Уулкандын уйкаштыктарынан «Ыр курама» токуйбуз!

“Кыргыз көчү” блогунда ушундай аталыштагы ыр сынак жүрүп жатат. Анын шарты боюнча төмөндө жазылган сөздөр, биринчи, экинчи, төртүнчү саптардын эң акыркы уйкаштыктары болушу керек. Ал эми үчүнчү сап эркин жазылат.

 yrsynak

 

Айрым мисалдар:

uulkan

Уулкан АМИРАЕВА, Маскөө шаарынан.

Сүйүү менден эбак кеткен арылып,
А мен издейм калаар сыңдуу табылып.
Көлдөй чалкып жүрсөм толкун сыяктуу,
Көлдөй болуп кетиптирсиң агылып.

Мунум анык! Сүйгөм дагы дегдегем,
Сапырылып учкам салкын жел менен.
Кучагымды жайып күтсөм сүйүүнү,
Кайгысы жок жалгыз өзү келбеген.

 

kerimbek

Керимбек КАДЫРКУЛОВ, Маскөө шаарынан.

Арманымдан бир заматта арылып,
Издегеним сүйүндүрүп табылып.
Мына эми кармаар кезде жок болдуң,
Кеткен өңдүү дайра менен агылып.

Өмүр бойу сени издеп дегдегем,
Сенден мага салам келчү жел менен.
Дагы деле издеп жүрөм түңүлбөй,
Сүйүү менен алпурушуп келбеген…

 

asyran

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Келсинки шаарынан

Ошол күндөр, сарсанаадан арылып,
Оңбогондой ой-максаттар табылып.
Оо мезгилим, тагдыр сенин колуңда,
Ошондуктан, тынбай барат агылып!.

Сүйгөм алгач, сүйүнгөмүн, дегдегем.
Сүрдөп жүрөк, кайкып учуп жел менен.
Билбептирмин, сүйүү, алтын балалык,
Бир жарк этип, артка кайтып келбеген!.

 

Калгандарын бул жерден окуй аласыздар

Соц тармактар:

3 thoughts on “Уулкандын уйкаштыктарынан «Ыр курама» токуйбуз!

  • 18.03.2015 at 14:54
    Permalink

    мындай тапшырма берип, акындардын табитин бузбагыла да

    Reply
    • 20.03.2015 at 08:49
      Permalink

      Арыбагыла.

      Биринчиден, бул сынакты уюштурган биз эмес. Бул “Кыргыз көчү” блогу же тайпасы уюштурган иш-чара. Алардын атагын биз өзүбүзгө тарткыбыз келбейт. Ушундай кызыктуу нерсе болуп жатат деп гана маалымдаганыбыз.
      Экинчиден, бул жерден мен эч кандай коркунучтуу нерсе көрбөй элем. Менимче, ушул тапшырманын негизинде шедевр ыр жарала каларын эч ким күтпөйт. Бул жөн гана акынмын деп жүргөндөрдүн акындык чеберчилигин көрсөтө алчу таймаш оюн. Бир кезде мындай таймаштар, мен билгенден, орустардын күмүш мезгилине (серебряный век) таандык акындардын ар-түрдүү поэзия кечелеринде, жолугушууларында көп кездешет эле.

      Reply
  • 21.03.2015 at 23:45
    Permalink

    Сонун табылга. Мага да жагып катыштым. Жакшы ырлар жаралды.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.