Кыргыз медицинасы ооруну кантип бөлүштүрүп, кантип аныктаган?

Биз буга чейинки макалалардын биринде тамырчы кандын басымы менен же тамырды кармап туруп, ага берилген ар бир органдын «үнүнө» карата организмдин кантип ооруп жаткандыгын бейтаптын өзүнөн сурабай туруп эле аныктай алат деген болчубуз. Албетте, аны жаңылбай аныктоо үчүн, ошол өнөргө табиятынан берилген шык-жөндөм болушу керек экендиги белгилүү. Ошол шыкты акырындап калыптандырып, бийик деңгээлдеги зор чеберчиликке ээ кылуу же чоң тамырчы болуу да ал адамдын төрөлгөндө өзү менен түшө кала турган касиети эместиги, башкача айтканда, ага да талбаган эмгек менен жете тургандыгы да айдан ачык көрүнүш. Ырас, бул бизден өзүнчө кеңири сөздү талап кылгандыктан, ага кийинчерээк өзүнчө токтолобуз. Азыр биз, кыргыздар, атам замандан бери ооруларды кантип бөлүштүрүп келгенине токтололу.

Кыргыздар азыркы практикалык медицинадан айырмаланып, адам баласынын бардык организмин бир бүтүн нерсе катары караган. Маселен, азыркы практикалык медицина бир эле орган адамдын жалпы организминен бөлүп алып, дал ошол органга карата адистешип, ошол жердеги ооруну дарылоо менен чектелип, ошол эле учурда берип жатканы башка органдарга канчалык терс таасир бере тургандыгын аныктай албай жатканын көрөбүз. Мисал келтире кетсек, психиатр менен невропатолог бир эле ооруга эки башка мамиле кылуу менен эки бөлөк дарылап жатканы азыр кимге түшүнүксүз. Же болбосо, бир бүтүн организм экендигине карабай, мамолог менен гинеколог бир эле ооруга эки башка диагноз коюп, өзүнө гана таандык «бөлүгүн» дарылап келишет. Адамдын организмин медициналык жактан өздөштүрүү, аны терең изилдөө үчүн, мындай бөлүштүрүү маанилүү болсо да, адамдын сакайып кетишине карата алганда, мындай мамиле менен дарылоо азыркы адам баласынын талабын толук канааттандырбай келет. Ошол себептен улам, бөлөк улуттардай эле, кыргыздар да өздөрүнүн ата-бабасынан келе жаткан улуттук медицинасынын жакшы жактарын кабыл алып өздөштүрүү зарылдыгы байкалат…

Кыргыздар ооруну «бөлүштүрүүдө» жалпысынан дене жана жан оорулары катары карашкандыгын көрөбүз. Жан оорулары деп көбүнчү адамдын психикасына жана нервине таандык болгон же мына ушул жактардан кетирилген мүчүлүштүктөрдү анык көрсөтүп турган ооруларды айтышкан. Экинчи жагы –кыргыздар, Чыгыштын башка элдериндей эле, адамдын түзүлүшү жан жана дене деген эки бөлүктөн турат деген көзкарашка катуу ишенишкендиктен, алардын экөө тең бирдей ооруй тургандыгын жокко чыгара алышпаган да, жанга тиешелүү жагын көбүнчө адамдын энергиялык тарабына же аурага байланыштырып карашкан. Анын натыйжасында азыркы мезгилге чейин ошол энергиянын бузулушун диагноздоочу – ач кириптир, кирне, көз тийген, жүрөгү түшкөн, эпкиндеген, сук өткөн, илешкен деген сыяктуу аныктамаларды берип жана аны ушул мезгилге чейин улуттук медицинада дарылап жүрүшөт. Эң кызык жери– мындай ооруларды практикалык медицинадан таалим-тарбия алган врачтар жокко чыгара алышпайт. Ырас, талаш-тартышка келгенде, танып жокко чыгарууга аракет кылышы мүмкүн, бирок, баласы мына ушул оорулардын бири менен ооруп калса, өзүнүн баштагы көзкарашын кармабастан эле жергиликтүү эмчи-домчуларга көтөрүп бара калышканын көп эле жолу көрүп жүрөбүз. Мунун өзү кыргыздар колдонгон мына бул диагноздоонун белгилүү бир чындыгы, адам ишене турган жактары бар экендигин көрсөтүп турат.

