Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата билим берүү мекемелеринин окутуучулары, мугалимдери, тарбиячылары үчүн усулдук багыттагы эмгектердин сынагынын ЖОБОСУ

Сынактын уюштуруучулары

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Президентине карашуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы;
Кыргыз билим берүү академиясы;
“Алыкул үй-борбору” коомдук бирикмеси;
Алыкул Осмонов  атындагы коомдук фонд.

 

Сынактын максаты

Сынактын максаты – Алыкул Осмоновдун өмүр баянын, чыгармаларын жогорку жана орто окуу жайларында, мектептерде, балдар бакчаларында окуп-үйрөтүүнүн заманбап технологияларын иштеп чыккан усулдук колдонмолордун авторлорун табуу, алардын эмгегин сыйлоо жана акындын поэзиясын жаштарга жеткирүүнүн майнаптуу жолдорун жана ыкмаларын практикага сунуштоо.

 

Сынактын катышуучулары

Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата билим берүү мекемелеринин окутуучулары, мугалимдери, тарбиячылары үчүн усулдук багыттагы эмгектердин сынагына бардык каалаган автор катыша алат.

 

Сынактын талабы

Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата билим берүү мекемелеринин окутуучулары, мугалимдери, тарбиячылары үчүн усулдук багыттагы эмгектерге коюлган талаптар:

  • сунуш кылынган эмгектер А.Осмоновдун өмүрүн жана чыгармаларын окутууга байланыштуу усулдук колдонмо (китеп, макала), сабактардын жана тарбиялык иштердин иштелмелери, сценарийлери, окуу фильмдери ж.б.;
  • эмгектердин актуалдуулугу, практикалык баалуулугу, заманбаптыгы, ойду берүүдөгү автордун чеберчилиги ж.б. эске алынат;
  • сунуш кылынган эмгектер мурда жарык көргөн болушу да мүмкүн, жарык көрө элек болушу (кол жазма түрүндө) да мүмкүн (жаӊы жазылгандарына артыкчылык берилет);
  • сунуш кылынган иштердин көлөмүнө чек коюлбайт;
  • бир эле эмгек жалгыз автордуку болушу да, жамаатташып аткарылган иш болушу да ыктымал.

 

Сынакты өткөрүү тартиби

Сынак ачык өтөт, б.а. автордун аты-жөнү, дареги так көрсөтүлөт.

Эмгектерди колмо-кол тапшырат же электрондук кат түрүндө, почта аркылуу жиберүүгө болот.

Акыркы жиберүү мөөнөтү 2015-жылдын 1-ноябры.

Калыстар ноябрь айында иштерди карап чыгып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо 12-декабрда жүргүзүлөт.

Чыгармачылыгы жана нукуралуулугу менен айырмаланган эмгектерге баалуу сыйлыктар жан а белектер ыйгарылат. Алардан сырткары, кызыктыруучу сыйлыктар (санын уюштуруучулар жана калыстар аныктайт) да белгиленген.

Эмгектер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек, Эркиндик бульвары, № 25, Кыргыз билим берүү академиясы, “Алыкул-100” деген аталышта.

Эскертүү: Эң мыкты жазылган усулдук багыттагы эмгектер “Алыкул-мектепте” аттуу жыйнакка киргизилүү менен, билим берүү мекемелерине акысыз таратылат.  Жеӊүүчүлөргө Алыкулдун  Акбоз аты” саякаты  уюштурулат.

Уюштуруу тобу

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.