Кинолегенда

sabira_eje1

Сабира Күмүшалиева деген атты укканда, кыргыз керемети саналган тасмалар, театр көзүбүзгө дароо тартылат. Бул табигый таланттын ээси киного, театрга бүт өмүрүн арнап, кыргыз искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошту.

Театр жана кино

Сабира Күмүшалиева 1917-жылы Фрунзе областына караштуу Төкөлдөш айылында жарыкка келген. Өзү педагогикалык билим алып, алгач мугалим болуп иштегени менен, кийинчерээк театр дүйнөсүнө сүӊгүп кеткен. Актриса жалпысынан 150дөн ашык роль жаратып, күйөрмандардын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун таба алды. Өзү кинодогу ролдору менен театрдагы ролдорун эч качан бөлгөн эмес, баарын бирдей көрчү экен. Тасмаларда негизинен эпизоддук ролдорду жаратканы менен, өзүнчө бир кайталангыс талант менен ойноп, ал ролдорго башкача боек сүртүп берер эле. “Жамиля” тасмасында (Ирина Поплавская, 1969-ж) ушакчынын ролу, “Отко таазим” тасмасында (Төлөмүш Океев, 1972-ж) Уркуянын апасынын ролу, “Ак кеме” тасмасында (Болот Шамшиев, 1975-ж) Карыздын ролу, “Эл арасында” тасмасында (Болот Шамшиев, 1978-ж) Сайкалдын ролу буга чоӊ далил. Аны менен катар эле казак боордоштордун дагы “Адам-бугу”, “Боордошум”, “Уул тууган”, “Согуш учурундагы балдар” жана башка тасмаларында мыкты, кайталангыс ролдорду жарата алган.

Театр үчүн дагы жан дили менен кызмат кылар эле. Сабира апа 85 жашка чыгып, торколуу тоюн белгилейт. Бул тойго бийликтин өкүлдөрү Апас Жумагулов, Күлүйпа Кондучалова, президенттик аппараттын өкүлдөрү катышып отурган. Күмүшалиева жашоодо да, театрда да күтүүсүздөн эле бир нерселерди ойлоп таба койчу экен. Ошол кечеде да сахнага чыгып, анын талантына таазим кылып келген элдин баарын сыдыра карап чыгып, күтүүсүздөн “Бул жерде менин элим отурат, күйөрмандарым отурасыңар, силерге бир эркелеп алсам болобу?” деп калат. Эл эмнени айтат болду экен деп кулак түрүп калат. “Өзүмдөн жаш кесиптештерим, сиздин сөзүңүздү угат, сиз айтсаңыз” деп мени сахнага чыгарышты. “Муратбек Рыскулов сыяктуу залкар адамдар иштеген театрдын атынан, театрдын жамаатынын, өзүмдүн атымдан, ушул кыргыз драма театрына “улуттук” деген наам ыйгарып берүүңүздөрдү сурансам болобу, менимче, “улуттук” деген атка татыктуу эле болсок керек “деп суранганда, элдин баары туруп кол чаап жиберишкен экен. Ошондон 10 күн өтпөй Аскар Акаев “Кыргыз драма театрына “улуттук” деген статус берилсин” деген буйрукка кол коюп берген экен.

Үй-бүлөсү тууралуу

Сабира Күмүшалиеванын биринчи күйөөсү согушка кеткен бойдон жоголот. Узак убакыт күтүп жүрүп, СССР эл артисти Муратбек Рыскуловго турмушка чыгат. Экөөнүн кандайча үйлөнүп калганын кызы Нуржамал Рыскулова төмөнкүдөй баяндайт: “Атам колун сурап, артынан жүргөн кезде апам согушка кетип, дайынсыз жоголгон күйөөсүн күтүп жүргөн экен. Ушул окуя чын-калпын билбейм, бирок өзүлөрүнөн уккам. Кесиптештери менен май майрамдарынын биринде шаар четине эс алып чыгышыптыр. Атам апамды шар аккан суунун жээгине чакырып, дагы колун сурайт. Апам каршы болгондо, колунан тартып сууга салаӊдата кармап туруп «же сен мага турмушка чыгасыӊ, же мен сени ушул сууга салып ием» дептир. Апам коркконунан “макул” деп коюп, бошоткондо «мен баары бир күйөөмдү күтөм» деп  туруп качып жөнөптүр. Атам кармап келип, кайра сууга салам дегенде апам макулдугун бериптир” дейт кызы. Көп жылдан кийин Сабира апанын биринчи күйөөсү согуштан кайтып келген. Аялынын жаӊы турмушун көрүп, өзү да башкага үйлөнгөн. Муратбек Рыскуловдун кеӊ пейилдигин ушундан байкаӊыз, Сабира апа алып жүргөн биринчи күйөөсүнүн фамилиясын өзгөртпөй калтырышын сураныптыр. «Кой Сакиш, Күмүшалиев биринчи күйөөӊ, ал жаман адам эмес. Согушта сейилдеп жүргөн жок, паспортко жазылып калган фамилияӊды өзгөртпө» деген экен.

