжекебиз Зейнеп Шакееваны кимдер гана билбейт. Зейнеп эженин жагымдуу ырын уккан адам өзгөчө бир шоокум жарата алган үнүнүн тембринин бийиктигине баа берсе керек. Көпчүлүккө жарыя кылып чыгууну көп каалабаган эжекебиз биз менен сырдашып, бүгүнкү жашоосун сүрөттөп берди.

– Зейнеп эже, кош келген майрамыңыз жана туулган күнүңүз менен!

– Ырахмат, кызым! Абдан кубанычтамын! Бул да болсо көңүл. Азыр ким эле кимдин ал-абалын сурап жатыптыр. Маанайым азыр абдан жакшы болуп турат. Жаз келди, кооз гүлдөрдү жыттап, сени менен баарлашууга даяр болуп калдым (күлүп).

– Анда дароо сизге суроомду узатайын. Сахнада канча жыл эмгек өтөдүңүз?

– Сахнага мектепте окуп жүргөндө эле чыгып көнүп калгам. Ал эми чоң сахнага 1966-жылы кадам таштагам. Ошондон бери эл аралап жүрдүм. Ал жылдардын арасынан он жети жылында тынымсыз эмгектендим. Анан үй-бүлөлүү болуп, балдарым окуп, аркасы кичине болгондуктан сахнаны таштоого туура келди. Бирок, анча-мынча аралашып жүрдүм. Азыр да сахнадамын. Таштап кеткеним жок. Ойлоп көрсөм сахнага чыкканыма бир-эки жылда 50 жыл болот экен.

– Мына ошол сахнадагы эмгектериңиз эмне менен бааланды?

– Эмгегимди элим бааласа болду. Ошол нерсеге ыраазы болуп келем. 1976-жылы “Эмгек Сиңирген артисти” наамын алгам. Андан бери жылда эле “Эл артистине” деп документ алышат же эч дайын жок. Документибиз болсо чирип жатат. Эч ким көңүл бөлгөн да жок.

– Сахнага көп чыкпай, күйөрмандарыңызды сагынып, депрессияга түшкөн учурларыңыз болду беле?

– Ооба, албетте ар бир чыгармачыл адамда бул нерсе болот. Бирок менде депрессияга кабылганга убактым болбой калат. Капа тартып турганымда балдарым, неберелерим, чөбөрөлөрүм чуркап келип калат “апаке” дешип. Бир кызымдын бир жарым жаштагы баласы бар. Ага каралашып, наристенин жытын жыттап эле депрессиядан чыгып турам. Балдарымдын амандыгы, ден-соолуктарынын бекемдиги мен үчүн чоң бакыт.

– Күйөрмандарыңыз сизди акча үчүн эмес, үнүңүздү угуу үчүн тойлорго чакырганда барып турасызбы?

– Ооба, чакырганда сөзсүз барып турам. Көбү концерттерге, той-топурларга чакырганда фонограммасыз, жандуу үн менен, кыяктын коштоосунда алардын черин жазганга аракет кылам. Анан алар сурап калышат. “Канча акча беребиз? Ставкаңыз канча?”- деп. Мен акча сурабайм. “Бер” – деп кыйнабайм. Биз акча алып ырдаганга көнгөн эмеспиз да…

– Сиздин жолду улай турган шакирттериңиз барбы?

– Жок, эч кандай шакирт чыгарганым жок. Бирок, учурунда көп ырчыларды тарбиялап жүргөм. Көп кыздарды тарбияладым. Алар үй-бүлө күтүп, кээ бири белгисиз себептер менен сахнага чыкпай калышты.

– Азыркы учурдагы саны бар, сапаты жок ырчыларга кандай көз караштасыз?

– Азыркы жаш ырчыларга эч кандай, эч нерсе деп айталбайм. Ар ким өз заманына ылайыктуу ырларды ырдап келе жатышат. Бир гана эмгек бааланбай жатканына нааразымын. Болбогон бир ырчылар мамлекет тарабынан “Эл артисти”, “Эмгек сиңирге артисти”, “Маданияттын мыкты кызматкери” деген наамдарды алып жатышканын карап отуруп нааразы болуп кетем. Уялам… Алардыкы менен өзүмдүкүн салыштырып көрөм. Эч уялбай, эмгек өтөбөй, сыйлыкты кээ бири сатып алып жаткандарын да угуп калам.

– Ал эми сиз аткарып жүргөн “18 жаш”, “Чагылган” аттуу ырларды азыркы учурда көп жаш таланттар аткарууда. Алардын аткаруу чеберчилигине кандай баа бере аласыз?

– Мен өзүмдү ашыра баалабайм мыкты ырдагам деп. Бул ырларды жаш эмес, орто муундун ырчылары да аткарып жүрөт. Бирок, ким кандай аткарды аны эл баалайт. Кээде кээ бир ырчылар обонун, сөзүн өзгөртүп, маанисиз кылып ырдап жүргөндөрүн көрүп капа болом.

– Учурда эмне менен алек болуудасыз? Кандай күндү көрүүдөсүз?

– Балдарымдын сыйын көрүп, небере жытын жыттап. Сахнага кээде чакыруулар менен чыгып турам. Мурдагыдай чыгармачылык менен алпурушуп иштегеним жок. Азыркы ырчылар ыр жаздырам деп акча топтоп, канча бир долларга ыр даярдашат. Ал эми менде ал проблема жок. Жандуу үнүм менен, кыяктын ж.б аспаптардын коштоосунда ырдап келем. Мен ырдап жүргөн кезимде клип деген нерсе жок эле. Азыр балдарым ыр жаздырып, клип тартып берели деп калышат. Бирок, мен ал нерсеге каршымын. Ошол акчаны мага жумшабай, өзүңөргө керектүү иштерди жасагыла дейм.

– Маегиңиз үчүн ырахмат! Оорубаңыз! Узак өмүр сүрүңүз!

– Ыраазымын! Мен абдан кубанып турам. Мени унутта калтырбай, көңүл бурганыңарга ырахмат! Ишиңерге ийгилик каалайм! Келечегиңер кең болсун!

Жылдыз Бек кызы, “Кабар ордо”, 12.03.2015-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.