«Аталар сөзү – акылдын көзү» кайра басылып чыкты

Көптөгөн окурмандардын суранычы боюнча педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратовдун «Аталар сөзү – акылдын көзү» деген китеби кошумчаланып кайра басылып чыккандыгын китепти басып чыгарган «Айат» басмасы кабарлады.

«Адам болуш – аста-аста…» дегендей бирөөлөргө жамандык кылбаган, сооптуу ишке барган, ак көңүл, сабырдуу, иштемчил, сөзү орундуу, чынчыл, улууларга урмат, кичүүлөргө ызаат эткен, ата-энесине, туугандарына кайрымдуу, журтка алымдуу, илим-билимге умтулган, аманатка кыянат кылбаган, табиятка ырайымдуу, жакшы үй-бүлө күткөн, жаман жолдордон өзүн ала качкан АДАМ кайдан, кантип чыгат? Оор суроо, түбөлүктүү маселе. Бул китеп ошол жолго түшүүгө жардам берсе, анда автордун уйкусун бузуп, убактысын коротуп жазгандары өз өтөлгөсүн өтөр эле, – деп жазылат китептин аннотациясында.

Китеп бардыгы үчүн: карылар да, жаштар да, балдар да окуса, анын мазмунун бири-бирине айтып берсе, тарбиячылар иштеринде пайдаланса, АДАМ болуунун ар кандай жолдорун издешсе…

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.