Алым Токтомушев. “Эски дептер”

Блогдон.
Бул макала 2008-жылдын акыркы айларында “Кыргызстан маданияты” гезитине жарыяланыптыр. Аны кыргыздын чоң акындарынын бири Жолдошбек Зарлыкбеков башка чоң акыны Алым Токтомушевдин жаңы китеби тууралуу жазыптыр. Анда Алым агай тирүү эле. Бул макала мындан дээрлик 6 жыл мурда жазылганы менен, ал мына бүгүн жаралгандай таасирин калтырат.

alym_toktomushev

* * *

Алым Токтомушев. Бул ысымдын чагылышында сталиндик, брежневдик, горбачевдук, ельцин-акаевдик жана азыркы замандын, галстук тагынгандар айткандай, саясый-экономикалык жана маданий турмуштун балта менен өчүрө алгыс калем тарыхы бар. Жазды, ага баарыбыз – тирүүлөр күбө болуп турбайбызбы. Мындай көтөрүңкү сөз ар кимдин эле тагдыр шыбагасына буюра бербейт. Жазыптыр – бир колхоз эмес, бир өлкөнүн кою түгөнө жаздаган заман башыбыздан өттү, ошол тарыхый мерчемде Токтомушев кыргыздын кыбыр эткен турмушуна акыл парасатын, алтымыш жыл өнөбоюна ширелген нарк-насилин, жеке пендечиликтен өйдө турган пейил-уркун, билимин жумшап, улутуна кызмат кылды. Батыш апабыздан тарта баарын жазды. Оруста сөз бар: “Мыктыбызды өлгөндөн кийин мактап жатып калабыз” деген, ал өнөкөт кыргызда өтө күч. Мындай пафос сөздөрдү кагаз бетине түшүрбөйт элем, Алыкенин (бүт журт, бүт редакция Токтомушевди Алыке деп сый сөз менен тергешет) өз баскан жол – тайгак жол, тар кечүүсү, талант тагдыры айттырууга мажбурлайт. Анткендиги, Алыке жаштайынын эле кыргыздын борбор очогунда – адабият эмне, маданият эмне? – ээлеген кызматы, жасаган акыл эмгеги менен акыры чылк кадырга жеткен кадырлуу адамыбыз.

Бир эле сүйлөм жетишээр – Алыке өткөн кылымдын 60-жылдарынан бериге кыргыздын былк эткен таланттарынын дээрлик бардыгы менен көздөшүп, үндөшүп, сыр болсо сырын ак баракка тартып келатат. Алыкенин алдына келсе акының “Алыке, кечир, а жагын чала кылып алган турбаймынбы” деп агынат, экономистиң келсе “эми ушундай болуп атпайбы, сиздин сурооңуз туура” деп эңилет. Же жалганбы?

Билимге өзгөчө сугарылып алган кишилер ириде өзүнө өңгөчө бийик талап коюп алып жашайт экен. Өзгөлөрдөн да ошол бийиктикти талап кылып турат, бирок арга канча, беш кол тең эмес… Алыке ичине киши кийирбейт, кирген кишини кайра сыртына чыгарбайт. Кырс деп мына ушул сапатты айтса болот. Өзгөчө маданият, адабиятта. Мен деген залкар кишилер деле “Кыргызстан маданиятына” – Токтомушевдин сын-адабият бөлүмүнө босого аттаганда санааркап, Алыкенин тике айткан сынына бериде кошомат, арыда бейоопа сөздөрүн айтышкан кездер да өттү.

Өткөн-өтүптүр. “Токтомушев 60ка чыгыптыр, калың кызыл китеп чыгарыптыр” десе, адабиятты таанып-тааныбагандар да акындын китебин издеп турган чак.

Алым Токтомушев – турган турпаты, жашоо урку менен акын. Жөн эле катардагы акын эмес, интеллеги бийик, төрт сөз жазса да төрт тарабы кыбыла акын.

Китеп туурасында алымпоз-илимпоздор атайлап жазар чагы алдыда. Алыкенин кол алдында чоңойгон киши катары айтарым – “Эски дептер” – кыргыздын азыркы адабиятында ар бир сөзү сакага куйган кыттай уюган оор салмактуу, дагы чыкса дагы жаштарга үлгү боло турган китеп. Сан китептин ичинен саадагы мүйүз, жебеси алтын сөздөр, ойлор уюган, мелжеген бутасына дал тийген китеп, окугула, профессионал адабият эмнеден турарын үйрөнгүлө.

