Тилекмат элчи – түптүү элдин көсөмү

Кайсы бир акылмандын: “Саясатчы менен далдалчыны көрөйүн деген көзүм жок, бирок жанга күч келип, арга түгөнгөндө алардан башка ким жол таап, ким жардамга келет” деген накыл сөзү бар экен. Анын сыңары кыргыз тарыхында нечен караңгыда көз таап, капилеттен сөз тапкан көсөмдөр, бир кара кылды как жарган акылгөйлөр менен жаагы жок чечендер, саясатчылар менен элчилер өткөн экен. Ырас, көпчүлүгү тууралуу эл оозунда калган накыл кеп менен легендалардан башка эч нерсе калган жок. Ошон үчүн “Аты калып, наркы жок, эчен түрдүү эр өттү, эр өтпөсө ким өттү?” деп “Манаста” айтылат эмеспи.

Бирок 18 -19-кылымда жашаган бир катар улуу инсандар тууралуу маалыматтар азыр колдон келишинче топтолуп, кагазга түшүрүлүп, улуттук тарыхыбыздан татыктуу ордун таап келе жатат. Маселен, Санжы сынчы, Калыгул олуя, Ысык-Көлдүн тегерегинде жашаган жети аке, Арстанбек ак таңдай, тоо булбулу Токтогул, Алымбек датка менен Курманжан датка, Тайлак баатыр, Жайыл баатыр жана башкалар.

Ошолордун арасында адам катары тагдыры ары татаал, ары табышмактуу, ошону менен бирге артына толгон-токой легендаларды, аңыз болуп айтылган афсаналарды калтырган өтө бир сейрек инсан – Тилекмат элчи, көлдүк агайындарыбыз айткандай, Тилекмат аке болгон десек эч бир аша чаппасак керек.

Тилекматты учурунда “капкайдан келген тексиз”, “тентип келген кул”, “жер ооп келген нокотек”, деп бир даары кемсинткенге аракет кылса, көпчүлүк калайык калк анын акылы менен айлакерлигине, көсөмдүгү менен көрөгөчтүгүнө тан берип, Тилекмат аке деп кадырлашчу экен.

Ырас, артынан айтылган акарат сөз менен жан ачыткан жаман сөздөн тажап, Тилекмат аке Каркыранын башы менен Нарынколду жайлаган казактардын арасына барып түндүк көтөрүп, керегесин тикелеген күндөрү да болуптур. Бирок калк башына күн түшүп, жакшылыктан жамандык жуук болуп турган кыйын кезеңдерде өзү өсүп-чоңойгон бугунун эли аны ат чаптырып алдырып, ар качандан бир качан акылын тыңшап, кеңешин сураптыр.

Эл тагдыры арыдан бери кетип экчелип, калк башына каран түн түшүп турганда Тилекмат элчи сөзсүз бир айласын таап, темененин көзүндөй болсо да бир жылчык тапчу экен. Баарынан да, акыл-кеңеш берип эле отуруп калбай, аны ишке ашыра турган негизги милдетти да өз моюнуна алчу дешет.

…Тээ 19-кылымдын башында Кокондун сарбаздары кара таандай каптап, Куртканын белин ашып, Барскоон менен Тамгага катуу капсалаңды салганы омуроолоп келгенде, бугулардын атынан Кокондун аскер башчысына элчи жана ортомчу катары дал ошол Тилекмат ат бастырып келип, ыгын таап сүйлөшүп, катуу кетип каарга калбай, акырын айтып элин кемсинтпей, жоо-жаракчан жоолорду жакшылык менен жолго салган дешет. Кийин, 19-кылымдын так ортосунда, бугулар менен сарбагыштардын кандуу кармашы кычап турганда, аны токтотуу үчүн кайрадан элчи катары кызматын өтөп, ийненин көзүндөй тар болсо да сүйлөшүүгө жылчык таап, эки бир тууган элди жараштырганы тарыхтан белгилүү. Тилекматтын Чокан Валиханов менен Семенов-Тянь-Шанскийге жолукканы, качан болсо бугулардын ханы Боромбай менен чогуу ат бастырып, ысык ымалада болгону, акылына акыл кошкону, казактын калк башчысы Тезек төрөгө барганы, кийин көлдүк бугулардын атынан орус бийлиги менен тил табышып, дагы да болсо элдин камын ойлогону, бугулар менен каны-жаны аралашып жашаганы эң кеминде бир чоң тарыхый романдын материалы го.

