“Кусадан, сагынычтан жалкып калдым”

«Туулуп тууган болбойт, тутулуп тууган болот»

«Көңүл ынагы көздөн билинет»

«Жакшынын кеби жайдары, капаңды жазат кайдагы»

«Кагуу жээр жерге кайрылба, кадырың кетет»

«Тил түйгөндү тиш чечпейт»

(Кыргыз макалы)

Жан дүйнөм буулуккандан буу болуп булутка айланып кетээримде, Омар Хайямдын:

«Тагдыр! Неге жүрөсүң зомбулукка жанашып?
Караңгыны каалайсың каар менен жарашып.
Акмактарга нур берип, асылдарга муң берип,
Арсарлыкка көндүңбү акылыңдан адашып?» деген саптарын аргасыз эске түшүрөм. Деги бу турмуш акыйкаты өтө эле катаал, оңбогондой оор көрүнөт, «кой жоргонун багын чоң жорго байлайт» болбой, «арманым-бактылуу жан болгум келет» (Г.Абдылдаева) деп далайлар ырга салган менен жылт деп азгырган, жазгырган бу түгөнгүр Бак-Дөөлөт деген эмне болду экен? Биз айрылган турмушпу? Же суктандырган ажайып Сулуулукпу? «Баш айланткан бак-дөөлөтүң бар туруп, өмүрүңдү өткөрөсүң жанчылып» болгон кумарга тойбос азаптуу Арзуубу? Же эч нерсени ылгабаган бийлиги өктөм Байлыкпы? Акчабы? Же барда барк албаган өмүргө кымбат чың ден-соолукпу? Же жөн эле өйдө-төмөн илкигенсиген Тагдырбы? Же эмне?… Бүт адамзат талашып-тартышып, анын эмне экенин түрдүү айткан ме­нен такташа элек сыяктанат. Бир билгеним, Ал өмүргө кынтыксыз зарыл, эң кымбат неме го… А кимге эмне зарыл!?

Кыргыз адабиятында кыздар көчү бар, ал өзүнчө ыйык, таза булак, башат. Үрниса Маматованын жалбыз жытындай өзгөчө өзгөчөлүгү бар. Анын поэзиясы 80-жылдары оозго алынып, келечеги бар таланттуу акын катары бааланган. Аны мен алгач, 17 жашымда Бегенас Сартовдун ийриминде сезим козгогон өрттүү ырларын окуп жатканда көрүптүрмүн. Кийин, дуулдап атым чыгып калган учурда, 1989-жылдын 13-апрелинде Жазуучулар Союзунун Жаштар чогулушунда жолуктум. Байкашымча мүнөзү ойлогонун ачык айткан шар көрүндү. Анда ал – ылым санап, мага пикирлеш, жакын санаалаш экенин билдирип, 1982-жылы чыккан «Ак куш» китебине ыраазычылык, каалоо жазып берген эле. Бул китептин биринчи бөлүгү «Коштошуу», «Жаз келчү эле биздин чакан айылга», «Айылды кылчак карап кете бердим», «Жолду ката санаа чегип, ой токтотом», «Эскерүү», «Бейит жанында», «Алыкулга», «Жазып койчу жаштыгындан эскерме» ж. б. ырлары ата журт, санаалаштарына арналган ынак, чыйрак ырлар. Айылынын тааныш түтүнүн жытына чейин сонуркап эске салып, өзү жокто төрөлгөн бөбөктөрүн «чочуркап карап мени, чоочун көп балдар жүрөт. Жакынсып, боор тартып, бардыгын тааныйт жүрөк» дейт, өз айылына өзү көп жыл конок болуп башка жактан түтүн булатып калса дагы «өз айылына өз болуп алган келиндерге» бир аз кызганыч кылган менен боору түтпөй, ичи жылыйт. «Айылды кылчак карап кете берет». Би­рок, «шарап ичпей кызымтал болгон, чырымтал жаңы сезимге жолугуп» убараланып жүрүп, анын удургуп кайда кеткенин издейт: «Ээн калдым, эгиндерин жыйнап алган талаадай. Кайталангыс бир сезимди издеп келем, таба албай» деп бушайманданат. Анан «түнү бою кирип чыктың түшүмө, таңдан кечке сени ойлодум, кыйналдым», «сары убайым салакасын тийгизээр сенде калган кичинекей өмүргө» деп чечилет. Автордун ошол Совет дооруна анча мүнөздүү болбогон «Өзгөнү өз канынан бүткөн жандай, билсеңиз түшүнгөндөр деле болот», «Ит», «Ханыша», «Ат», «Көпөлөк», «Ак куулар жалгыз жашабайт» ж.б. ырлары таасындыгы, серпилтип көөдөн тиреп ойго салганы менен эсте калыптыр. Анын дээрлик бардык ырлары өзүнчө көз карашка жыш толгон, ою тыкан. Деги Үрниса  Маматова, Айгүл Узакованы, Роза Карагулованы, Гүлжамила Шакированы, Шербет Келдибековалардын ырларын окуганда моокумуң канып, жан дүйнөң музыкадай жаңырат. Чыныгы по­эзия менен кездешесиң. Анын азабын да, аруулугун да тең бөлүшөсүң. Колдон келсе аларды комментарийлеп жазбай окуш, сезиш гана керек!

