Полот хан – оторчулукка каршы көтөрүлүштүн символу

17-апрелде Кыргызстандын Кызыл-Кыя шаарында Кокон хандыгынын эгемендиги үчүн күрөшкөн Молдо Искак Асан уулунун (Полот-хан, 1844-1876) 170 жылдык мааракесине арналган илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлөт. Деги Полот-хандын тарыхый орду эмнеде?

 

Кыргыз молдосу – Кокон хандыгынын “Пугачеву” катары карала алабы?

Падышалык Орусияны 1773-75-жылдарда титиреткен Дыйкандар согушунун жолбашчысы, өзүн “Пётр Үчүнчү” деп жарыялап алган дондук казак орус Емелка (орусча – Емелька) Пугачёв (1742-1775) дээрлик бир кылымдан кийин, 1844-жылы Борбордук Азияда ферганалык Асан аттуу кыргыз молдонун үйүндө Искак деген уул төрөлөөрүн, ал дагы туптуура 100 жылдан кийин, 1873-жылы жалган жерден өзүнө хан тукумунун “Полот хан” (“Пулат хан”) деген ысымын ыйгарып алып, көтөрүлүшкө жолбашчылык кылаарын, албетте, алдын ала билбейт эле. Искактын көтөрүлүшү дагы жеңилүүгө учурап, ал дагы падышалык жазалоочу аскерлерге туткундалып, 1876-жылдын 1-мартында Жаңы Маргалаң шаарында дарга асылган. Емелканын болсо башы алынган.

Пугачёв менен Искак Асан уулу экөө тең ар кыл этностордогу күчтөргө таянышкан. Пугачёв түрк калктарына, маселен, башкыр элинин атактуу уулу, баатыр жана төкмө акын Салават Юлаевдин (1754-1800; анын атасынын ысымы кыргызча “Жолой” делип айтылат) кошуунуна да таянган. Искак Асан уулу болсо Кокон хандыгын жердеген түрк жана фарсы тилдүү этностордун бардыгына таянган.

Сырткы окшоштуктар болгону менен, Молдо Искак менен Емелка Пугачёвдун окуяларынын жана бейнелеринин асман менен жердей айырмасы да бар.

Маселен, биринчиден, Пугачёв падышалык Орусиянын ичиндеги элдик көтөрүлүштү жетектеген жана карапайым орусиялыктардын кызыкчылыгын коргогон. Искак Асан уулу болсо – падышалык Орусияга таптакыр баш ийбөө үчүн, көп этностуу Кокон хандыгынын эгемендигин калыбына келтирүү үчүн согушкан.

Экинчиден, Емелка Пугачёв – сабатсыз болгон, манифесттеринин этегиндеги ал эптеп-септеп кол койгон жазуу сымал чиймелерди сабаттуу үзөңгүлөштөрү “бул эмне тамга?” деп сурашканда, “бул – латын ариби” деп жалган айтып кутулган.

Искак Асан уулу болсо – өз доорунун билими жогорку деңгээлде болгон инсаны, ферганалыктардын “молдосу” болгон (медреседе сабак берген молдону өз окуу жайынын профессору катары караса да болот).

Үчүнчүдөн, Советтер Биримдиги доорунда Пугачёвдун көтөрүлүшү расмий дарс китептеринде оң маанидеги окуя катары даңазаланган, ал эми Искак Асан уулунун көтөрүлүшүн падышалык Орусиянын өкүмүнө каршы исламчыл жана эгеменчил кыймыл катары “жеригендер” да болгон, анын прогрессивдүү мүнөзүн жактагандар да чыккан.

Демек, Полот хандын көтөрүлүшү – эгемендик туусун желбиреткен куралдуу көтөрүлүш. Аны Пугачёвдун кыймылы менен чаташтырууга болбойт.

 

Искак Асан уулу – кыргыз молдолорунун жана агартуучуларынын бири

Искак молдо Асан молдо уулу 1844-жылы Кокон хандыгына таандык Маргалаң аймагындагы Охна кыштагында туулган. (Азыркы гана географиялык картаны билгендерге кулак кагыш кыла кетсек, бул айыл – бүгүнкү күнү Кыргызстандын Баткен облусундагы Кадамжай районуна караштуу А.Орозбеков атындагы кыштак).

Теги – кыргыздын ичкилик уруусунун бостон уругунан. Атасы молдо Асан хандыктагы медреселерде жана мектептерде сабак берген.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов белгилегендей, мударистик кылып жүргөн Асан Молдо уулу Искакты өзү менен кошо ала жүрүп, сабатын ачып, анын илим-билимдүү болушу үчүн кам көрүп, медресеге окуткан. Кийин Асан Молдо Маргалаңдагы “Ак медресеге” которулганда Искак да кошо келип, окуусун улантат.