Тилекматтын тагдыры жана табышмагы…

Чынын айтсак, анын туулганы, алда кандай тагдыр менен атасы Жылкы-Айдар түштүктүк баргылардын арасынан түндүккө курсакта келгени (бир версия боюнча), Ат-Башыда жарык дүйнөгө келгени Агата Кристинин романындагыдай эле чырмалышкан сюжет. Эгер бул сюжетти майдалап сөз кылсак, сөздүн аягына оңой менен чыкпайбыз. Ошондой болсо да Тилекмат акенин табышмактуу тек-жайын, жомоктогудай кырдаалда касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде турукташып калганын, ата-жотосун кыскараак болсо да кеп кылсак.

Эгер сөздүн ток этерин айтсак, Тилекмат аке, тагыраак айтсак, анын атасы Жылкы-Айдар Көлдүн тегерегине те Кара-Кулжа менен Алайды жердеген баргылардын, баргылардын ичинде сары баргылардын арасынан 19-кылымдын башында чынында да табышмактуу тагдыр менен жер ооп келиптир. Келгенде да курсакта келиптир. Ал эми көлдүк санжырачы Алтымышбай уулу Мукамедийдин айтканын тыңшасак, Жылкы-Айдардын атасы Алимбек атбашылык Боорсок аттуу бийге алыс да болсо жээн болгондуктан, атайын Алай тараптан таанышмакка ашуу ашып келип, бирок кайтар мезгил жеткенде капилеттен кар жаап, Көк-Арттын ашуусу жабылып, ошондон улам аргасыз Жумгалда кыштаптыр. Ушул версияга кулак салсак, ашуулар ачылар замат эл-жериме, баргы туугандарыма кетем деп камынып турган Жылкы-Айдардын атасы Алимбек капилеттен катуу ооруга чалдыгып, эч айыкпасына көзү жеткен соң көзүм тирүүсүндө туугандарыма алып кеткиле, сөөгүмдү ошол жакка койгула деп жигиттери менен шашылыш бел ашып кеткен дешет. Кошкаттыгынан атка жүрө албаган, ашуу ашып, узак жол жүргөнгө эч бир чамасы жок келинчеги Айжаркынды (ошондо алты айлык боюнда бар болуптур) аргасыздан Жумгалга калтырат. Керээз-мурасын айтып, Айжаркынды Жумгалдан Ат-Башыга жол жүр, баланы ошол жерде төрөп, торолгуча андагы Боорсок бийдин үйүн башмаанек кыл деп тапшырат. Айжаркын күйөөсүнүн айтканын толук аткарат. Оорулуу күйөөсү жолдо каза тапканын уккан каралуу Айжаркын ошол Ат-Башыда көз жарат. Уул төрөп, атын Айдар коюп (атасы Алимбектин керээзин аткарып), кийинчерээк ошол Айдар ат жандуу, мал жандуу чыгып, ошондон улам бара-бара Жылкы-Айдар атыгып кетиптир. Ошол Жылкы-Айдардан биз сөз кылганы турган легендарлуу Тилекмат элчи туулуптур.

Бирок Тилекматтын атасы Жылкы-Айдардын туулганы да өзүнчө бир табышмактуу легенда. Легендага караганда, узак жол жүрүп, ат үстүндө бели-башы ооруган бойкат Айжаркын кайсы бир жерден аттан түшүп, эс алууга отурат. Тилекке каршы, аялдык кылып, оттосун деп бош койгон атын качырып жиберет. Ээн жерде жөө калат. Аты жок жөө калган жаш келинди Боорсок бийдин жылкычылары кокусунан таап алып, бийдин үйүнө жеткиришет. Тилекматтын атасы Жылкы-Айдар Ат-Башыга ошентип барып калыптыр. Ушундан улам Тилекматтын адам катары тагдыры чынында да татаал, ары табышмактуу болгонун боолголосок болот.