Кыргыздар мына бул ооруларды кокусунан, табияттагы энергиялардын же адамдардын ички энергияларынын карым-катышынан – жакшы же жаман көрүүсүнөн улам пайда болот деп эсептешет. Ошондой эле, аны тезирээк өз учурунда колго алса жакшы болот деп санашат да, болушунча батыраак кайрылуу керек деген психология менен мамиле кылышып, ал эми мындай ооруну аныктоодо бейтаптын температурасынын көтөрүлүшүн, алсырашын, тамакка болгон табитинин начарлашын, ишке же оюнга көңүлүнүн келбешин, баш көтөрбөй жата беришин ж. б. у. с. белгилерди эске алуу менен эле турмуштук тажрыйбасы жетиштүү адамдар эле аныктап алышат. Мындай көрүнүш бир эле кыргыздарда эмес, бардык тектеш жана кошуна калктарда колдонула тургандыгын байкайбыз. Сыртынан алганда, аталган жан оорулары бирдей көрүнгөнү менен, бейтап алардын ичинде кайсынысы менен ооруп жаткандыгын тамырчы тамыр кармоо менен аныктайт жана туура диагноз коюу аркылуу туура дарылап, сакайтып берет. Минтип алардын ар бирине өзүнчө аныктаманын берилиши же диагноздун коюлушу алардын ар бири өзүнчө оору экендигин жана алардын ар бирине өзүнчө токтолуу керек экендигин көрсөтүп турат.

Экинчи жандуу оорулар белгилүү бир адамдын энергиясын аныктай ала турган адамдардын кийлигишүүсү аркылуу пайда болгон оорулар катары каралып жүрөт. Албетте, мындай оорулар азыркы мезгилде адамдардын ортосунда талаш-тартышты жаратып, андай оорулардын бар экендиги көпчүлүк мезгилде катуу кыйынчылыктар менен аныкталып жатса да, ал адамдарда кездешкендиги менен өзгөчөлөнүп турат. Ырас, мындай ооруларды ар кандай диний көзкараштар менен байланыштырып карашып, тигил же бул диндин таасиринде келип чыккан кубулуш катары аныктоого карата мамилелер болгон-болбогонуна карабай, мындай оорулар эл арасында кездешип жатканы менен айырмаланат. Жалпысынан, аларды дубалар деп аташат. Дубаларды тигил же бул адамдын окуусунун күчүнөн же магиялык илимдердин таасиринен пайда болгон оорулар катары карашып, ушул багыттагы иштердин натыйжасы катары түшүндүрүүгө аракеттер арбын экендиги талашсыз.

Биз аларды кантип түшүндүрүүгө карата болгон мамилеге эмес, өз алдынча жашоо кечирген оорулардан экендигин көрсөтүү менен, аны жокко чыгарууга болбой тургандыгын эскертүү менен ага кийинчерээк кеңири токтолорубузду айта кетели. Анткени, бул багыт өзүнчө кенен кеп кылууну талап кылган көрүнүшкө ээ экендиги менен айырмаланат.

Кыргыздар дене ооруларын кандын кантип айланышына карап, ысык жана суук деп экиге бөлүшкөн.Ысык оорулар канда же денеде калориянын ашык болушунан улам пайда болгон оорулар болуп эсептелет. Ырас, бул жерде алардын бардыгына токтолуу мүмкүн эмес болсо да, окурман журтчулугуна түшүнүктүү болуш үчүн, алардын арасынан бирөөнө токтоло кетүүнү туура көрүп отурабыз. Маселен, азыр кыргыз элинде калориянын канда же денеде ашык болушунан улам жабыркатып жаткан жана өтө көп тараган оорулардын бири – кан басымдын жогорулугу. Эл арасында бул ооруну жаш курагынын келип калышына байланыштырган учурлар арбын кездешет. Ал эми чындыгына келсек, бул оору көпчүлүк учурда ашыкча калориялуу тамак-аш жеген адамдарда, анын жашына карабай туруп эле, пайда болгондугун байкоого болот. Демек, адамдардын ашыкча тамактануусу тикелей дартка алып бара тургандыгын билген байыркы кыргыздар ичкен-жегенин жөнгө салып, өздөрү ичип турган тамак-аштарын дал ошого ылайыктап колдонгонун көрүүгө болот. Ашыкча тамактануу же бардык учурда эле калориялуу тамак-ашка басым жасоо менен мамиле кылуу кандын басымын жогорулаткан ооруларды гана пайда кылбастан, ал кан айланууга таандык. Ал тургай, баш, жүрөк, боор, өт ооруларын да жарата тургандыгына келсек, анда кыргыз эли мурдатан эле мындай оорулардысууга отургузуу, мүнөздөп тамак ичүү, тамак-ашты тергөө сыяктуу жолдор менен айыктырып келгени азыркыдай таблетка ичүүгө караганда туура жол экендигин көрөбүз. Албетте, анын туура жолун табуу, башкача айтканда, канча күн мына ушундай ал-абалда кармоо аракетин тамырчы же дарылап жаткан адамдын өзү аныктай тургандыгы менен түшүндүрүлөт. Тамырчынын бул багыттагы иштери өз алдынча изилдөөнү талап кылуу менен бирге терең иликтөөгө муктаж экендигин да баса белгилей кетели.

