Агындылар

Урматтуу окурмандар, сиздер Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин кара сөз түрүндө жазылган «Агындылар» китебинен «Эне» деген бөлүктү окуп жатасыздар. Аталган китепке жетпей жүргөн окурмандар үчүн автордун телефон номери: 0557 711 878

(Башы өткөн сандарда)

Ошентип, нарындык кыз мени сүймөк турсун карап да койгон жок. Менден чоң класста окуган, математиканы, физиканы жакшы билген, тыржыйган узун бойлуу, баарынан кызыгы, мурду меникинен да чоң кара бала менен сүйлөшүп кетти. Кыздын мени «… мурду чоң экен» деп чанганы жөн эле шылтоо экенин түшүнгөн соң, мурдум кичирейе түшкөнсүп, аябайле жеңилдей түштүм. Ал эми тигил мурду меникинен чоң баланын менден эң башкы айырмасы – атасы бар эле жана ал чарбадагы майда аткаминерлердин бири болчу.

 

* * *

Желим аябай чыкты. Каяктагы нарындык кызды сүйө калам деп мурдагы кызымдан да ажырадым. Өңү жылма, ийне жеген иттей болуп, интеллегент көрүнүп тыржыйган арамза балдарга караганда ээрди калбыйган, мурду барбыйган балдардын сүйүүсү да, өзү да таза болоорун кыз байкуш деген билбейт экен да.

 

* * *

Кайсы бирин айтайын! Өмүрдүн бир сонун күндөрү мына ушул касиеттүү Нарында өттү. Зейне экөбүз биринчи жолу ушул шаардан балалуу болдук. Эки кызым ушул шаарда төрөлдү. Абдыракмандай аталуу, Анипадай апалуу болдук. Редактор Дүйшөнбай Мусаевдин колунда иштедим. Турганбектей, Акибайдай досторду таптым. Нарында жүрүп кусалык кандай болорун, сагыныч кандай болорун, куса болуп жазган ыр кандай болорун түшүндүм.

 

* * *

Нарындан кетким келбей атып кеткен элем. Азыр Нарынга бара калсам аттиштин оозунда тургансып кысылып кетем. Артыңда Ала-Мышыктын ажайып тоосу. Алдыңды карасаң дүйнөнүн бир да жеринен табылбай турган, маңдай сөөгүнөн ажырап, каңылжаары көрүнгөнсүгөн кызыл жар аскалар, кызыл-жаян кыялар, «Нарын эле Нарын» деп дардаңдап жетип келсең Ат-Башы дайрасындай кеңирсип, теңирсип акпай, бир кулак сууга окшоп тар капчыгайдын түбүнө тыгылып алып агып аткан дайра, көпүрөсүнүн Ат-Башынын көпүрөсүндөй узун болбой, кенен болбой, сабы жок чалгыдай мултуйган кыскалыгы купулуңа толбой кетет. Жапон аялдарынын өспөй калган буттарынын жыгач сандалындай болгон бул шаарга илгери кантип батып жашаганыма таң калам. Ал мага баягысынан да тарый түшкөнсүп сезилет. Айылдын жепирейген тамдарынан келген тогуз жаштагы Кеңешалынын башынан шапкесин түшүрүп, асман тиреген үй болуп көрүнгөн төрт кабаттуу 64 азыр деле ордунда турат. «Ошентип куушурултуп-куучуйтпай эле берки Бети-Калдынын талаасына салганда Кудай албайт элего» деп, бир кейип алып, Ат-Башыга жөнөйм.

 

* * *

Жөнөп баратып, илгери эл деген азаматтардын бири, Эмгекчилдик Сыдык Чаначов деген чоң кызматкер Нарынды ушул Бети-Калдынын талаасына салдырчумун деп чиймесин чийдиртип, тиешелүү жерлерге кол койдуртуп бүтүп калганда көлгө чөгүп кетип, ошол бойдон чиймеси да, өзү да жок, салынбай калыптыр деген сөздү эстейм.