Ал эми Тилекмат кантип Ат-Башыдан көлдүн жакасына, бугулардын арасына келип калган деген суроого кайрылсак, кептин төркүнү мындай: анын апасы Айжаркын жогоруда аты аталган Боорсок бийдин көлдүк бугулардын бийи Бирназарга келин болгон Күмүшай деген кызы менен кошо келген экен. Сыягы, Айжаркын Боорсок бийдин кызына жатындаш болбосо да, жаны бирге эже сыңары болуп калгандыктан кошо келген сыяктанат. Айтор, Тилекматтын атасы Жылкы-Айдар ошентип кокус жеринен көлдүк болуп, көлдүк бугулардын арасында, Бирназар бийдин ирегесинде ээн-эркин өсүп-чоңоюптур.

Ал эми Тилекмат болсо жаштайынан эле адамдан башка сейрек, акылдуу, оозун ачса жүрөгү көрүнгөн сөзмөр, чечен чыгып, тез эле оозго алынып, ошол зиректиги жана акылгөйлүгү үчүн эл жакшыларынын катарына эрте кошулуптур. Кийинчерээк бугулардын башына түшкөн нечен алааматтарда караңгыда жол тапкан көсөмдүгү, туңгуюктан из тапкан айлакерлиги менен зор кадыр-баркка жетип, эл көсөмү Тилекмат аке атанып, көлдүк бугулар эле эмес, бүтүн кыргыз элинин тарыхый тагдырын оң жолго салууга салым кошкон чоң саясатчы, эл аралык мамилелерге фундамент төшөгөн элчи жана дипломат катары тарыхка кирген экен.

Тилекматтын эң негизги тарыхый жетишкендиктери, элчи, дипломат катары ийгиликтери кайсы деген суроого мындай деп жооп берсек болор эле: эң негизгиси – бугулар менен сарбагыштардын 19-кылымдын так ортосунда жер талаштан, жайыт талаштан улам дүрт эткен кандуу кагылышты токтотууга кошкон зор салымы. Баса, бул кандуу окуяны казак этнографы жана саякатчысы Чокан Валиханов өз көзү менен көрүп, күндөлүктөрүндө таң калуу менен, кейиш менен жазган жери бар. Бул кандуу жаңжалды токтотуу үчүн Тилекмат сарбагыштардын эл башчысы Ормон ханга да барган экен, ал эми Ормон хан бугулар менен чабышта каза болгондон кийин бугуларды үч айлантып чапмак болгон сарбагыштар кошумча күч сурап, казак бийи Тезек төрөгө барганда, тез арада жетип барган Тилекмат казактарга иштин жайын түшүндүрүп, болбогон жерден жоолашып аткан кыргыздын эки бир тууган элине казактардын калыс туруп беришин суранган экен. Натыйжада кайра жанданганы турган кандуу кармаштын жолу бөгөлгөн дешет. Ал эми Тезек төрөгө Ысык-Көлдүн ай десе аркы жок сулуусу Төрөтай айымды кудалаганы – бир чети чоң дипломатия, экинчи жагынан Тилекматтын жаандан чыккан айлакерлигинин дагы бир белгиси деп эсептесек болот. Ошон үчүн ал тууралуу эл ичинде “Казаны жок эт салып, отуну жок сорпо кайнаткан айлакер” деген сөз тараганы белгилүү.

Тилекмат элчинин жалпы кыргыз улутунун тарыхый тагдырын оң жолго буруудагы дагы бир эң чоң салымы – бугуларды, андан соң жалпы кыргыз элин Орус империясынын курамына киргизүүгө, феодалдык Кокон хандыгынан чыгып кетүүгө зор салым кошкону десек туура болот го. Анын бугулардын манабы Качыбек жана башкалар менен бирге Семипалатинскийдеги орус генерал-губернаторуна чейин жеткени, кабыл алуусунда болгону, сүйлөшүү жүргүзгөнү, кийин Верныйга (азыркы Алматыга) нечен курдай каттаганы, Чокан Валиханов, Семенов-Тянь-Шанский сыяктуу орус окумуштуулары менен көзмө-көз жолукканы, нечен кур чогуу жүргөнү өтө узун маекти талап кылган ары кызыктуу, ары татаал тарыхтар.