«Бурганактан таажыларын талашкан, кеч күздөгү гүл тагдырын ким көргөн?» ырында сезимиң бүлкүлдөп аянычтуу гүл тагдырын гүлбурак кыздарга салыштырасың. «Жука, назик үлбүрчөккө муз түнөп, солкулдатат, бороон алсыз сабагын. Көрбөгөндөр көрбөй өтөт, көргөндөр аянычтуу чытып өтөт кабагын», – дейт. Адам менен гүл тагдыры купуя, философиялуу чечмеленип, кыйытылып, анын кыңыр тагдыры чагылдырылат. Бул ыр окуган жанды кайдыгер калтырбайт, ойлонууга мажбурлайт. Өмүр – аманат! Аманат жандын азыгы – арзуу. Ошондуктан, азабын тартып эле жүрө бербей, ар ким махабаттан бактылуу болгусу келет. А жетпегеничи? Кеч күздөгү гүлдүн кейпин киеби…?

Өзгөчө «түңүлтүп койсо түгөйү, ак куулар жалгыз жашабайт» ырында «кайгыга, ачуу күйүткө сезимтал куштар түтө албайт», «айдың көл чайкап тазартып, ак болот окшойт жүрөгү», – деген жандуу салыштыруулар адам ыйманы, пейили, дили, сүйүүсү таза болсо эмне? деген арман, үмүт-тилекти камтыйт. Деги эле адамзат ушул касиетти эңсейт көрүнөт. Көп маанилүү бул ырды дилиң ачышпай, ичтен түтөбөй тынч окуй албайсың. Анткени, автор турмуш акыйкатын ушунчалык ачык, таамай ачкан. Талант кудурети аргасыз чындыкка баш ийдирет. Бу таза сезимди адамкерчиликтүү ардактоо, аны адал алып жүрүү, бирин-бири жан дилинен түшүнүшүп, колдоо кайсы мезгил болбосун өтө орчун, курч, түбөлүктүү көйгөй көрүнбөйбү. Окурманды-күймөлтүп, күйүнтсө ал акындын жеңиши. Кээде мен адам көйгөйү жөнүндө миндеген макалаларды жаза бербей, көйгөйлүү ырлардын антологиясын түзгүм келет. Жанып берген жакшы акындар аз эмес. Анын бири Үрниса акын.

Таланттуу акын Үрниса ыйман, бүлөө кризисин, турмуштун өз күзгүсүнөн замандаштарына чагылдырып берген. «Эстен танып турганыңда мен үчүн, Элес албай басып кеткен изимди өп. Ыйла, өлгүн, керек болсо өлүшүң. Эгер болсо менден ыйык кишин, жок», – деп кашаят. Көрсө «Сүйүү болгон макулуктай маңыроо, Жигит болсо жылма гана шок эле. Кыз билчү эмес, ошол жылма, шок жигит, гүлдүн сынган сабагынча жок эле» экен. Кыздарды сызга отургузуп, ыйманын тепсеген арсыз жигиттер ушул азыр да өтө көп.

Лирикалык каарман «Мен» улам өзгөрөт, анткени, ал Бакытын издеп жүрүп, көп нерсени башынан өткөрөт. Чыйралат, турмушту тааныйт. «Кантип таптым? Кантип эле жолуктук? Ишене албай, түшүнө албай таң калам». «Ошол кеч мени ушунча өзгөртпөсө, элбиреп муну сизге айтат белем». «Азыраак жүрөсүң бейм күмөнсүрөп, мен сага жан дүйнөмдү ачканда да», «Сени мен чындап сүйүп калганымды, текшерип өмүр бою сыноого кой. Акыры тиштеп калгын бармагынды, жаңылыш чыгып калса сыноодогу ой». «Сен жокто дагы күндөр өтүп жатат, карызга берилгенсип алар мага, өмүрдөн ушул кезде менин энчим — зарыга сенден күткөн кабар гана». Жалындаган жаштыкта ким сүйгөнүн, жан шеригин зарыга күтүп, кыялдын кемесин минбеген. А бакытка ким жетти? Бактылуумун деген жан барбы?!

«Мактан жаным, мактан сыйбай эч жерге, бир шам чырак мен деп күйүп, өчкөн де». «Чычаладай бир чындыкка тогоштур, ар кимдердин айтып жүргөн болжолун». «Актанып, алаксытпа сөзүң менен. А көрөк калтыр мени, өзүм менен. Санааны көңүлүмдөн сарыктырып, мен сага сагынганда өзүм келем». Көңүл иши көп тарамдуу, көп буйткалуу го, бирде ал аска-зоодой тирелген улуу намыс болсо, кээде минтип сүйгөндүн астында багынтып алсыз да кылат. Талантка арга жок, поэтикалык саптар ой толкутат, бир керегиңди таап алгансып кээде кудуңдап да каласың. «Олтурам жол боюнда көп из кеткен, өзүңө башымды ийип көп издеткен» күндөрдөн кийин «эркелетип көңүлүмдү экилент, эрте жазым, сагындырган, эңсеткен. Уккан сайын кумарланам жашоого, тирүүлүктүн шандуу күүсүн сен черткен» дейт ажарлана. Анткени, «жагылган жарык элең өмүрүмө, мен сени эч бирөөдөн жашыра албайм. Жаздагы ташкыны күч дарыяны, эч кайсы нукка салып батыра албайм. «Гүлдөрчү, таажыларын төмөн ийип, сүйүүгө куттук айтып ыргалышсын», – дейт.

