Пириңди билесиңби?

Ааламда бизди курчап турган жандуу-жансыз нерселердин бардыгынын колдоочусу, пири болору алмустактан айтылып келет. Акылман ата-бабаларыбыз ар дайым акыл-сезиминде жашап келген сыйкырдуу ишенимдин сырдуу күчүнө ишенип жашашкан.

Төмөндө элибиз байыртан жашоо-турмушунда колдонуп, көкүрөк-көөдөнүндө ыйык сактап жүргөн колдоочу пирлердин аталышына көңүлүңүздөрдү бурмакчыбыз.

Күндүн пири – Күн Теңир,
Жердин пири – Жел Кайып,
Адамзат пири – Адам Ата,
Элдин пири – Калкаман,
Аялзат пири – Умай эне,
Журттун пири – Эламан,
Суунун пири – Сулайман,
Сүйүүнүн пири – Зулайка менен Жусуп,
Жигиттин пири – Шахмерден,
Устанын пири – Дөөтү,
Шамандын пири – Ак Тайлак,
Жамгыр пири – Күлдүр Ата,
Жылдыз пири – Үркөр Ата,
Сууктун пири – Аяз Ата,
Жел атасы – Жел Кайып,
Үн атасы – Камбаркан,
Малдын пири – Малабай,
Жылкынын пири – Камбар Ата,
Уйдун пири – Ак Мүйүз, Зеңги Баба,
Койдун пири – Чолпон Ата,
Иттин пири – Кумайык,
Куш Төрөсү – Зымырык Куш,
Жыландын пири – Шаймерден,
Чычкан пири – Чие Ата…

Мындан тышкары бизге таеке-таежелерибиз пир болору эл ичинде көп айтылат. Ачуу-таттуу турмуштун ар түркүн жагдайларында – көңүлдү көлкүткөн кубанычта да, башыңа оор кайгыны салган мүшкүл иштерде да бизди кош колу менен колдоп алар пирибиз – булар биздин таеке-тайларыбыз экендиги чындык. Андыктан жаңырган Маймыл жылында эл-журтубузду пирлерибиздин касиет-күчү колдоп, ынтымак, ырыскы, ыйман ар дайым коштоп жүрүүсүн тилейли.

Айша АЛИЕВА, «Эркин тоо», 22.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.