Эрнест Хемингуэй: “Биз кайсы жерде сынган болсок, ошол жерде күчтөнөбүз”

Таасирдүү, кыска-нуска ойлору жана өзгөчө жазуу ыкмасы менен адабият айдыңына жаңылык киргизген Нобель сыйлыгынын ээси, улуу жазуучу, чыгаан журналист Эрнест Хемингуейдин чыгармаларынан кыскача үзүндүлөрдү сунуш кылабыз.

Мен сени көрдүм, керемет сулуу. Кимдир бирөөнү күтүп жатсаң да, ал тургай эгер сени мындан ары такыр көрбөй калсам дагы эми сен мага таандыксың” деп ойлоп жаттым. Сен мага тиешелүүсүң, а бүтүндөй Париж мага таандык, мен болсо, колумдагы блокнотум менен карандашыма байлангам.

Китептердин трагедиялуу жазылганы мени кайгы-капага салчу эмес, анткени, жашоо – алдын ала топтолгон трагедиялардын жыйындысы деп эсептөөчүмүн. Бирок, жаза ала турганыңа ынануу жана болгондо да чындыкты чагылдыруу, жазылгандарды окуу менен иш күнүңдү баштоо мурда эч качан сезип, туюп көрбөгөн өзгөчө кубаныч эле.

Сен кайрадан жаза баштаган согуштан кийинки учур тууралуу ойлон. Эгерде эч нерсеге алаксыбай, бүткүл күчүңдү жумшап аракет кылсаң, кандай сонун мыкты сүрөттөлүштөрдү жаза аласың, бул чындыгында абдан керек болууда. Деңиз тууралуу сен сыяктуу эч ким жакшы жаза албайт. Эгерде акылыңдан ашыкча нерселерди чыгарып салып, кырдаалды эске алып өзүңдү колго алсаң гана, көздөгөнүңө жете аласың. Чегинбе, болгонундай жаз, эмнени чындык деп эсептесең, ошону жаз. Болгону азыр жашоодо бутуңа бекем тура албасаң, бул сүрөттөлүштөр эч качан чагылдырылбайт. Адамдын жашоосу анын кылган иши менен салыштырылат. Бирок, иш кылуу үчүн, жашоо керек. Ошондуктан, бекем тур.

Буйрук бергенди жактырган адамдар бар жана бийлик кылуу укугу анын колунда болушун чыдамсыздык менен күтүшөт. Мен дагы өкүм жүргүзгөндү жактырам, анткени, бул – эркиндик менен кулчулуктун эриш–аркак кошундусу. Эркиндиктен чексиз ырахат алсаң болот, ал эми абдан коркунучтуу болуп, чектен ашып кеткенде, өзүңдүн адептик жүрүм-турумуңдун милдеттерине далдалана аласың. Мына, көп жылдардан бери өзүм билип, өтүгүмү төргө илип жүрөм, бирок, бул жагдай жадатып жиберди, анткени, мен өзүмдүн алсыз жана күчтүү тарабымы эң жакшы билем, ошондуктан эркиндигим ченемсиз болгон эмес, адептик милдеттердин чегинен чыга алган эмесмин.

“Стукач” менен жашташ экениме таң калганымы жашыра албадым. Чындыгында биз бир жылда төрөлбөптүрбүз, бирок, курбалдаш экенбиз. Албетте, бул мени түйшөлткөн эле. Бирок, менин сүйгөн, ал да мени жактырган аялым бар. Анткени, мен жалпысынан алып караганда жаман күйөө эмес элем, а ал кең пейил, жароокер, адептүү айым болчу. Анын жакшы жактарын билүүмдү каалайт эле. Күн сайын бактылуу сааттарды бирге өткөрчүбүз, ар бир айлуу түн биз менен бирге болчу. Азыр чатырдын ачылган көшөгөсүнөн жагылган оттун чогунун Африканын караңгы коюу түнүндө шамал болгондо бийлеген сыяктуу бүлбүлдөп жалындаганын карап жатып, биз бүтүндөй бактылуу элек.

Кыргызчалаган Нуржан Жумабек кызы, “Де-факто”, 15.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.