Быйыл маданият жаатында өкмөттүк деңгээлде 80 иш-чара өтөт

“Кабар даамында” программасында театрлар таймашы, театрларды өнүктүрүү тууралуу маек курдук. Студиябызга КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Тыныбек Сыдыков, Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын жетекчиси Эгемберди Чалабаев, Учур театрынын жетекчиси Шаршенбек Шейшенов келишти.

Театрлар 27-февралда таймашат

Тыныбек Сыдыков: Быйыл Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шернияздын колдоосу менен жакшы жөрөлгөлөр ишке аша баштады. Тарых жана маданият жылына карата пландалган иш-чаралар да көп. Анын ичинде театрларга да чоң көңүл бурулууда. Алгачкы жолу театарлардын таймашуусу демилгеленип, ал директорлор, көркөм жетекчилер, башкы режиссерлордун колдоосун таап, 27-февраль күнү өткөрүүнү пландадык. Анын максаты, театрларды элге алып чыгуу, көркөмдүк деңгээлин, ишмердүүлүгүн байкоо, актердук, режиссердук чеберчилигин аныктоо, деги эле театрлардын бүгүнкү күндөгү деңгээлин аныктоо болуп эсептелет. Жер-жерлерде өзүнчө көргөндө салыштыруу болбой, деңгээли өтө байкалбай калат. Ошондуктан жалпы алып чыгып көргөндө чыгармачыл ишмердүүлүктүн абалын байкай алабыз, элдин пикирин угабыз.

Конкурстун жобосуна ылайык, жарышып жаткан эки театр тең бир эле теманы тандашат. 3 тур менен өтөт. 10 мүнөттөн 3 жанрдагы – комедия, трагедия жана драма жанрындагы чыгармаларды коюшат. Биринчи турда Бишкек шаарында 6 театр беттешет, андан соң аймактарда өтөт. Алдыга чыкканга байгелер бар. Андан тышкары калыстардын да суроолору болот, актерлорду импровизациялык аракет менен сынашат.

Бул жарыштын жыйынтыгында биринчиден, элди колго алабыз, маданий байланыштар түзүлөт. Ошону менен катар, кийинки жылдары да улана турчу иш-чарага айланат. Эң негизги чыгармалык өбөлгө түзгөнгө кеңири жол ачылат.

Көр оокаттын айынан күлгөндү да унутабыз

Эгемберди Чалабаев: Мисалы, азыркы күндө эртеден кечке көр оокаттын арты менен жүрөбүз. Кечинде үйгө барып, телевизор койсоң негативдүү жаңылыктарды берип жатканын көрөсүң. Ушундай жагдайда көңүл эргите турган, сулуулукка, тазалыкка, ички дүйнөгө бүлүк сала турган берүүлөр көбүрөөк болсо деп ойлоп жүрчү элем.

Маданият десе театр, музыка, сүрөттү элестетпеш керек, маданият – адамдын баскан-турганы, бала тарбиялаганы, жалпы жүрүш-туруштан башталат. Ошондуктан адамдын жан дүйнөсүнө маданий азык бере турган бул театр, сүрөт, музыка, кино исскуствосу болуп эсептелет. Мен мурунтан эле “Келгилечи күлөлү”, “Күлкүлятор” деген долбоорлор менен иштеп жүрдүм эле, алар жабылып калды. Азыр бактыга жараша “тарых жана маданият жылы” болуп калып, театрлардын таймашын өткөрүү демилгеси колдоого алынды. Биринчи жарышууга Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театры жана Мамлекеттик Учур жаштар театры катышат. Бирок көрүүчүлөрдөн суранып кетет элем, катуу сындашпасын. Кемчиликтери болсо айтып, дагы мыкты деңгээлге жеткирүүгө жардам беришсе, бул долбоорду түбөлүктүү салтка айлантсак деген тилегибиз бар. Кийинчерээк элдик театрларды да катыштырабыз.

