Сулайман Рысбаев. «Умай бала»

(жомок повесть)

(Уландысы. Башы)

 

Издөө

Бала көзүн “уйкудан” ачса, баягы “атың ким?” деп сураса айтпай койгон «байке» маңдайында туруптур.

– Атам канакей? Ал качан келет?

Наркоз тарагандагы Жакунун алгачкы сөзү ушул болду.Тиги адам аны дагы да алдап жатты.

– Келген жокпу? Сен уктап калган турбайсыңбы? Жумушуна кайра кетип калган турбайбы…

Баланын кеберсиген эриндерин суу менен аарчып отурду тиги киши.

Иши кылса, ага баланы багуу, кароо, сооротуу, тамактандыруу милдеттери жүктөлгөн эмес беле. Ал дагы мындайдын далайын көргөн. Көнүп да калган бул жумушка. Бирок да, татынакай бөбөктүн бөйрөгүн башкага алмаштырып салган бүгүнкү окуя анын жүрөгүн оорутту.

Буга чейин мындай жаш балдарга аңчылык кылышчу эмес. Бул ирет, таптакыр башкача болду. Ушундай болорун билгенде да, баары бир “кожоюндун” айтканын аткарбай коюуга болбойт эле.

Мындан башка дагы бир болгон окуя анын башын маң кылган. Анда жаш жигиттин бөйрөгү бир чоңдун кызына  салынган эле. Анда да булардан кол үзүп, кетем деп кете албай койгон. Анын кетиши өлүмгө тете болмок. Эми бул окуя аны биротоло бекемдеп койду.

Арадан төрт-беш күн өткөн соң, «кожоюн» «АУДИнин» айдоочусу менен  атын айтпаган жанагы немени  өзүнө чакыртты.

– Силерди кимдир-бирөө байкап калган жок беле? – деди сырдуу карап,-Бизди сыртыбыздан кимдир-бирөөлөр  тынымсыз көз салып тургансыйт. Туясыңарбы ушуну? Кимдир бирөө күнү-түнү бизди аңдып тургансыйт! Сезесиңерби ушуну..! – деди зиркилдеп.

– Жок.. – дешти берки экөө жарыша, шибеге менен бир сайгандай чоочушуп.

– Силерге менин буйругум: бир апта бою эч ким эшикке чыкпасын! Бул жерде эч ким жашабагандай түр көрсөтүү керек..!

Баары «кожоюндун» айтканындай болду.

Бирок Жакунун  ушул жерде экенин баамдап-туйган Умай бала күндүр-түндүр көз салып айланчыктап кетпей жүргөнү анык болчу.

 

«Аңчыга» көрүнгөн «ажайып сыр»

Дем алыш күнү күн кадимкидей жылып, эрте жаз экендигине карабай, айлана-тегеректин кары эрип кетти. Жертөлөнүн ичи ысып дым болгондуктан, «Кожоюн» эшикке чыгып баратып минтти:

– Бир аз аба жуталы. Жүр…, – деди «АУДИни» айдаган узун бойлуу жигитке, – Кеңешели…

Экөө күндүн жылуу нуруна далысын тосуп турушуп, тамеки чегишти.

– Эмки милдет мындай, – деди «кожоюн» өтө олуттуу түрдө, – Сен бүгүн шаарга баргын да, Термез шаары менен байланыш. Баланы биз мындан ары бул жерде кармап тура албайбыз. Биздин ишибиз бүттү…

– Термез менен эмнеге байланышам?

Айдоочунун бул суроосу аны  тырчытып жиберди:

– «Эмнеге» дегениң кандай? Унутуп калдыңбы? Бул баланы Термезге  кетириш керек?

– Термезге..? Бул баланыбы?

– Ооба… – деди ал өктөм унчугуп.

