Асыл адамдар: Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн

(Уландысы. Башы)

02.09.1928
Түнүчүндө жакшы уктай албадым. Кечке эле: “Эртең эмне болор экен?”деп ойлой бердим. «Макар Чудраны» араң окудум жана Горькийдин «Биринчи сүйүүсү» менен тааныштым. Эгер мен буларды мурда окуган болсом, андагы каармандарды «келесоолор» демекмин. Азыр мен бекем, жалындаган, жүрөктөн чыккан сүйүү эмне экенин түшүнөм. Горький өзү жөнүндө эмес, Забар жөнүндө эмес, мен жөнүндө жазгандай сезилип кетти. Азыркы окуяларды он жыл мурун туйгандай көрүндү. Айырмасы эле- канчалык кыйын болсо да, Забар менен Радда жасаганды мен жасай албайт элем…

Вагондун терезесинен жыйналбаган эгин талаасын көрдүм. Жаратылыш да бизге «жардам» берип жатканын ойлодум. Өлкөбүз түшүмдү жакшы эле алат, бирок наны жетишсиз, анткени өнөр жай товарлары жок, дыйкандар түшүмүн сатышпайт, анткени тынымсыз жамгыр жаап, эгинди жыйнаганга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Өлкө айыл чарба кризисинин алдында турат. Ушул абалдан кантип чыгууну эч ким билбейт. Оңдо-солдо жалаң жол башчылар, бирок өлкө кантип өнүгүш керек экенин эч ким айтып бере албайт. Эгер Ильич болгондо…

05.09.1928
УОСто жана НКПСтен тилкенин курулуш планына киргизилишин териштирип чыгышты жана НКПС курулуш зарыл дешип, буга бекем турушмакчы. Бул жагынан жолуң болгонун ойлосоң, жыргай түшөсүң.. Эртең менентен баштап Хинчукка жолугайын деп жолуга албай койдум. Мекемеде жок экен. Жамгыр жаап турат. Чарчаганымды сезип турам. Өзүмдү да ойлош керек болуп калды, андан ары эмне болот?

… Мындай жашоонун мага кереги жок. Мурдагы, иштегенди билген жана ишке жан дили менен кубанган Ж. үчүн күрөшөм. Эгер аны таппасам, анда бүттү, баары бүтөт.

БКда болдум. Кызматкерлер тууралуу сүйлөштүм. Эл комиссарынын үч орун басарын, жер боюнча, юстиция боюнча, саламаттык сактоо боюнча орун басарларды сурадым. Мен Москвадан кеткенче издеп табууга убада беришти.

ВЦИКтин секретариатында Өзбек өкмөтүнүн бюджетинен Кыргызстанга Сүлүктүдөгү оорукана, мектептер үчүн каражат боюнча токтом даярдаттым. Бул Союздун ЦИКинде бекитилиши керек. Жолдош Позерн менен сүйлөштүм. Борбор Азия АЗЭКОСО келерки жылдын ирригациялык курулуш планына Ат-Башы участогун кошту, ал эми Союздун мампланы Чүй өрөөнүндө иликтөө иштерин киргизди. СТО Түрксибге тартылган райондун чарбаларын көтөрүү чарасын сунуштады, ал эми Орто Азия суу чарба мампланынын «келесоолору» тескери жасап атышат. Өкүлчүлүккө директива бердим, алар өкмөттүн атынан протест берсин деп. Сууну топтоо жагынан да мүчүлүштүк бар. Дотация бербей жатышат, а бизде болсо таңсыктык. Эгер дотация берилбесе, суу чарбасынын эксплутациялык иштерин жыйыштырып кой дегенге барабар. Социализмге таш баканын жүрүшү менен келатабыз. Хинчук дагы эле келе элек…

(Уландысы келерки санда)

Орусчадан которгон Айгүл Бакеева, «Полит Клиника», 08.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.