Жарыя! Т.Сыдыкбековдун айкелине сынак

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги “123-р буйругуна ылайык Кыргыз эл жазуучусу, академик, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры, коомдук ишмер Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелик-скульптурасын Бишкек шаарында орнотууну ишке ашыруу максатында “Жетимен” фонду, “Түгөлбай ата” коому жана “Түгөлбай Сыдыкбеков” атындагы коомдук фонду эстеликтин долбооруна конкурс жарыялайт.

Эстеликтин долбоорун сунуштаган авторлор (скульптор, архитектор) Түгөлбай Сыдыкбековго окшоштуруу менен гана чектелбей, улуттук ар-намысы бийик, улуу жазуучунун көркөм образын элестеткен чыгармасын жаратуулары керек. Айкелдин сынакка көрсөтүлүүчү өлчөмү 50 см. кем болбошу шарт. Талапка жооп берген бир гана эмгек калыстар тобу аркылуу тандалып алынат.

 

Байгеси – 100 000 (жүз миң) сом.

Конкурска сунушталган долбоорлорду кабыл алуу 2015-жылдын 30-августунда аяктайт. Конкурска катышкандар чыгармаларын жашыруун ысым менен төмөнкү дарекке тапшырат:

Бишкек ш., Тынчтык просп., 73/1

Телефондор: (0312) 694919, (0551) 768776

е-mail: Tugolbay ata@mail.ru

getimen-men@mail.ru

saburbek@mail.ru

Конкурстун уюштуруучулары: “Жетимен” фонду, “Түгөлбай ата” коому,“Түгөлбай Сыдыкбеков” атындагы коомдук фонду.

Кыргыз Туусу

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.