– Жеңил машина менен жибериш кыйын. Таможнядан өткөрбөйт. Анын үстүнө, баланын эч кандай документи жок. А поездден алып өтүп кетишет…

– …

– Сен эртең таңкы поезд менен кетиресиң… Угуп жатасыңбы?

– Ооба.

– Шаарга азыр барып, Сатарга барасың. Ал сени Термезге алып кетчү адамга жолуктурат. Сен ага таңкы поездге жеткирип бересиң… Түшүнүп жатасыңбы?

– Түшүнүп жатам…

– Акчасын нак алып каласың…

– Канча акча берет?

– Ал өзү билет… Берет. А сен аласың…

– Мм…

– Болду анда, сүйлөштүк… Мен ичкери кирейин… Сен жөнөгүн да, бешимге чейин келип кал. Сатар менен жолугуп, тиги адам менен беттешип, эмне деп сүйлөшкөнүңдү мага жеткиресиң…

Сөз бүттү.

Сөз менен кошо …

«Көрсө, бул бечара баланы Термезге сатат тура… Баары бүтүп, эми ушу калдыбы? Ушунчалык да мыкаачылык болобу… Ушунчалык да таш боордук болобу? Адамды малдай сатуу деген ушул турбайбы, көрсө… Муну кудай кечирбейт..!»

«Аңчы» өзүнчө ушинтип силкинип алды да, жерге түкүрүнүп, машинасын койгон жертөлөнү көздөй басты.

Жертөлөнүн артында Умай бала жашынып отурган. Ал баятан берки «Кожоюн» менен «Аңчынын» сөздөрүн бүтүндөй угуп койду.

«Демек, бүгүн сактап калбаса, Жакунун тагдыры кы-йындап калган экен. Канткенде алып кала алабыз…?».

Аңгыча «АУДИ» машинасы от алып, жертөлөдөн чыкты да, ачуусу келген айдоочусунун эркине баш ийип, зуулдаган бойдон жолго түштү.

Умай бала килемине отуруп, белги берди эле, учуучу килем өзөн бойлой өйдөңкү калың карагайларды көздөй барып, кайра ылдый кайрылды. Бул учурда «кара аргымак» бир канча жерге узап кеткен эле. Өзөн ээн болчу. Умай баланын килеми вертолеттой кайрылып келип, машинанын үстүнөн  үч айланып учту. «АУДИнин» айдоочусу өзүн айланып учуп жүргөн Шахерезаданын учуучу килеминдей болгон немени, анын үстүндө отурган  баланы көрө сала, машинасын токтото калды. Эмне кыларын билбей, көзүмө бир нерсе көрүнүп жатабы-дегендей, эс-акылын жыйнамакка бир канча убакыт турду. Эшикке чыгайын деп,  чыга албады.

Килемдин үстүнөн Умай бала машинанын токтогонун көрдү. Анан ал кайра кайрылып келип, жерге коно тургандай өңдөндү да, күн чыгыш жактагы муз тепчү коктуга кирип көрүнбөй калды.

Бул «сырдуу окуя» «АУДИнин» айдоочусун апкаарытып таштады. «Алласы оозунан ыргыган» неме колу-буту калтырап, машинаны айдаганга чамасы келбей калды. Кайра артка кайрылайын деп да ойлонду. Бирок, кыйладан кийин машинасын от алдырды да, шаарды көздөй жөнөп кетти.

 

«Аңчынын» чыккынчылыгы

«Аңчы» шаарга барды да, «Кожоюн» айткан иштерди тез эле аткарды. Ошенткени менен, ал капчыгайдан көргөн «сыр» көз алдынан кетпей, кечке эмне кылып жүргөнүнүн маанисин да түшүнө албады. «Кожоюндун» айтканы-айткан, аны мыйзамдай аткаруу керек. Бирок, бул сырдуу окуя эмне үчүн болуп атканын, анын бул баланын тагдырына тиешеси барбы, жокпу, ага башы жетпеди.

Кубарган өңүнө кызыл кирбеген бойдон, «аңчы» күүгүм ченде гана кайрадан шаардан чыкты.