 

* * *

«Азыр деле кеч эмес го? Ансыз деле чоймодой чоюла берип Нарындын аяк-башы үзүлгөнү араң турат. Бүт облустан чогулса, чөнтөгүнөн акча чубурган бай жигиттер кудая шүгүр, аз эмес. «Назарбаевден эмнебиз кем» деп бир чыгынып, Бети-Калдынын талаасына дүйнөнү таң калтыра турган, чолпондой болгон бир керемет шаар куруп койсо болот эле го, атаганат!» деп кыялданам.

 

* * *

Кызыл-Белди ашканда кыялым чабыттай баштайт. Чарды ашканда чакчелекей түшөм. Шаңкайып Ат-Башынын келберсип жаткан кең өрөөнү көз алдыма тартылары менен Нарын дароо унутулуп, жашоо жайнап, баарын жыйыштырып салып ичким гана келип чыгат. Эмнегедир ошондо айыл, өсүп-өнгөн үй, өлөң төшөгүм эмес, а дегенде эле Токтогул менен Жекшенбай эске түшөт. «Үйлөрүндө болгойле, темселеп, мал – сал деп, дагы Ак-Сай, Үк-Сөйүнө кетип калбагайле, ушуларга жолугуп, бир аз чер жазып алып, анан Ача-Кайыңдыга кетейин» деп тилей баштайм. Аңгыча мени көрө салып, далысын далдактатып, жеңин делдектетип, желин жетелеп, шыбактуу адыр-жонун ээрчитип, жан – алы калбай чуркап келаткан Сары – Коонун талаасы көрүнөт.

 

* * *

Ошентип, «жапон аялдарынын өспөй калган буттарындагы жыгач сандалына окшогон Нарынга илгери кантип батып жашаганыма таң калам» деп атпаймынбы. Чынында эле жалаң кыргыздар иштеген жердегидей эле адамды акылына эмес, кызматына, кийимине карап тосуп алып, кызматы менен кийимине карап баалаган, аялдары жарашса, жарашпаса да кымбат кийинген алакандай шаарда жашаш аял катары Зейне үчүн канчалык оор болсо, мен үчүн андан бетер кыйын болду.

 

* * *

Анткени, отуз жаштан оогонума карабай, кызмат тургай үй-жайы жок, алигиче турмуш-жайымды жөндөй албай жүрсөм, менин жашымдагылар алды эбак эле облустук деңгээлдеги мекемелердин эки тизгин, бир чылбырын чоюп, өкмөт берген үйлөрдө жашап, машина минип, жума сайын мейман чакырып, жума сайын мейманга барууну адат кылып алган кези эле. Мейман күтүү карапайым адамдар үчүн айлап-жылдап тапкан-тергенин бир отурушта ичип-жеп кетип калчу курулай шаан-шөкөт болсо, алар үчүн колунда бар байлар менен байланышуунун, мансаптуулар менен мамиле түзүүнүн, кызматтан-кызматка секирүүнүн «трамплини», Нарынга окшобогон башка бир дайра аркылуу чоң адамдарга каттап туруучу көпүрө болчу.

 

* * *

Нарында жашоо оңбогондой кымбат эле. Бүтүндөй мал-жандуу райондору, килейген эт комбинаты туруп, шаардын азык-түлүк дүкөндөрүнөн бир килограмм да эт сатып алууга мүмкүн болбой калган. Эт тургай, ырыстуу кийим-кечек да, жадакалса Москвадан чыккан дүйнөлүк классиктердин китеби да обком менен облисполкомдун атайын талондору аркылуу, атайын тизмеге илинген гана кишилерге сатылчу. Таңсык товарларды а дегенде обкомдун биринчисинин аялы көрүп чыгып, алчусун алгандан кийин анан калган чоңдордун катындарын кызмат даражасы боюнча кыдыртып кетчү.

 

* * *

Айлык айдан айга гана жашаганга араң жеткендиктен, чоңураак буюм-тайым сатып алалбай, ушу бойдон өмүр бою квартирде жашап өтө тургансып, кара курсактан башканы ойлоого чама-чарпыбыз да келбей калган эле. Жакшы китеп менен жакшы кийимден кудай айтпаган соң иштен чыгарыбыз менен эт издеп кетчүбүз. Редакциянын күбөлүгүн «көтөрүп чапкандан» уялып, мурда опком комсомолдо жүрүп гезитке келип иштеп калган, алтын тиштерин жаркылдатып «эжекелеп» ийгенде дүкөнчү келиндер күлүп жиберген Таалайбектин жардамы менен эки кил эт сатып алып, үйүмө чоң эрдик жасап баргансып барар элем.

