Гүлбара Орозова: “Кол жазмаларды жоготуп алсак, тарых бизди кечирбейт”

Кол жазмалар фонду кыргыз элинин тарыхынын, руханий маданиятынын очогу болуп эсептелет. Эгерде биз ал кол жазмаларды жоготуп, же жараксыз кылып ала турган болсок, аны кайра калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Анда кийинки муун, тарых бизди эч качан кечирбейт.

1-апрелде ЖКнын пленардык жыйынында Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин демилгеси менен иштелип чыккан “КР Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондунун абалы жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.

Анда тармактык комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев ушу тапта КР Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунун абалы өтө начардыгын айтып, кол жазмалар Кумтөрдүн алтынынан да баалуу экендигин баса белгиледи.

Мына ушул теманын тегерегинде бүгүнкү программабыздын алкагында маек курдук.

Суроолорубузга КУИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун фольклор бөлүмүнүн жетектөөчү илимий кызматкери, филология илимдеринин кондидаты, доцент Гүлбара Орозова жооп берди.

Алгач ушул УИАнын кол жазмалар фондунун түптөлүү тарыхы тууралуу кененирээк маалымат берип өтсөңүз. Кандай бөлүмдөрдөн турат жана ал жакта кандай баалуулуктар сакталган?

– 1922-жылы илим комиссиясында өзүнчө бир бөлүм ачылып, кол жазмаларды чогултуу маселеси каралып, Кыргызстандын аймагынан акырындап, мүмкүн болушунча кол жазмалар, элдик оозеки чыгармачылыктын бардык жанрлары чогултула баштайт. 1954-жылы Илимдер академиясы түзүлгөн соң ал жерде Кол жазмалар фондусу деген бөлүм уюштурулуп, ошондон бери кол жазмалар сакталып келе жатат. Демек, өткөн кылымдын башынан баштап кол жазмаларды чогултуу иши колго алынган. Бул өтө татаал, зирек мамилени талап кылган иш болгондуктан, буга көптөгөн адамдардын эмгеги жумшалган. Айрыкча Тил жана адабият институтунун кызматкерлери бир кылым бою экспедицияга чыгып, жер-жерлерден кол жазмаларды чогултуп алып келип турушкан. Мындан сырткары айыл жеринде иштеген мугалимдер, фольклорго кызыккан инсандар, акындар, оозеки чыгармачылыкка кайдыгер карабаган, таланттуу, сөздү барктаган, сөз өнөрүн аздектеген адамдар баалуу мурастарды алып келип тапшырып турган. Бул процесс 1986-жылга чейин үзгүлтүксүз иш жүзүнө ашырылып келген. Ошол жылдан бери атайын экспедицияга акча бөлүнбөй, кол жазмаларды жыйноо солгундап, дээрлик токтоп калды. Ага чейин институттун кызматкерлери жыл сайын жайында фольклордук экспедицияга чыгып, жыйнап турушкан. Мурда эл арасынан дагы бир топ материалдар келип түшчү, азыр андай эмес тилекке каршы. Жок дегенде учурда болуп жаткан акындардын айтыштарын жыйноо керек. Бул жерде биздин кызматкерлер дагы кайдыгер мамиле жасап жаткандай.

Ал эми жыйналган материалдар өтө көп жана көп тармактуу. Ал жерде тарыхый, тилдин бардык аспектилерине байланыштуу материалдар бар. Андан тышкары акындар чыгармачылыгы, кыргыз жазуучуларынын чыгармалары сакталып турат. Жалпысынан айтканда сакталган материалдар түрдүү мазмунда, тематикада. Бардыгы кол жазмалар түрүндө сакталып турат. Фонд бир эле бөлүмдөн турат. Болгону 6 киши иштейт.

– Ушул күнгө чейин фондго кандай көңүл бурулуп келген, же жетиштүү көңул бурулбагандыктан ушундай абалга жетип отурабы? Былтыркы жылы ИАсынын жетекчилиги тарабынан фонддун абалы жакшы экендиги кабарланган эле. Эмне себептен буга чейин бул маселе көтөрүлгөн эмес?

– Бул маселе буга чейин деле далай жолу көтөрүлүп, кат жүзүндө дагы, оозеки дагы чоңдор тарапка коңгуроо кагылып, айтылып эле келген.. Кептин баары ошол маселенин чечилбей келишинде. Дайыма күн тартибинде болуп келсе дагы, өкмөт муну колдогон эмес. Акыры жетекчилик ЖКнын депутаты Каныбек Осмоналиевди алып келип өз көзүнө көрсөтүп, институттагы башка маселелерден дагы кол жазмалар фондунун маселеси негиздүүрөөк экендигин жеткиргенден соң, көтөрүлүп жатат. Буга чейин өзүбүздүн күчүбүз менен чет элдик гарнттардын негизинде азын-оолак иштерди жасап жатабыз. Бирок ал иштин чети гана. Айта берсе дагы жасай турган иштер толтура. Анын бардыгы акча каражатына келип такалууда.

– Бүгүнкү күнү көрүлүп жаткан аракеттер кеч эмеспи? Дегеним, кээ бир материалдар буга чейин эле жарактан чыгып калган жокпу?

– Эч кандай кеч эмес. Азыр бардык материалдар өзүнүн калыбында, бирок, учурдан кечигип калбаш керек. Жоголуу коркунучунда турат. Биз ага жеткирбешибиз керек. Бул шашылыш түрдө колго алынуучу жана кечиктирилгис иш.

– Кол жазмалар фондунда сакталган материалдарды санарипке өткөрүү керектиги айтылып жатат. Бул иш канча убакытты жана канча каражатты талап кылат?

– Муну кайсы бир убакытта бүтүрүп коёбуз деп айтуу кыйын. Иш процесси ар кандай. Ал жердеги кол жазмалар араб, латын ж.б. ариптерде, аны колдонуучулар түшүнө беришпейт. Ошондуктан, алардын бардыгын азыркы арипке көчүрүп жазыш керек жана электрондук вариантка өткөрүү зарыл.

– Эгер акча каражаты бөлүнүп кала турган болсо, алдыда кандай иштер жасалышы керек?

– Эң алгач тез арада оңдоп-түзөөдөн өткөрүүчү кол жазмалар бар. Кагаздар эскирип, көпчүлүк кол жазмалар карандаш менен жазылгандыктан, алар өчүп, окулбай калышы мүмкүн. Китепканадагыдай картотека, айтуучулардын энциклопедиясын түзүш керек. Ошондой эле ал жердеги штатты көбөйтпөсө, аткарыла турчу иштер абдан көп болгондуктан, алты кызматкер эч нерсеге жетишпейт. Жогоруда айтылгандай, азыркы арипке түшүрүү жана электрондук вариантка өткөрүү зарыл. Биз азыр аны сактап эле туруу жагына көңүл буруп, алыбыз ошого гана жетип жатат.

Каныкей Бозгунова, «Марал ФМ», 07.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.