«Баягы сыр дагы да көрүнөбү» – деген ой оюнан кетпеди.

Ойлогондой эле болду. «Жаштык» муз тепчү коктусунун оозуна келгенде Учуучу килем кайкып алдынан чыкты да, бир айланып келип, бет маңдайында калкылдап турду. Машина да өзүнөн-өзү эле токтоп калгандай болду. «Аңчы» колу-буту титиреген боюнча ордунан жыла албай калды.

Умай бала машинанын маңдайына келип, жерге конор-конмоксон болуп тура берди. Ал айдоочуга бир нерсе дегендей болду, бирок баланын үнү ага угулган жок. Бир кезде машинанын терезесин да кантип ачканын билбей калды, ошондо гана мындай сөздөрдү укту:

– Байке, – деди үнү дирилдеген муңайым Умай бала,-Жакуну бакчасына эртең эрте менен жеткирип коюңузчу. Өзүңүз алып кетпедиңиз беле. Эми кайра өзүңүз жеткирип коюңузчу. Атасы менен энеси Жакуну жоктоп ыйлап жатканын ойлосоңуз…Сизден көптөн-көп суранам… Өзүңүздүн деле Жакудай балаңыз бар го?

«Демек, баарын көрүп-билип койгон жан бар тура – деген ой жүрөгүнө ийнедей сайыла түштү. – Өлдүк..!»

– Сен өзүң кимсиң? Кайдан келген немесиң..? – деди «аңчы» үнү буулуп, дене бою калтырап.

– Мен – Умай баламын… Умай энем жиберди. Жакуну Термезге кетирбеңиз… Макулбу? Эгер Термезге кетир-сеңиз, баарын айтам… Силердин ким жана каерде экениңердин баарын, Салкын-Төрдөгү жертөлөңөрдү билдим. Баарын айтам. Мен азыр Умай энеме кеттим… Сизди «макул болду» деп  айтам…Кайта да көрүшөбүз, байке..!

Ушул сөздөрдү айтты да, Умай бала учуучу килеми менен баягы муз тепчү коктуну көздөй кетип, көрүнбөй калды.

Эмне кыларын билбеген «аңчы» чекесинен чыккан терди аарчып кыйлада эсине келди да, машинасын от алдырды.

«Бул сыр мага бекер көрүнгөн жок. Бул менин түбүмө жетет… Умай эне өзү колдогон касиеттүү бала тура Жаку. Анын өмүрүнө коркунуч келтирген адамдын өзүн сөзсүз Кудай-Таала жазалабай койбойт…»

Ушуну ойлогондо «аңчы» ого бетер коркуп кетти.

Ал өздөрү турган жашыруун жертөлөгө кантип келгенин билбей калыптыр. Анын кубарган өңүнөн бир нерсени сезген «Кожоюн» такып сураганына карабай, эч нерсе деген жок. Анткени, ал болгон окуядан да, ага жараша эмне кыларын так ажырата албай чексиз кыжалаттангандыгынан да ошентти.

– Башым ооруп, жаным жер тартып турат… Эч турбай, ойгонбой эки-үч күн жатсам… Чарчадым… – деди ал муздак пиводон жутуп атып…

«Кожоюн» ага мындан аркы кыла турган иштерди дагы бир жолу айтты да, жатчу бөлмөсүнө кетти. Ал эми «аңчы» болсо, Жакунун бөлмөсүнө кирди.

Жаку уктап жатыптыр. Уктаганда да далай ирет чыргоолонуп тынч жатпай, кыйнап жатып уктайт эмеспи. Кээде уктабай чыр салганда укол сайып, же тамагына дары кошуп берип уктатар эле. Көрсөтмө ушундай болчу.

