Сулайман Рысбаев. «Акыркы марал»

ңгеме)

…Марал ак жайдын бир күнүндө эркек кер улак тууду. Бул анын чексиз сүйүнүчү, кубанычы эле. Ал ушуну гана күткөн, тилеген. Көздөрүнөн ысык жаш тегеренип жүнү кургаары менен так секирип ойноп кеткен улагын карап туруп, артынан кызганычтуу ээрчип эмчектерин ажайып ууз сүт тээп чыгат. Өзүн бактылуу энедей сезет. Анын үстүнө, эми бул жерде саны азайып туш келди сай-сайлап кеткен маралдардын тукуму дагы көбөймөк… Бул өмүрдүн уланышы. Кер улак эртең эле өз атасы он айры бугудай толукшуп чыга келет. Анан эмки жылы дагы да кошулат арасына. Ошентип бу Кызыл-Көлгө бугу-марал тукумдары акырындык менен тарай баштайт…

Маралдын чыныгы турмушу эми башталды. Ошону менен бу эки ыйыктардын окуясы да башталды…

Кызыл-Көлдүн аркы өйүзүн Кан-Ачуу дешет. Аты да, заты да жомоктогудай. Ал жерде эмнелер гана жашабайт. Көбүнчө, ал жердин түнт, эзели адам туягы баспаган токойлорун жырткычтар гана мекендейт. Жакшына-Тоодон ооп келген бир үйүр маралдын көбү жапайы жырткычтардын жеми болуп, калганы тарап-тарап адашып кетишкен. Бир марал гана өткөн күздө ортодогу дайрадан аман-эсен сүзүп өтүп ушу Кызыл-Көлгө келип жашынган…

Эх, чиркин, өз мекени Жакшына-Тоо кандай гана керемет жер эле. Оюн салар тектирлери, чаңкаганда суусунун кандырар курбу-курбудагы таш-булактары… Баары тээ алыста – бу дүйнөнүн аркы четинде калгандай болду. Эми ага жетүү качан. О, туулуп-өскөн жери, бирге чоңойгон курбу-курдаштары кайда калды десең! Балким, ал жерлерге кайра кайрылып баруудан калгандыр…

…Күз айы күркүрөп кирип келди. Эки марал Кызыл-Көлдү байыр алып, анын түнт, бирок тынч бадалдарынын арасын мекендеп, куулуп келсе да бир тууган жериндей болуп бараткан…

Күндөрдүн бири эле.

– Ба-а-а!.. Ба-а-а!.. Баа-аа!.. Баа-аа!..

«Ой, бул маралдын улагынын үнү эмеспи, ооба, маралдын улагынын үнү! Мына, дагы… дагы… Жакын эле жерден… Бул баягы сай-сайлап адашып кеткен маралдардан белем… Биякка издешип келишкен го…»

– Ба-а-а-а!.. Баа-аа!..

«Адашып таппай жүрүшкөн тура. О, тебишип ойногон теңтуштар десе!.. Силерсиз жалгыздыкта өткөргөн өмүр курусун! Кайдасыңар! Мына азыр, биз мындабыз! Алыстап кетпей күтө тургула! О, куушуп ойногон курбулар, десе!..»

Экөө бадал арасынан баркырап коё беришти. Марал эненин көздөрү жайнап, үн чыккан тарапка түйүлүп астыда баратты. Алар чоң үй арчага туш келгенде экөө эки бөлүнүп чуркады. Арыта кырката тизилген карагаттар бар эле.

Эне марал безип бараткан:

– Тарс – чуу!..

– Ма-а-а-а!..

Жакын эле жерден ок атылып, улагынын жанталашып маараганы кулагына жаңырып, марал ордунда селейип катты да калды. Андан удаа кобур-собур адам үндөрү угулду. Марал башы айлан-көчөк атып жерге жыгылып түшө жаздап эсине келди да, алды-артына карабай безип кетти… Баягы Жакшына-Тоодогудай, бир үйүр марал бугулары менен өмүрүнө бүлүк түшүп, коркунуч башка келгенде, туулган жерди таштап кетип баратып көз-жашка топурак чыланган күндөр дагы бир ирет элестеп кетти.

