Кыялбек Урманбетов, акын: «ЫР ЖАЗАМ ДЕП АЛАКСЫП ТОВАРЫМДЫ УУРДАТКАМ»

Ыр менен жашоосу түгөл болуп, ырсыз турмушун элестете албаган калемгерлерибиз аз. Биз сөз кылчу адам 300дөн ашуун обонго сөз жазып, 7 китеп чыгарган. Бирок турмушта жупуну жүргөн бир акын бар. Ал акын Совет Урманбетовдун уулу Кыялбек Урманбетов.

АКЫН ТУУРАЛУУ

Туулган жери – Фрунзе шаары
Туулган жылы, күнү – 1959-жыл, 3-январь
Билими – КУУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн аяктаган
Сыйлыктары – Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты, Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын ээси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмери
Белгилүү обондуу ырлары – «Бишкегим», «Гүлзар», «Ыр майрам», «Ак санат», «Асман», «Булуттар», «Кыргыз бийи» жана башкалар

– Кыялбек мырза, чыгармачылыгыӊызга 45 жыл болуптур. Сурайын дегеним, качантан тартып ыр жазып баштадыӊыз?

«Чыгармачылыгымдын 45 жылдыгын белгилейин деп жатам» десем, Түгөлбай Казаков байке «ой, Кыялбек, чыгармачылыгыӊ өзүӊдөн да улуу го? Же энеден ыӊаалап төрөлгөндөн баштап эсептеп жатасыӊбы?» деп тамашалады. Көпчүлүк түшүнбөй калышы мүмкүн, «өзү 56 жашка чыкса, чыгармачылыгына ушунча жыл болмок беле?» деп. 3-класста окуп жүргөндө алгачкы жазган ырым республикалык «Кыргызстан пионери» гезитине чыккандыктан, чыгармачылыкка аралашканымды ошол жылдан баштап эсептеп койдум.

– Атаӊыз Совет Урманбетов көрүнүктүү акын. 10 жашыӊыздан тарта ыр жазып калышыӊызга атаӊыз себепчи болсо керек?

– Атамдын ыр жаза турган бөлмөсү бар эле. Жаӊы ыр жазганда көйнөгүнө батпай сүйүнүп, «мен жаӊы ыр жаздым, уккула»деп баарыбызга окуп берчү. Ыр окуганда телевизор өчүрүлүп, баарыбыз муюп укчубуз. Мага мультфильм көрүп жатканда телевизордун өчүп калганы жакчу эмес. Бир күнү телевизорду өчүртүп ыр окуганына ызаланып кеттим окшойт, «Мунун эмнеси бар экен?! Ырды мен деле жазам» деп жибердим. Атам «эгер сен ыр жазсаӊ, мен телевизорду өчүрбөйм» деди. Ошондо «Мышык» аттуу ырымды жазгам.

«Мышык деген сенсиӊби,
Нанды уурдап жейсиӊби?
Үйгө кирип аласыӊ,
Сүттү ичип саласыӊ»,-
деген ыр болчу. Бул ыр гезитке чыгып, Кыргызстандын булуӊ-бурчунан каттар келе баштады. Айрыкча кыздардан келген каттарды окуп, мындан да жакшы ырларды жазгым келип, ошондон шыктанып от алгам.

– Сизди чоӊойткон чоӊ энеӊиздин, балалыгыӊыздын изи калган Ысык-Көлдүн касиети да таасир берсе керек?

– Чоӊ апам мени беш жашка чыкканча жонунан түшүрбөй көтөрүп жүрдү. Айылдагы аксакалдар «чоӊойгонуӊду билбей чоӊ апаӊды минип жүрө бересиӊби?» деп сан этимден аткый чымчып алышчу. Мен бакырып ыйлаганда, чоӊ апам «эмне силер көтөрүп жүрөсүӊөрбү?» деп мага болушуп алар менен канча урушту. Эркелигим бир топ эле болчу. Бир күнү чоӊ апам эки жумуртка бышырып, экөөбүз бирден аарчыдык. Карасам ал өзүнө жумуртканын чоӊун алып алгандай туюлду. «Мага кичинесин берип койдуӊуз» десем, өзү чекесин тиштеп койгон жумурткасын сунду. “Бул тиштелген турбайбы” деп жебей койдум. “Таарынгандын тамагы таттуу болот” деп экөөсүн теӊ өзү жеп алса болобу. Ызама чыдабай ыйлаган боюнча сыртка чыктым да, бастырманын үстүндөгү чөптүн түбүнө жатып алдым. Бир канча убакыт өткөндөн кийин чоӊ апам«Кыялбек, балам, кайдасыӊ?» деп короодо чарк айланып жүрдү. Ансайын «дагы издей түшсө экен» деп табам канып жатып уктап кетипмин. Ойгонсом таӊ атып, чоӊ апам бечара “Кыялбек!” деп үнү каргылдана издеп жүрүптүр. Үчүнчү класска чейин ошентип эркелеп айылда жүрдүм. Кийин ата-энемдин колуна келип, шаарда окудум.

– Анан журналист болууну ойлодуӊуз. Башка кесипти тандап деле акын болсоӊуз болот беле?

