Агындылар

Урматтуу окурмандар, сиздер Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кара сөз түрүндө жазылган «Агындылар» китебинен «Эне» деген бөлүктү окуп жатасыздар.

(Башы өткөн сандарда)

Жездемдин энеси Батма кудагый кийин өзү айткандай, биринин артынан бирин чубуртуп тууй берип, биринин артынан бири өлө берип, өлгөнүн көмө берип, акыры колунда Касым, Айтбай, Бакас аттуу үч эркеги, Гүлүшаар аттуу бир кызы калып, төрт баланын ачына айланып, тогуна толгонуп, тозоктун отунда жүрүп чоңойтуп, акыры “өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет” болуп, өмүрүнүн аягында Ата Мекендик Улуу согуштан аман-эсен кайтып келген туну Касымдын колунда көктөп-шактап жашап калган кемпир эле.

 

* * *

Азыр бири бай, бири кедей болуп, кедейинин кешиги кедейип, байы ушул турган турушу менен эле энесинин көчүгүнөн түшүп келгенсип, Кудай-Теңирин тааныбай турган кыргыз жигиттеринин баары эле ошол кезде керегеси кердеп, ыңырчагы ырдап, ышы күбүлүп, чаңы чабылып, этеги тизесине жетпей начар турмушта жашагандардын тукуму экенин унутуп салды. Көрсө, элди жамандык бириктирип, жакшылык ажыратып турат экен.

 

* * *

Энем өлүп, жездемкине келгенден кийинки жылдарым ушул үч бир тууган Өмүрзаковдордун мага кылган мамилелеринде, Гүзар кудачанын, Салкын эжем менен Бейшек жездемдин мээриминде, бириникине барганда бири талашып, сүрөт тартып бер деп, кагаздары менен карандашын ала чуркап, чөмөлөнүн үстүнө чыгып алып томолонуп ойногондой, үстүмө чыгып алып, чачымды тарап, өрүп, кагаздан “бантик байлап, томолонуп ойногон жээндеримдин күлкүсүндө, ушул үч үй-бүлөнүн мен кирип барганда кабагым-кашым дебей, жадырап-жайнап тосуп алган мээриминде калды.

 

* * *

Бирок, кайда жүрбөйүн мага баары бир энем жетпей турду. Эң жаман күндөрүм энесиз жашаган күндөр болду. Бирок, ага да көндүм. Бир кездеги карегим менен тең айланган энемдин ордун эми Тукан эжем басты. Жездем дегеле кымындай чунак кыялы жок, кой оозунан чөп албаган, дүйнөдө жок момун киши эле. Энеси Батма кудагыйым андан бетер. Жээндеримдин баары менден кичүү. Үйдүн эң улуусу да, “кол тийгис” кадырлуусу да баягы эле мен болдум.

 

* * *

Жездем чарбанын жумушунда өмүрү өткөнчө кажынып иштеди. Жумуштан келгенден кийин да жөн олтуралбай, көр оокат менен алек болуп, малдын чөп-чарын тейлеп, алдын тазалап, жүгөндүн сөгүлүп кеткен жерин көктөп, кыларга иши жок калса жаман тамдагы эч ким кийбеген эски өтүктөрдү жамап-жаскап олтура берчү.

– Атаңарды чай ич десеңер боло, муздап калмай болду. Чөп корукта жок болсо, эски тамдан кара, дагы баягы эч кимге кереги жок жаман өтүгүн жамап олтургандыр, – деп жездемдин энеси Батма кудагый күнүгө ушинтип бир небересин жумшап коюп олтурчу.

 

* * *

Бирдемке болсо эле бригадири деле учетниги деле чапкылап жездеме келчү. –Касым аке, бүгүн сугатка барыңыз? Касым аке, бүгүн чөпкө барыңыз? – деп. Жездем бирине да каш кагып каяша кылбайт, чоңдор кайда жумшаса, ошол жакка башмалдык атып жөнөп берет.

