АКШда кыргыз музыкасын оболоткон Нурмира

Былтыр АКШнын Вашингтон шаарына барганда кыргызстандык мекендешибиз Нурмира Салимбаева менен таанышып калдым. Ал ошол Вашингтон шаарында жашайт, виолончелиде, комузда ойнойт. Бул аспаптарга кыргыз музыкаларын салып, CD да чыгарган. Нурмира кыргыздардын келгенине кубанып, бир топ убакыт биз менен пикир алышып кеткен болчу. Азыр эми аны менен интернет аркылуу байланышып, маек курдук.

– Нурмира, Кыргызстандагы жаштардын көбү АКШга барып калууну кыялданышат. Силер кантип барып калдыӊар эле?

– Саламатсыӊарбы, урматтуу менин жердештерим жана замандаштарым! Мен АКШга 2000-жылы концерт ойноп келип, окууга калып калгам. Алгач англис тилин окуп, бир үй-бүлөдө бала багып иштеп жүрдүм.

– Виолончелиде Кыргызстанда эле ойночу белеӊер же АКШдан үйрөндүӊөрбү?

– Мен Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектебин бүтүргөм. Феодор Якунинде виолончелиде окудум. 4-курска чейин Кыргыз консерваториясында Зенона Бегалиеванын колунда окучумун. АКШдан улантып Магистратураны бүттүм. Анан музыкалык мектепте, оркестрде жана концерт коюп иштеп жүрдүм. Мен Линкольн борборунда, БУУда, ар кандай элчиликтерде, Азия маданий коомунда, музейлерде жана башка мекемелерде ойноп турам. Жакында «Менин Кыргызстаным» аттуу CD жарыкка чыкты. Бул CDнин айырмачылыгы улуу кыргыз композиторлору М. Бегалиев, К. Молдобасанов, А. Огонбаев, Н. Давлесовдор виолончель үчүн жазган музыкасын чогултуп ойноп, биринчи жолу CDге жазылды. Ошондой эле комуз, кыл кыяк жана виолончелиде кыргыз ырларын жана бийлерин ойнодум. Жолдошум Клай Гринберг оркестровкасын жазып берген.

– Башында кыйынчылыктар болдубу?

– Башында кыйынчылыктар аябай эле көп болду, башка эл-жер, тил, салт дегендей. Бирок мен өзүмө “окуумду бүтүшүм керек” деп максат коюп алгам. Ошол оюма жеттим. Алты жыл окудум. Американын эӊ мыкты Eastman School of Music консерваториясын бүтүрдүм. Көп эмгектендим. Албетте, өз жеримди сагынчумун. Ата-энемди, бир туугандарымды, жолдошторумду сагынып, жатып алып ыйлаган күндөрүм да болду.

nurmira_m

– Кыргызстандык белгилүү пианист Азамат Сыдыков менен кызматташып турат экенсиңер да ээ?

– Азамат Сыдыков экөөбүз Абдраевде чогуу окучубуз. Кыргызстанда президенттик стипендиант болуп Түркия, Москва, Швейцариядан чогуу концерттерди ойноп жүрдүк. Азамат бул жакка окуусун улантып келди. Биз кезигип концерт ойноп турабыз. Жакында Кыргызстандан делегация келип, Роза Отунбаеванын фондуна бул жактан концерт бердик. Биз кыргыз музыкасын АКШ элине угузуп тааныштырабыз. Арасында кыргыз композитору Муратбек Бегалиев, Калый Молдобасанов, Насыр Давлесовдун чыгармаларын ойноп турабыз. Ошондой эле мен кыргыз күүлөрүн виолончелиге салып ойноп турам. Кыргыз музыкасын бул жакта жакшы кабыл алышат.

– Кыргызстандыктар чогулуп турасыӊарбы?

– Кыргызстандыктар менен майрамдарда чогулуп турабыз. Мен азыр үй-бүлөм менен Вашингтон DCдe турам. Ооба, кыргыз элчилигине барып виолончель, комуз ойноп турам.

– Жолдошуӊар чет өлкөлүк экенин көрдүм эле, аны менен кандайча жолугуп, сүйүшүп калдыӊар?

– Мен консерваторияда окуп жүрүп, жолдошум менен ошол жактан таанышкам. Аты Клай Гринберг. Мен ойногон оркестрде дирижер болчу. Көрсө, ал мени бир жыл бою жактырып жүрүп, мага айтпаптыр. Окуумду бүткөндө турмушка чыктым.

– Башка улутка турмушка чыгуу чечими кыйын болдубу? Үй-бүлөңүз кандай карады буга?

– Ата-энем абдан түшүнүктүү адамдар. Апам Сайкал Көбөнова врач жана атам Каны Салимбаев инженер. Башында менин башка өлкөдө калып калганыма ата-энем жаман болушту. Мени абдан сагынып жүрүшкөн. Бирок менин көӊүлүмө карап, уруксат беришти. Тоюбузга апам келди. Жолдошумдун үй-бүлөсү мени жакшы кабыл алышты. Башка улуттун каада-салты башка. Бул жакта улуу адамдарды атынан чакырышат. Мен апамдын кеӊеши менен жолдошумдун ата-энесин ата, апа деп чакырам. Алар буга абдан кубанды.

– Балдарыңар менен кайсы тилде сүйлөшөсүңөр? Кыргыз тилин да үйрөтүп жатасызбы?

– Азыр үч балабыз бар. Эки кызым София-Айсулуу, Амелия- Сайкал жана Элижах-Ильяс. Балдарыбызды үч тилде сүйлөтүүгө аракет кылып жатабыз: кыргызча, орусча, англисче.

– Кыргыздын салттарын карманасыздарбы?

– Мен кыргыз салтын унутпаганга аракет кылам. Комузда, кыл кыякта ойнойм. Үйдөн дайыма боорсок, кыргыздын тамактарын жасайм. Үй-бүлөм жакшы көрөт. Нооруз жана башка майрамдарда балдарымды кыргызча кийинтип, кыргыз элчилигине алып барып турам.

– Кыргызстанды сагынасызбы? Сагынганда эмне кыласыз?

– Мен Кыргызстанга барып турам. Албетте, сагынам. Сагынганда кыргызча окуйм, кыргыз музыкасын ойноп угуп турам. Жаӊылыктарды окуп турам. Бул жактагы кыргыз досторум менен көрүшүп турабыз.

– Келечекке пландарыӊ кандай? Кыргызстанга кайтып келишиңер мүмкүнбү?

– Мен Кыргызстанга шартка жараша барып турам. Клай азыр юрфакты бүтүп жатат. Келечекте жолдошум Кыргызстанга жумушка барышы мүмкүн. Мен келечекте Кыргызстандын жаш таланттарынын өсүшүнө салым кошкум келет. Бул жактан алган билимимди аларга үйрөткүм келет. Сөзүмдүн аягында жалпы кыргыз элиме кааларым – чыӊ ден соолук, үй-бүлөӊөрдө бакыт-таалай, ишиӊерге ийгилик, тынччылык жана молчулук. Мекенимдин гүлдөп өсүшүнө тилектешмин.

Дилбар Алимова, «Полит Клиника», 04.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.