“Мени сындагандарга өмүр тилейм”

Чыгармачыл чөйрөнүн арасында айтылуу Султан РАЕВдин Султан-Палван деп эркелеткен аты бар. Учурунда КР Маданият жана маалымат министрлигин аркалаган, саясат айдыңында өз күчүн татыктуу көрсөтө алган. Ошентсе да анын артынан убагында далай сөздөр айтылып, сындар жазылган. Чыгармачыл адамдарды саясатка байлап койсо деле кайра эле өз чыгармасына кетет. Султан-Палван да саясаттан алыстаганы жакшы чыгармаларды жаратып, сахнага мыкты пьесалары коюлуп, эми гана чыныгы, өзүнүн жандүйнөсүнө жаккан жашоосуна түшкөндөй. Редакцияга келген Султан РАЕВди кармап калып, аны кепке тарттык.

Акыркы кезде сизди саясаттан көрө алган жокпуз, эмне менен алектенип жүрөсүз?

– Эки жылдан бери чыгармачылык менен алектенип жатам. Эки жыл десем шарттуу айтылган сөз болуп калат го, аны менен өмүр бою эле келатам десем аша чапкандык болбос. Чыгармачылык ар бир жазуучу, көркөм дүйнө адамынын жүрөк тамырында согуп турган жан деминдей эле түшүнүк. Буга дейре жазгандарым бар эле, азыр да жаңы чыгармалар үстүндө иштеп жатам. Көптөгөн дүйнөлүк адабият берметтерин окуганга да үлгүрүп алдым. Өткөн жылы “Ала Тоо” журналына толугу менен “Топон” аттуу романым сандан санга басылып чыкты. “Илек-илек” деген пьеса жаздым. Былтыр “Суфлер” деген пьеса жазып, аны сахнага алып чыктым.

– Айтмакчы, “Суфлер” деген пьесаңыз быйыл күздө Лондондо өтө турган эл аралык фестивалга катышмак болуптур. Бирок өткөн жылы күзүндө Кыргызстанда өткөн Арт Ордо фестивалына катышкан жок го?

– Бизде өткөн Арт Ордо эл аралык фестивалдын программасына эмнеге катышкан жок билбейм. Бирок сынактан тышкары көрсөтүүгө катышкан. Ошол фестивалдын калыстар тобу “Суфлерду” көрүп, “Эмне үчүн бул спектаклди сынакка киргизген жоксуңар, биз “Суфлерду” көргөндө чыныгы театрды көргөндөй болдук. Жогорку деңгээлдеги спектакль” деп өз пикирлерин билдирген экен. Эми фестивалга катышкан спектаклдердин баары эле чыныгы театралдык эстетиканын туундусу боло бербейт. Ал эми “Суфлер” спектаклинин Лондондо өтүүчү эл аралык театр фестивалына чакыруу алуусунун себеби, өткөн жылы ноябрь айында британиялык бир нече театр эксперттери келип, атайын ушул спектаклди көрүп, ал тууралуу жакшы маалыматтары бар экендигин билдирген. Спектаклди жактырып, эл аралык фестивалдын уюштуруу комитетине сунуш кылган. Жакында театр Лондон фестивалына чакыруу алды. Ал эми өткөн жума Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин мырза бизди Бишкектеги элчиликте кабыл алып, жеке өзү чоң театралдык фестивалга катышууга укук алганыбыз менен куттуктады. Даярдык иштерине колдоо көрсөтөрүн билдирди. Дагы белгилеп кете турган бир жагдай, чет элдик эксперттер театр фестивалдарга тандоодо өздөрү көрүп, өз таразасынан өткөргөн соң бүтүмдөрүн чыгарат. Алар үчүн кайсы бир уюм, министрликтин пикири акыркы бүтүм эмес, өздөрүнүн тыянагын баарынан жогору коет… Жаштар театры азыркы күндө Борбор Азия театрларынын арасынан Лондондогу эл аралык театр фестивалына чакыруу алып, кызуу даярданууда. Албетте, кыргыз театрын дүйнөлүк театр өнөрүнүн ордосу болгон Лондондо көрсөтүү чоң сыймык.

– А бул эл аралык фестивалга баруу үчүн каражат маселеси кандай болуп жатат?

