Конфуцийден ой берметтери: “Жол адамды эмес, адам жолду кеңейтет”

* * *

Окуучусунун өмүр бою бир гана сөздү эреже катары карманып туура жашап өтүүгө мүмкүнбү деген суроосуна Конфуций: «Ооба. Бул – ак тилек деген сөз. Башкаларга өзүңө каалабаган нерсени каалаба» деп жооп берди.

 

* * *

Чыныгы эркектин жан дүйнөсү дайым тынчтыкка толуп турат. Деңгээли төмөн адам ар дайым күйпөлөктөп жүрөт.

* * *

Чыныгы эркек өзүн күнөөлөсө, майда адам башкаларды айыптайт.

 

* * *

Эгерде адамдын табияты тарбиясын басып турса андан жапайы адам чыгат, а эгерде анын тарбиясы табиятын басып турса, калемдин чебери чыгат. Кимде табият менен тарбия тең салмакта болсо гана, ал чыныгы эркек деп саналат.

 

* * *

Жанымда эки гана адам болсо да, алардан бир нерсени үйрөнө алам. Алардын артыкчылыктарын өзүмө сиңирип, кемчиликтеринен сабак алам.

 

* * *

Татыктуу адам башкалардын изи менен кетпейт.

 

* * *

Чыныгы эркек башкаларга алардагы жакшы касиеттерди көрүүгө жардам берип, жаман жактарын көрүүгө үндөбөйт. А акмак адам мунун тескерисинче иш кылат.

 

* * *

Калың калк үчүн адамды сүйүү илими от менен сууга караганда алда канча зарыл. Мен от менен суудан өлгөн адамдарды көрдүм, бирок кимдир бирөөнүн адамды сүйүү илиминен өлгөнүн көрбөдүм.

 

* * *

Чыныгы эркек камырабай асман буйругун күтөт. Акмак адам күйпөлөктөп ийгилик кушун күтөт.

Чыныгы эркек кыйынчылыкты туруктуулук менен жеңсе, алсыз адам башына күн түшсө өзүн таштап салат.

 

* * *

Чыныгы эркек милдетин гана билсе, алсыз адам пайданы гана ойлойт.

 

* * *

Ар бир адамды өзүбүз сыяктуу урматтап, бизге кандай мамиле жасашын кааласак аларга да ошондой мамиле кылуудан артык эч нерсе жок.

 

* * *

Сабырдуу адам аз жаңылат.

 

* * *

Устат мындай деди: «Менин ишим жыйынтыксыз калат окшойт. Мен алигече каталарын билип туруп, ал катасын өзүн өзү моюнга алдырган адамды көрбөдүм».

 

* * *

Ишеничке арзыбаган адам менен иш алып барууга мүмкүнбү? Эгерде арабада дөңгөлөк болбосо, анда кантип жүрүүгө болсун!

 

* * *

Сүйлөшүүгө татыктуу адам менен сүйлөшпөй коюу, демек ал адамды жоготууга барабар. А кептешүүгө татыксыз адам менен баарлашуу сөздү жоготууга тете. Акылдуу адам анысын да, мунусун да жоготпойт.

 

* * *

Адамдын алдында акылга карай үч жол бар: ойлонуу жолу – эң адилет жол; тууроо жолу – эң жеңил жол; баштан өткөргөн тажрыйба жолу – бул эң кыйын жол.

 

* * *

Акылдуу адам менен жолукканда ага кантип теңелүүнү ойлон, акылсызга бет келсең өзүңө өзүң үңүлүп, өзүңдү өзүң сотто.

 

* * *

Бийик даражалуу кызмат ордум жок деп тынчсызданба. Сен ошол кызмат ордуна татыктуумунбу деп ойлон. Мени башкалар тааныбайт деп күйпөлөктөбө. Сени алар билүүгө татыктуусуңбу – мына ушуну ойлоп тынчсыздан.

 

* * *

Эрте менен акыйкатты билсең, кечинде бул жашоодон кете берсең болот.

 

* * *

Эскиге кайрылып, андан жаңы нерсени таба алган адам устат деген атка татыктуу.

 

* * *

Жападан жалгыз чыныгы катачылык бул – эски каталарыңды оңдобоо.

 

* * *

Өзүңө катаал, башкаларга жумшак бол. Минтүү менен адамдардын жек көрүүсүнөн сактанасың.

 

* * *

Жол адамды эмес, адам жолду кеңейтет.

 

* * *

Адамдар байлык менен атак-даңкты каалашат; эгерде аларды абийирди жоготпой туруп таба албасаң, андан кач. Адамдар ошондой эле жакырчылык менен белгисиздиктен коркушат; эгерде абийирди жоготпой туруп алардан кутулууга мүмкүн болбосо, аларды сабырдуулук менен кабыл ал.

Которгон Назгүл Осмонова, “Де-факто”, 07.05.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.