Айтмакчы, Искактын атасы да, өзү да чоң молдо болгонун баса белгилеп туруп, тээ совет доорундагы айрым жазмакерлердин 1917-жылга чейин кыргыздар сабатсыз болушкан, Ленин гана кат-сабатыбызды ачкан” деген “жомогун” эрксизден эске түшүрөбүз. Кашкарда, Бухарада, Кокондо, Анжыянда, Ошто ж.б. таалим алган миңдеген кыргыз молдолорунун мисалында да кыргыздар көөнө жазма маданиятка ээ калк болгонун тастыктай алабыз (6-12-кылымдардагы руна сымал жазманы жана башка тарыхый жазмаларыбызды айтпаганда да, бабаларыбыз 10-кылымдан бери арап жазмасын колдонуп келишкен).

Алымбек датка Анжыянда, Ошто медресе курдурган учурларды, Чүйдө Дүрдүн мектебин, Кеминде Шабдандын курдурган мектебин ж.б. эстесек, анда кыргыздын “каймактары” 1916-жылга чейин эле жалаң өз бала-бакырасы үчүн гана эмес, жалпы калайыктын сабатын арттыруу үчүн да окуу жайлардын курулушуна демөөрчүлүк кылганын айта алабыз.

Кокон хандыгы доорунун таанымал акыны Молдо Нияз, илим-билимдүүлүгү жагынан хандыктагы уламалардын арасында зор абройго ээ Зиябидин Максым да, тарыхчы К. Молдокасымовдун оюнча, бири-бирин жакындан тааныган, жакшы алакада болгон. Мындай айдыңдар 19-кылымда көп болгон.

 

Искак Асан уулу – “Полот хан”

Сабаттуу жана өз мамлекетинин чыныгы атуулу Искак Асан уулунун тагдыры 1873-жылы чукул өзгөргөн.

1873-жылы Кокон хандыгында, бир чети, падышалык Орусиянын “тактекесине” айланган, экинчи чети, залимдигин көрсөткөн кокондук хан Кудайарга каршы элдик көтөрүлүш башталганда, көтөрүлүш очокторунун жетекчилери көчмөн өзбектерге таандык миң уругунун сулалесинин өкүмдарларынын бири Алим хандын тукумдарынан болгон Полот бектен эгемендик үчүн башталган көтөрүлүштү хан катары жалпы жетектөөсүн өтүнүшкөн.

Кыргыз Шер датка баш болгон өкүлдөр Самарканда байырлаган Полот бекке барышкан, аны көтөрүлүштү жетектеп, хан болуп берүүгө чакырышкан. Бирок жүүнү бош бул инсан лидерликтен баш тарткан. Сапары майнапсыз аяктаган алиги өкүлдөр Самаркандан кайтып келе жатып, Ташкенге жакын жерде Абдымомундун үйүнөн өңү-түсү Полот бекке окшогон молдо Искакты кезиктирип калышат. Көтөрүлүшчү топтордун төбөлдөрү Искакты Полот бектин ордуна өзүн “Полот хан” жарыялатып, калкты жетектөөгө чакырышат. Молдо Искак эл жүгүн аркалоого макулдугун берген.

(Айтмакчы, Кокон хандыгынын тарыхын жаңыча иликтеген тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин оюнча, кыргыздын курама уруусунан чыккан жана жердиги – чаткалдык Абдымомун жана Момун Шамурзак уулу – бир эле киши; тек гана көтөрүлүшчү колбашчылардан болгон бул кишинин ысымы тарыхый булактарда ар башкача эскерилип калган).

Ошентип Полот хан (Искак молдо) көтөрүлүшкө жетекчилик кыла баштайт.

Чаткалга жакын жайгашкан Ала-Бука, Актаң, Нанай, Көкжар, Мамай, Сапид-Бөлөң ж.б. айылдардагы калайык аны “Полот хан” деп таанып, хан көтөрүп, тээ 1868-жылы эле Орусияга багынып берген Кудайар ханга каршы жана эгемендик туусун көтөргөндөрдү колдоп, ири көтөрүлүштү улам жаңы аймакка жайылтышкан.

 

Элдик көтөрүлүштүн кандуу басылышы

Көтөрүлүштүн улам терең жайылышынан падышалык Орусия өзгөчө чочулаган. Теңир-Тоонун чыгышына, Тарим өрөөнүнө чейин кызыгып жаткан Орусия бул көтөрүлүш 1855-68-жылдар аралыгында эптеп каратылган Түндүк Кыргызстанды жана ага чектеш аймактарды кайра колдон чыгартып жиберет ко деп тынчсызданып, тез арада бул эгемендик кыймылын басуу үчүн бар аргасын жасаган.

1875-ж. теке (июль) айында Орусиянын оторчул өкмөтү Полот хандын бийлигин “мыйзамсыз” деп четке кагып, Кокон хандыгынын Ферганадагы жана ага чектеш аймагына улам жаңы жазалоочу аскерлерин киргизген.

