Блогдогу жаңылыктар

Блогубузга 2 жаңы чоң материалдар жүктөлдү:

i_arabaev

  1. Окумуштуу, педагог Эшенаалы Арабаевдин балдарга арналган чыгармалары

Кыска-нуска чыгармаларынын ар-бири кыргыз жана орус тилдеринде берилген. Бөбөктөргө ошондой эле кыргыз тилин жаңыдан үйрөнүп жаткандарга кызыктуу да, пайдалуу да болот деген үмүттөбүз. Бул чыгармалар менен бөлүшкөнү үчүн Сулайман Рысбаев агайга ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

 

kg_taryhy

  1. “Кыргызстандын тарыхы – күбөлөрдүн көзү менен” (ХХ кылымдын башы) китеби

Аталган китеп басмага Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан сунуш кылынган.

Авторлору Петр Кокайсл жана Амирбек Усманов. Оболу чех тилинде, анан орус тилинде жарык көрүп, эми кыргыз тилинде тартууланып жаткан китепте 1917–1937-жылдары Кыргызстанда совет бийлиги кандай баа менен орногонуна башкы көңүл бурулат.

Китеп http://wiki.central-asia.su/doku.php сайтынан көчүрүлүп алынды.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.