Жыргалбек Касаболотовдун жаңы ыры

ЭЛ

Бийик сөз менен алышып
Бир кашык каным калганча
Жүрөгүм курман сага! деп
Жүгүнбөйм, башка жандарча.

Дарыгер сымал, ооруңдун
Дабасын жалгыз түшүнгөн
Сөгүшүн тилем тонуңдун
Сөөгүңдү сакташ үчүн мен.

Түбүнөн дарттуу бутагың
Түшүнөм, кантип кесишти.
Кескенде колум жаңылбайт!
Кекселик жагым жетиштүү.

Каныңды бузуп башкалар
Катуулап турса илдетиң,
Жарымың шылып салсам да
Жаныңды сакташ – милдетим.

Көркөмү канча болсо да
Көтөрбөйм, туусун бөлөктүн.
Кыргызга зыян кылганы –
Кырылып калсын! демекмин.

Сынаган далай күчтөрдүн
Сыртынан тааныйм, маскасын.
Асмандан түшкөм! десе да
Аябайм, сенден башкасын.

Балапан кезден айтса да
Башканын укпай добушун
Башынан эңсеп келатам
Баарынан күчтүү болушуң.

Тирүүлүк өрдөп тамырың
Тиленем, кайра көктөшүң.
..А бирок билбейм, ал күнгө
Алымдын жетээр-жетпесин.

Кекенип, кербез дүйнөгө
Кезеген жалаң камчысын,
Каалаган күнү угуп кой
Каныңдын мендей тамчысын.
06/02/2016

 

Жыргалбек Касаболотовдун башка ырдарынан

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.