И.Раззаков тууралуу тартылган кинотасма 31-август – Эгемендүүлүк күнү көрсөтүлөт

razzakov

Белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков тууралуу тартылган көркөм тасма республикабыздын кинотеатрларында 31-август – Эгемендүүлүк күнү көрсөтүлөт. Бул тууралууу “Кабар” агенттигине аталган тасманын режиссеру жана башкы ролду аткарган Алим Токторов билдирди.

“Белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков тууралуу тартылган көркөм тасма быйыл жай айларында эле аяктаган болчу. Бирок, алдын ала көргөн учурда тарыхчылар, И. Раззаковдун замандаштары жана кинотармагындагы адистер бир топ сунуштары менен сын-пикирлерин айтышкан болчу. Ошондуктан, биз тасманын айрым жерлерине өзгөртүү, кошумча-алымчаларды киргизип, 31-август–Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө көрүүчүлөргө тартуулоону чечтик. Албетте, өмүрү легандага айланган И. Раззаковдун өмүрү менен ишмердүүлүгүн бир жарым саатка батырууга мүмкүн эмес. Ошондой болсо да биз анын балалык чагынын, партиялык, Советтик кызматтарды аркалаган мезгилинин жана андан кийинки өмүрүнүн урунттуу учурларын гана чагылдырууга аракет кылдык. Балким, тасма көрүүчүлөргө тартууланганда айрым сын-пикирлер айтылар. Бирок, бул улуу инсан тууралуу көптөн бери пландаштырылып келаткан идеянын ишке ашырылышы болуп саналат. Себеби, 2010-жылы – И. Раззаковдун 100 жылдыгына карата бул тасманы тартууну ойлогон элек. Тилекке каршы каражаттын жоктугунан тарталбай калганбыз. Акыры тобекелчилик менен ишти баштап, элдин жардамы менен ишке ашып отурат. Ошол планыбыз эми аткарылууда. Өткөн жумада маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратында ошол оңдолгон варианты сунушталып, жактырылды. Жалпы убактысы бир жарым саатка жакын тасма алгач Бишкектеги “Манас” кинотеатрында 31-август күнү саат 11:00дө ачылыш салтанаты менен башталат. Мындан тышкары Тарых музейи менен Ош филармониясында да көрсөтүлөт. Андан соң республикабыздын башка аймактарында көрүүчүлөргө тартууланмакчы”,- деди ал.

А. Токторовдун айтуусунда, “Исхак Раззаков” тасмасын тартууга мамлекеттен бир сом да берилген эмес. Кино тартууга кеткен каражатты режиссер өзү тапкан жана туугандары, лейлектик ишкерлер менен сүлүктүлүк шахтерлор демөөрчүүлк көрсөтүшкөн. Ал эми башкы – И. Раззаковдун ролун режиссер А. Токторов өзү ойноп, Сталиндин ролун Кыргызстандагы грузиндер диаспорасынын жетекчиси Гоча Бекаури аткарган. Мындан тышкары тарыхый инсандар Абды Сүйөркулов, Төрөбай Кулатов жана башкалардын ролдоруна кесипкөй артисттер тартылган.

Кабар”, 24.08.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.