Таңы атпай калган таалайсыз талант

Жаштар сыйлыгынын лауреаты, акын Барчынбек Бугубаев 17-сентябрда (2015-ж.) 52 жашында каза болду. Барчынбек акын адабиятка доор алмашкан будун-чаң заманда келип, чыгармачылык дүйнөсүн толук иретке сала албай кетти.

Поэзияга өз чыйырын салып кеткен акындын чыгармачылык жолу өткөн доордун 80-жылдары башталып, окурмандарга “Ак бороон”, “Адамзатка кайрылуу”, “Асман жерге созулган баян” аттуу ыр жыйнактарын тартуулады.

Калемдештери акындын артында калган адабий мурастары да акыры бир күнү жарыкка чыгат деп эсептешет. Акындын окурмандарга жетпей калган акыркы поэмаларынын бири “Баян сулууда” мындай саптар бар:

“Турмуш өзү өжөр, арык жан,
Туулганды кайра карыткан.
Жазы к
өктөн кушун кайыткан,
Кышы болот боздоп кар учкан.

Бирде мөлтүр суусун агызган,
Бирде бороон жерди ча
ңыткан,
Бирде турмуш к
өңүл көтөрөт,
Бирде кетет му
ңга жетелеп…”

Автор өзү көзү тирүүсүндө аталган чыгармада доор алмашып, коомдогу мурдагы баалуулуктар талкаланып жаткан учурдагы кыргыз кыздарынын көйгөйүн чагылдырганын айткан экен:

– “Баян сулууну” жазууга шаардагы кыргыз кыздарынын оор абалы түрткү болду. Статистикалык ар кандай маалыматтардан биздин кыздар төрөп таштап кеткенин, ал балдар жетимканада, таштанды челектерде калганын окуп аябай зээним кейиген эле.

Аталган поэмадагы башкы каарман Баян сулуу да акын айткан тагдырга туш болот. Сүйлөшүп жүргөн жигити кызды боюндагы баланы алдырып салууга үндөйт. Бирок Баян Ороздун сөзүн укпай, түйүлдүктү бул жарык дүйнөгө алып келүүгө, өзү багып-өстүрүүгө бел байлайт. Негизинен акын чыгармасында Баяндагы энелик мээрим гана бул дүйнөнү сактап каларын, ал өзүнүн баласын гана эмес, кайда барарын билбей адашып турган коомду да нукка саларын айткан:

– Азыркы ортоңку деңгээлдеги өз жолун таппай келаткан элдин өкүлү – Байыш. Ал акыры жүрүп отуруп Баянды жакшы көрүп калат. Кыз да жигитти жактырат. Акыры экөө баш кошот. Бирок поэманын бүтүшү азыр жанымда жок. Ал кийин жарыкка чыкканда кошо берилет.

Барчынбек Бугубаевдин бир нече поэмасы өзү көзү тирүүсүндө окурмандардын колуна тийген жок. Адабий чөйрө акындын мындан башка да ондогон поэмалары китеп болуп басылып чыкпай калганын билишет экен.

Акын Карбалас Бакировдун айтымында, Барчынбек Бугубаев эпикалык жанрдагы таланттуу акын болгон:

– Барчынбек Бугубаев жөнөкөй ырларга эмес, эпикалык поэмаларга басым жасаган акын эле. Көптөгөн поэмаларды жазды. Алардын айрымдары жарык көрдү, көпчүлүгү эч жерге жарыялана элек. Өзү он беш күн мурун эле мага келип, “жакында чыгармаларымдын эки томдугун чыгарам” деп жүргөн. Ошол келишинде мага “Кыргыз үнү” деген поэмасын таштап кеткен эле. Ал мындайча башталат экен:

“Азыр жакшы, замандарды салыштырып ойлосоң,
Азыр жакшы туура иштеп, өзүң жалкоо болбосоң.

