27-29-февралда Бишкекте япон кинолорунун фестивалы өтөт

2016-жылдын 27-29-февралында Бишкек шаарынын «Октябрь» кинотеатрында япон кинолорунун фестивалы өтөт. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Фестиваль КРдеги япон элчилиги уюштурган «Япон маданиятынын жумалыгы» иш чарасынын алкагында жүрүүдө. Фестивалдын ачылышы Япониянын КРдеги элчиси Такаюки Коикэнин катышуусунда 2016-жылдын 27-февралда “Октябрь” кинотеатрынын “Кызыл залында” болот. Дареги: Чүй пр., 184.

Кинолордун репертуры:

27 -февралда
18:00 – Япон киносунун фестивалынын ачылышы
18:30 – «Мотоциклдын коляскасындагы ит» (94 мин)

28- февралда
16:00 –«Юзуриха» (103 мин)
18:00 –«Жаздагы кар» (151 мин)

29 -февралда
16:00 –«Мотоциклдын коляскасындагы ит» (94мин)
18:00 – «Жаздагы кар» (151 мин)

Кинолор орусча субтитр менен коштолот. Кирүү акысыз.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.