“Ар ким өз билгениндей жазган коомдо жашап калдык”

mm

Эмнегедир аял жазуучулар сейрек. Ошол сейректерди сенейтип таштап койбой, коомчулукка тааныштыра жүрүү да биздин калемгерлик милдетибиз сыяктуу. Ушундан улам бул жолку адабияттык рубрикабызды аял жазуучулардын көкүрөк көйгөйүнө арнадым. Талкуунун катышуучулары КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, акын Меңди Мамазаирова, акын, жазуучу, журналист Айнагүл Базарбаева, жазуучу жана коомдук ишмер Ленара Ниязбекова жана акын, жазуучу, журналист Гүлзина Мыйзанбековалар болушту. Эмесе ошол көйгөй көтөргөн маек сиздердин сыныңыздарда.

– Саламатсыздарбы? Алгачкы эле суроону улуу муундун өкүлү катары сизге бергим келип турат, Меңди эже. Учурдун адабияты сиздин купулуңузга толобу?

Меңди Мамазаирова: Советтик системада адабиятты партиялык идеологияны жайылтуунун булагы катары пайдаланып, партия каалаган максатты акын-жазуучулар, журналисттер алып берет эле. Ал мезгилдин акын-жазуучулары ардактуу болчу. Мунун натыйжасы чыгармачылыкты кесип катары пайдалануу, ошонун аркасы менен калем акы алып жан багуунун куралына айлантууга алып келген. Жазган чыгармаларыбызды “Ала-Тоо” журналы, “Кыргызстан маданияты” сыяктуу гезит-журнал беттеринен окуп турар элек. Китептер байма-бай чыгып турчу. Тематикалык план деген бар эле. Ага киргенден кийин басмакана, редакторлор талап кылып отуруп, жыйнагыңды басып беришчү. Кыскасы, шартты жакшы түзүп беришчү.

Азыр заман башка. Жазгандарыңды элге көрсөтүп, жеткирип мен мобуну жаздым дей албайсың. Ар ким өз бетинче, өз билгениндей жазып калган коомдо жашап калдык. Андыктан учурдун адабиятына, айрыкча, прозага баа берүү өтө кыйын. Себеби андагыдай мобуну жаз деген талап жок. Өзүңдү-өзүң тааныштырып турбасаң, өткөн доордогудай мамлекет жайылтат деген түшүнүк таптакыр алыстап кеткен. Ким эмнени жазып атат, кандай жазуучу чыгып келатат, анын өзгөчөлүгү эмнеде деп сереп салгандар сейрек. Ар ким өз көйгөйү менен алек. Адабий басылмалар деле колубузга көп тийбейт. Айрым аңгеме, повесттерди сандан-санга баскан гезиттер деле бар. Бирок алардын талабы башка. Нукура улуттук баалуулукту камтыган, көрөңгөсү бай, таалим-тарбиясы мыкты чыгармаларды баспайт. Булардын максаты – улуттук адабияттагы кандайдыр бир жанрды өнүктүрүү эмес, тетирисинче, эптеп окурмандын санын көбөйтүү, рыноктон өз ордун табуу.

– Кечиресиз, андагыдай талап кылуу, бекер басып берип берүү, бекер жайылтуу азыр жок деп айтып атасыз. Бирок бүгүнкү күндө улуу муундун китептери жаштардыкынан да көп чыгып атканын билебиз. Мунун сыры эмнеде?

М. М.: – Биз жазбай коё албайбыз. Биздин муун чыгармачылыкты кесип катары көрүп калганбыз. Жазбай койсок жан дүйнөбүз тынчтык бербейт. Ырас, кайталап айтам, “Мамазаирова, сен мобуну жазбай атасың” деген эч ким жок. Бирок менин ички талабым жазбай коюума жол бербейт. Көнүп алган нерсени таштап салуу да кыйын.

Ленара Ниязбекова: – Чынында, адабият – бул коомдун куралы. Адабият коомго бактылуулук алып келет же бактысыздык алып келет. Бүгүнкү күндөгү чыгармалар коомго көбүрөөк бактысыздык алып келип аткан сыяктуу. Дегеним, чыныгы таланттар мезгилди күтүп отуруп калса, ал эми оокатка, акчага байланган жасалма таланттар ат чабым алдыга озуп кетишти. Ошонусу менен биздин коомду “өлгөндүн үстүнө көмгөн” кылып атышат.

Талантты таптоо деле адистерди даярдаган сыяктуу – чоң мектеп. Мына Меңди эжебиз жакшы билет. Советтик доордо адабиятчыларга “Силер биздин коомдо агартуучусуңар, жол баштоочусуңар” деген дем-күч берилип, колдоо күчтүү эле. Жаштарды “андай жазгыла, мындай жазгыла” деп жетелеген чоң мектептер болгон. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө биз ошол мектептен ажырап калдык. Ар ким өз киндигин өзү кесип калды.