Китептин “кара сөз” бөлүгүндө Мидин, Байдылда, Жоробек, өзүнүн бир тууган агасы Жалил Абдыкадыров жөнүндөгү терең, айта келгендерден сырт айырмалуу эскермелери, өзү менен үзөңгүлөш, сапарлаш келген Беганас, Табылды, Аман, Тургунбай, Жолон акындар тууралуу жазгандары – комментарийге деле баш ийбейт. Аны чырак алдында жалгыз олтуруп алып өзүң оку – Токтомушев бул мыктылардын адабияты эле эмес, сөөк-сөпөтүнө чейин жеткире билери сөйкөдөй сөзүнөн эле туюлуп, аңкып турат.

Кыргыз адабиятынын котормо жааты айтса түгөнгүс. Бирок, Токтомушевдин Пушкиндин “Полтавасына” “колсалган” өнөрү адабиятыбызда бир эталон катары саналышы эп. Чыгыштын эң тунук акылы Саадини, М.Лермонтовду, казактын Магжанын, жөн акын даай алгыс Пастернакты, Рилькени кыргыз туюмуна жеткиргени токтомушевдик ой-туюм, интеллектин бир гана үзүмү. Достоевский, П. Чаадаев, В. Розанов, М.Пришвиндин жандептерлеринен үзүндүлөрдү келечек кыргыз жаштары окусун, туйсун деп накталап оюн-ойдой сунганы – адабиятыбыздын келеркиси ошолордун кырынан ары кетсе деген тилеги экени акындын Кызыл китебинен сезилип турат.

Дагы кайталарым – адабиятчылардын тили менен айтканда, бул Кызыл китептин ичиндеги токтомушевдик элит стилин, лингвистикалык тазалыктын, сейрек-сергек кайрыктардын, ой жаңычылдыгын – верлибр лирасын, котормо тактыгын, дагы айтылбай аткан сапаттарын дагы алдыда жаштар сөз кылып, үйрөнүп жазарына, акын дагы жаңы китебин жаратарына ишенем.

Кызыл китептеги кайрыктардын вариациялары – батыштыкы менен чыгыштыкы жуурулушкан, асырэсе ушул эки уюктун чордонунан табигый сиңирип алган токтомушевдик систем – жеке кайрык.

“Карегиңди калбас үчүн дат басып, 
Кирпигиңди турсун кээде жаш басып”, 
“Акылдуу, сулуу кылган, карып кылган 
Көз жаш да сеники эмес – менин жашым”, 
“Аска гана алда нени сезгенсип, 
бүлбүл жарык саламына жарк эте – 
ким бирөөнүн кайс мезгилин эскертет. 
Ким бирөөнүн күнөөсүндөй жалп өчөт”. 

Бул акындын кайрыгынын чети гана.

Махабат ырлары да башкача кайрыктар. Өрттөнүп кеткенче деле жашаган жок эле, өзүнчө жазыптыр:

“Өлөт сүйүүм сенин ысык төшүңдө, 
Өлгөн сымал бүтүн дооран, көз ирмем”. 
“Мен турган тушта – сен туулган кыштак 
Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан. 
Жалгыз бир кезде жарк этти эске 
Жагоочон күндөр жадымдан чыккан. 
Барайын дедим, баралган жокмун, 
Карарган деңиз, агарган толкун”. 

Балким, мындан артык айтчулар чыгар, азырынча жок.

Акындын “Шакирт”, “Жаштык дептер” топтомундагы ырлары ошол өзү учкан тобунун алпейим, туурагыч-жаңычыл дүйнө таанымы тамыптыр. Дүйнөнү философиялык бийиктиктен ылдыйда ыбыр-сыбыр эткен биздин турмушубузду жазгандарынын ичинде, ириде “Лариса эжеме”, “Эшекчен”, “Уитменче”, “Бруклинде”, “Ван-Гог тарткан” ж.б. чыгармалары кыргыз поэзиясын алдыга жылдырабыз, алдыдагылардын далысына минип алып Алатоонун кырынан ар жакты карап турабыз деген жаштарга үлгү болор. Ким бирөө “Бул китеп Норвегияны көзү менен ысытып, Африканы колу менен агартып иймек” дегендей кеп.

Райханинин кийинки акындарга калтырган он кеңешинин бири: “Ай менен күндү жаза бергенден качкыла, ал экөөнү сага чейин эле бир миң адам, анан дагы бир акын жазып койгон” дейт. Ушундай экен. Соңундагым: Алыкенин бул Кызыл китебиндеги ырлар, эскермелер өмүр менен сүйүүнүн өңгөчө бүр гүлдөрүнүн жыты, сыр тактысынын айланасындагы учуп-конгон сөз куштарынын ажайып тили. Ушундай китеп окудум.

Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ, “Кыргызстан маданияты” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.12.2008-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Алым Токтомушев. “Эски дептер”

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.