Эсимде…

Бир жолу демейдеги элдин баары эс алып жаткан жекшемби күндөрдүн биринде үйдүн тушуна кара түтүнүн бурулдатып, күркүрөп келип, селитра жүктөгөн эки “МАЗ” токтоп, артынан жаман атын чапкылап Сукан аке жетип:

– Касым аке, айылда өзүңдөн бөлөк жан калбай калыптыр. Бул машинелер көчүгүн өзү көтөрүп төгалбайт экен. Чоң короого барып түшүрүп келиңиз, кайда түшүрөрдү кампанын кароолчусу айтып берет, – деп бакылдап турганы, жездем ошол бойдон кетип, көчүгү көтөрүлбөгөн эки “МАЗды” өзү жалгыз түшүрүп, кара күүгүмдө селитра жыттанып үйгө кирип келгени.

– Эмгек күнүңдү жаздырып койдуңбу анан? – деген эжемдин суроосуна:

– Аны эми чоңдор өздөрү билет да, – деп тим болгонун эстейм.

 

* * *

Кудай акы, жездемдин айлык алам деп кантордун, буюм-тайым алам деп дүкөндүн босогосун аттаганын бир да жолу көргөн жокмун. Алтургай чабарманын жибере берип тажаганда совхоздун парторгу Наркеев Имангазы аке өзү келип:

– Касым аке, көп эле кежирлене бербей эртең келип сүрөткө түшүп кетиңиз? – дегенин укпай, совхоздун “Ардак тактасына” илингенди каалабай, таң аталекте туруп, эшегин минип алып талаага “качып” кеткенин билем.

– Атам жадагалса дүкөн кайда экенин эмдигиче билбейт, – деп жээним Жаныбек каткырчу.

 

* * *

Телевизордон согуш кинолорду көрүп калган кездери:

– Согуш мындай болгон эмес, – деп сыртка чыгып кетчү. Кокус кино болуп, Сталин менен Жуковду көрсөтүп калса дым чыгарбай, көзүн албай олтуруп алып көрөр эле.

– Мойну-башына суу куюп берип атып, далысындагы ок тийген үч тырыктын ордун далай ирет көргөм, бирок согуш жөнүндө, далысындагы тырыктардын тарыхы жөнүндө кеп кылганын бир да жолу уккан жокмун, сураган да жокмун.

 

* * *

Тукан эжем эне ордуна эне болгону менен жездем өмүрү өткөнчө мага үнүн жогору көтөрбөгөн бойдон өттү. Мен энем өлгөнгө чейин же он эки жашыма чейин энемдин ээлигиндеги бала болсом, эжем менен жездемкине келгенден кийин ого бетер түлкүсү түштө улуган “кудай аткырга” айландым.

Ушуну менен “Эне” деген бөлүк соңуна чыкты. Алдыда “Өрт” деген бөлүктү окуй аласыздар.

– Касым аке, бастырмаңар өрттөнүп атат!

Бир эшик суук менен кошо кирген коңшубуз Орозалы ушул сөздү айтып алып эле кайра чыкты. Эшектин жүгөнүн жамап олтурган жездем атып туруп эшикке жөнөдү. Эжем артынан кетти.

– Эмне дейт катыгүн! Э, Касым? Э, Тукан? Турсаңар болбойбу, кокуй! Көйнөгүм кана? – деп кокуйлаган Батма энем көйнөгүн колуна кармап алып карбаластап атты.

Январдын суук түнү болчу. Жаңы эле жаткам. Шашып кийинип сыртка чыксам, бастырманын үстү алоолоп, айры кармаган жездем өрттүн ашкана үй менен чөп корукка кетчү жолун тосуп далбастап жүрүптүр. Өрттөнүп аткан бастырманын берки башы ашкана үйгө уланып, артында жездемдин совхоздун өмүрү бүтпөгөн жумушунан колу бошой калган күндөрү түн катып чаап алган чөбү жайылып турчу.