Кыймыл, агым кылымдардан кыргызыма жакшы адат,
Эртең дагы таң атат да эмгектүү күн башталат”.

“Эртең дагы таң атат да эмгектүү күн башталат” дегени жакшы, бирок таң атып күн башталганда өзүнүн кетип калганы өкүнүчтүү болуп калды.

Карбалас Бакировдун белгилешинче, Бугубаев өткөн доордун 80-жылдары адабиятка келип, кийин доор алмашып, коомдун, мамлекеттин адабият менен иши болбой калган учурга туш келип, поэзияда өзүнүн чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн толук ача албай калды. Себеби коомчулукта акыркы 24 жылда чыныгы талантка талап болгон жок. Эгемендик жылдары таланттуу акындын жазган чыгармалары китеп болуп басылбай, оорукчан коомдон өзүнүн татыктуу ордун таппай, жеке турмушунда да эңсеген бакытына жетпей мезгилсиз дүйнөдөн өттү.

– Мындай учурлар азыр өтө көп болуп жатат. Бул жерде коомдун да күнөөсү бар. Эгер коом көңүл бөлүп, мамлекет мурдагы доордогудай китептерин бастырып, калем акысын берип, жакшы жазылган чыгармалары тууралуу адилет баасын айтып турганда ал мүмкүн мындан да төгүлүп иштемек. Бир жерде иштеп коомчулук менен аралашып турганда да мүмкүн жакшы болот беле… Мезгил да башкача болуп калды. Бул жагын да моюнга алыш керек. Мисалы, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Казакстанда Барчынбектей таланттуу акындарына стипендия берип колдоп жүрүшпөйбү.

Барчынбек Бугубаев менен студент курактан бери жакшы санаалаш болуп келген калемдеши Дүйшөн Жапаров поэзия дүйнөсү делөөрүткөн жаштык күндөр, акындын балалыгы тууралуу буларды айтып берди:

– Барчыкенин балалыгы да өтө начар өткөн экен. Өзү ошентип айтып калаар эле. Кир жууп, оокат кылып жүрчү экен. Апасы каза болуп, атасы башка аял алып, анысы кетип калып, айтор, үйдүн түйшүгү анын моюнуна түшчү экен. Атасы 75 жашында 1991-жылы каза болгон. Анда өзү Маевкада ижарада жашачу. Апасын жакшы билчү эмес. Чамасы кичинекей кезинде эле каза болуп калса керек.

Дүйшөн Жапаровдун айтымында, Бугубаев өзүндөгү орошон талантты өзү менен кошо ала кетти. Жеке турмушунда да жолдуу болгон жок. Акын башкаларга окшобогон мүнөзүнүн айынан тагдырлаш болгон аялдар менен узак мамиле күтө албады.

Кезинде акын Венера Бөлөкбаева Барчынбек Бугубаевге турмушка чыккан экен. Бирок акын жубайлар мындан жыйырма жыл мурда эки башка жолго түшкөн.

– Менимче Барчынбектин кыял жоругу Рамис Рыскулов сыяктуу эле. Ракенин башкача түрү десек болот. Абдан башкача. Ошондуктан мен Барчынбектей жакшы жигит таппаган үчүн андан кийин турмушка чыккан жокмун. Ал менен ажырашкандан кийин да аны алты жыл бөпөлөдүм. Албетте аялы болбогондон кийин дайыма жанында болгон жокмун. Бирок биз бириге албадык. Бул тагдыр! Мен аны абдан жакшы көрдүм, абдан сыйладым.

Маркумдун артында биринчи жубайы Кымбаттан бир уулу, акыркы кезде жашап жүргөн келинчегинен кыздары калды.

Акын Барчынбек Бугубаев акыркы кезде ооруп жүргөн. Ал 1963-жылы Кочкор районунун Мантыш айылында туулган. Сөөгү 19-сентябрда өзү туулуп-өскөн айылына коюлду.

Зайырбек Ажыматов, “Азаттык”, 21.09.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.