Зайырбек Ажыматов: “Качан адамды абийир башкарганда “нөл” дүйнө “бир” болот?”

zayyrbek

Зайырбек Ажыматов, 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн.

1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

«Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) ыр жыйнактарынын автору.

«Алыкулдун ак боз ат» поэзия фестивалынын, Арча адабий сыйлыгынын лауреаты. Жакында Жолон Мамытовдун 75-жылдыгына арналып өткөрүлгөн сынакта «Жолон калеминин мураскери» наамына татыктуу болду .

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс», «Жаңы агым» гезитеринде КТРКнын радио тармагында эмгектенген. Учурда «Азаттык» радиосу менен кызматташат.

Саламатсызбы, агай, чыгармачылык жолуңуз качан башталды эле жана көч башындагы алгачкы ырыңыз кайсы?

– Саламатчылык! Ыр жазууну, мен, 2-3-классымдан баштаганмын. Адамдын качан гана жүрөгү ойгонгондо , бир нерсени сезе баштаганда ошол сезимдерин кайсы бир жол менен чыгаргысы келет окшойт. Анда 2-класста окуп жаткан учурум. Балдар чогулуп айылыбыздын жанындагы дөбөчөдө ойнойбуз. Күн кызарып батар кезде, балдардын аталары жумуштарынан кайтышат. Жолун тосуп ойногон балдар атакелеп жүгүрүшчү. Дале эсимде, ошентип балдар жүгүрүп кетти, жанымды карасам эч ким жок. Жалгыз мен дөбөдө калыптырмын. Атам келбейт эле, себеби ал мен төрт жашымда каза болуп калыптыр. Атама болгон сагынуум күч алып турса керек, бир чети, ошол мүрзөдөй болгон дөбөдө калганым мени муңга салса керек.

«Ата деп балдар жүгүрсө,
Сумсайып карап турамын
Жүрбөдүң неге сен деле,
Алдыңдан тосуп ата деп,
Чуркасам болор мен деле»,- деген 5 сапты чүргөп алдым.Бул мени кубандырды. Ошондон кийин ыр жазууга чын дилимден берилип кеткенсидим. Бирок эми баары ыр эмес эле. Ал такшалуу болчу. Бала кезден жазып келген калың дептерлеримдин далайы жок болду.

Ырларды жазып жүрүү менен сиз өзүңүздү акынмын деп эсептейсизби?

– Акын болуу бул оңой иш эмес. Анын үстүнө ар бир экинчи кыргыз ыр жазат эмеспи. Мен мурда да, азыр да өзүмдү акын деп эсептей албайм. Ыр жазуу мен үчүн атак-даңк, өзүн көрсөтүү, саптарды эптеп кураштыруу эмес. Жан дүйнөм эмне деп жатса, бир куплет болобу, эки сап болобу ак барака түшүрүү. Жазылган ырдан ырахат алуу. Ал бүтпөгөн ырахат. Рух дүйнөсүнүн чеги жок. Мен болгону ошол ыр махабатынын кулумун.

– 2011-жылы чыккан «Нөлү көп жылдар» аттуу китебиңизде, «Нөлү көп жылдар» аттуу ырыңыз катуу жаңырыктын үстүндө турат. Адамзатка анын ичинде кыргыздарга тиешелүү болгон «нөлү» көп жылдарды канткенде «бир» кыла алабыз?

– Алыска барбайын азыркы коомду өзүңүз эле көрүп жатпайсызбы. Жүрөк үркүткөн окуялар зордук-зомбулугунан тарта, уруулук, тоноочулук жана башка, жана башка түшкө кирбеген окуялар болуп жатпайбы. Адам үчүн азыр байлык, бийликтен да жогору сөз керек. Жан дүйнөсүн кичине болсо да жумшартуу, ойготуу керек, адамдар азыр жылуу сөздөргө муктаж. Ар бир эле адам өзүнүн жүрөгүндө Кудай бар экенин билбейт. Ооба, сиздин ар бир жасаган ишиңиз Улуу Затка дайыма маалым болуп турат. Сиз бүгүн жасаган жаман ишиңиз үчүн акыры бир күнү жаза аласыз. Мисалга бир бала 17 жашында күчкө толуп келаткан учурунда күнөө иш жасап койду, аны эч ким билбейт, камалган да жок. Кийин үй-бүлө күтүп, өз баласы 17 чыкканда , жол кырсыгынан каза тапты. Бул кандай жаман окуя , аялынын көз жашы, азабы, өзү кандай абалга түштү. Көрдүңүзбү, ар бир кетирилген катанын, эсеби бар. Кудай – чоң математик. Ал сиз менен сөзсүз эсептешет. Ар бир адам бактылуу жашаш үчүн, жан дүйнөсүн тазартып, Мекенин, ата-энесин, досторун, жарын, балдарын, өзүн да сүйүүсү керек. Жүрөк, акыл, күч менен биргеликте жашаган адам кор болбойт. Качан адамды абийир башкарганда гана нөл «БИР» болот…

Ыр дүйнөсүндө калдыраган чака сыяктуу толбой, илхам издеген учурларыңыз болду беле?