Айтор, Тилекмат элчинин өмүрү жана адам катары тагдыры бактылуу да, ошону менен бирге оор да болуптур. Оор дегенибиз, өмүр бою атасы Жылкы-Айдар түштүктөн курсакта келип, жомоктогудай тагдыр менен атбашылык Боорсок бийдин ирегесинде өсүп-чоңоюп, чоң атасы Алимбек Жалал-Абадда, Арстанбапта көмүлүп, өзү бугулардын арасында жалгыз аяк, жакын тууганы жок болгону үчүн нечен кордук көрүптүр. Өйдө-төмөн сөз угуптур. Ичи тар, көралбастардын оозунан нечен жолу “капакайдан келген тексиз”, “жер ооп келген кул” дегендей сөздөрдү да уккан экен. Бирок “Чын жакшынын ачуусу бар, кеги жок, даанышмандын курбусу көп, теңи жок” деген ата сөзү дал ошол Тилекматка тиешелүү сөз го. Бөлөк жер, бөтөн уруудан келгенине карабастан өңчөй акыл-парасаты, азыркыча айтканда, ийкемдүү интеллекти менен зор кадыр таап, чоң даражага жетип, Боромбай датка менен Ормон хандын ортосунда элчилик кылып, кыргыз ичинде тынчтык орнотуп, кыргыздарды Орусиянын курамына киришине элчи катары реалдуу салымын кошуптур. Орустар менен кыргыздардын ортосуна көпүрө куруп, зор дипломатиялык иш-аракет жасаганы үчүн жан агасы Боромбай орустун императорлук армиясынын полковниги деген чен алса, Тилекмат капитаны деген наамга жетиптир. Боромбайдын көзү өтүп, кыргыздар жапырт орус империясынын курамына киргенден кийин өзү да бий болуп шайланып, андан соң уулу Чыныбайды тескей Ысык-Көлдүн журт башчысы кылып, айтор, өз заманынын саясатынын жана дипломатиясынын туу чокусуна чейин жеткен экен Тилекмат аке.

Азыр Тилекмат элчинин небере-чөбөрөлөрү, урук-тукумдары бир чоң урууга айланган. Ал эми бул кайталангыс инсандын аты, жасаган иштери, жомокко, легендага айланган өмүр жолу, айткан сөздөрү менен чоң тарыхта калтырган өчпөс издери кыргыз элинин улуттук тарыхынын ажырагыс бөлүгү.

Кыска аңгемебиздин соңунда дагы бир маанилүү маселени учкай эскерте кетсек. Ал маселе–Тилекматтын тек-жайын, санжырасын, урук-туугандарын таап, анын атын талашуу, “менчиктештирүү” аракети. Чынын айтсак, азыркы урукташып, “туугандашып”, кыргызды кырк эмес, кырк миң урууга бөлгөнгө кызыккан неофеодализмдин, саясатташкан трайбализмдин кейиштүү заманында аны көлдүк мекендештерден бөлүп кароо аракети да жок эмес.

Жок, Тилекмат аке көлдүктөр менен, анын ичинде бугу туугандар менен каны-жаны биригип калган, ошол элдин ичинде көгөрүп-көктөгөн адам. Ошол элдин өз кулуну, мактанычы менен легендасы болуп калган улуу инсан. Ошондуктан атактуу жети акенин бири атанган Тилекмат аке -адегенде санжыргалуу Ысык-Көл элинин чыныгы сыймыгы, андан соң барып бүткүл кыргыз улутунун орток мактанычы десек туура болот.

Осмонакун Ибраимов, “Азаттык”, 30.09.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.