Сабира Күмүшалиева жолдошун дайыма өзүнөн өйдө койчу. Бир жолу үйүн ремонттоп калышат. Иштеп аткан жумушчуларга чыгып “Бул жерин мындай кылгыла, тигил жерин мындай кылгыла” деп баштайт Сабира апа. “Нуржамал эже мындай кылгыла деген” дешсе, “Нуржамал билбейт, мына мен билем! Мен деген Муратбек Рыскуловдун аялымын!” дейт. Болбосо, “Мен Эл артистимин” десе деле жарашат да…

Урушканын балдары көрбөсүн деп

Балдары ата-энесинин урушканын такыр көрчү эмес экен. Кызы Нуржамал Рыскулованын айтымында, алар ата-энесин такыр урушпайт деп ойлошчу. Бир канча жыл мурун Нуржамал эже бир таксиге отуруп калат. Орус айдоочусу аны карап “Танясызбы?» деп сурап калат. Нуржамал эжени кичинесинде үйүндөгүлөр Таня деп эркелетип коюшчу экен.  “Ооба, сиз кайдан билесиз?” деп экөө сүйлөшө кетишет. Көрсө, ал киши Муратбек Рыскуловдун айдоочусу болгон экен. Ал-акыбал сурап калганда, Нуржамал эже «Апам жакшы, атам ага эч качан катуу сүйлөп, кол көтөргөн жок да. Ошон үчүн ушул убакка чейин жакшы жүрөт» десе, “Мен сени азыр бир жерге алып барам” дейт. Шаардын бир четине келгенде, “Мобул жерге азыр үйлөр түшүп кетти. Ушул жер ээн талаа болчу, бир дарак болор эле. Сенин атаӊ менен апаӊ ушул жерге келип урушчу” деп айтып берет. Көрсө, экөө бири-бирине жини келгенде ошол жакка айдоочуну айдатып барып, аны машинеде калтырып коюп, экөө ээн жерден бири-бирине кыйкырып, урушуп алышчу экен. Анан дагы үйгө келгенде, эч нерсе болбогондой болуп кирип кетишчү тура.

Орусча сүйлөп боорду эзчү

Эл артисттеринин үй-бүлөсүн чоӊдор көрүнө турган ооруканалар карачу. Бир күнү кызынын тиши ооруп калат. “Апам орусчаны жакшы билбейт да, анысын шек алдырбайын деп үй кызматкерлерине «Варя, Оля, сегодня Нуржамал поведем больница. Красиво оденьте, мы пойдем высокопоставленный больница» деп атпайбы. Тигилер мени укмуш кийинте башташты. Ак туфли, жашыл колготки, көк юбка, кызыл бешмант, башыма кызыл үкү топу кийгизишти. Анда да бир эле канат тагылган. Элестетип көргүлө, өзүмчө эле светофор болуп, врачка бардык. Мен төрт жарымда болчумун. Врач жакшы кабыл алып, апамдан менин жашымды сураса, орусча жакшы сүйлөгөнүн билдиргиси келип «ей половина пятого» деп жооп берип атпайбы” дейт күлүп кызы Нуржамал.

Бир жолу ооруканага барса, “калга анализ тапшырып келиӊиз” деп жөнөтөт. Үйүнө келип, моюнунун артында чоӊ калды “сыгып бергилечи” деп суранат, “Ой, эмнеге, калды сыккан коркунучтуу да” дешсе, “ой, доктур кал тапшырып кел дебедиби?” деп бир күлдүргөн экен. Дагы бир күнү келинин “ургаачы тооктун этин алып келип, шорпо кайнатып бергиле” деп жумшайт. Орусча сүйлөп өскөн кыз аны түшүнбөй, чыгып башкалардан сурайт “ургаачы тоок деген эмне?” деп. Кызы Нуржамал эже апасына кирип “Апа, ургаачы тоок деген эмне?” деп сураса, “Эми силерге орусча кантип түшүндүрсөм? Курицина дочка” деген экен.