– Учурда акынмын дегендер көбөйүп кетти. А проза жаатында изденгендер бирин-серин. Эки жанрды тең бирдей алып жүргөн калемгерлер катары айтсаңыздар, ыр жазуу ушунча оңой болуп калдыбы?

М. М.:  – Чындыгында, кайсы гана жанр болбосун, оңою жок. Айрымдар айтат, “уйкаш менен муун өлчөмдү үйрөнүп алсаң эле куплет-куплет кылып жазып кете бербейсиңби” деп. Аныгында, жүрөктөн чыккан нукура поэзия таптакыр башка, талабы бөлөк. Ал ой келди бирдемелерди жамактап чүргөй салуу эмес. А тескерисинче, кара сөзгө келгенде да, “Ой, кобурап отурганыңдай жазып кете берсең эле проза болбойбу, анын эмнеси кыйын?” деп ойлогон инсандар да бар. Сөз ордуна түшпөсө, жазуудагы максатыңды көркөм чеберчилик менен ачып бере албасаң, проза да кыйын.

Туура, учурда айрыкча интернет беттеринде жаштардын ырлары жайнап чыга баштады. Көбү махабат темасында. Жаштардын баары эле ыр жазат деп күнөөлөөнүн кажети жок. Себеби өзүнүн мезгили, жаш курагы ошону талап кылат. Баарыбыз эле алгач ырдан баштаганбыз.

Л. Н.: – Менимче, поэзия да, проза да жан дүйнөнү агартуучу курал. Ансыз деле ыпылас чыгармаларды окуп атып, тумандап аткан жан дүйнөбүз таптакыр туңгуюкка кептелип калды. “Оңго барсаң, атың өлөт, солго барсаң, өзүң өлөсүң, түз кетсең, келер-келбесиң арсар” дегендей, алдыга эмес, тескерисинче, эки кадам артка кетирген коомдук сезимди пайда кылып атат мындай китептер, мындай кинолор.

Прозаны жазуу чынында өтө татаал. “Кыял болсо, фантазия болсо, жөн эле акын-жазуучу боло берет экенсиң” деп ойлочу элем. Көрсө, мен ойлогондой эмес экен. Адам өзүнүн башынан өткөн турмуштук тажрыйба-окуяларын жан дүйнө элегинен өткөрүп, акыл-парасатка кошуп жууруп, анан элге сабак болсун, окуган адам кандайдыр бир деңгээлде эстетикалык ырахат алсын деп сунат экенсиң.

Айнагүл Базарбаева: – Чындыгында, бул жеңил, бул оор деп бөлүү кыйын. Менин жан дүйнөмө экөө тең жакын. Айрым учурларда ыр менен жеткире албай калган ойлоруңду кара сөз менен төгүп аласың. Анын үстүнө учурдагы прозаларым кыска жанрдагы кандайдыр бир деңгээлде поэзияга жакын. Жазып аткан учурда прозанын да поэзиядай касиетин көрөт экенсиң.

– Сөзүңүзгө аралжы, сурайын дегеним, ырдан кара сөзгө өтүп кетишиңиздин себеби эмнеде?

А. Б.: – Ойлоп отурсам, тарыхта кыргыз аялзатынан проза жанрында эмгектенгендер аз экен. Менимче, проза жазуу Зуура Сооронбаевадан башталса керек. Аялзаты сезимтал болгондуктан, поэзияга жакынбы же башка да себептери барбы, айтыш кыйын.

Балким, бул Меңди эженин да оюнда бардыр. Кыргыз аялзаты чоң жанрдагы, олуттуу көйгөйдү камтыган эпикалык чыгарма да жазышыбыз керек экен. Айталы, Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычы” сыяктуу эле биз – прозаик аялзаты эмне үчүн Курманжан энебиздин аялдык образын жараткан көлөмдүү чыгарма жарата албайбыз? Бул да ойлонто турган маселе.

М. М.: – Ушул жерден Айнагүлдүн сөзүнө тактоо киргизип койгум келип атат. Аныгында, алгачкы прозаик аял Айым Айтбаева болгон. Бу киши жазуучулуктан тышкары саясий иштерде да жүргөн. Залкар калемгер Насирдин Байтемировдун жары эле. Чакан аңгемелерди жазып жүрүп, кийин “Тамчы кан” деген көлөмдүү романын жазган. Андан кийин анан Зуура эже экөөбүз жазып баштадык.

Уландысы бар

Эрлан Жумагазиев, «Саресеп», 21.08.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.