“Кыргыз Туусу” гезити 2015-жылга сынак жарыялайт

«Кыргыз Туусу» гезити 2015-жылга “Көз ирмемде туулган жер!”, “Сен ооруба, мен  ооруюн Ата журт!” деген болжолдуу темаларда фото сүрөт-баяндардын, ыр, кара сөз түрүндөгү, көлөмү гезиттин 0,5 бетинен ашпаган эссе, публицистикалык чакан чыгармалардын сынагын уюштурат.

“Кыргыз Туусу” гезитинин 2015-жылга “КАРЕГИМДЕ – ТУУЛГАН ЖЕР” сынагынын  ЖОБОСУ

Туулган жер, Мекен биз үчүн түбөлүктүү баалуулуктун символу.

2015-жылы кыргыздын кымбат акыны Алыкул Осмоновдун туулганына 100 жыл толот. Акындын ырларынын аскар чокусундай  болгон “Ата Журт” ырындагы “Сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт” деген саптарынын актуалдуулугу күнү бүгүнкүдөй жашап, ар бир атуулдун жүрөгүнө жатталып калган. “Кыргыз Туусу” гезити Мекен темасын бул жылдын башкы темасы катары коюп, чыгармачыл чөйрөдөгү көркөм сөз менен сүрөт өнөрүнүн ээлерине төмөнкүдөй сынак жарыялайт:

  1. Көркөм чыгарма үчүн

Компьютердик калыпта 2,5 беттен ашпаган ыр жана кара сөз формасындагы көркөм чыгармаларда Кыргызстанга болгон патриоттук сезим чагылдырылышы керек. Адабий жанрларга чек коюлбайт, бирок сапатка басым коюлат.

Сынактан жеңүүчү болгон авторлор төмөндөгүдөй сыйлыктарга ээ болот:

1-орун – 10 000 (он миң) сом

2-орун –  7500 (жети миң беш жүз) сом

3-орун –  5000 (беш миң) сом

Кызыктыруучу 3 сыйлык, ар бири – 2,500 (эки миң беш жүз) сомдон

 

  1. Кыл калемчи сүрөтчүлөр үчүн

Туулган жердеги жаратылыштын сулуулугун көзгө сүрткөн пейзаждык мыкты сүрөттөр кабыл алынат. Сынактан жеңүүчү болгон авторлор төмөндөгүдөй сыйлыктарга ээ болот:

1-орун  – 10 000 (он миң) сом

2-орун – 7500 (жети миң беш жүз) сом

3-орун – 5000 (беш миң) сом

Кызыктыруучу 3 сыйлык, ар бири – 1000 (миң) сомдон

 

  1. Фотосүрөтчүлөр үчүн

Кыргызстандын жаратылышынын ажайып кооздугун тарткан мыкты фото сүрөттөр кабыл алынат. Сынактан жеңүүчү болгон авторлор төмөндөгүдөй сыйлыктарга ээ болот:

1-орун  – 5000 (беш миң) сом

2-орун  – 3000 (үч миң) сом

3-орун  – 2000 (эки миң) сом

Кызыктыруучу 3 сыйлык, ар бири – 1000 (миң) сомдон

Сынакка катышуучу чыгармалар 2015-жылдын январынан баштап 1-декабрга чейин кабыл алынат. Авторлор сынакка жиберген иши менен бирге, аты-жөнүн, дарегин, уюлдук телефон номерлерин толук жазышы керек. Сынакка даярдалган иштерди “Кыргыз Туусунун” электрондук почтасына жиберсе дагы болот.

Сынактын жыйынтыгын чыгаруу үчүн курамы адабият менен искусствонун белгилүү чеберлеринен турган калыстар тобу иштейт. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 2015-жылдын 25-декабрында тапшырылат.

Биздин дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193,

E-mail: tuusu@infotel.kg, tuusu@mail.ru,

сайт: www.kyrgyztuusu.kg

Эскертүү: «Кыргыз Туусу» гезитинин сынагында буга чейин «Жылдын мыктысы» болгон инсандар, мекеме-уюмдар да катыша алат. «Кыргыз Туусу» гезитинин 5 жолку «Жылдын мыктысы» болгондор өмүр таржымалы менен басылманын Ардак китепчесине киргизилип, редакциянын музейине коюлат.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.