«Эңсөө толот көкүрөккө чытырап» болуп сезимди дирилдеткен мындай ырлар «Ак куш» поэмасы менен ырлар түрмөгүндө толтура. Бул жыйнак Ү.Маматованын жан дүйнөнү назик ырдаган кылдат лирик экенин далилдейт. Себеби, символикалуу ак куштун ашыгына чын дилинен: «Сен жакка сызаарымды гана айтам, серпилбей калгычакты канаттарым» – деп атпайбы. Үрнисанын ырларын окуган жан өзү да бирөөнү сүйүп калгандай көңүл уйгу-туйгусунда калып каармандын дүйнөсү менен кошо жашайт, «сени ойлонуп атар-атпас ак таңда, мен уктабай сарууланып жатканда» (А.Өмүрканов) дегендей ал түйшөлгөн, саруулаган азапты кошо тартышып, ал жаркылдап кабагы ачылса кошо шаттанасың. Мыкты акындар элге ушундай жөндөм, шыгы менен алынат эмеспи.

Көр тирилик көбүбүздү өзүнө тартып кетти. Көнүмүш жолдон өтүп баратып кээде, кылт этип акын оюма түшөт. Акындын акыркы жылдары эмнеге дымы чыкпай калды десе, оор турмуштан кыжаалат эле болбостон, жылдап төшөктө жатып оорунун адам чыдагыс мүшкүл-түйшүгүн да тартыптыр. Ансыз да турмуш­тан көңүл калуу көп болуп жатканда, минтип мээнетти да кошо берет тура. Бирок, кудая шүгүр, кайратынан жанбай сакайып, жан уулун медер, туу тутуп, өжөр турмушка өжөлүп моюн бербей акын чыйралып келет. Кээде каржала түшкөн чыгармачыл адамдарды көргөндө санаам куурулат. Сыягы, бу куу тумшук тур­муш аларды көбүрөөк калчап койду көрүнөт. Деги эле ар доордо, тар доордо эркелеп жашаган акындар болду бекен?.. Болсо да талантсыздарга көбүрөөк орун тийгендир…

Кечээ эле махабат ырла­рын майрам ырындай обонго салган күлгүндөй жаш, жаркын эжелер бүгүн кантип эле ал ырларды унутуп калды экен деп ойлойм. «Теңтуштун жайын билеби, тебелеп жүргөн өз баркын» (Н.А.). Аз өмүрдө адам жан эргиткен жылуу сөзгө, көтөрүлгөн көңүлгө муктаж экенбиз. Жашы улуу болсо да жаны бирге асылдар азбы? Азыр эмне «кыраан кырып күн көрөт, кытмыр жылып күн көрөттөр» көп. Ичтен сыздык. Бир гана чындык: «Адамды эстүү кылган да эмгек, эптүү кылган да эмгек» экен. Ошондуктан, «аянбай иштеген таянбай күн көрөт» деп көр тирилик үчүн башы менен жер казып иштеп, амандашканга чолоо жок алыстаган курбулар канча. Кантсе да, «жакшыдан чыккан кеп – жанга сеп», «жакшылыктын жарыгы өчпөйт», «жаш курдаш эмес, көңүл курдаш» тура. Өзгөчө, баарын жан дилинен айттырбай, дедирбей туюп турган ардактуу адамдар болот эмеспи. Өмүр өөрүлөгөн сайын баягы топураган топ курдаштардын катары суюлуп «көрүшпөй кеткен дос салкын» болуп, дили таза түшүнүшкөн эң жакын санаалаштар иргелет тура. Туугансырабай эле, колтукташып курдаш болбосо дагы замандаштарыңдан абалыңды, дайыңды билип сырдаш, муңдаштар күтүп бир туугандай ынак, урматташкан адамдар кездешет. Алардын бири мен үчүн Үрниса эже! Мындай адамдар менен үнсүз сүйлөшө аласың каржалып, кыжаалат болуп турганында ага жан дүйнөңдү ишене аласың. Эмне дейин, аманат жаның бар болсун, ачык-айрым айжаркын мүнөзүңдөн, агынан жарылган шардыгыңдан, өзүң төтөлөгөн адамга төгүлгөн адамкерчилигиңден, кажыбас кайратыңдан жанбай чынчыл чыгармачылыгыңда көөлгүп эсен, coo-саламат, сак жүр.

Кален Сыдыкова, «Тунук» гезити, 03.2001 г.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.