– Дүйнө жүзүндө мындай стандарт бар. Мисалы, кандай гана фестиваль өтпөсүн чакыруу алган адамдар жол киресин өздөрү төлөп барат. Жол кире маселесин табууга бардык аракетибизди жасайбыз. Биз билгенден, Лондондогу эл аралык театр фестивалына Кыргызстан биринчи жолу катышып жатат. Чындыгын айтканда, бул чоң жетишкендик деп айтаар элек. Каражатты издейбиз, эң башкысы каржатта эмес, бу атактуу форумга катышуу тилегибиз күчтүү. Кыргыз театр өнөрүн эл аралык деңгээлде көрсөтсөк деген намыс күчтүү дээр элем. Лондон бу дүйнөлүк театр искусствосунун, мындайча айтканда “Меккеси”, руханий ордосу. Англичандар дүйнөдөгү эң театрал эл, Лондондо ар кандай багыттагы жүзгө тете театр болсо, азыр барсаңыз бир да билет таппайсыз. Кээ бир билеттер бир жыл мурда сатылып кетет. Ал эми атактуу “Глобуска” кирем десеңиз андан да мурда билетти “брондоп” коюшуңуз керек.

Үстүбүздөгү жылы Лондондун “Арз Артс” театрында “Ханышанын көз жашы” аттуу пьесам коюлуп жатат. Буйурса ушул жылдын жай айларында бет ачаары болот деген тилектебиз. Пьесадагы башкы ролду британиялык белгилүү актриса Кэйти Травлян аткармак болуптур. Дегинкиси, “Ханышанын көз жашы” буйруса Британияда коюлуп жаткан экинчи пьесам, биринчиси “Акыркы керээз” аттуу пьеса, ал эл аралык драма сынагында мыкты деп табылган жети пьесанын катарына кирип, 2007-жылы атактуу Би-Би-Сиде коюлду. Аны белгилүү англис артисттери аткарды, атайын компакт диски да чыккан.

– Былтыр күздө парламенттик шайлоонун үгүт иштеринде бир партияда жүргөнүңүздү көргөн элек. Саясатка аралашкан адам катары андан алыстай албай жаткан жоксузбу?

– Былтыр белгилүү партиянын үгүт иштерине жардам бердим. Мен ал партиянын тизмесине кирсем алдыңкы орундарда болмокмун. Бирок андан өзүм баш тарткам. Болгону мен ал партиядагы жигиттерди колдоп коеюн деген максатта шайлоо өнөктүгүнө катыштым. Партиянын теңтөрагасы катары жолугушууларда жүрдүм. Мени шайлоо эмес, жазуучу катары андагы процесс кызыктырды. Элдин терең катмарында болуу чыгармачыл адамга “көркөм ойлоого негиз” берет экен. Адамдарды, ар кандай көз караштагы, дүйнө таанымдагы, түшүнүктөгү, тагдырдагы адамдарды көрөсүң, баарлашасың. Алар ар кайсы образдардын өзүнчө бир галереясы. Мындайча айтканда, бүгүнкү кыргыз турмушунун бүткүл спектрин, мүдөөсүн, мүнөзүн көрөсүң… Кээде ичимен сүйүнсөм, кээде ичимен кайгырам… Кыргыздын, элимдин аруу улуттук мүнөзүнө дагы бир ирет тан бердим. Ар бир адамдын көз жарыгын аңдайсың, анда ишеним да, үмүт да, кошкөңүлдүк да, кайдыгерчилик да бар. Мага негедир биз эл жашоосунан таптакыр алыстап кеткендейбиз. Менде ушу туюм калды. Алар эч бир сөзгө ишенбегендей көрүндү мага… Ошончо үмүт менен тигилген бу адамдардын көз жарыгын, үмүтүн, тилегин сезген, аларды алдабаган адам гана саясатчы болуунун моралдык укугуна ээ боло алат деген бүтүмгө келдим. Тилекке каршы, акыркы жыйырма жылда бу элдин канча үмүтү акталбады, аткарылбады… бирок эл дале көкүрөгүнөн үмүттү өчүрө албай турган кейиптенет… Шайлоодо ички эки ачакей ойдун тушоосунда калдым…

– Сиз министрликке бир келип, бир кеттиңиз… деги эле аны жеке өзүңүз кандай кабыл аласыз?

– Нормалдуу эле кабыл алам. Биринчиден, мамлекеттик кызматтын табияты ушундай, ал сага түбөлүккө энчиленип берилбейт, жалпак тил менен айтканда атаңдан калган мурас эмес. Келмеги бар кызматтын кетмеги да бар. Эң башкысы кандай кетмекте…

– Тилекке каршы, министр мырза Раевди сындаган, сын айткандар да болду. Сынга сиздин көз карашыңыз кандай?..