 

* * *

Үйүм Нарын суу көрүнүп турган жолдун бурчундагы Абдыракман атанын короосундагы жалгыз терезеси күн баткан жакты караган тепкедей жер там болчу. Турганбек менен Акибай бизди ошол үйгө бир ала кийиз, бир шырдак, эки жууркан, бир мүшөк китебибиз менен жөөле көчүрүп келген. Баса, Зейне экөөбүздүн дагы эки чыныбыз, бир казаныбыз, анан басмаканадан бирдеме жазганга деп сурап алган бир таңгак актай барагыбыз бар болчу.

 

* * *

Отуз жашка чыкканда араң окуумду бүтүп, үйлөнүп, отуз биримде Нарынга келип, Зейнени шаардын мектеп-интернатына эптеп мугалим кылып орноштуруп, өзүм «Нарын правдасы» гезитинин бир бөлүмүндө кабарчы болуп иштеген, келечек кандай болору белгисиз, азырынча үй-бүлө, оокат, дүйнө деген эмне шумдук экенин билелек менин алдымда баса турган жолум да барактай ап-акай эле.

 

* * *

Мынабул аңызда жездемдин изи калбаган, буту кечпеген суу, кетмени тийбеген чым, чалгысы тийбеген чөп калган жок. Керзи өтүгү өмүр бою бутунан түшпөдү. Парторг «кубалап» жүрүп акыры сүрөтүн тарттырып алып, совхоздун «Ардак тактасына» илдиртти. Жээрде мурутчан жездем жымыйып, кантордун кире беришинде көпкө турду. Улуу согуштун баланча жылдыгына деп, кээде Москвадан медаль келе калып, кээде өкмөт бекер көмүр түшүрүп берип жүрдү. Көзү өтөрүнө аз калганда согуштун майыбына берилчү «Запорожец» алды. Көзү өткөндөн кийин сөөгү мына ушул Алмамбет жаткан Чеч-Дөбөнүн жанына коюлду. Деги эле атбашылыктар бекеринен Чеч-Дөбөнүн жанына жөн кишилеринин сөөгүн жашырышпайт.

 

* * *

Бала кезге жетеби? Бирок, анын бактысы да, азабы да теңме-тең болду. Эне-бала ээрчишип алып таңатпай отунга барганыбызды эстейм. Сайдын жээгиндеги чычырканактуу бадалга колу-бутубузду тыттырып, алыбыздын жетишинче термелеп, куурап калган бутактарын сындырып, сынгандарын жыйнап, чогултуп, белибизге байлай келген көтөрмөгө таңып алып жолго түшөр элек. Кыргыздар үч метрге жакын аргамжы жибин көтөрмө деп коёт.

 

* * *

Энем а дегенде менин отунумду көтөртүп, анан өз отунун сүйрөп барып жардын четине коюп, кашатка түшө калып, өз ыкымына салып көтөрүп жөнөчү. Энемдин көтөрүп бараткан отуну мага тоодой чоң көрүнчү. Биз эне-бала сай бойлоп ээрчишип, улам кашаттуу жар көрүнсө тынып алып, айылга түшүп кетчүбүз. Эс алып олтура калганыбызда энем чөп-чар илээшкен бети-башынан аккан терин, деги эле жаралгандан жакшылык көрбөгөнсүп, ийрейип-мыйрайып жарылып кеткен манжалары менен терин аарчып, ак чалган чачын оңдоп, жоолугун кайра салынчу. Энемди аячумун. Бир да баланын энелери менин энеме окшоп отун терип, отун көтөрчү эмес.

«Атаңгөрү-ай, бир заматта ак дөө болуп кубулуп калсам, энемди отун-мотуну менен көтөрүп алып, бир да кишиге, бир да баланын көзүнө көргөзбөй келип үйдө болуп калат элем. Анда энемди убара кылбай, өзүм эле отунду тоодой үйүп салмакмын» деп кыялданаар элем.

(Уландысы бар)

«Де-факто», 13.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий