Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн

(Уландысы. Башы)

07.09.1928
БКда болдум. Жээнбаевдин иши боюнча. Биз жумушчу борборуна иштөөгө жиберсек, бул жактан аны дыйкандар районуна жиберип коюшуптур. Бул туура эмес, аны жумушчу райондорго которуу маселесин койдум, ошондой болот деп алар убада беришти.

НКПпрос-Эл агартуу эл комиссариатында болуп, А.В. Луначарский менен Анварды Москвадагы балдар үйүнүн бирине орноштуруу боюнча сүйлөшөйүн дегем. Бирок ордунда эмес, 10до болот экен. Хинчукту дагы эле кармай албай жатам, дайым эле бир жактарда жоголуп кетет. Чоңдордун эшигин жыртып жүргөндөн тажап кеттим.

08.09.1928
Күндөлүгүмдү кайра бир сыйра окуп чыгып, анын барактарында жазылган келжиректерден бүткөн боюм дүркүрөп кетти. Эңкейиште жүрүп, аз жерден төмөн кулап кетээриме аз эле калыптыр. Анда жазылгандарда кеп жок, кеп өмүрүмдүн эң кызыктуу убагы, менин кабатыр болгонум так аныктама ала албаптыр. Күндөлүгүм өзүмдүн эң сонун каррикатурам экен. Бул менин биринчи тыянагым. Айрым кишилер жалпы ишке, адамзаттын ишине жан оту менен берилип, жеке турмушунан баш тартышат, жеке турмуш алардын оюнда эч кандай роль ойнобойт деп айтышат. Менимче, ал кишилер калп айтышат. Жалпысынан бүткүл жамааттын бирдиктүү күрөшү жана жеке кишинин өзүнчө күрөшү. Бул жагынан алганда абалым жаман дегиден да кыйын. Жеке турмушта менин таянычым болбоду, жеке турмушумду саясий жагынан өсүүгө шарт түзгүдөй жүргүзө албадым. Өмүрлүк жолдошту тандаганда жаңылып калганымдын өзү трагедия, жеке турмушумда түзүлгөн бир кызыктай абалды дагы эле издеп жүрөм, мага «жар» гана эмес, иш үчүн күрөштө да жолдош болчу киши керек. Мен аны издеп жана таап алгам, бирок…Ушул «бирок…» мени кайсы бир убакка чейин жай турмуш ыргагынан чыгарып таштады. Эң акыркы үмүтүм өчүп калгандай көрүнгөн. Бирок иш жүзүндө андай эмес экен.

09.09.1928
БКда бирге иштешкен жолдоштор менен жолуктум. «Учурдагы маселелер» жана БКнын саясаты тууралуу сүйлөштүм. Анын тууралыгына эч кимдин деле ишеними жок. Тандап алган багыттын жана жүргүзүлүп жаткан иштердин тууралыгына. Анын натыйжасында орточо звенодогу партактивдин маанайы пас. Жооптуу иштерден качуу, жооптуу болгусу келбегендик орто звенодогу партактив үчүн мыйзамдай болуп калды. Москваны көргөндө менин маанайым чөгө түштү. Мамлекеттик аппараттын бюрократиясы, активдер арасында кандайдыр үмүт үзүлүү, пессимизм пайда болду, сырттан келгендерге ушунун баары даана көрүнүп турат. Бул ээрге эптүү отурбагандарды, күрөшүп жаткан иштерибизге жеткире ишене албагандарыбызды андан бетер алсыратып салды. Москвадан тезирээк кетиш керек. Аймактарда иштеген эң жакшы жана тынчыраак да болот. Кантсе да элдин турмушуна аралашасың жана өз ишиңди билесиң.
Вардин келген. Аны менен тааныштым жана түштөнүүгө бирге бардык. Мага ал жигит жагып калды. Оппозициянын арасында жакшы балдар бар. Кечке Бористикинде болдум.

(Уландысы келерки санда)

Орусчадан которгон Айгүл Бакеева, «Полит Клиника», 12.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.