sabira_eje

Бельгияда тигилген пальто

Муратбек Рыскулов каза болгон жылдары тартип ушунчалык катуу болчу. Импорт кийимдерди жөнөкөй адамдар ала алчу эмес. Ошол кезде Сабира Күмүшалиева Бельгиядан келген пальтолорго ашык болуп жүргөн. Күйөөсү өлгөн Күмүшалиеванын көӊүлүн бир көтөрүп коелу дегенби, айтор, соода министрлигинен чалышып, «Силерге бир пальто даярдап койдук. ЦУМдан алып кеткиле» дейт. Акчасын салып алып, кызы экөө ЦУМга жөнөйт. “Жолдон апам «Ушулар мени пальто алып атат деп милицияга карматкан аткан жокпу» деп чочулай баштады. «Койчу апа, министрликтен чалып атышса» деп жооткотуп койдум. ЦУМга жете бергенде колумдан мыкчый кармап, «Нуржамал, мына көрдүӊбү, булар бирдеме кылган атат» деп дүкөндүн эшигин кайтарып турган милицияны көрсөттү. «Алар ушинтип кайтарышат» деп араӊ түшүндүрүп, лифтке түшсөк, дагы бир милиция кирди. Анда да колумду дагы бир мыкчыды. Ошентип пальтону кийип көрдү, алдык. Сатуучу баштыкка салып берип атса, «Нуржамал, баштыкты сен кармачы, ээ» деп шыбырап атпайбы, кайран апам. Антпесе деле мен көтөрмөкмүн да. Мен пальтону көтөрүп үйгө кеттим, апам «Ак кемеге» тартылганы съемкага кетти. Жаӊы эле үйгө кирсем, эшик чырылдап калды. «Ким?» десем, «милиция» дейт. Коркконумду айтпагыла. Ачсам, формачан орус киши турат. Кирди дагы, аркы-беркини сурап туруп «я к Муке» десе болобу? Мен анда жашмын да, «Вы что незнаете? Муке умер» деп салдым. Тиги киши бозоруп, тамга жабышты да, ылдый жыгылып баратат, чуркап суу алып келатсам, телефон чырылдайт. Алсам, апам экен «азыр, биякка милиция келиптир…» деп эле сөзүмдүн аягына чыгалекте «бер пальтону, акчасын да алба, ушуну көрмөкмүн, кийбей эле койдум ошол пальтосун» деп кыйкыра баштады. Анда ары жактан «Көрдүӊөрбү, бул кемпир пальто уурдаптыр» деп Орозбек Кутманалиевдин тамашалай сүйлөгөнү угулду. Суу ичип, өзүнө келгенден кийин тиги адам эмнеге келгенин айтып берди. Көрсө, атамдын баягы мылтыгын каттоодон өткөрүп коеюн деп келиптир да, байкуш. Ал кеткенден кийин апама түшүндүрсөм, шаӊдуу үн менен «Ай көрдүӊбү, пальто уурдалган жок. Мен эртеӊ жаӊы пальто кийип келем» деп мактанып атат” деп эскерет кызы Нуржамал  Рыскулова.

Көз жашын көрсөтчү эмес

Сабира Күмүшалиева эки уулунан айрылат. Бирок эрки күчтүү аял башка балдарына көз жашын көрсөтпөгөнгө аракет кылат. Анткен менен түн ичинде майкесин жыттап, сүрөтүн карап, шолоктоп ыйлап атканын байкап коюшчу экен. Гүлшара Дуулатова экөө курбулар эле. Анын көзү өткөндөн кийин «Токсонго келип калдым, мени эмне кудай албайт?» деп ыйламсырап калчу экен. Бир күнү  «Нуржамал, мен билдим эмнеге ушул убакка чейин жашап атам. Азыр эле гезиттен журналисттер келип кетти. Көзү өткөн курбуларымды айтып бердим. Көрсө, кудай жаш муунга көзү өткөн залкарлар жөнүндө айтып берсин деп бул дүйнөдө калтырып аткан турбайбы» деп кайра өзүнүн көӊүлүн көтөрчү экен. Ошол күндөрдүн биринде эле “Нуржамал, атаӊ түшүмө кирип мени чакырып атат” дейт, кызы жаман болуп “Койчу апа, дагы кичине жашай тур, атама айт, мобул Нуржамал деген кызыӊ жибербей атат де” деп коет.  Андан көп өтпөй, 2007-жылы Сабира Күмүшалиева 91 жашында  бул дүйнө менен кош айтышат.

Акыркы жылдары

Карылыгы жетип, өмүрүнүн акыркы жылдары үйдө отуруп калган мезгилде дагы Сабира Күмүшалиева куурчактай жасанып, шиштакасын кийип отурчу. Жанындагы сумкесинде сандыктын ачкычы, жүз аарчы, француз атыры менен 100 сом акча болор эле. Үйүнө врачтар келип “Сизге шиштака кийгенге болбойт, жапыз бут кийим кийишиӊиз керек” дешсе, “Макул, кагылайын, алып кел башкасын” деп алардын көзүнчө кийимиш болуп туруп, алар кеткенден кийин кайра шиштакасын кийип алчу экен. “Ой апа, сизге болбойт дебедиби?” дешсе, “Доктур жаш да, ал кайдан билмек эле? Мен эл көзүнө дайыма ушундай көрүнүшүм керек” деп койчу экен. Анан дагы ал отурган бөлмөсүнө дайыма дасторконду жайнатып койчу. Батасын алабыз деп келген адамдардын баарын кабыл алар эле. “Өзүӊүз ооруп атсаӊыз…” деген балдарын укпай, “Мен элдик адаммын, киргиз!” деп буйрук бере сүйлөп койчу.

Наамдары

1957-жылы театр искусство жаатында мыкты эмгек сиңиргендиги үчүн Сабира Күмүшалиева “СССРдин эмгек сиңирген артисти”, андан кийин “Кыргыз Эл артисти” наамын алган. Ал “Даңк” медалынын ээси, Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык жана Казак Республикасынын “Алтын Көпүрө”, Төлөгөн Айбергенов жана Ленин комсомол сыйлыктарынын лауреаты, эгемендүүлүк жылдарында “Кыргыз Эл Баатыры” наамынын ээси болгон.

Акылай Байболсунова, «Политкиника», 08.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.