Өкмөттүн өнүгүүсүнө театр аркылуу көмөктөшсөк

Илгери өздүк көркөм чыгармачылык мектептерде, мекемелер арасында да өтчү. Быйыл ал саамалык кайра колго алынып, айылдарда, райондордо иш-чаралар өткөрүлөт. Тарых жана маданият жылын мамлекет маданият ишмерлерине арнап берип жаткан соң, карап отурбай өзүбүз аракет кылып, тескерисинче өкмөттүн өнүгүп кетишине көмөк көрсөтүшүбүз керек деп ойлойм. Элге барып, спектаклдерди коюп, кайсы бир кездеги дүңгүрөгөн кыргыз театрын жандандыруу керек.

Азыркы күндө театрлардын абалы түшүп кетти дегенден алысмын. Ар бир театр өз жолунда иштеп жатат. Чет өлкөгө да чыгып келишүүдө. Маданият жылына бир жылдык убакыт аздык кылат. 5 жылга чейин созулушу керек, себеби улуттун идеологиясы маданиятта, маданияттын түпкү тамыры бул ата-бабаларыбыздан келе жаткан макалдарыбызда.

Шаршенбек Шейшенов: Албетте ушул эле таймаштар менен чектелип калбайбыз. Театр өнөр исскуствосун жетиштүү деңгээлге көтөрүү аракеттери жүрүп жатат. Театрлар таймашы алгачкы жолу өтүп жаткан соң, жакшы жолго салып алсак деген ойдобуз.

Маданиятта өкмөттүк деңгээлде 80 иш-чара өтөт

Тыныбек Сыдыков: Өкмөттүн деңгээлинде 80 ири иш-чаралар өтөт. “Үркүнгө”, тарыхый чыгармаларга арналган саамалыктар, “Көчмөндөр” оюну өтөт. Республикалык фестивалдар уюштурулат. Ар бир иш-чарага жоболор иштелүүдө. Жаңы драмалар жазылып келип, конкурстан өткөн чыгармалар театрларга сунушталат. Ага Өкмөттөн акча каралды. Бирок баягы советтик доордогудай бурмалап коркпой, болгонун болгондой жазуу талабы коюлган. Ошонун негизинде тандалат.

Ошондой эле, Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият, маалымат жана туризм министрлиги биргеликте мектептер арасында да атайын буйруктар чыккан. Райондордо ат салышып, облустарга чыгышты. Андан соң 7 облустан окуучулар спектаклдерин Бишкекте коюшат. Бул жаштарды театрга тартуу, аралаштыруу, деги эле маданият эмне экенин үйрөтүү, арасында таланттуулар болсо исскуствого тартуу максатында иштелип чыкты.

Учур театрына 3-4 жылдан бери акча бөлүнбөйт

Учур театрында дүйнөлүк классика чыгармалардан тарта, улуттук чыгармалар да коюлат. Жетиштүү деңгээлде болбой жатканын айтуу керек. Себеби адегенде Коомдук биринчи каналдын алдында уюшулган. 2010-жылы Маданият министрлигине өтүп, мурун эки жолу өрттөнүп кеткен Чатыр-Көл кинотеатрынын имараты берилген. Башында бир аз тыйын бөлүнүп, ар жери тешилген имаратты бир аз бүтөгөнбүз. Андан бери каражат бөлүнбөй келет. Ошого карабастан кол куушуруп отурбай, эл аралык фестивалдарга баруудабыз.

“Үркүндүн” жүз жылдыгына арнап Бексултан Жакиевдин “Улуу үркүндө” деген чыгармасын сахналаштырдык. Дүйнөлүк классиктердин бири 18-кылымдын драматургу Карло Гальдонинин “Айлакер айым” комедиясынын үстүндө иштеп жатабыз. Комедия койгонубуздун себеби? элди кандайдыр бир көңүлдүү маанайга бурсакпы деп ойлодук. Марттын жыйырмасына чейин чыгат. Нурлан Асанбеков деген режиссерлук кылууда.

Бахар Хакимова, «Марал ФМ», 26.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.