Үркүн: “Кырк шейиттен” уланган кеп

1916-жылкы Улуттук боштондук көтөрүлүшүндө Кытайга качкандар эле эмес, үркпөй калгандар да далай кыйынчылыктарды башынан кечиргени тарыхый булактарда, эл оозунда айтылып келатат. Алардын ичинде Тоң районунун аймагындагы “Кырк шейит” бейити тууралуу да ар кыл жоромолдор бар. Ал тууралуу чоң ата, чоң энелеринен уккандарын “Ашар” кыймылынын, “Арыш” коомунун жетекчиси, Үркүндүн 75 жылдыгына карата уюштурулган “Өмүр көчү” кыргыз-кытай жөө жүрүшүнүн демилгечиси Жумагазы Садыр уулу сыябан-маекте айтып берди.

Жумагазы Садыр уулу: Биз бала чакта эки нерсе айтылаар эле: Улуу Ата Мекендик согуш анан Үркүн. Бирок Үркүн элдин эсинде бекем сакталып, андан көбүрөөк запкы тартканы билинип турчу. 1916-жылкы көтөрүлүштө Токмок каршылыгынан кийин элди басуу үчүн генерал Куропаткин баштаган жазалоочу отряддар Тоң өрөөнүнө да келишкен.

Аксакалдар генералды“жандыраалы” деп коюшчу эле, ал Тогуз-Торо аркылуу түшкөн. Негизи отряддар Боом, анан Тогуз-Торо аркылуу эки тараптан келишкен. Ошондо Кескен-Белден Көк-Мойнокко чейинки эл Ак-Өлөңдүн тушундагы Кызыл-Саздын жанында (Тоң району) Куропаткиндин жазалоочу отрядына катуу каршылык көрсөтүшкөн экен.

Ошол кагылыш “Ажарда” да сүрөттөлөт. Үрккөнү үркүп, баягы Шабдандын балдары, кемелдер, самудиндер өңдүү далайлары биздин ашууларды ашып кетип, жалчы, кедей-кембагалдар калышкан дейт.

Анан Куропаткин ошол Ак-Өлөңдө каршылык көрсөткөндөрдү жазалайм деп, үркпөй калган кедей-кембагалдардын ичинен 13 жаштан жогорку курактагы кырктай эркекти жылкы берем деп, жергиликтүү билермандарды ортого салып, алдап чогулткан. Алдын ала тизилип коюлган жылкыны беттеп бараткан кыргыздар бизди бу соо калтырбайт деп шекшинип, бирден ала жаталы деп, таш менен уруп аскерлерге каяша кылышат. Куралчандар соо коебу, ошол жерден көбү өлүмгө кабылышат деп айтылат бизде.

“Азаттык”: “Кырк шейит” деген жер ошондон аталып калган экен. Эми ал жерде ошол окуялардын изи барбы?

Жумагазы Садыр уулу: Чоң энелеримдин арманын угуп, муну жазыш керек экен деп калчу элем. Анан ушунун негизинде эгемендиктин алдыңкы жылдары “Өмүр көчү” деген жүрүштү демилгелегем. Бир жылдан кийин 75 жылдыкка карата ишке ашкан ошол жүрүшүбүз “Кырк шейит” деп аталып калган жерге жөө барып, куран окутуп, келечектеги эстеликтин ордун таш менен көмкөрүлгөн ай түрүндө түптөп кеткенбиз. Анан Үркүндүн 90 жылдыгында Кара-Коодон, Көл-Төрдөн чыккан жергиликтүү ишкерлер элди ынтымакка чакырып, айкел тургузушту, шейит кеткен кырк кишинин атын чегип жазышты, темир тор менен тосушту. Азыр ары-бери каттагандар куран окуп турушат. Ошол туштагы боордо ата-бабаларыңа кайрылып, куран окуй кет деген мааниде таштан тизилген жазуу да бар.

“Азаттык”: Азыр эми жүз жылдык эскерүү аркылуу тарыхты калыбына келтиришибиз керек деген демилге болуп жатпайбы. Ушул өңдүү окуялар ачык айтылабы, эгер айтылса, азыркы саясатка төп келбей калат деген кооптонуу болбойбу?

Жумагазы Садыр уулу: Чочулабай эле тарыхты тактап алган туура. Эң негизгиси биз жашоо иретибизди кайра калыбына келтирип алышыбыз керек. Оторчулук саясатында эл ыдырап, Үркүндө бириге албай, чаржайыттыктын азабын тарттык. Эми жүз жыл өткөндө иретибизге келели, көсөмдөрүбүздүн, билгилерибиздин (жөн билги, иш билги, сөз билги), букараларыбыздын бири-бирине жармакташып жашоосун калыбына келтиришибиз керек болуп атат.

Мисалы, кечээ эле тоонун шартын өзгөртөбүз деген көсөмдөрүбүзгө букаралар каршы болуп, көтөрүлөбүз деди эле өкмөт чечимин өзгөртүп ийди. Камсыздандырууга нааразы болушту эле, аны дагы эки жылга жылдырып койду. Демек, эл менен бийлик ортосунда каршылашуу калууда. Эриш-аркак жашоо эрежелерин көбүрөөк кеп кылганыбыз туура болот. Эскерүүлөр аркылуу улуттун жашоо иретин, жүрүм-турум билимин кайтарып алып келишибиз керек. Азыр бизге ар бир фактыны айтып, өч алууну же таарынычтарды айтып отургандан пайда жок.

Бурулкан Сарыгулова, “Азаттык”, 11.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.