Жыргалбектен жаңы ыр

ТЕРЕҢДЕ

Көрүнбөстөн көлөкөгө батканым,
Көрсөтпөстөн көздөн оолак катканым –
Көп жыл болду, көк деңиздин түбүндө
Көтөрүлбөй кыттай чөгүп жатканым.

Арткан жүгүм алда кайда күбүлгөн,
Ачык көзүм, асман тиктеп үңүлгөн.
Каалаганым суу үстүндө болсо да
Кайра калкып чыгаарымдан түңүлгөм.

Кай бир күнү адашкандар эстешет.
Канчалары толкун менен беттешет…
…Карап жаткан карегимдин тушунда
Кайык минген карааныңар кездешет.
19.02.2015-ж.

 

jyrgalbekЖыргалбек Касаболотовдун башка ырларынан

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.