М. Д. Скобелевдин ж.б. кол башчылыгы астындагы орус аскерлеринин оор куралынын күчү менен көтөрүлүш кандуу басылган. 1876-жылдын башында эгемен Кокон хандыгы биротоло каратылып, анын оодук бөлүгү “Фергана облусу” деген ат менен падышалык Орусия империясынын карамагына өткөн. (Азыркы Тажикстандын Памир аймагы 1895-жылга карата Орусияга каратылган).

1876-жылдын башында азаттыктын күрөшчүсү, тайманбас Искак Асан уулу Полот хан падышалык жазалоочу аскерлердин колуна түшүп, орус абагында кармалып турган.

Аймакты, күч менен каратып алган оторчул Орусиянын аскер сотунун өкүмү менен ал 1876-жылдын 1-мартында Жаңы Маргалаң шаарында дарга асылган.

 

Полот ханга эстелик – ал үчүн эмес, урпактары үчүн керек

Азыркы тапта жалпы Фергананын жана кыргыз элинин эгемендиги үчүн күрөшкөн Полот хандын жаркын элеси жана тарыхый орду эгемен Кыргызстанда калыс баа ала баштады.

Полот хан тууралуу калыс маалымат Кыргызстандагы жана башка коңшу өлкөлөрдөгү тарых боюнча заманбап окуу китептерге киргизилүүдө.

Искак Асан уулунун (Полот хандын) кичи Ата Журтунда (Баткен облусунда) ага арналган айкел да тургузулган. Журналист Төлөнбай Абдыразаков ал тууралуу эскерип: “2005-жылы Кадамжай районунун борбору Пүлгөн айылында райондун ошол кездеги акими Абдирашит Бостоновдун демилгеси менен жердешибиз Полот хандын эстелиги… ачылган”, – деп жазат жана ошол иш-чарага катышкан Өзбекстандын Эшен гузар деген айылынан келген Мурат ажы: …«Туугандар, Пулат хандын сөөгү биздин айылдагы мазарда коюлган…» – дегенин кошумчалайт.

Кокон хандыгынын жана кыргыз элинин эгемендиги үчүн күрөшкө өмүрүн арнаган Молдо Исак Асан уулунун 170 жылдык мааракесине багышталган жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын 2015-жылдын чын куран (апрель) айынын 17синде Кызыл-Кыя шаарында, Баткен мамлекеттик университетине караштуу Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институтунун (КГПИ) жыйын залында өтмөкчү. Бул жыйын Кыргыз Республикасынын Президенти А. Ш. Атамбаевдин колдоосу астында уюштурулуп жаткан жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоого багытталган илимий иш-чаралардын кезектегиси болуп саналат.

Жыйынды уюштуруучулардын арасында Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратына караштуу «Мурас» фонду, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Баткен Мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институту, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси, “Диалог-Евразия” платформасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ж.б. бар.

Бул илимий-маданий иш чаранын алкагында Исхак Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинде “Полот хан жана азаттык үчүн күрөш” аттуу темада жолугушуу өтмөкчү. Айтмакчы, кичи мекени Баткенден болгон И. Раззаковдун ысымынын да Искак молдонукуна окшош болгону кокустук эместир. Азыркы тапта да нечендеген кыргыз уулдарына Искак, Исхак, Ысак, Болот, Болоткан деген аттар коюлуп келет.

Өлкөнүн жана Фергана чөлкөмүнүн тарыхында бараандуу орун ээлеген бул баатыр жана уюштургуч инсан отуз эки гана жашка чыккан экен. 1930-жылдары сталиндик жазалоочу машинеден набыт болгон кыргыз чыгаандарынын көпчүлүгү да отуз жаштын ичинде кете беришкен.

Бирок алардын сепкен үрөнү – эгемендик үчүн күрөш идеясы – муундан муунга таберик болуп өтүп, акыры Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместикке 1991-жылы жетиши менен бабалардын мүдөөсү жүзөгө ашырылды.

Полот хандын азыркы урпактары тек гана мамлекеттик эгемендикти сактоо үчүн эмес, өлкөдө парламенттик демократияны мындан ары чыңдоо үчүн да күрөшүүдө.

Жаңы жарык көргөн китеп: Искак Асан уулу Полот хан: Азаттык жана мамлекеттүүлүк: 2015-жылдын 17-апрелинде Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда өтө турган жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйындын баяндамалары жана башка макалалар / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), ж. б.; илимий редакторлор профессор Т. Кененсариев жана доцент К. С. Молдокасымов. – Бишкек: “Maxprint” басмасы, 2015. – 296 + ii б., сүрөт. – “Мурас” фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү]. – “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – ISBN – 978-9967-12-477-6.

Тынчтыкбек Чоротегин, «Азаттык», 16.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.