“Калемгер”: аңгеме жазууну жандантабыз

“Айтыш” коомдук фондунун “Калемгер” адабий клубу буга чейин популярдуу болбой калган аңгеме жанрына жан киргизүүнүн жолун издөөдө.

Учурда ай сайын өтө турган аңгемечилер сынагы башталды. Жеңүүчүлөр калыстар тобунун жана Фейсбуктагы окурмандардын баалоосу менен аныкталат. Адабиятчылар мындай сынактар аңгеме жанрын кайра жандантат деп үмүттөнүшүүдө.

Жакында өзүнүн аңгемелерден жана новелладан турган “Королеванын ую” аттуу китебин басмадан чыгарган Жолдошбай Осмоновдун пикиринде, учурда окурмандарда мыкты чыгармаларга болгон талап бар:

– Мисалы, мага Мурза Гапаровдун, Абдиламит Матисаковдун аңгемелери аябай жагат. Менин жеке пикиримде, азыр элди чоң-чоң повесттер, романдар менен эмес, чакан аңгемелер менен адабиятка тартса болот деп ойлойм. Азыр окурмандарга аңгемелер өтүмдүү болуп жатат. Көлөмү да чакан, гезитке да берсе болот дегендей.

Кыргыз адабиятында аңгеме жанрында Чыңгыз Айтматов, Жунай Мавлянов, Касым Каимов, Кеңеш Жусупов, Мурза Гапаров, Кубат Жусубалиев, Казат Акматов, Мар Байжиев, Жылкычы Жапиев, Аман Саспаев сыяктуу калемгерлер өзгөчө жигер менен иштегени белгилүү.

Жазуучу-окумуштуу Бейшебай Усубалиевдин айтымында, анткен менен эгемендик жылдарында аңгемечилердин кийинки мууну бул жанрда көп иштебей, иштегендеринин чыгармалары окурмандарга жетпей калды:

– Мурдагы курактагылардын көбү эле аңгеме жазбай калды. Айрымдары тарыхый роман, повесть жазганга өтүп кетти. Азыр Жазуучулар союзунун мурдагы мүчөлөрүнөн же СССР учурундагылардан ким аңгеме жазат? Мен карап көрсөм, мисалы, жакшы аңгемечи катары кадам таштаган Абдиламит Матисаков көркөм публицистикага, Султан Раев драматургияга, тарыхый романдарга кетти.

Усубалиев өзү аңгемечи катары чыгармаларын мурдагыдай массалык нуска менен коомчулукка тарата албай жатканын билдирди. Маектешибиз бүгүнкү күндө жазуучулардын чыгармаларын элге жеткирүүдө, адабият жаатын даңазалоодо заманга ылайык жаңыча ыкмалар керек экенин кошумчалады.

“Калемгер” адабий клубу жарыялаган сынактын калыстар тобунун мүчөсү, адабиятчы, сынчы Садык Алахандын көз карашында, адабиятта азыркыдай окурмандар кыскалыкка жана нускалыкка басым жасаган шартта рухий асылдыктарды камтыган аңгеме жанры алдыга чыгары күтүлгөн. Бирок эгемендиктин алгачкы жылдарынан баштап эле окурмандарды бузукулукту даңазалаган чыгармалар тартып алды:

– Аңгеме жанры прозадагы эң кенже жанр эмеспи. Дүйнөлүк адабияттын тарыхында ушул жанр аркылуу дүйнөлүк атак-даңкка жеткен жазуучулар көп. Мисалы, классикалык үлгү катары Чеховдун, Оскар Уайлддын аңгемелерин айтып жүрүшөт. Бизден чынында Аман Саспаев менен Мурза Гапаровдун эпикалык чыгармаларына караганда аңгемелери мыкты. Алардын чыныгы таланты ошол аңгемелерде ачылган. Азыркылардан Олжобай Шакир менен Мамат Сабыровду аңгеменин жүгүн көтөрүп келаткан калемгерлер.

Садык Алахан бүгүнкү күндө адабиятчылар ушундай сынактарда коомчулукка мыкты чыгармалар кандай болорун көрсөтүш керек дейт. Ошондо элдин бийик эстетикага, көркөм адабиятка болгон мамилеси өзгөрөт.

 

Сыйлык ээсин издейт

Жобо боюнча аңгемелер “Калемгер” адабий клубунун интернеттеги кат куржунуна жөнөтүлүп, адабий клубдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланып турат. Калыстар тобу тарабынан өзүнчө, окурмандар тарабынан өзүнчө жеңүүчү деп табылган чыгармалар акчалай сыйлыкка ээ болот.

Ай сайын өтүп турган сынактын бир жылдык каржысы эки миллион сом. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучусу Кылычбек Исамамбетов билдирди:

– Буга биз кыйнала-кыстала каражат топтодук. Бизден башка да адабиятты кантип көтөрсөк болот деп ойлонуп жүргөндөр бар экен. Учурда алар да кол суна баштады. Бул жерде бардыгы так, азыркы заманга ылайык ойлонуштурулган. Мисалы, биз ай сайын аңгемечилердин сынагын өткөрүп, жыл сайын мыкты аңгемелерди топтоп алып китеп кылып бастырабыз. Социалдык түйүн аркылуу окурман издейбиз. Менимче, элде аз-аздан “мыкты деп табылган аңгемелер кандай болду экен?” деген кызыгуу пайда болот. Эң башкысы, кийинки муундун адабиятка, китепке болгон мамилеси өзгөрөт. Мисалы, азыр миллиондогон акчага мыйзамдар жазылат. Бирок алар коомго эч кандай таасир бербейт. Мүмкүн коомду тазартканга адабият таасир этер.

Исамамбетов ноябрь айында аңгемечилер сынагына отуздан ашык жаш автордун чыгармалары түшкөнүн, бул айдагы алгачкы сыйлык 12-декабрда адабият күнүнө карата тапшырыларын айтты.

“Айтыш” коомдук фондунун “Калемгер” адабий клубу буга чейин үч жыл катары менен аңгемечилердин сынагын уюштуруп, “Булак” аттуу аңгемелер жыйнагын чыгарып келген. Аталган адабий клубдун жетекчиси Мирлан Самыйкожо буга чейинки аңгеме сынактары бир жыл бою жүргүзүлүп, каржылык кору да чектелүү болуп келсе, бул жолу ай сайын мыкты аңгемечи аныкталып, жалпы сынактын каражаты эки миллион сом болгону жазуучуларды да кайдыгер калтырбай турганын белгиледи.

Зайырбек Ажыматов, “Азаттык”, 14.11.2015-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on ““Калемгер”: аңгеме жазууну жандантабыз

  • 17.11.2015 at 15:48
    Permalink

    Кайсыл дарекке жонотсок болот экен? Жазып койсонуздар болмок экен!

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.