Кошуналар болуп чака менен чарага кар салып чуркаганыбыздан эч нерсе чыкпай койду. Сай менен үйдүн ортосу кеминде 500 метрдей алыс болгондуктан суу ташып келип өчүрүүгө мүмкүн эмес эле. Бастырманын тал ташталып, ага саман ылай төгүлүп жабылган үстү канча жылдан бери какжырап куурап бүткөндүктөн чатырап, күчөп күйүп жатты. Батма энемдин:

– Жөн эле бирдемелер менен жаап кой десе тил албай, кудайдын азабын тартып, Касым бастырма салса да, там салгансып устун жаткырмайын салбайт, – деген сөзү так ошол шыргый устундар май куйгандай күйүп, андан ыргыган от, үзүлгөн жалын, жанатан бери айлабызды алты кетирип, өрттүн ичинен айдап чыгара албай азап тарттырган уйлардын жонуна түшүп куйкум жыттана баштаганда оюма келди.

Уйлардын даана айбандыгын ошондо көрдүм. Жездем, кошуналар, мен болуп укуруктан да узун жыгач менен жамбашына, куйругуна, көрүнгөн жерине сайгылап, эшикти көздөй жанталашып айдаганыбыздан эч нерсе чыгаралбай койдук. Уйлар ансайын көчүктөрүн дубалга такап, төрдү көздөй ыктап, кетенчиктеп туруп алды. Алоолонгон өрт күчөгөндөн күчөп, бастырманын үстүнүн улам бир жери жалбырттап кулап түшүп, түтүн буруксуп, чок чачырап, кык быкшып, төрт тарабын жалын курчап, шыркырап түркүктөр күйүп жатты.

Колубуздан такыр эле эч нерсе келбесин түшүнгөндөн кийин жалдырап карап тургандан башка айла таппай калдык. Уйлар көз алдыбызда өлүп баратты. Өлгөндө да жөн өлбөй, аңырайып ачык жаткан эшиктен качып чыкса болорун да ойлобой, мөөрөп, тилүүлөй куйкаланып, онтоп, кирпиктери өрттөнүп, туяктары ээригенде тизелей калып, мүйүздөрү ээригенде жыгылып түшүп, көзүнүн айнеги ”чыр” дей түшүп тунарып, түтүндүү чел кабык айнектей чанагын жаап, чатырап, ичи жел толтурган чаначтай дардайып, көз алдыбызда өлүп баратты…

 

* * *

Мен ошондо биринчи жолу өрттөнүп ичиндеги жездемдин, өзүмдүн көлөкөмдү карап турдум. Көлөкөбүз кызыл алоо жалынга оролуп, титиреген бойдон күйүп жатты. Кийин, көп жылдардан кийин эмнегедир “Көлөкөлөр” деген ыр жаздым.

 

* * *

Жездеме кошуналар кошулуп түнү бою уй союп, мен сайдан түнү бою фляга менен суу ташыдым.

 

* * *

– Уктуңбу, түндө Касымдын бастырмасы өрттөнүп, үч ую тең күйүп өлүптүр,- деп күл төккөн аял дагы бир күл төккөнү чыккан аялга айтып, анысы дагы бир аялга айтып олтуруп, күн чыкканга чейин бул жаңылык радио-гезитсиз эле айылга дүң дей түштү.

 

* * *

Бригадир бул күнү жездемди малга чөп туураган жумушка айдаган жок.

– Жаман болгон тура Касым аке, кырсык деген каш-кабактын ортосунда деген ушул. Атасынын гөрү, мал табылат, башы-көзүңдөн садага. Андан көрө сизге келчү жамандык ушул кырсык менен биротоло чыгып кетсин,- деп көңүл айтып кетти.

 

* * *

Эки жаштагы Жаныбек тиришумдуктай ыйлаак болгондуктан айласы кеткен Тукан эжем алдына алып олтуруп, оозуна эмчегин салып коюп уй саачу эле, эми саай турган ую да жок, Жаныбектин жаагы басылды.

(Уландысы бар)

Шайлообек Дүйшеев, “Де-факто”, 24.03.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.