Бобуловдун армандуу махабаты

Камбаралы Бобулов демейде бакылдап катуу сүйлөгөн, ичтегисин эч качан жашырбай айткан, жердигинде абдан тамашакөй, жолдош-жоролору менен азил айтышканды жакшы көргөн өтө оригиналдуу киши эле. Ошон үчүн аны замандаштары жакшы көрчү, ар качан урмат менен мамиле кылчу. Анан калса Какебиздин кандай масштабдуу адабиятчы, таанымал сынчы, кийинчерээк не деген абройлуу коомдук ишмер болгонун баарыбыз билчүбүз. Айрыкча анын “легендарлуу парламентке” мүчө болуп жүргөндөгү кылган кызматын, кыргыз тили үчүн жан-дили менен күрөшүп, улуттун ар-намысын, маданиятын сактоо үчүн болгон аракетин жасап жүргөнүн баарыбыз көрүп-билип жүрдүк го. Бирок Камбаралы аганын эл көзүндөгү жүрүш-турушу бир башка эле да, ички турмушу, жан дүйнөсү, жүрөк сырлары таптакыр бөлөк эле. Ал кишинин чыныгы жүрөк сырлары, нака ички турмушу, ар ким биле бербеген адамдык терең трагедиясы анын чыгармаларында, ырларында, казалдарында алаканга салгандай ачык эле…

Ооба, бир караганда Камбаралы Бобуловдун турмушу жалаң ийгиликтер менен коштолуп, деле арман кыла тургандай, өкүнө тургандай эч бир себеби жоктой көрүнчү. Маселен, 1950-жылдардын этегинде жана 60-жылдардын башында жаасы катуу жаш сынчы, чыгаан адабиятчы катары калк көзүнө көрүндү. «Адабияттагы халтурага каршы», «Оморчулук деген эмне?» деген сыяктуу макалалары, кыргыз адабиятынын өнүгүшү тууралуу илимий эмгектери учурунда элге бир топ катуу таасир эткен туундулар болчу. Билимдүү, орусча-кыргызча жаза билген, илимдин кандидаты деген наамы бар, Чынгыз Айтматовдой досу, Мухтар Борбугуловдой жан агасы, Абдыганы Эркебаевдей сырдаш иниси, Акация деген акыл-эстүү, өңдүү-түстүү келинчеги бар, астында машинасы, үстүндө кызматы, коомдо бийик аброю бар чоң ишмер адам эле. Камбар ага «Кыргызстан пионери» деген гезитке башкы редактор болуп көп жыл иштеди, бүт СССР окуган «Правда» гезитине кабарчы болду, кийин “легендарлуу парламентке” депутат болду дегендей.

Ошого карабастан, тамашалашып, азилдешип, каткырып күлүп туруп эле Камбаралы аганын бир заматта кабагы салкын тартып, кирпигин ой-санаа аралап, эмнегедир маанайы өзгөрүп кетчү. Билбеген киши эмне болуп кеткенин түшүнбөй да калчу. Азыр эле жаркылдап күлүп турган адамдын заматта жааган күндөй түнөрө түшкөнүн көп кишилер Камбар аганын башынан калыптанып калган мүнөзү, кыял-жоругунун өзгөчөлүгү го деп кабыл алчу. Көрсө, ар кандай себептен же сөздөн улам ал кишинин оюна качанкы бир оомалуу-төкмөлүү окуялар, эстен кеткис элестер эсине түшө калат окшобойбу. Ошол замат ою башка бир нерсеге алаксып, баштан өткөн бактылуу күндөрү көзгө тартылып, ошону менен бирге өмүрүнүн өкүттүү элестери өзөгүн өрттөп, өзү айткандай, жаралуу жүрөгү сыздап кетсе керек го…

