«Педагогикалык технологиялар» аттуу методикалык окуу китептердин катары толукталды

Билим берүү тармагына заманбап зарыл методикалык куралдар жетишсиз болуп жаткандыгы барыбызга белгилүү. Ушундай өксүктүктү эске алып, жаңы 2015-жылдын алдында окумуштуу-методист, педагогика илимдеринин доктору, профессор Рысбаев Сулайман филолог адистиги багытындагы студенттер жана окутуучулар үчүн керектүү «Педагогикалык технологиялар» аттуу 4 томдуу окуу куралын чыгарган эле. Жакында «Кыргыз балдар адабияты: проблемалар, портреттер жана окуп-үйрөнүү маселелери» 5-томдугу жарыяланып алардын катарын толуктады.

Автордун аталган эмгеги илимий-методикалык окуу куралдарынан турган топтомунун бешинчи китеби болуп саналат. Ал жаш муундардын рухий дүйнөсүн калыптандыруудагы балдар адабиятынын маанисин ачып берүүгө арналып, улуттук балдар адабиятыбызды түптөп-өнүктүрүүдө орду бар бир катар акын-жазуучулардын чыгармачылык портреттери, урунттуу багыттары ачып берилген. Ошону менен бирге, балдар үчүн китептерибиздин бүгүнкү проблемалары, баланын китеп окуусун уюштуруунун методикалык маселелери козголгон жана балдар адабиятын окуп-үйрөнүүнүн методикалык бир катар технологиялары сунушталган.

Китептеги К.Жунушев, Т.Самудинов жана Б.Асаналиев тууралуу материалдар К.Миңбаева тарабынан иштелген.

Сатып алуучулар КАОго кайрылсаныздар болот. Тел.: 0312 62 23 71, 0772 68 04 78

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.