1916-жыл: Aлматыдагы архивдик документтер

1916-жылдагы улуттук боштондук күрөштүн 100 жылдыгына байланыштуу архивдик документтердин сериясын сунуш кылабыз.

Биз буга чейин 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөштө кыргыздар жеңилүүгө дуушар болгон соң падышалык жазалоочу аскердин кыргынынан баш калкалоо үчүн Кытайга качкандыгы тууралуу маалыматтарга басым жасап келгенбиз.

Архивдик маалыматтарга ылайык, Жети-Суу облусунан кыргыздар жашаган Пржевальск жана Пишпек үйөздөрүндө 65 болуштук болсо, анын 32 болушундагы калк Кытайды көздөй качууга аргасыз болгон.

Кашкардагы консулдун коллеж катчысы Стефановдун эсеби боюнча Үч-Турпан, Ак-Суу райондоруна качып барган кыргыздардын жалпы саны 100 миңден 120 миңге жетери көргөзүлөт. Булардын бардыгы көтөрүлүштөн кийинки качкындар тууралуу маалымат.

Бирок Жети-Суу облусундагы кыргыздар менен казактар 1916-жылга чейин эле падышалык оторчулук саясаттын оорчулугунан улам Кытайга качууга аргасыз болгонун жаңы табылган архивдик документтер ырастайт.

Биз ушул жылдын январь айында Алматы шаарындагы Казак Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинен кыргыз тарыхнаамасында мурда маалым болбогон жаңы документтерди учураттык.

Бул архивдин 44-фондундагы 28064 номерлүү иш кагазында 1915-жылга чейин эле жалпы облусттан 1787 түтүн эл Кытайды көздөй качканы тууралуу маалымат, ал түгүл ар бир түтүн ээсинин, анын үй-бүлөсүнүн тизмесине чейин так берилгенин көрдүк.

Тактап айтканда 1904-1914-жылдын аралыгында эле облусттан 10 миңге жакын адам Кытайга качып өткөн. Өзгөчө Ысык-Көлдүн тегерегиндеги дыйканчылыкка ыңгайлуу жерлер келгин славян элдерине зордук-зомбулук менен тартып берилип, ал жердеги кыргыздар өтө жакыр турмушта жашап жатканын чөлкөмгө келип күбө болгон падышалык төбөлдөр жазып калтырышкан.

Түркстан чөлкөмүнүн ошол кездеги генерал-губернатору, генерал-лейтенант Кондратевич 1906-жылы Ысык-Көлдү кыдырганда, Талды-Булактан баштап кыргыздардын турмушу өтө начар экенин, алардын дыйканчылыкка ыңгайлуу 50 миң теше жерин келгин орустар тартып алганынан көрөт.

Натыйжада 1907-жылдан 1912-жылга чейин Пржевальск уездинде жаңыдан 22 орус кыштагы, 14 хутор түптөлгөн. Мына ушундай абалды, карама-каршылыктардын күчөгөнүн генерал-губернаторлор да көрүп, бирок эч кандай чара көрө алган эмес.

1907-жылы генерал-губернатор Гродеков: «Келечекте жер маселеси боюнча Жети-Суу облусунда сөзсүз чыр чыгат»,- деп жазган.

Ошондуктан 1915-жылга чейин эле Пржевальск үйөзүнүн кыргыздары жер маселесинин курчуганынан, оторчулук зомбулуктун күчөгөнүнөн улам Кытайга кача баштагандыгы маалым. Аны төмөндө сунуш кылып жаткан архивдик документтердин айрым беттеринен алынган көчүрмөсүнөн көрө аласыздар:

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы, «Азаттык», 22.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.