Канча жерге барганы белгисиз, бир кезде бутун тарталбай бүк түштү. Чарчаганынан катуу уктап кетиптир, бир кезде баягы ок кулагына кайрадан угулгансып, чоочуп ойгонду. Жанында шам өрүктөй мүйүзү койкойгон балбыл көз кер улагы жогун ойлоп, ичи от болуп, көздөрүнөн мелт-мелт жаш куюлуп, башын көтөрө албай сулк жатты. Ошо калыбында үч күн, үч түн турбай, бир тал чөп кыркпай, тиги ылдыйраакта көөлгүп жаткан Кызыл-Көлгө түшүп барып чаңкоосун да кандырбай жата берди.

Бу дүйнөдөн аша кечти, бүтүндөй өзүн курчаган гүлдүү токой да жек көрүмчү сезилип турду ага. Ооба, эне баласын жоктоп, зарын ичинен нечен ирет кайрып жатты. Ал эң акыркы үмүтүнөн ажырады. Бу көрөкчө, өлгөн артык. Желини таш болуп чатына батпай кыйнап чыкты.

Марал жан көзүнө көрүнүүдөн да коркпой, Кызыл-Көлгө түшүп барып, суу бетинен өзүнүн жалгыз элесин карап турду. Мындан аз эле мурда бу элес экөө эле го… Экөө жанашып да, жарашып да турчу. Эми ал жок, экинчи андай элес кайталанбайт…

Ушу азаптуу жашоодон көрөкчө көлгө өз боюн таштап өлсө женил болмок…

Марал сууну улам жиреп бара берди. Кара курт чөптөй чырмалышкан балыр аны туткундап, алга да, артка да жылдырбай калды. Бир кезде өлүм элестеди көздөрү тунарып, ансыз да ал үч күндөн бери өзөк жалгабай, ачка эле.

Суу аны өзүнөн өзү эле тереңге тартып баратты. Как ирим Кызыл-Көл өзүнүн мээримдүү тынч көөлгүгөн көрүнүшү менен маралды суктантып, көкүрөгүн кысып, леп тартып бараткан бейкам мелмилдеген көл үстүнүн миң түркүн кооз нурлары мунарыктап, өзү өлүмгө баш коюп баратканын сезалбай калды марал. Өлүм да ушинтип азгырат тура. Анын алсыз буттары жерге тийбей, өзү эле тыбырчылап, алдыга жылып баратканын сезген жок..

 

* * *

Ушу тараптан маралдардын дайынын билип калган эки мерген, улагын атып алышкан соң, арадан төрт күн кечирип, кайта келишкен.

Үстүңкү черден эч нерсе табалышпаган экөө көл тарапка түшүп келишип калың бадалдын арасынан жайлуу орун алышты да, чымылдак тартканын улантышты. Бири чымылдак тартса, экинчиси мылтыгын даярдап оңтойлуу жерге жатты.

– Ба-а-а!.. Ба-а-а!..

Баркыраган чымылдак үнү кудум марал улагыныкындай токойду жаңыртып кирди. Бир аз болгон жок, шалбаа чөптү шатыратып, көзүнө чейин суу болгон марал жакын эле кирип келди. Өзүнө карай сунулган мылтыкты байкаган жок, оттой жанган каректери балбылдап ушул тараптан безеленип маараган улагынын үнүн издеп маңкая калды.

– Тарс!..

Ок чыкты. Шашып калган мергенчи жаза атып алды. Кайрадан ок салганча, марал кача берди.

Жүрөгү жарылып кете жаздап, октон жалккан ыйык эне мурдагыдай эле безип жөнөгөн:

– Ба-а-а-а!.. Ба-а-а-а!.. – лап, «улагынын үнү» кайрадан чыкты. Өз кулагына өзү ишенбей, башын арт жакка буруп токтоло калды да, аянычтуу чыккан «улагынын үнү» тарапка шашып кайра кайрылды.