– Албетте, андай учурлар бир жыл, бир айда гана болбойт, кун сайын илхам издеген учурлар кездешет. Кризиске кабылган учурларым көп болгон. Турмуштан баскан изиңди, бүгүңкүңдү , келечекти жеке өзүм үчүн эмес, жалпыга реалдуу ыр жазуу үчүн, чак түштө талаага кетмен көтөрүп кетип жаткан дыйкандай эле, мен да ыр дүйнөсүнө калем көтөрүп жөнөп калам.

Адабияттын жашап турушу, өнүгүшү үчүн эң башкысы окурман керек. Азыркы күндө окурмандар адабий чыгармаларга муктажбы?

– Азыр эч ким китеп окубайт, кызыгы деле жок деген сөздөрдү угуп калам. Бирок адабиятта жаш муундар келип, өсүп жатышат, жаңы-жаңы идеаларды жаратып жатышат. Мындан чыкты окурман албетте бар. Окурмандын окурманы болуп жүргөн, талаптары күчтүүлөр канча. Анткени азыр мурункудай чектелген гана маалымат билүүгө болбойт. Акыркы жылдар социалдык тармактар, дүйнөлүк желеден көптөгөн маалыматтарды окурмандар алып, адабияттан да күткөн талабы чоң.

– Азыркы учурдагы поэзия айдыңындагы жаш акындардын дүбүртүн кандай баалар элеңиз?

– Жаш акындар азыркы адабиятка жаңы дем менен келишти. Буга чейин Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткен жылдары, тагырак айтканда, 90-жылдардан тарта, биз адабиятка келген кезде апендилер гана китеп окуйт, ыр жазат деген түшүнүк болот эле. Кээде туруп, адабияттын эртеңи эмне болот деп чочулап да кеткен учурлар болду. Бирок азыркы адабияттагы жаш муун жөнүндө ойлосом, алардын келечеги гүлдөө доорунда турат.

Бүгүнкү күндө Мамлекет тарабынан адабият жаатына кандай көңүл бөлүнөт? Колдоого алынабы?

– Мамлекет тарабынан акындар эч кандай колдоого алына элек.Мамлекет адабиятты материалдык эмес моралдык жактан колдосо болмок. Тилекке каршы биздин коомдо башка баалуулуктар алдыңкы планда турат.

Маегиңизге чоң ырахмат, агай, калемиңиздин сыясы түгөнбөсүн!

 

ЖҮРӨК

Дүк, дүк, дүк, дүк – аяр, жумшак какканда,
дүйнө ойгонуп, кан айланып аккан да.
Алгач ирет ушул үндү эшиткем,
апакемдин курсагында жатканда.

Дүк, дүк, дүк, дүк – сээп өмүр үрөнүн,
дүкүлдөгөн, айтып мага сүйөрүн.
Эгиз болгон, бир чымчым эт менде да,
ээрчип кагып энекемдин жүрөгүн.

Жаңылышып кээде ыргак, ирмемден,
жайлай түшүп, анан кайра күүлөнгөн.
Туурап улам , дүкүлдөктү,жүрөкчөм,
тирүүлүктү апакемден үйрөнгөн.

Эне жүрөк жакын турса муюучу,
эгер азга алыстаса туюучу.
Көкүрөгүн жыттап жатсам апамдын,
көөдөнүбүз бирдей согуп туруучу.

Эй, адамдар, эсиңерге түйгүлө,
жүрөктөрдү ажыратпай жүргүлө!
Кашайтты эле кайран эне –баланы,
кара жоолук, анан башка үй-бүлө…

 

ДОСКО КАТ!

Салам дос,
Мен баягы жолдо турам,
Сага бир барсам деген ойдо турам.
Билбеймин кайда экенин башка достор,
Ортого мезгил дубал орнотулган.
Турмушка куурчак болдук ойнотулган,
Көр тирилик кызыгына батып алып,
Билинбей туш тарапка чачырадык.
Дүйнөнү багынткандай басып кеттик,
Болгону бирден сулуу катын алып…

Эх досум,
Кандай таза балдар элек…
Сөөлөткө, шөкөттөргө алдана элек.
Достукту ыйык тутуп баарысынан,
Чок сыңар жалын чачып жанган элек.
Чогулуп Манас, обон, жаңы ыр угуп,
Жаштыкты өнөр үчүн сайган элек.
Оо, азыр убакыт жок көрүшкөнгө,
Арманды, кубанычты бөлүшкөнгө,
Жадатты супсак көздөр, сылык сөздөр,
Мен бүгүн сага атайын барайынчы,
Ыр окуп анан досчо сөгүшкөнгө…