– Бала кезде балыкчы болууну кыялданчумун. Таӊ атпай көл жээгине барып, кеч киргенче балык кармайм. Үйгө 100-200дөй балык кармап келсем, үйдөгүлөр «идиш-аякты булгайсыӊ, сасытпай ары алып бар» дешчү. Жарымын тазалап, калганын тоокторго жем кылып ыргытып жиберчүмүн. Мектепти аяктагандан кийин атам «Журналист эле бол. Ырыӊды жазып, гезитте да иштей бересиӊ» деп кеӊешин берген. Жогорку окуу жайын бүткөн соӊ КТРдин жаштар редакциясында, андан кийин бир нече гезит-журналдарда иштедим. Макала жазганда ойлонуп, чайналып, бирок майын чыгарып жазчумун. Кесиптештерим «журналист деген бат жазыш керек» деген сындарды айтып калышчу.

– 91-жылдары сизди базарда сатуучу болуп иштеген деп укканым бар…

– Эгемендикке ээ болгондон кийин элдин баары базарлап кетишпедиби. Мен ал учурда «Кыргызстан маданияты» гезитинде иштеп жүргөм. Бир күнү курсташым Султан Жумагулов келип «базарга чыгып соода кылалы, бул жерде иштесеӊ жарыбайсыӊ» деп айтты. Акчабыз деле жок болчу. Тааныштардан «үйүӊөрдө сата албай жүргөн буюмуӊарды бергиле, сатып беребиз» деп чогултуп, «Ош базарында» иштей баштадык. Андан сырткары «Кыял» соода борборунан 19 сомдон калпак алып, үстүнө бир сом кошуп сатчубуз. “Экөөбүз теӊ бир орунда тура берсек болбойт” деп Султан колуна төрт калпакты алып «калпак сатам» деп базарды аралап кетти. Бат эле сатып келип мага «азамат, сен дагы үч калпак сатыптырсыӊ» дейт. «Жок, кайдан сатам, эч ким сураган жок» дедим. Көрсө ыр жазып отура берип калпакты уурдатып жиберипмин. Мен үй, Султан машина алам деп ишти баштаганбыз. Бир жылдан кийин бизнеске да талант керек экен деп кетип калдым.

– 300дөн ашуун обондуу ырлардын автору экенсиз. Обон жазылган алгачкы ырыӊыз кайсы?

– 1980-жылы болсо керек эле. Ал учурда атам филармонияда адабий бөлүм башчы болуп иштечү. Бир күнү «обону жакшы экен, бирок сөзү купулга толбой жатыптыр, гитара менен кыӊылдап ырдап каласыӊ, бул обонго ыр жазып көрчү» деп атам сунуштап калды. Ал обонго “Махабат” деген текст жазып бергем. Аны Гүлмайрам Момушова ырдап чыккан. Азыр Жамиля Муратова ырдап жүрөт.

– Мурун жүз долларга ыр жазып берчү элеӊиз. Мезгилге жараша курсуӊуз дагы көтөрүлдүбү?

– Бир ырдын текстин 200 долларга жазам. Аранжировка жасагандар бир ыр үчүн 300 доллардан жогору алышат экен. Акын менен обончу алардан эмнеге төмөн бааланат? Чынында, ырды ар башкача көркөмдөп чыккандар арбын. Ал эми чыгарманын автору бирөө бойдон калат да. Ырдын сөзүн жазып бергенден кийин ырчыга «жактыбы, өзгөртчү жери болсо оӊдоп берейин. Ыр биринчи сенин жүрөгүӊө жетсе, анан сен элдин жүрөгүнө жеткире аласыӊ» деп айтам.

– Отуздан өткөндө үй-бүлө куруптурсуз, сүйүүгө кеч кабылдыӊызбы?

– Ыр болсо эле дүнүйөм түгөл болуп жүрө бериптирмин. Үйдөгүлөр «жашоодон так өтөсүӊбү?» деп кулактын кужурун алат да, анан өзүмдүн айылдык классташым Бурулканга баш кошсом, “өзүнөн алда канча жаш периштеге үйлөнөт десек, ушунча жыл күтүп жүрүп классташын алып албадыбы!” деп жоро-жолдошторум күйүп да, күлүп да жүрүштү. Солкулдаган сулуу кыздарды алсам деле болмок, бирок Бурулкандай мени түшүнгөн өмүрлүк жар керек болчу. Ортобузда бир кыз, бир уул бар. Чоӊ апамдын аты Күмүшай болчу. Апамдай кеменгер адам болсун деп кызымдын атын Күмүшай деп койгом. Учурда жогорку окуу жайын аяктап, бир компанияда иштеп жатат. Уулумдун аты Дастан. Орусиянын Ставрополь шаарында билим алып жатат. Орусча рэп жазып жүрөт. Кызым экөөбүз кыргыз тилин таза сүйлөө боюнча мелдешип алганбыз. Ар бир орусча сөзгө 10 сом айып пул салынат. Мен орусчаны көп аралаштырып сүйлөп 1000 сом төлөп бергем. 3 айдан бери эсептеше элекмин, кызым «3000 сом болуп калды» деп кудуӊдап жүрөт.

Султан Төрөбеков, Адилет Бектуров, «Супер-инфо», №647 27-март-2-апрель, 2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.