Чымылдак тартканы беркисин ашата сөгүп, «эми жазбай аткын!» – деди да, чымылдак үнүн безеленте баштаганда, баягыдан башка жактан капыр-тапыр кирип келди марал. Анын чуркаганы да башкача эле, көздөрү жаш чайып жалжылдап чыгыптыр.

— Т-а-а-рс!..

Кайта келеринен күмөн санап, байкабай турган тозотчу, дагы да жаза атып алды. Экинчи ирет алдына келген олжону качырды. Чымылдакчы ачуусу шакардай кайнап, беркисин жиниккен күчү менен жерине жеткире сөктү да, колунан мылтыкты жулуп алды.

–Тарт чымылдакты!.. Атаңды гана, сенин!.. У, шал!.. Шал тийип калгырдыкы!.. У, колунду… сенин, тарт бачым, кете электе!..

Бетин жууган кир аралаш чампаланган жүзүн сүртүнүп да койбой, көздөрү марал келчү тараптан өтүп кетти. Тигиниси чымылдакты оңдуу тарталбады. Кулунчактын куурайына бекем таңылган кара кыйтактын үнү марал улагынын үнүнө түк окшобой, какап-чакап каргылданып калды.

– Келе, бери, олок!.. У, сенин чымылдак тартканынды!.. Ооба, мен сага бир кесим эт берет экемин!.. Апкел чымылдакты!.. – Жаны көзүнө көрүнө киркиреди анысы. – Ушу азыр, маралдан мурда сени атып таштайынбы, ыя!?

Чымылдакты оозуна тиштээр замат жанталашып үйлөп да, кароолунан көзү өтүп жата кетти.

– Ба-а-аа!.. Ба-а-а!..

Улагынын карааны көзүнөн учуп, желинин сүт тээп чыккан ыйык эне, үнүн угуп, анын кайда экенин билалбай, бир туңгуюкка кабылган улагын бошотуп алмакка, бирок баятан берки окуяга түшүнө албай, эми акыркы жолу бир ирет бел байлап, ысык жаш жүзү ылдый куюлуп, «улагынын үнү» желин сүтүн кайрадан диркиретип, жанагы тарапка алып-учуп кирип барды. Октун каңырсыган жыты мурдун жарып кетти! Ошондо гана чукул эле жерден өзүнө карай сунулган мылтыкты жана адамды көрдү!.. Ошо адамдын көзү баягы өткөн жылкы күздөгү Кан-Ашууда жан шерик акыркы бугусунан айырган бир жырткыч илбирстин көзүнө окшош эле…

– Та-а-арс!..

– Ма-а-а!..

Маралга ок жаңылды, ал бир ирет так түйүлө секирди да, көйкөлгөн гүл арасына кулап, мүрт жай тапты… Чиркин жан, көкүрөктөн учуп кетти көрүнбөгөн нур болуп… Ыйык сүйүү гана калды көкүрөктө. Ысык жаш дагы эле ачык бойдон калган көздөрүнөн сызылып агып, сулк жатты. Эт жүрөгүн эзген, эне эмчегин канаткан алдамчы чымылдак үнү да басылды…

 

* * *

…Маңыроо ыйык жаныбар ай, мынчалык баласаак болбосоң эмне!..

…Ооба, бул ушул чөлкөмдөгү акыркы марал болчу…

 

Sulayman RysbaevС.Рысбаевдин башка чыгармалары

 

Соц тармактар:

One thought on “Сулайман Рысбаев. «Акыркы марал»

  • 02.06.2015 at 23:30
    Permalink

    Ассалам алейкум Сулайман агай! ” Акыркы марал” деген чыгармаңызды окуп, сиз менен байланышты туура көрдүм. Себеп, “Марал интродукциясы” долбоорун ишке ашыруу максатында биздин демилгелүү топ алектенип жүрөт. Сизге окшогон кайдыгер эмес, чыгармачыл адамдын жардамы бизге абдан зарыл болуп турат… Урматым менен, Гамал Соронкулов. телефон: – 0772-26-01-01; 0555-370-152.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.