Бир ырдын тарыхы: “Эсиңдеби” жарым саатта жаралган

Каракол педагогикалык институтунда окуп жүргөндө Ысык-Көл облусу уюшулуп, көп өтпөй облустук гезит жарык көрүп, кийинчерээк облустук радио комитети иштей баштаган. Алгачкы жазган ырларым “Ысык-Көл правдасына” жарыялана калып, көп өтпөй жаңы жазган ырларыман бөктөрүнүп алып, облустук радиого баш бактым. Мурда басма сөз беттеринен ырларын окуп жүргөн акын Жакшылык Алымов менен тааныштым. Ырларымдан тандап алып, радиодон кетирди. Ошондо кыргыз радиосунда тынбай ырдалып жаткан, обонун Рыспай Абдыкадыров чыгарган “Түгөйүм” аттуу ырдын текстинин автору дал ушул Жакшылык Алымов экендигин билдим. Бир жолу акындын айылдаш иниси, курсташым Кайыпбек Абдиевди ээрчип, анын үйүнө барып, түн бир оокумга дейре маектешкенбиз. Ошондо белгилүү “Эсиңдеби” аттуу ырдын текстин кантип жазгандыгын, Рыспай Абдыкадыров кантип обон чыгаргандыгын айтып берген.

– Бишкекте, азыркы Орто-Сай базары жайгашкан жерде өзүм уруксатсыз эле салып алган жепирейген жер тамда турчумун. Рыспай Оштон келип, филармонияда иштеп жаткан. Ал учурда “Түгөйүмдүн” дүңгүрөп турган учуру. Кечкурун аккордеонун көтөрүп Рыспай келип калды. Тамактангандан кийин сөздөн сөз чыгып: “Жаке, сен азыр тезинен ыр жаза салсаң, мен ага заматта обон чыгарам, кел мелдешели”, – деп калды. Колума кагаз, калем алып, ичкери кирдим да жыйырма мүнөттүн ичинде “Эсиңдебини” жазып, Рыспайдын колуна карматтым. Эми ал ичкери кирип, аккордеонун кыйкылдатып жатып, жарым сааттын ары-бери жагында ушул обонду жаратып, баарыбызга ырдап берди.

Текст менен обон жарашып эле жатып калды. Эртең менен ал обончу жана аткаруучу Тельман Сыдыковду чакырды да, ал үйлөмө аспап менен коштоп, үчөөбүз ээрчишип радиого барып жаздырдык. Ошол жаздырганды кээде радиодон берип калат. Берилип угам. Көп өтпөй Рыспай кайра Ошко кетип, мен болсо минтип Пржевальскиге биротоло көчүп келип, өз ара чыгармачыл байланышыбыз алыстап кетти, – деген эле Жакшылык аба.

Күнү кечээ Бишкекке каттаганда атайын мага кайрылып, жогорку окуяны кайрадан эсине түшүргөн. Рыспай менен байланышкан башка окуялары тууралуу эссе жазып жаткандыгын айткан. Ошондон көп өтпөй айылдык акындын көзү өтүп кеткендигин бирөөлөрдөн уктум.

Догдурбек ЮСУПОВ, “Кыргыз Туусу”, 29.04.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.