Түрк дүйнөсүн таңданткан кичинекей манасчы

Кичинекей манасчы Үмөт Болот уулу жакында кыргыз делегациясы менен Түркия жергесине барып келди. Нооруз майрамына арналып Анкара шаарында өткөн иш-чарада биздин көчөт манасчы өз өнөрүн тартуулаган.

– Түркия жактыбы?

— Стамбул шаары аябай сонун экен. Бул аймактын губернатору менен мэрине жолуктум. Андан кийин Анкара шаарына бардык. Анкара шаарынан 500 км алыс Иса пайгамбардын үңкүрүнө бардык. Султан Сулеймандын мечитине барып, намаз окудук. Эртеси күнү Султан Сулеймандын гареми – Топкапыны көрүп чыктык. Анкараны кыдырдык. Мехмет Султандын музейине барып, атам менен куран окудук. Стамбул шаарында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чо-оң эстелиги бар экен. Ал эстеликти көрүп алып, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин эстелиги эмнеге жок деп ойлоп жаман болдум. “Манас” айттым, түрктөр мага аябай кол чабышты. Дагы “Манас” айта берейин десем, атам мени алып кетип калыптыр да.

– Атыңды ким койгонун билесиңби?

— Атам койгон экен. Мени атам менен апам, анан Саякбай атам жакшы көрөт.

– Үмөт, канчага чыктың?

— Азыр 9 жаштамын. 2-класс болмокмун, мен 3-класска аттап кеткем. Атам-апам болуп Чолпон-Атада жашайбыз.

– Сабак окуганды жакшы көрөсүңбү? Мугалимиң ким?

— Ал да жакшы, “Манас” айткан да жакшы. Эжейимдин аты Майрам. Адабий окуу сабагын аябай жакшы көрөм. Мугалимим тентек кылып койсом кичине урушуп коет. Үйгө келгенде сабагымды апам кечке окутат. Кошумча англис, математика жана орус тил сабактарына барам. Тапшырмаларымды аткарып, “Манас” айтып бүткөндө кичине ойноп келгенге уруксат беришет. Ошон үчүн сабагымды эрте окуйм. Комузга да бара баштадым.

– Канча бир туугансың?

— 2 байкем бар. Астанада дагы бирөө бар, аны менен үч.

– Алар дагы “Манас” айтышабы?

— Байкемдер мурун мектепте окуп жүргөндө айтышчу. Атам кичинекей кезинде “Манас” айтчу экен. 1-классында түшүндө Саякбай атаны көрүптүр. Мектепке бара баштаганда Дөөлөт чоң атам каршы болуп, айтпай калыптыр. Жаш кезинде аябай күпүлдөтүп айтчу экен. Азыр деле бир аз айтып калат.

– Канча жашыңдан баштап “Манас” айтып калдың?

— 3 жарым жашыман бери айтып келе жатам. Атам “Манасты” жомоктой кылып окуп берет.

– Саякбай атаны түшүңдө көрдүң беле?

— Ооба көргөм. Мага сүйлөгөн жок да, жанымда көпкө отурду.Саякбай атам жакшы.

– Чоңойгондо ким болгуң келет?

— Саякбай ата болгум келет. Манасчы, анан министр болгум келет.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА, «Эркин тоо», 10.04.2015-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.