Kabarordo.kg менен onair.kg сериалдарды кыргызча которо турган долбоор баштады

Kabarordo.kg маалымат сайты жана onair.kg порталы “Сериалдарга кыргыз тилиндеги титрлер” деп аталган биргелешкен долбоорду ишке киргизип жатат.

“Көп өлкөлөрдө чет элдик тасмаларга жана сериалдарга эне тилинде титр берүү кадыресе көрүнүш. Көрүүчүлөр мындай учурда алар үчүн кинону көрүүгө гана мүмкүндүк түзүлбөстөн, чет тилин үйрөнүүгө дагы мүмкүндүк түзүлө турганын айтышат. Жана тескерисинче сериалды өз тилинде көрүп, ал эми титрди чет тилде окуса көптөгөн сөздөр жакшы эсте калат. Буга окшогон долбоор кыргыз тилин өздөштүрүүнү каалаган орус тилдүү көрүүчүлөргө пайдалуу болот деген ниеттебиз. Албетте бул окутуу методу эмес, бирок жардам бере алат деген ойдобуз”,-дешти kabarordo.kg. редакциясына долбоордун пайдалуулугу жөнүндө onair.kg порталынын өкүлдөрү.

Алардын пикиринде сериалдарды которуунун өзү – кыргыз тилин билүү жана аны жакшыртууга көмөк бермекчи.

Долбоордун алкагында бүгүнкү күндөн тартып golos.vb.kg баракчасында онлайн добуш берүү старт алат. Сурамжылоого 34 сериал катышат, алардын арасынан эң популярдуу делген 10 сериалга титр даярдалат. Ар бир сериалга бир IP-даректен суткасына бир ирет добуш бере аласыз. Добуш берүү 1-август, саат 18.00гө чейин уланат.

Долбоордун экинчи баскычында алдыңкы 10 топко кирген сериалдарды которууну каалагандар үчүн конкурс жарыяланат. Конкурсттун катышуучулары бир серияны кыргыз тилине которуп жана котормону Word форматында жөнөтүүгө тийиш. Техникалык жана титрлерди даярдоону конкурсттун уюштуруучулары өз моюндарына алат. Андан кийин бул серия сайтка жайгаштырылат жана добуш берүүгө коюлат. Көп сандаган лайк чогулткан жана жакшы комментарий алгандар жеңүүчү болуп табылат.

Эгерде бир эле катышуучу бир нече серияны которсо добуш берүүнүн саны көбөйөт жана ал көп добуш топтой алат.

Конкурсттун толук шарттары тууралуу онлайн-добуш берүү аяктагандан кийин белгилүү болмокчу.

Эгерде сунушталган сериалдардын арасында сиздин сүйүктүү сериалыңыз жок болсо жана сиз сүйүктүү сериалыңыз боюнча кыргыз тилинде титр даярдагыңыз келсе анда info@onair.kg. почтасына кат жазсаңыз болот.

Соц тармактар:

One thought on “Kabarordo.kg менен onair.kg сериалдарды кыргызча которо турган долбоор баштады

  • 04.12.2015 at 10:45
    Permalink

    Бул долбоорду жакшы баштапсыңар бирок, кыргыз тилинин грамматикасын, сөздөрүн, тамгаларын туура жазгылачы. Азыркы учурда кыргыз тилин таза, туура сүйлөгөндөр аз.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.