Эх досум,
Өмүр деген аргымакпы,
Шашабыз карап алып алды жакты.
Билемин канча боздоп ыйласак да,
Бизге эч ким кайрып бербейт ал куракты
Эми түк ырдап бербейт баягыдай,
Капилет жоготконбуз Калмуратты.
Обонун уккан сайын ыйлайт жүрөк,
Мени бир оор санаа кыйнап жүрөт,
Барында бапыратып мактай албай,
Калдык биз ошол досту барктай албай.

Эх досум,
А мен болсо оңолбодум,
Махабат дартка айланды аякпаган.
Дагы эле өксүгүмдү жоготподум,
Дагы эле баягыдай азаптанам.
Дагы эле жетимсирейм, кусаланам,
Дагы эле ыр жазам деп ушаланам.
Дагы эле кежир анан кырс бойдонмун,
Дагы эле тамаша айтсаң ызаланам.
А баса, коркпо бирок тоорулам деп,
Азыр мен баягыдай ичпей калдым,
Мас болуп милицияга түшпөй калдым….
Салам дос,
Мен баягы жолдо турам,
Сага бир барсам деген ойдо турам…

 

ТАҢКЫ БУРГАНАК

Муздак жел кышты жулмалап,
уюлгуп ак кар буйдалат.
Ак таңда чыксам ак дүйнө
аймалайт жүзүм бурганак.

Кечип мен аппак иримди…
келатам салып изимди.
Ааламдан түшкөн аппак кар,
Агартчы көңүл, дилимди?

Сөгүлүп аткан таң сыңар ,
сөөгүмдөн жандан зар чыгар.
Аруулай турган дүйнөнү,
аппак кар силер барсыңар.

Ак бороон сени күтүнбөй,
жүрчү элем жектеп, түшүнбөй
Аруулап ак кар чачырайт,
апамдын эмчек сүтүндөй.

Жазылбай канча ыр калып,
жанды эзип далай ыйладык.
Бурганак болуп кетким бар,
буйдалып жүрбөй, буйдалып.

Күттүргөн жазы, күзү да,
гүлдөгөн өмүр күчү да .
ааламдан түшкөн аппак кар,
алп Жердин эне сүтү да.

Ак таңда түндү кубалап,
аппак кар жаашы уланат.
Асмандан түшүп атайы,
аруула бизди бурганак…

 

УБАКЫТ ЖОК

Өмүр кыска, учат күндөр дембе-дем,
өмүр кыска, өтсө кайра келбеген.
Убакыт жок, душмандашып жүрүүгө,
убакыт жок талашууга сен менен.

Убакыт жок, ушактарды тактоого,
убакыт жок өзүмдү өзүм актоого.
Ага короп жаткан кезде, өмүрлөр,
аалам жаңы барактарын баштоодо.

Жашоо үчүн биз бир КҮКҮМ элебиз,
ага дагы бир гана ирет келебиз.
Адам алсыз бир бечара. Аны биз,
аалам батар кеңдик менен жеңебиз.

Каткыр достум, кереги не чырдашып,
тирүү кезде жүргөн жакшы сыйлашып.
Күн нуруна магдыраган кактанып,
чөптөр менен гүлдөр менен сырдашып.

Убакыт тап, мүнөттөргө бактылуу,
убакыт тап, баалаганга жакшыны.
Ажарлантып туралы бул өмүрдү,
аппак пейил, аруу сүйүү аркылуу…

 

КЫШ

Тар жолдо чексиздикти турам карап,
таалайлуу күндөр улам узап барат.
Үшкүрүк – ызгаар коштоп чыгат дагы,
үндөшүп кышкы кечке бубактанат.
Таарыныч, көңүл калу катмарлоодо,
тагдырдын кышы келген сыяктанат.

– Бул кандай сары-санаа күтүлбөгөн,
буюгуп, буулуктуруп, күжүлдөгөн.
Буралаган көңүлүмө чырмооктой,
бул кандай кусалык? Мен түшүнбөгөн…
– деймин да, эңсеп айыл, балалыкты,
апаппак дүйнө көрөм түшүмдө мен.

Кап аттиң, кол жуудумбу бир өмүрдөн,
кайра бир толгум келет түгөнүүдөн.
Каякта мен издеген асыл дүйнө,
кай жерде, кайсыл жолдо жүрөмүн мен?
Кар кетет билем жазда, бирок эми,
кыш менин кетпейт окшойт жүрөгүмдөн…

Сайкал Маданбекова, “Лидер инфо”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.