Операциядан бери жыйырма беш күн болду, толук айыгып да калды «кожоюн-врачтын» айтымында. Ал тургай, операция кылган бөйрөгүнүн тушу да кадимкидей билинбей калды. Бала да…

Жаку эч нерсени билбей тынч уктап жатты…

Эми алдыда аны эмне тагдыр күтүп турат. Ага белгисиз да. Ага эле эмес, анын тагдыры колунда турган «аңчынын» өзүнө да  белгисиз эле.

Жанагы сырдуу окуя анын башын маң кылып, азыр эстегенде жүрөгү зыр этип, дене бою дүркүрөп-дүркүрөп жатты.

Таңкы саат төрткө жакындаганда уктап жаткан Жакуну акырын ойготту:

– Тур…кетебиз… – деди «аңчы» үнү дирилдеп. Ал «капыстан» үйүңө кетебиз» деп айтып жибере жаздады.

– «Кетебиз»? Каякка..? Менин үйүмөбү?.. Атам менен апамабы?

– Ооба, – деген сөз оозуна келди «аңчынын». Баланы аяп кетти.

Жаку карбаластап, көзүн ушалап, «үйүмө барам» деген ой менен тез-тез кийине баштады.

«Чын эле үйүнө алпарып таштасамбы?… Анда  «кожоюнга» эмне деп жооп берем… Жок, жооп бере албайм… Андан көрөкчө, көз көргүс жакка качып жок болуш керек… Анткени бул иш – өлүмгө барабар иш…» – деген ой менен алп уруша берди…

Башы ооруп, денеси дүр-дүр этип чыкты кайрадан.

 

* * *

Таң каракчысын теше жиреген кош жарык Салкын-Төр капчыгайы менен ылдый келатты. Ал биздин «аңчынын» «кара аргымагынын» жарыгы эле.

Ошол жарыкты ээрчий, үстүнөн байкап, учуучу килемин минген Умай бала коштоп келатты. Анын өзүн калбай ээрчип келатканын «аңчы» билип жатты. Бул ирет машинанын ичинде Жаку бар экендигинен улам, ал кокус коркуп калбасын деп, Умай бала көрүнбөөнү чечкен. Бирок, аны «аңчы» эң сонун билип келатканын да туюп жатты.

«Аңчы» баш-аягы жок ойго алдырып койгон. Ошон үчүн машинасын жай, эшек арабанын ылдамдыгы менен айдап келатты. Мунусу-же атайын убакытты өткөрүү же поездин таңкы рейсинен кечигүү экендиги белгисиз эле… Муну «аңчынын» өзү да түшүнбөдү.

Шаар көрүнгөн  «Босого» кыштагынын дөбөсүнө чыга келгенде, машинасын токтотуп, ар жерин чукулап куру-бекер убакыт өткөрдү. Ансайын, ал эмне кыларынын жолун издеп жатты… таппай жатты…

– Качан жетебиз атам менен апама… – деген чыргоо Жакунун сөзүнө да көңүл бөлбөдү.

Анан таң да агарды. Өзүн баятан коштоп келаткан Учуучу килем да көрүнбөй калды.

– Өх-х! – деди шуу үшкүрүнүп «аңчы».

Саат жетиге аз калган экен. Поезд жетиде жөнөйт…» – деп жатты бир ою.

«Бакча саат жетиде ачылат…» – деп жатты экинчи ою.

«Жетиге жетиш керек…» – деп жатты биринчи ою.

«Каякка барыш керек..? – деп жатты экинчи ою.

«Чыккынчысың!» – деп жатты биринчи ою…

«Жок,мен чыккынчы эмесмин…» – деп жатты экинчи ою…

Анан машинасына отурду да, газды түтөтө басты. Таңкы шаардын көчөсү ээн болчу. Машина өтө чоң ылдамдык менен келатты. «Баатыр-Ата»   көчөсүнө келгенде оңгобу, солгобу…

Жок! Күтүүсүз солго бурулду…

(Уландысы бар)

 

Sulayman RysbaevС.Рысбаевдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.