Чынында да Камбар аганын маанайы түшүп, үшкүрүнө турган, арман кыла турган чоң себеби бар эле. Жогоруда айткандай, зоболосу көтөрүлүп, бардык жагынан толуп-ташып турган кезинде, күйүп-жанып жүрүп үйлөнгөн ак никелүү келинчегинен эки уулдуу болуп, илебине нан бышып турган убагында дени-карды сопсоо Камбаралы Бобулов ичтен кармаган чоң дартка чалдыкты. Ал дарты кийин эч бир айыкпады. Ал дарттын, ал оорунун аты – айрылуу эле. Эч качан унутулбай, тескерисинче, жыл өткөн сайын зилдеген, акыл-эсин биротоло ээлеген махабат сезими эле…

Албетте, адам болуп жаралгандан кийин ким да болсо арзыганын табат, аны менен үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болот, жашоонун ачуу-таттуу даамын чогуу татат. Бирок Камбаралы аганын коомдогу, саясаттагы турмушу бардык жагынан шайма-шай болсо да, өзү айткандай, дал махабат майданындагы жолу өтө катуу, өтө татаал болду. Эки балалуу болуп, элге-журтка төбөсү көрүнүп, Чынгыз Айтматов менен сырдаш болуп, Москвада аспирантурада окуп жүргөн кезинде «Правда» гезитине кабарчы болуп дуулдап, илебине нан бышып турган учурунда үй-бүлөлүк турмушу бузулду, ак эмгеги менен курган ак сарайына терең жарака кетти. Тагдырга айла жок экен, ак эткенден так этип жүрүп баш кошкон ак никелүү келинчеги башка жолду тандап, башка адамга арзыды.

Ошентип 70-жылдардагы элдин баары кабардар, борбордогу интеллигенция эрксизден көңүл бурууга аргасыз болгон махабат драмасы тутанды. Бул драманы жактагандар да, мактагандар да, ошону менен бирге наалат кылгандар да болду. Бирок тагдыр деген тагдыр экен, сезим деген сезим экен, аны эч ким башкара да, токтото да албайт экен. Кыскасы, болору болуп, акыры боёсу канды. Анын жыйынтыгы – Камбаралы Бобуловдун уйкусуз түндөрү, ички турмушундагы трагедиясы, бир китебинде жазгандай, махабат аралы, ал аралда ак урган Мажнун болду.

Ошентип Камбаралы ага бара-бара акын болуп кетти. Болгондо да негизинен сүйүү темасын жазган чоң акын болду. Сүйүүдөгү тазалык менен актыкты, берилгендик менен асылдыкты жазды. Бирок жүрөгүнүн тээ тереңинен жанар тоо сыяктуу жарылып чыккан ырларынын башкы темасы – ак сүйүүдөн айрылуу, жаны бирге жарынан тирүүлөй кол үзүү эле. Канчалык канатын керип, мекен, эл-журт жана башка темаларды жазса да, айланып келип эле акындын акыл-оюн биротоло ээлеген негизги проблема – сүйгөн адамын жоготкон эр жигиттин шору менен муңу, айрылуунун азабы менен тозогу болду. Ошол арзып тапкан адамынан тирүүлөй ажырагандагы уйкусуз түндөрдү, ички сырларды, керек болсо ак жаздыкка төгүлгөн көз жаштарды жазды Камбаралы Бобулов. Ошол тирүүлөй ажыраган ак сүйүүсүн Лалахан деп атап, Лалаханын атактуу Лейлиге, өзүн Мажнунга салыштырды Камбаралы ага. «От дегенден ооз күйбөйт» деген элибизде сөз бар го, бирок ошондой болсо да өзүн бактысыз махабаттан улам жашоосун соолуткан Мажнунга салыштырып жүрүп, өзү да өмүрүн кыскартты Камбаралы Бобулов. Сүйүүдөн өмүр жаралат деген кеп бар эмеспи, бирок сүйүүдөн өлүм да жаралат окшобойбу, кээде ажал да алдыдан тооруйт белем…

Бул дүйнөдө сен барсың да мен бармын,
Күбөсүбүз арманы көп жылдардын,
Тузум ичип, ак тузума түкүргөн,
Жүзү кара, ыйманы жок шумдардын.

