Сулайман Рысбаевден ыр саптар

Sulayman Rysbaev

* * *

Болсоң дагы мансабың мол, дөөлөттүү,
Сөөлөтүң күч, элдин баары сыйлаган.
Адам болгун адамдарга керектүү,
Дүнүйө эмес, ыйман-ынсап жыйнаган.

Көзүңө айтып, көмө айтып ар качан,
Баатырсың – деп, макташса да эл сени.
Курал менен жеңе албайсың эч качан,
Сүйүү менен жеңе албаган нерсени.

 

* * *

Эмне менен бʏтɵр экен аягы,
Эмне экен чиркин жандын табаары?
Сɵɵгʏм менен бирге жатаар ɵӊдɵнʏп,
Сɵз бекиткен шертим болдуӊ аялуу.

Куру бекер кеспей, тоону-талааны,
Жолугушчу жолду издеп табалы.
Кыйын кʏндɵ кыйып таштап кете алгыс,
Кымбат кɵргɵн курбум болдуӊ аялуу.

Жомогундай кадыр тʏндʏн баягы,
Тʏбɵлʏккɵ тʏгɵнбɵөчʏ баяны.
Жʏлʏнʏмɵ, кан-жаныма таралган,
Жʏрɵктɵгʏ сырым болдуӊ аялуу.

Тʏшʏм, ɵӊʏм, таӊым, кечим жаралуу,
Тʏшʏӊдʏрɵм кантип баарын сага аны.
Кичине да кир жукпаса экен деп,
Кʏтʏп жʏрɵм буюмумдай аялуу…

 

* * *

Кээ кʏнʏ тоӊуп, кээ кʏнʏ ысып, тердедим,
Кээ кʏнʏ чалкып, кээ кʏнʏ суусап, чɵлдɵдʏм.
Кɵӊʏл суусунун кɵрʏнгɵн менен ичʏʏгɵ,
Кɵрʏнгɵн жерде ɵзʏмɵ уруксат бербедим.

Кээ кʏнʏ кɵрдʏм турмуштун тузак, элегин,
Кээ кʏнʏ таттым ачуу да, таттуу  да белегин.
Эриккен саатта эриндин учун эритип,
Сʏйʏʏ ойнун ойноп, махабат экен дебедим.

Кɵп гʏлдɵн тандап бир гʏлдʏ сʏйʏп жыттадым,
Кɵп ʏндʏ уктум, бир ʏндɵй бирок укпадым…
Ошол ʏн назик татына, сонун обондой,
Өӊʏмдɵ тʏгʏл, тʏнʏмдɵ ырдап уктадым.

Өзʏмдɵй кɵрдʏм ɵзгɵнʏн баарын жан тартып,
Талашкан жокмун башканын багын кɵз артып.
Келаткан жолум багыты катаал болсо да,
Кайтпадым артка,  марага жакын келатып.

Кɵтɵрдʏм жʏгʏн турмуштун оорун, жеӊилин,
Кээ кʏнʏ сездим азабы менен мээримин.
Кыйналса мейли, жʏрɵгʏм менин кыйналсын,
Кыйбайын дедим – башка эч жандын  кɵӊʏлʏн…

 

* * *

Асыл гүлүн жеримдин үзбөгүлө,
Ата жолун улантып, түздөгүлө.
Карайлатып калкымды, тумчуктурбай,
Караӊгыдан жарык нур издегиле.

Жалгыз талды «жалгыз»  деп кыйбагыла,
Жалгыз өлсө, кемсинтпей ыйлагыла.
Алсыз, күчтүү экен деп, бөлүп-жарбай,
Ар бирөөнүн кадырын сыйлагыла.

Карыптарга каргышка калбагыла,
Кары көөнүн оорутап албагыла.
Жабыркатпай жамандын көӊүлүн да,
Жакшы эки ооз сөзүӊдү арнагыла.

Кыргызымдын бактысын көздөгүлө,
Кыз-уулуӊдун ырысын кеспегиле.
Түркөйлүккө көмүлүп бара берсек,
Түбү жаман болорун эстегиле.
Түбү жаман болорун эстегиле!!!

2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.