– Сынга көз карашым абдан жакшы. Сындагандардын бирөөнүн адресине жаман сөз айтып же актанып көргөн адам эмесмин. Ал кээде оор тийсе да, ал кээде таптакыр туура эмес болсо да. Бир жолу бир журналист жигит “Мен сизди сындадым, сизге оор тийген жокпу?” деп сурап жатпайбы. Мен “жок” деп жооп бердим, эң башкысы сен ошондон “удовольствие” алсаң эле болду” деп жооп бергем. Сын бу нормалдуу көрүнүш. Эгерде менден “Сиз кимге өмүр тилейт элеңиз?” деп сураса, “Мени сындагандарга” деп айтаар элем. Эң башкысы, сын обьективдүү болуу керек. Азыр кимди гана сындабайт, ажодон тартып, жөнөкөй букарага чейин сын угуп отурат.Иштеген адам кемчилик кетирет, иштеген адам сын угат.Эгерде сен иштебесең, эгерде сен “эч ким болбосоң”, сын да, кеп да укпайсың. Ошондон сактасын… Конфуций кезегинде айткан турбайбы, “Мени сындагандарга рахмат, антпесе мен Конфуций болбой калмакмын” деп. Ал эми “публичный адамдын” жүгү ошо, сын да угуш керек, сынга да даяр болушу керек. Анын алдында эч ким “кардай ак, тыбыттай жумшак эмес”.Сындын баары эле обьективдүү эмес, бирок сен жөнүндө “ушундай пикир бар экенин” билип коюу ашыкча эмес. Сын таразасы – Жараткан. Эң башкысы анын алдында өзүңү акмын деп эсептесен, а калганы пендечилик да…ага кабатыр болуп, актануунун деле кереги жок. Жараткан баарын көрүп турат, ал көрүп турган нерсеге актануу эки эсе оор иш.

– Сизди учурунда кызмат абалынан пайдаланып, “Звезда содружества” сыйлыгын алган деп жүрбөйбү. Буга эмне деп жооп бересиз?

– Буга дейре да ушул таризде жазганын окуганым бар. Бул таптакыр туура эмес болсо да, ага чычалап, актанган эмесмин. Актануунун да зарылчылыгы жок эле. Өкүнткөнү биз, дале “кыргызчылык” көз караштан карайбыз, биринчиден, мен аны министр катары эмес, жазуучу катары алгамын. Экинчиден, ал эл аралык сыйлык, бир нече талкуудан өтөсүң, сен менен атаандаш биртоп талапкерлер болот. Ошонун ичинен 30дай эксперттер, комиссия иликтеп, карап чыгат. Кыргызстандан акыркы турга үч адам өткөн, ошонун ичинен бир адамды тандап алат. Комиссиянын курамында атактуу инсандар, дүйнөлүк аты бар дөө-шаалар бар. Кадыр-барктуу комиссия чыгармачылыгымды жогору баалап, тогуз сыйлыктын бирин мага ыйгарды. Ачыгын айтуу керек, бул сыйлык адабият жана маданият, илим, гуманитардык багыт боюнча ыйгарылат. Бул сыйлыкты Кыргызстандан биринчи жолу мен алдым, адабият жана маданият жааты боюнча, менден кийин да бир нече адам алды. Алар гуманитардык багыт тармагы боюнча алышкан. Анын асман жердей айырмасы бар. Ошол себептүү мени кызмат абалынан пайдаланып сыйлык алды деген туура эмес, ачыгын айтканда, алар адамдын кандай даража ээлегенин эмес, чыгармачылыгын баалайт. Мен бул сыйлыкты кызматта эмес, бош кызматсыз жүргөндө, чыгармачыл адам катары алгам. 2010-жылдын башында маданият министри кызматынан кеттим. Сыйлык андан төрт айдан кийин, апрель айында ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу салтанаттуу түрдө өттү. Лауреаттарды ошо кездеги Россиянын президенти В.Медведев куттуктаган.

Эми ушак боюнча өзүмдүн бир-эки ооз көз карашымды айта кетсем. Азыркы учурда ушак – социалдык көрүнүшкө айланды. Ушак шайтандын кулагы дешет, биз ошол шайтандын кулагынын кычуусун кандырган бу көрүнүштү тоталдык масштабга айлантып алдык. Кээде биз ушактын мыйзамы менен жашап жаткандайбыз, демек биз ушак аркылуу өзүбүздү-өзүбүз шайтандын тузагына салып берип жатабыз. Азыркы пейилдин ыдырап жатышынын негизги себеби да, коомдогу ушактын вирусу. Бир кезде орустун белгилүү жазуучусу Виктор Астафьев “Орустун улуттук трагедиясы алкоголизм” десе, а бизде ыймансыздыктын микробундай жарылган ушак да жөнөкөй букарадан бийлик башына чейин жетип отурат. Кыргыз эли өз тарыхый чен-өлчөм жашоосунда көптөгөн улуттук трагедия деңгээлине жеткен мезгилди, процесстерди өткөргөн. Өз кезегинде бир саткынчынын айынан бир улуу держава – Кыргыз каганаты кулаган. Ал эми ХХI кылымда ушактын социалдык апаат деңгээлине жетишин таптакыр каалабас элек.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 22.01.2016

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.