Ал эми суук оорулар деле мына ушундай кан басымы менен аныкталат да, негизинен турмуш чындыгы көрсөтүп тургандай, мындай оорулар менен кадимки калориянын жетишсиздиги күчөп турган жерлерде жашаган адамдар ооруй тургандыгын реалдуулук көрсөтүүдө. Маселен, тамак-аштын жетишсиздиги менен,биринчи кезекте, аз кандуулук болсо, ал кийин башка өнөкөт ооруларды пайда кылып, ал тургай, андан жапа чеккен элдер да кездешет. Бирок, мындай ооруларды аныктоодо анын негизги себеби болгон же анын пайда болушуна шарт түзүп жаткан кырдаалдар эске алынбай, көп учурда ошол оору менен жеке күрөшүп жатышканын байкоого болот.

Кыргыздар ар бир ооруга жеке ат бербесе да, анын кандай себептерден улам жаралганын жана андан кантип кутулууга боло тургандыгын так аныктоого аракет кылышкан. Эгерде оору суук боло турган болсо, аны көпчүлүк тамырчылар тамак-ашты «күчтөө» жолу менен айыктырууга болорун айтып жүрүшөт. Албетте, бардык эле калориялуу тамактар мындай учурда жарай бербей тургандыгын, анын натыйжасында күчтүү тамакты да оорулуу «чертип жеши» керектиги бардык учурда алар тарабынан айтылат. Мунун өзү, ооруну аныктоодой эле, аны дарылоонун бир бөлүгү катары тамырчылыктын бир бутагы болуп каралат.

Эгерде тамырчы бейтаптын тамырын кармап туруп, ал эмне тамак ичип жаткандыгын жана аны менен кошо ал тамак-аш кандай таасир берип жаткандыгын так көрсөтө албаса, анда бул өнөрдөн чеберчилиги жетишсиз экендигин кыргыздар баалап-баамдап билишкен. Тамырчынын койгон диагнозунун канчалык деңгээлде туура экендиги да, ошондой эле, дарылоо аракетинин чеберчилиги да дал ушул нерсени – тамак-аштын денеге канчалык таасир этип жатканын тамырды кармап аныктоосуна байланыштуу чечилет.

Мында тамырчы сунуштап жаткан тамак-аштын денеге болгон таасирин гана аныктап билбестен, ал ошого ылайык кошумча эмнелерди ичүү керектигин да көрсөтө алмакчы. Сыртынан оңой көрүнгөнү менен,азыркы медицинадагыдай бейтаптын өзүнөн сурап, анын айтканына таянып отурбай, кан тамыр, өзгөчө кандын басымы менен «сүйлөшүп», ал аркылуу денсоолук оңолуп жатканын, же эмне себептен оңоло албай жатканын билүү аталган өнөрдөгү чоң чеберчилик экендиги өзүнөн-өзү түшүнүктүү. Ырас, айрым бейтаптар карым-катышта турган ички органдардын кайсынысы ооруп, ал кайсынысын козгоп жаткандыгын ажыратып биле албай калышат. Анткени, бири-бири менен катышта турган органдар текши ооруп жаткандай абал түзгөн учурлар сыркоолордун арасында арбын болгондуктан, көпчүлүк учурда бейтаптын өзү кайсы жериооруп, ал кайсыга таасир этип жатканын так айта албай калганга шарт түзөрүн эсепке алсак, алардан айырмаланып, башка бирөөнүн денесиндеги ооруну аныктоо чеберчилик гана болбостон, чоң жоопкерчилик экендигин да көрсөтөт…

Болотбек Акматов, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору,
филология илимдеринин кандидаты,
“Шоокум”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.