Бул дүйнөдө сен барсың да, мен бармын.
Сен энеси, мен атасы балдардын,
Эч күнөөм жок, тагдырында алардын,
Өмүр бою балдарым деп жалбардым.

Бул дүйнөдө сен барсың да, мен бармын,
Азабыңдан чачы агарган Камбармын.
Кыйын кезде сен карабай кетсең да,
Лалахан деп, ырларымды арнадым,
– деп жазды Камбаралы акын.

Бул трагедиядан Камбар ага арадан отуз жыл өтсө да эч бир оңоло албады. Тескерисинче, убакыт өткөн сайын ал трагедиянын уусу ого бетер тула боюна тарап, акыры акынды катуу ооруга чалдыктырды. Президент Аскар Акаевдин жеке тапшырмасы менен эки жолу оорусу күчөп турган кезде кабар да алдым. Анан калса чын дилимден сыйлаган жан агам, экинчи жагынан адабият майданында үзөнгүлөш коллегам эле. Бирок ал кезде иреңи күзгү чөптөй кубарып, баягы толуп-ташкан Камбар аганын сөлөкөтү гана калган кези экен. Ар нерсени сүйлөп, киши тааныбай калыптыр кайран киши. Тез эле а дүйнө салды… Акыл-эстүү Акация жеңенин (экинчи аялы) айтканына караганда, көзү өтүп баратканда да айтканы “Майрам” болуптур.

Ошентип жалындуу акын, чоң патриот, кыргыз элинин мыкты уулдарынын бири Камбаралы Бобулов ак сүйүүнүн, азаптуу махабаттын курманы болду. Кыргыз поэзиясындагы чыныгы Мажнун, чоң адабиятчы жана коомдук ишмер Камбаралы Бобулов 2003-жылы узакка созулган оорудан каза болду. Дарыгерлер жакшы эле аракетин жасады, дартынан айыгып кетишине баарыбыз эле жардам эттик, бирок эч бир дары, эч бир улукман Камбаралы аганын жүрөк оорусун, көкүрөгүндө зилдеп кеткен оор дартын айыктырууга күчү жетпеди. Анткени ал оорунун эч бир дарысы да, дабасы да жок эле…

Лалаханым, сен – карагай, мен – бурак,
Сен дегенде көз жаш төгөм буркурап.

Лалаханым, мен – бүркүтмүн, сен – кайың,
Кантип сага жолуктурду кудайым!

Лалаханым, мен – жүргүнчү, сен – булак,
Ичсем деймин, жутсам деймин жан жыргап!
– деп ак сүйүүсүн ырдап ак уруп жүрүп өтүп кетти Камбар ага.

Акын акыркы китебинин атын «Арман китеп» деп атады. Баш сөзүн мен жазып бердим. Макаланын наамын «Махабат аралы, жаралуу жүрөк, кагаз жана калем» атадым.

Ай жарык… Күз мезгили, пахта талаа,
Элирген сен да бала, мен да бала.
Ээрчишип, эзилишип ойноп жүрдүк,
Кулундай кубалашып, оюн сала.

Жаркылдап төбөбүздө жылдыз күйүп,
Жытташып, моюндашып, улам сүйүп,
Экөөбүз ошол түнү даяр элек,
Өлүүгө махабат деп тизе бүгүп…

Мен айттым: бул түн үчүн өлөм дедим,
Сен айттың: бүт азапка көнөм дедиң.
Мен айттым: ушул түндү унутпаймын,
Сен айттың: мен сендикмин, эсте дайым!

Тагдыр ай, ушул күнчө өкүнөмүн,
Ошондо сен өлбөдүң, мен өлбөдүм.
Бир өлсөк, эл оозунда тарых болуп,
Билсекчи кара таштан гүл өнөрүн?..

Бул ыр Камбаралы аганын адамдык тагдырын, эч качан айыкпаган махабат драмасын, керек болсо ак сүйүүдөн тапкан ажалын түшүндүргөн көрөсөн ыр десек, эч бир жаңылбас элек.

Осмонакун Ибраимов, «Азаттык», 24.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.