Нарсулуунун 2 жаңы ыры

Ушул жашоо… Талаа болуп күнөстүү,
Калаа болуп… Бекет болуп башталып…
Капыс анан өчкөн эле жүрөктөн,
Мени ээрчиткен, мен ээрчиген ак жарык.

Жүрөктөгү ошол жарык өчкөндө,
Өзүм кошо өчпөйүн деп тырыштым.
Терезеден тиктеп жашап көнгөндөр,
Терезеден мени тиктеп турушту.

Жандагандар караңгыны эп көрбөй,
Башка жактан жарык издеп кетишти…
Балким мага керек эмес кеткендер,
Балким мага өчкөн жарык жетиштүү.

Караңгыда өзүмдү өзүм жетелеп,
Өзүмдү өзүм издедим да, жоктодум.
Теңир менин сылаган жок бешенем,
Өзүм да ага бешенемди тосподум…

Билгенимен биле элегим көп эле,
Жарыгы жок көптү көрдүм, түшүндүм.
Мен кагылган ушул эски көчөлөр,
Бүгүн менден чейрек кылым кичүүдүр…

Ушул жолдон! Уюп калган муң-зарга,
Буюктурган бурганактар, куюндар…
Үңүлүшүп үнү бүткөн жылдарга,
Мени көрөт мен көрбөгөн кылымдар.
Үңүлүшүп жарыгы өчкөн жылдарга,
Бизди көрөт биз көрбөгөн кылымдар…

Декабрь 2015-ж.

 

* * *

Өзүндөн, өзгөлөрдөн, өзүмдөн да,
Кеткем мен жолду тандап жөнү бөлөк.
Бул жолдо сага айтылган сөздөр жалган,
Айтылбай калган сөзүм төгүндөлөт.

Бул жолдо сырым жалган жүрөктөгү,
Чындыгым билем көбүн сүйүндүрөт.
Билгенин айтса айтышат, бирок мени,
Билем деп айта албайт кийин бирөө.

Бул жолдо ыйым жалган, күлкүм деле,
Эсимде калбайт кайгым, кубанычым.
Жан көрсөм, бирок кокус мүнкүрөгөн,
Жанында башын жөлөп тураарым чын.

Жөөлөшөт, түртүп өтөт жолдогулар,
Жөөлөндүм, үндөбөдүм… Күндү ээрчидим…
Эстедим кечкенимди бар жогунан,
Бактысын көтөралбай күндөшүмдүн.

А бирок ушул жолго, каран калган,
Каяктан келгенимди эстей албай…
Эр жүрөк көрүнүштү анан маган,
Эсинен, эсендиктен кечкен жандар…

…Мени эми күтпөгүлө, күйбөгүлө,
Кайрылбайм, кайтпай калдым ушул жолдон.
Бактылуу болуш үчүн бул дүйнөдө,
Бакыттын эмне экенин билбеген оң…

Декабрь 2015-ж.

 

* * *

n_gurgubaeva390x270Нарсулуу Гургубаеванын башка ырлары

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.