Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуев дүйнө салды

Кыргыз Эл баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси Сооронбай Жусуев 91 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Акын Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында туулган. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга алынып, 1943–1945-жылдары Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизяда байланышчы болуп кызмат өтөп, майданда эки жолу жарадар болгон.

1947–1949-жылдары Ош Мамлекеттик мугалимдер институтунда окуп, анын кыргыз тил жана адабият факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1951-жылы Ош облустук «Ленин жолу» гезитинин редакциясында бөлүм башчы болуп иштеп, 1951–1956-жылдары Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунда окуган.

С.Жусуевдин алгачкы «Алдыга жүргүн, кыргыздар!» деген ыры 1943-жылы «Советтик Кыргызстан»  журналына жарыяланган.

Анын 70тен ашык ырларына музыка жазылган. 2003-жылы чыккан «Канат менен Зарина» махабат дастаны орус, тажик, түрк, өзбек, кытай ж.б. тилдерге которулуп өзүнчө китеп болуп чыккан.

С.Жусуев Шекспирдин, Пушкиндин, Лермонтовдун, Шевченконун, Абайдын, Мактымкулинин, Исаакяндын, Омар Хайамдын, Маяковскийдин, Есениндин, Тычинанын, Гамзатовдун, Кулиевдин, Магжандын ж.б. акындардын ырларын кыргыз тилине чебер которгон.

Марал ФМ, 03.02.2016

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.